Синагога. Иса жана анын шакирттери кабар айткан сыйынуу жайы
Синагога. Иса жана анын шакирттери кабар айткан сыйынуу жайы
«Иса бүт Галилеяны аралап, синагогаларда окутуп, падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялап... жүрдү» (МАТАЙ 4:23).
ИНЖИЛДЕ Исанын синагогаларда кабар айтканы жөнүндө көп жолу айтылат. Иса үч жарым жыл бою кызмат кылып жүргөндө өзү чоңоюп-өскөн Назаретте, кийинчерээк жашаган Капернаум шаарында жана башка шаарларда, айыл-кыштактарда элди Кудайдын Падышалыгы жөнүндө окутуу үчүн көбүнесе синагогаларга бара турган. Ошондуктан ал кызматынын аягында: «Мен... жүйүттөрдүн баары чогулган синагогаларда жана ибадатканада элди окутуп жүрдүм»,— деп айта алган (Жакан 18:20).
Исанын элчилери да, башка жолдоочулары да көбүнчө элди жүйүттөрдүн синагогаларында окутушчу. Синагогалар кандайча жүйүттөрдүн сыйынуу жайы болуп калган? Исанын күндөрүндөгү синагогалар кандай болгон? Келгиле, буга тереңирээк токтололу.
Жүйүттөрдүн жашоосунун ажырагыс бөлүгү. Жүйүттөрдүн эркектери Иерусалимдеги ыйык ибадатканада өткөрүлгөн майрамдарга жылына үч жолу барып турушчу. Ал эми Кудайга күн сайын сыйынуу үчүн жүйүттөр, кайсы жерде жашабасын, Палестинадабы же башка өлкөлөрдөбү, жергиликтүү синагогаларга бара турган.
Жүйүттөр кайсы убактан баштап синагогаларда сыйына баштаган? Айрымдардын ырастоосу боюнча, синагогалар жүйүттөр Вавилонго кулчулукка кеткенде (б.зч. 607—537-жж.), тагыраак айтканда, Жахабанын ибадатканасы талкалангандан тартып сыйынуу жайына айланган. Башкалардын айтымында, синагогалар жүйүттөр кулчулуктан кайтып келгенде, дин кызматчы Эзра элди Кудайдын мыйзамдарын окуп-үйрөнүүгө үндөгөндөн тартып колдонула баштаган («Синагога» деген сөздүн мааниси «чогулуш» же «жыйналыш» дегенди билдирет. Септуагинтада — Ыйык Китептин Эврей Жазмаларынын грекче котормосунда — «синагога» деген сөз так ушундай мааниде колдонулган. Бирок убакыттын өтүшү менен ал сөз эл сыйынуу үчүн чогулган имараттарга карата колдонула баштаган. Исанын күндөрүндө чакан шаарлардын дээрлик баарында, чоң шаарларда бир нече, ал эми Иерусалимде көптөгөн синагогалар бар болчу. Алар кандай болгон?
Сыйынууга арналган жөнөкөй имарат. Жүйүттөр синагоганы бийигирээк жерге эшигин (1) Иерусалимди каратып курушчу. Синагогаларды курууда белгилүү бир үлгү болсо да, кыязы, алар жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылып курулган.
Синагога, адатта, буюм-эмеректери көп эмес, жөнөкөй имарат болгон. Андагы негизги буюмда, сандыкта (2), жалпы эл абдан баалаган Ыйык Жазманын түрмөктөрү боло турган. Жыйын өткөрүлүп жаткан маалда сандыкты алып келип, жыйын аяктаганда аны кайра ордуна алып барып коюшчу (3).
Сандыктын жанында жана эл отурган орундуктардын маңдайында синагога башчыларына же сыйлуу конокторго караштырылган орундар (4) болгон (Матай 23:5, 6). Эл чогулган чоң бөлмөнүн так ортосунда сүйлөп чыга турган киши үчүн бийик тактайча жана отургуч коюлган (5). Анын капталдарында жана маңдайында чогулушка келген эл отурчу (6).
Адатта, синагогадагы чыгымдар жергиликтүү элдин ыктыярдуу тартууларынын эсебинен жабылчу. Аны жакшы абалда күтүп, оңдоп-түзөп туруу үчүн бай-кедей дебей — баары тартуу кылышчу. Синагогада чогулуштар кандайча өткөрүлчү?
Синагогадагы сыйынуу. Жүйүттөр синагогада Кудайды даңктап ырдашчу, тиленишчү, Ыйык Жазманы окушчу жана элди окутушчу. Чогулуш «Шманы» окуу менен, тактап айтканда, үн чыгарып тиленүү менен башталчу. «Шма» деген сөз Мыйзам 6:4төгү: «Кулак сал [Шма], Ысрайыл: силердин Кудай-Теңириңер — бир Кудай»,— деген аяттын биринчи сөзүнөн алынган.
Андан соң Муса пайгамбар жазган Тоораттан үзүндү окулуп, талкууланчу (Элчилер 15:21). Ошондой эле пайгамбарлардын китептеринен окулган үзүндүлөр түшүндүрүлүп, аларды жашоодо кантип колдонсо болору айтылчу. Айрым учурларда сыйынуунун ушул бөлүгүн башка жактан келгендер өткөрө турган. Лука 4:16—21-аяттарда Исанын бир жолу Ышая пайгамбардын китебинен үзүндү окуп, түшүндүрүп бергени баяндалат.
Айта кетчү нерсе, Иса окуп берген ал түрмөк биздин күндөгү Ыйык Китептердей бөлүмдөргө, аяттарга бөлүнгөн эмес болчу. Анын окуп бере турган үзүндүнү табуу үчүн түрмөктү сол колу менен жазып, оң колу менен түрүп жатканын элестетсеңер. Анан окуп бүткөндөн кийин түрмөктү башында кандай болсо, ошондой кылып түрүп коюш керек болгон.
Ыйык Жазмадан үзүндүлөр көп учурда эврей тилинде окулуп, арамей тилине которулчу. Ал эми грек тилинде сүйлөгөндөр Септуагинтаны колдонушчу.
Күнүмдүк жашоонун маанилүү бөлүгү. Синагога жүйүттөрдүн күнүмдүк жашоосунун маанилүү бөлүгү болгондуктан, ар кандай максатта колдонулган. Андыктан ага башка имараттарды жанаша салышчу же аны башка имараттар менен бир жерге курушчу. Кээде синагогаларда сот иштери жүргүзүлчү, жамааттын чогулуштары өткөрүлчү. Синагогада атүгүл эл чогулуп тамак иче турган, жолоочулар түнөй турган бөлмөлөр болгон.
Дээрлик бардык шаарлардагы синагогаларда мектептер бар болчу. Алардан мугалимдин момдолгон тактайчага тамгаларды бакырайта жазып, бөлмөгө жык толо отурган балдарды окутуп жатканын көрүүгө болор эле. Жүйүттөрдүн сабаттуу болгонунун жана көпчүлүгүнүн Ыйык Жазманы жакшы билгенинин себеби ушунда.
Бирок, албетте, синагогалар биринчи кезекте сыйынуу үчүн караштырылган. Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларынын жыйналыштары жүйүттөрдүн синагогаларына көп жагынан окшош болгон. Алсак, Исанын жолдоочуларынын жыйналыштарында да Жахаба Кудайды даңктап ырдашчу, тиленишчү, Ыйык Жазманы окуп, талкуулашчу. Экөөндө тең чыгымдар ыктыярдуу тартуулардын эсебинен жабылчу; Кудайдын Сөзүн жогорку даражалуу дин кызматчылардын өзгөчө тобу эле окутчу эмес; жолугушууларды жоопкерчиликти колго алган тажрыйбалуу эркектер уюштуруп, өткөрүшчү.
Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү Исадан жана анын биринчи кылымдагы жолдоочуларынан үлгү алууга аракет кылышат. Ошондуктан алардын Падышалык залдарында өткөрүлгөн жыйналыш жолугушуулары байыркы синагогалардагы чогулуштарга кайсы бир жактардан окшошуп кетет. Баарынан маанилүүсү, чындыкты сүйгөн байыркы убактагы адамдардай эле, Жахабанын Күбөлөрү «Кудайга жакындоо» максатында чогулушат (Жакып 4:8).
[16-беттеги сүрөт]
1-кылымдагы Гамла синагогасына окшоштурулуп жасалган модель
[18-беттеги сүрөт]
6—13 жашка чейинки балдар окуган синагогадагы мектеп