Көптөр эмнеден коркушат?
Көптөр эмнеден коркушат?
«Кудайга ишенбеген адам деле акыр заман болору жөнүндө ойлонот» (СТЕФЕН ОЛИРИ, ТҮШТҮК КАЛИФОРНИЯ УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ) *.
ЖОГОРУДА айтылгандарга кошуласыңарбы? Бул катар макалаларда эмне үчүн көптөр келечекти ойлоп коркушарынын айрым себептери каралат. Ошондой эле жер бетинде жашоо эч качан жок болбой турганына эмне үчүн шектенбесек болоруна токтолобуз. Муну билүү жүрөктүн үшүн алган төмөндөгү фактыларга карабай, келечектен жакшы нерсеге үмүттөнүүгө жардам берет.
Ядролук согуш чыгып кетиши ыктымал. 2007-жылы «Буллетин оф атомик сайентистс» журналына: «Дүйнө Хиросима менен Нагасакиге атомдук бомба ташталганда эле эмес, азыр деле ошондой коркунуч алдында турат»,— деп жазылган. Эмне үчүн? Аталган журналда 2007-жылы дүйнө жүзүндө 27 000дей ядролук курал болгону жана алардын 2 000и «жардырууга даяр турганы» айтылган. Ошол куралдардын кичинекей эле пайызы жарылса, Жер чоң кыйроого учурамак.
2007-жылдан бери ядролук согуш чыгуу ыктымалдыгы азайдыбы? СЭТМИИ * тарабынан 2009-жылы чыгарылган «Жылдык китепте» * дүйнөдөгү беш өлкөнүн — Кытай, Франция, Орусия, Улуу Британия жана Кошмо Штаттардын — «жаңы ядролук куралдарды чыгарып жатышканы же чыгарууну ойлонуштуруп жатышканы» тууралуу жазылган. Бирок, китепте айтылгандай, ядролук куралдар аталган беш өлкөдөн башка өлкөлөрдө да бар. Изилдөөчүлөрдүн болжолдоосу боюнча, Индия, Пакистан жана Израиль өлкөлөрүнүн ар биринде 60—80 ядролук бомбалар бар. Ошондой эле изилдөөчүлөр дүйнө жүзү боюнча баш-аягы 8 392 ядролук курал жардырууга даяр турганын билдиришкен.
Климаттын өзгөрүшү Жердин кыйрашына алып келиши мүмкүн. «Буллетин оф атомик сайентистс» журналында айтылгандай, «климаттын өзгөрүшү Жерди ядролук куралдар кыйрата алгандай эле, кыйрата алат». Бул сөздөргө дүйнө жүзүнө таанымал болгон астрофизик
Стивен Хокинг менен Кембриж университетинин Тринити коллежинин жетекчиси Мартин Рес сыяктуу беделдүү окумуштуулар кошулушат. Алардын ою боюнча, адамдардын техниканы туура эмес колдонгону жана айлана-чөйрөгө терс таасир эткен иш-аракеттери Жерге кайра калыбына келгис зыян келтириши, атүгүл тиричиликтин жок болуп кетишине алып келиши мүмкүн.Акыр замандын болору тууралуу айтылган ар кандай сөздөр миллиондогондорду тынчсыздандырууда. Интернеттин баарына белгилүү болгон издөө системдеринен «2012-жыл», «акыр заман» деген сөздөрдү кездештирүүгө болот. Ал жакта 2012-жылы акыр заман болору тууралуу көптөгөн маалыматтар жазылган. Эмне үчүн көптөр ушинтип ойлошот? Акыр заман, байыркы майя элинин «узун санак» деп белгилүү болгон календары боюнча, 2012-жылга дал келет. Көптөр жогоруда айтылгандарды цивилизациянын жок болушунун белгиси катары көрүп коркушууда.
Кудайга ишенген көптөгөн адамдар Ыйык Китепте Жердин кыйратылып жок болору жазылган деп ишенишет. Алар Кудайга бекем ишенген адамдардын баары асманга кетет, калгандары болсо кыйратылып-талкаланган жерде кыйналып жашашат же тозокко түшүшөт деп ойлошот.
Ыйык Китепте Жердин чынында эле кыйратылып жок болору айтылганбы? Элчи Жакан: «Кудайдан келгендей сыяктанган кабарлардын баарына эле ишене бербегиле. Алардын Кудайдан келген-келбегенин текшерип көргүлө»,— деп эскерткен (1 Жакан 4:1). Башкалардын айткандарына ишене бербестен Ыйык Китепте акыр заман тууралуу чынында эмне делери жөнүндө окуп көрсөңөр болот. Анда жазылгандар силерди таң калтырышы мүмкүн.
[Шилтемелер]
^ 2-абз. 2005-жылдын 19-октябрында MSNBC веб-сайтына чыккан «Табигый кырсыктар — акыр замандын белгиси» деген макаладан алынган цитата.
^ 5-абз. СЭТМИИ Стокгольм эл аралык тынчтык маселесин изилдөө институту деп чечмеленет.
^ 5-абз. СЭТМИИ тарабынын 2009-жылы чыгарылган «Жылдык китепти» СЭТМИИнин куралданууну жөнгө салуу жана ядролук куралдарды жайылтпоо боюнча программасынын жетекчиси жана изилдөөчү Шенон Кил жана ушул эле программа боюнча иштеген изилдөөчү Виталий Федченко, ошондой эле Американын окумуштуулар федерациясынын ядролук куралдар боюнча маалымат проектисинин жетекчиси Ханс Кристенсендер жазышкан.
[4-беттеги сүрөт]
Mushroom cloud: U.S. National Archives photo; hurricane photos: WHO/League of Red Cross and U.S. National Archives photo