Билесиңерби?
Билесиңерби?
Ысрайылда кургакчылык мезгил көп убакытка созулгандыктан, байыркы ысрайылдыктар сууну кантип топтоп алышчу?
▪ Ысрайылда октябрь айынан апрель айларына чейинки маал абдан жаанчыл болгондуктан, кээде өрөөндөрдү суу каптап кетчү. Бирок жайында суулардын көбү соолуп калчу жана бир нече ай бою жамгыр жаачу эмес. Анда байыркы убактагы ысрайыл эли сууну кантип топтоп алышчу?
Алар кышкы жамгырдын суусу жер астындагы атайын казылган суу сактагычтарга же цистерналарга куюлушу үчүн тоонун боорунан арыктарды казышчу. Үйлөрдүн чатырын да жамгырдын суусу ушундай суу сактагычтарга агып түшкүдөй кылып жасашчу. Суу соолуп калган маалда колдонуу үчүн көптөгөн үй-бүлөлөрдүн өздөрүнүн цистернасы болгон (2 Падышалар 18:31; Жеремия 6:7).
Ошондой эле ысрайылдыктар табигый суу булактарын да пайдаланышчу. Адатта, бийик тоолуу жерлерде кышкы жамгыр жерге сиңип отуруп, жердин суу сиңбей калган катмарына чейин жеткенде кайра булак болуп чыгат. Ысрайылдыктар көбүнчө ошондой булактардын жанына отурукташчу жана ошондой айылдардын атына эврей тилинен которгондо «булак» дегенди билдирген «эн» деген сөз кошулуп айтылчу. Мисалы, Эн-Шемеш, Эн-Рогел жана Эн-Геди деген сыяктуу айылдар болгон (Жашыя 15:7, 62, «ЖД»). Иерусалимге булактын суусун киргизиш үчүн аскаларды тешип, түтүктөрдү өткөрүшчү (2 Падышалар 20:20).
Ал эми булак чыкпаган жерлерде терең кудуктарды казышчу. Алсак, Бейер-Шебада ошондой кудук болгон («бейер» деген сөз «кудук» дегенди билдирет) (Башталыш 26:32, 33). Жазуучу Андре Шураки: «Ысрайылдыктардын өздөрүн суу менен камсыз кылууда колдонгон ыкмалары бүгүнкү күндө да суктандырат»,— деп айткан.
Ыбрамдын (Ыбрайымдын) үйү кандай болушу мүмкүн эле?
▪ Ыбрам аялы экөө халдейлердин гүлдөгөн Ур шаарында жашаган. Бирок алар Кудайдын көрсөтмөсү боюнча ошол шаардан чыгып, чатырларда жашай башташкан (Башталыш 11:31; 13:12). Алар жашоосун ушундайча өзгөртүү менен кандай курмандыктарга барышкан?
Леонард Вулли 1922—1934-жылдардын ортосунда археологиялык казууларды жүргүзүп жатып, Ур шаарынын (азыркы күндөгү Ирак) калдыктарын тапкан. Көптөгөн имараттардын арасынан кыш менен курулган 73 үй табылган. Байыркы учурда көптөгөн үйлөрдүн бөлмөлөрү таш төшөлгөн ички короону тегерете салынчу. Ал короо ортосун көздөй эңкейиширээк болуп курулчу. Короонун так ортосуна кир суу агып кете турган түтүк орнотушчу. Чоңураак үйлөрдө болсо конок бөлмөлөр, дааратканалар болгон. Биринчи кабатта бир нече бөлмө, кулдар уктай турган бөлмөлөр, ашканалар жана ашканалардын ар биринде алды ачык меш (камин) болгон. Кожоюну үй-бүлөсү менен экинчи кабатта жашачу. Үйдүн экинчи кабатка жана жыгачтан жасалган балконуна чыга турган тепкичи болгон. Ал эми балкондон башка бөлмөлөргө кирүү мүмкүн болчу.
Вулли мындай деп жазган: «Таш төшөлгөн короосу, канализациясы жана көптөгөн бөлмөлөрү... бар апаппак болуп акталган мындай үйлөр алардын жашоо деңгээли абдан жогору болгонун көрсөтүп турат. Анткени мындай үйлөрдө... орто жашагандар, дүкөн ээлери, соода-сатык кылгандар жана башка ушу сыяктуу адамдар жашашчу».
[19-беттеги сүрөт]
Хорвот Мезададагы (Израиль) цистерна
[Булак жөнүндө маалымат]
© Masada National Park, Israel Nature and Parks Authority
[19-беттеги сүрөт]
Ыбрайымдын убагындагы үйлөр
[Булак жөнүндө маалымат]
© Drawing: A. S. Whitburn