Ыйык Жазмага Иса тууралуу айрым билдирүүлөр кирбей калганбы?
Ыйык Жазмага Иса тууралуу айрым билдирүүлөр кирбей калганбы?
Иса Голготада өлтүрүлбөй эле, аман калганбы? Ал Магдалалык Мариямга үйлөнүп, андан балалуу болду беле? Ал жашоонун ырахатынан баш тарткан адам болгонбу? Ал башкаларды Ыйык Жазмада айтылгандарга карама-каршы келген нерселерге окутту беле?
УШУ сыяктуу жалган түшүнүктөр кийинки күндөрдө фильмдерде көп көрсөтүлүп, көпчүлүк арасында кеңири жайылууда. Андан тышкары, Ыйык Жазмага Иса тууралуу айрым билдирүүлөр кирбей калган деген ырастоолорду камтыган, б.з. 2- жана 3-кылымдарына таандык апокрифтик китептерге басым койгон көптөгөн китептер жана макалалар бар *. Андай ырастоолор негиздүүбү? Ыйык Жазмага Иса тууралуу айрым билдирүүлөр чынында эле кирбей калганбы?
*.
Бул суроолорго жооп алуу үчүн маанилүү үч нерсени карап чыгышыбыз керек. Биринчиден, Инжилди кимдер жана качан жазганын, экинчиден, Ыйык Жазмага кайсы китептердин кирери качан жана кимдер тарабынан аныкталганын, үчүнчүдөн, апокрифтик китептердин кантип пайда болгонун жана алар Ыйык Китептин канонуна кирген китептерден эмнеси менен айырмаланарын билип алышыбыз зарылГрек Жазмалары качан жана кимдер тарабынан жазылган?
Айрым булактарга ылайык, Матайдын Инжили Машаяк өлгөндөн 8 жылдай өткөндөн кийин б.з. 41-жылдары жазылган. Кээ бир окумуштуулар Матайдын Инжили кийинчерээк жазылган деп ойлошот. Ошентсе да Ыйык Китептин Грек Жазмалары б.з. 1-кылымында жазылып бүткөнүнө көптөр кошулушат.
1-кылымда Исаны өз көзү менен көргөн, өлгөнүнө жана тирилгенине күбө болгон кишилер Инжилдеги билдирүүлөрдүн чын-төгүнүн текшерип, эгер анда кандайдыр бир туура эмес маалымат бар болсо, аларды төгүнгө чыгара алышмак. Профессор Ф. Ф. Брюс мындай деп жазган: «Элчилердин жазгандарынын төгүндөлгүс экенине алардын сөздөрү далил болот. Алар элге: „Буларга биз күбө болгонбуз“,— дебестен: „Өзүңөр билгендей“,— деп кайрылышкан (Элчилер 2:22)».
Грек Жазмаларын кимдер жазган? Аны жазууга Исанын 12 элчисинин айрымдары катышкан. Грек Жазмаларын жазууга катышкандар, алсак, Жакып, Жүйүт, кыязы, Марк дагы б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында болушкан. Ошондо Исанын жолдоочуларынын жыйналышы негизделген. Грек Жазмаларын жазууга катышкандардын баары, анын ичинде элчи Пабыл да Исанын жолдоочуларынын 1-кылымдагы жыйналышынын элчилерден жана аксакалдардан турган Иерусалимдеги жетектөөчү кеңеши менен тыгыз кызматташышкан (Элчилер 15:2, 6, 12—14, 22; Галатиялыктар 2:7—10).
Иса жолдоочуларына өзү чыйыр салган кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин тапшырган (Матай 28:19, 20). Ал атүгүл: «Ким силерди укса, ал мени да уккан болот»,— деп айткан (Лука 10:16). Кийинчерээк аларга ал тапшырманы аткаруу үчүн Кудайдын руху, башкача айтканда, иш-аракеттүү күчү берилерин убада кылган. Ошондуктан Исанын алгачкы жолдоочулары элчилердин жана башка ишенимдештеринин Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазган китептерин жана каттарын эч шектенбестен кабыл алышкан.
Ыйык Китепти жазууга катышкандар бири-биринин жазгандарынын Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганын баса белгилешкен. Маселен, элчи Петир элчи Пабылдын каты жөнүндө сөз кылып, анын Ыйык Жазманын бир бөлүгү экенин айткан (2 Петир 3:15, 16). Ал эми Пабыл элчилердин жана Исанын жолдоочуларынын жыйналыштарындагы пайгамбарлардын жазгандары Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганын билдирген (Эфестиктер 3:5).
Ооба, Инжилдеги билдирүүлөр ишенүүгө татыктуу. Анда ойдон чыгарылган окуялар же жомоктор эмес, тарыхта чынында эле болгон окуялар, ишенимдүү күбөлөрдүн билдирүүлөрү жазылган. Аны жазгандар Кудайдын ыйык рухуна жетектелишкен.
Ыйык Жазмага кайсы китептер кириши керектигин кимдер чечкен?
Айрым окумуштуулар Грек Жазмаларына кайсы китептер кирери 3-кылымдарда император Константиндин тушунда күчүнө кирген чиркөө тарабынан чечилген деп ырасташат. Бирок, чынында, андай эмес.
Чиркөө тарыхын изилдеген профессор Оскар Скарсауне мындай деген: «Жаңы Келишимге кайсы жазмалар кирер-кирбесин чиркөө же кайсы бир адам чечкен эмес... Элчилердин жана алардын кызматташтарынын жазгандары 1-кылымда ишенүүгө
татыктуу деп эсептелчү. Ал эми кийинчерээк жазылган башка „инжилдер“ Грек Жазмаларына кирген эмес... Грек Жазмаларына кайсы китептер кирер-кирбеси Константиндин тушундагы чиркөө пайда болгонго чейин көп убакыт мурун аныкталып бүткөн. Жаңы Келишим бизге башкаларга үстөмдүк кылган чиркөө тарабынан эмес, куугунтукталган чиркөө тарабынан берилген».Грек Жазмаларын изилдеген профессор Кен Бердинг мындай деп айткан: «Ыйык Жазманын канонуна кайсы китеп кирер-кирбесин чиркөө чечкен эмес. Чиркөө тек гана Исанын жолдоочулары Кудайдын Сөзү катары эсептеп келген китептерди кабыл алган десек туурараак болот».
Анда Ыйык Жазманын канонуна кайсы китеп кирер-кирбесин Исанын 1-кылымдагы карапайым эле жолдоочулары чечти беле? Ыйык Китепте бул туурасында абдан маанилүү ой айтылат.
Ыйык Жазмага ылайык, Исанын алгачкы жолдоочуларына берилген табияттан тыш жөндөмдүүлүктөргө «рухтун жетеги менен айтылгандарды түшүнүү жөндөмү» кирген (1 Корунттуктар 12:4, 10). Андай жөндөмгө ээ болгондор айтылгандардын Кудайдан келген-келбегенин аныктай алышкан. Андыктан Исанын бүгүнкү күндөгү жолдоочуларына Ыйык Жазманын ар бир китеби Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганына шектенүүгө себеп жок.
Демек, Грек Жазмаларына кайсы китептер кирер-кирбеси алар жазылып жаткан учурда эле Кудайдын рухунун жетеги менен чечилип калган. Б.з. 2-кылымынын аяк ченинде айрым жазуучулар Ыйык Жазмага кирген китептер туурасында жазышкан. Алар канонго кайсы китептер кирер-кирбесин аныкташкан эмес, тек гана Кудай өзүнүн өкүлдөрү аркылуу берген китептер жөнүндө жазышкан.
Байыркы кол жазмалар да бүгүнкү күндө Ыйык Жазманын ажыратылгыс бөлүгү деп эсептелген китептердин ишенүүгө татыктуу экенин далилдейт. Учурда Грек Жазмаларынын 5 000ден ашуун кол жазмалары бар. Грек тилинде жазылган ал кол жазмалардын айрымдары б.з. 2- жана 3-кылымдарына таандык. Алар алгачкы жүз жылдыктарда жогору бааланчу жана апокрифтик китептер катары эсептелген эмес. Андыктан алардын көчүрмөлөрү кеңири колдонулчу.
Ыйык Жазманын ар бир китеби ишенүүгө татыктуу экенине анын өз ара шайкештиги зор далил боло алат. Аларда «туура сөздөрдүн үлгүсү» жазылган (2 Тиметей 1:13). Алар окурмандарды Жахаба Кудайды сүйүүгө, ага гана сыйынып, кызмат кылууга үндөп, ырым-жырымдарга ишенүүдөн, жиндер менен байланышуудан жана жаратууларга сыйынуудан алыс болууга чакырат. Алар тарыхый жактан так, ошондой эле пайгамбарлыктарды камтыйт. Андан тышкары, окурмандарды адамдарды сүйүүгө үндөйт. Ооба, Грек Жазмалары ушундай өзгөчөлүктөргө ээ. Ал эми апокрифтик китептер жөнүндө да ушуну айтууга болобу?
Апокрифтик китептер Ыйык Китептен эмнеси менен айырмаланат?
Апокрифтик китептер менен Ыйык Жазманын айырмасы асман менен жердей. Апокрифтер Ыйык Китеп жазылып бүткөндөн кийин болжол менен 2-кылымдын орто ченинде пайда болгон. Аларда Иса тууралуу жана анын алгачкы жолдоочулары жөнүндө таптакыр туура эмес маалымат камтылган.
Мисалы, Томастын инжили деп аталган апокрифтик китепте Иса жөнүндө көптөгөн туура эмес маалымат бар. Ал китепте Мариям асман Падышалыгына кире алышы үчүн, Иса аны эркекке айландырган деп жазылган. Анда ошондой эле Иса башка балдардын өлүмүнө себепкер болгон кара санатай бала катары сүрөттөлөт. Пабыл менен Петирдин иштери жөнүндө баяндалган апокрифтик китептерде болсо, алардын башкаларды жыныстык катнаштан толугу менен баш тартууга чакырган жана аялдарды күйөөлөрүнөн бөлөк жашоого үндөгөн делет. Ал эми Жүйүттүн инжили деген китепте Иса элчилерди тамак ичер алдында Кудайга тиленишкени үчүн шылдыңдап күлгөн деп айтылат. Мунун баары Ыйык Китепте жазылгандарга карама-каршы келет (Марк 14:22; 1 Корунттуктар 7:3—5; Галатиялыктар 3:28; Эврейлер 7:26).
Көптөгөн апокрифтик китептерде Жараткан Кудайды таш боор элестеткен гностиктердин көз карашы чагылдырылат. Гностиктер тирилүү каймана мааниде болот жана материалдык нерселердин баары — жамандык, ошондой эле никенин негиздөөчүсү жана тукум улоонун башаты Шайтан болгон дегенге ишенишет.
Апокрифтик китептердин айрымдары Ыйык Китептей эле ишенүүгө татыктуу деп эсептелет, бирок, чынында, андай эмес. Алар эч качан Ыйык Китептин бир бөлүгү боло албайт. Апокрифтик китептерди изилдеген М. Р. Жеймс: «Аларды Жаңы Келишимден чыгарып салуунун зарылдыгы болгон эмес, алар өздөрүн өздөрү чыгарып салышкан»,— деп айткан.
Ыйык Китепти жазгандар чындыктан четтөөчүлүк болорун эскертишкен
Ыйык Жазмада Исанын жолдоочуларынын жыйналышына терс таасир тийгизе турган чындыктан четтөөчүлүк тымызын кирери жөнүндө көптөгөн эскертүүлөр жазылган. Негизи, чындыктан четтөөчүлүк 1-кылымда эле башталган, бирок анын кеңири кулач жайышына элчилер жол берген эмес (Элчилер 20:30; 2 Тесалоникалыктар 2:3, 6, 7; 1 Тиметей 4:1—3; 2 Петир 2:1; 1 Жакан 2:18, 19; 4:1—3). Элчилердин көзү өткөндөн кийин жайыла баштаган, Исанын айткандарына карама-каршы келген окутууларды айырмалай билүүгө Жазмадагы эскертүүлөр жардам берген.
Апокрифтик китептер байыркы убактарда жазылгандыктан, айрым окумуштуулар аларды абдан баалашат. Бирок, келгиле, бир мисалдын үстүнөн ойлонуп көрөлү. Окумуштуулар бүгүнкү күндөгү ар кандай шектүү китеп-журналдардан жана кооптуу диний агымдардын адабияттарынан маалымат топтоп, аларды атайын бир жерге сактап коюшту дейли. Ал маалымат убакыттын өтүшү менен ишенүүгө татыктуу болуп калабы? Арадан 1700 жылдай өткөндөн кийин ал адабияттардагы жалган маалымат кылымдарды карытканы үчүн эле чындыкка айланып калабы?
Албетте, жок. Исанын Магдалалык Мариямга үйлөнгөнү жөнүндө жана башка ушу сыяктуу жалган маалыматтар туурасында да ушуну айтууга болот. Колубузда ишенүүгө татыктуу Жазма турганда шектүү маалыматтарды камтыган китептерге ишенүүнүн кереги барбы? Кудай өзүнүн Уулу жөнүндө ишенимдүү булактан — Ыйык Китептен — билишибизди каалайт.
[Шилтемелер]
^ 3-абз. Апокрифтер — Ыйык Китепке киргизилбеген иудаисттик жана алгачкы христиандык адабий чыгармалар.
^ 4-абз. «Канон» деген сөз Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган Ыйык Жазмага кирген китептерди билдирет. Ыйык Жазманын ажыратылгыс бөлүгү болуп 66 китеп эсептелет.
[26-беттеги сүрөт]
Элчи Пабылдын жасаган кереметтери, атүгүл бирөөнү тирилткени анын иштерине да, жазган каттарына да Кудай ыйык руху менен жетекчилик бергенин көрсөтүп турган
[26-беттеги сүрөт/таблица]
ИСАНЫН ЖАШООСУ ГРЕК ЖАЗМАЛАРЫНЫН
ЖАЗЫЛЫШЫ АПОКРИФТЕРДИН ПАЙДА
БОЛУШУ
Б.з.ч. 2-ж. 33-ж. 41-ж. 98-ж. 130-ж. 300-ж.
[Булак]
Kenneth Garrett/National Geographic Image Collection