Аны Жахаба да, достору да жакшы көрчү
Балдарыңарды үйрөткүлө
Аны Жахаба да, достору да жакшы көрчү
АНЫН атын азыркы күндө эч ким билбейт. Ал болгону Иптахтын кызы катары белгилүү. Кел, Ыйык Китепке кайрылып, Иптах жана анын кызы жөнүндө билели. Ыйык Китептен Иптахтын кызын Жахаба да, достору да жакшы көргөнүн билебиз.
Иптах жана анын кызы жөнүндө Ыйык Китептеги Башкаруучулар китебинин 11-бөлүмүндө жазылган. Иптах Кудайдын ишенимдүү кызматчысы болгондуктан, кызына дайыма Ыйык Жазмада жазылгандарды айтып бергени шексиз.
Иптах ысрайыл эли Кудайдан аларды башкарууга падыша коюшун талап кылганга чейин жашаган. Ал күчтүү жана мыкты жоокер болгон. Ошондуктан ысрайылдыктар Иптахтан аларга кошуна жашаган амондуктарга каршы согушту баштап барышын суранышкан.
Иптах Кудайдын амондуктарды жеңүүгө жардам беришин абдан каалаган, ошондуктан ага убада берген. Ал Жахабага, эгер ал амондуктарды жеңүүгө жардам берсе, үйүнө кайтып барганда алдынан ким биринчи тосуп чыкса, ошону ага берерин убадалаган. Ошол адам өмүрү өткөнчө Кудайдын жыйын чатырында — Кудайга сыйынуу үчүн караштырылган жайда — кызмат кылмак. Иптахтын алдынан ким биринчи тосуп чыкканын билесиңби? ~ *
Ооба, Иптахтын кызы! Ошондо Иптах абдан кайгырган. Анткени ал анын жалгыз кызы болчу. Бирок Иптах Жахабага убада берип койгон жана убадасына турушу керек болчу. Ошентсе да кызы дароо атасына: «Атаке! Теңирге убада берип койсоң,.. мен жөнүндө берген убадаңды аткар»,— деген. Анан атасынан тоого барып ыйлап келиш үчүн эки айга жиберишин суранган. Ал эмне үчүн кайгырган? Себеби ал атасынын убадасы боюнча, турмушка чыкмак эмес жана балалуу болмок эмес. Ошого карабай ал өзүнүн жеке каалоолорун баарынан маанилүү деп эсептеген эмес. Иптахтын кызы атасына тил алууну жана Жахабага ишенимдүү болууну каалаган. Кандай деп ойлойсуң, ал Жахабаны жана атасын кубантты беле? ~
Ошентип, Иптах кызын курбалдаш кыздары менен чогуу эки айга тоого жөнөткөн. Кызы тоодон кайтып келгенде, аны Жахабанын Шилодогу жыйын чатырында өмүр бою кызмат кылууга жиберген. Жыл сайын Ысрайылдагы кыздар Шилого барып, аны кайраттандырып келишчү.
Сен ата-энесине баш ийген жана Жахабаны сүйгөн жаш балдар-кыздарды билесиңби? ~ Анда алар менен жакшы таанышып, достошсоң болот. Эгер Иптахтын кызынан үлгү алып, тил алчаак жана ишенимдүү болсоң, көптөгөн жакшы досторду табасың. Ата-энеңди кубандырасың жана Жахабанын да сүйүүсүнө ээ болосуң.
Ыйык Китебиңден төмөндөгү аяттарды оку:
[Шилтеме]
^ 6-абз. Макаланы балдарыңар менен окуй турган болсоңор, толкун сызык (~) турган жерден тыным жасап, алардын оюн уккула.