Иса өзү жөнүндө эмнелерди айткан?
Иса өзү жөнүндө эмнелерди айткан?
«Иса өзүнүн ким экенин, кайдан келгенин, жерге эмне үчүн келгенин жана аны алдыда эмнелер күтүп турганын жакшы билген» (ГЕРБЕРТ ЛОКЬЕР).
ИСАНЫН эмнелер тууралуу окутканын карап чыгардан мурун анын өзү жөнүндө билип алышыбыз керек. Ал чынында ким болгон? Кайдан келген? Анын максаты эмне эле? Бул суроолорго Матайдын, Марктын, Луканын жана Жакандын Инжилдеринде жазылган Исанын өзүнүн сөздөрүнөн жооп таба алабыз.
Ал жерге келгенге чейин эле бар болчу. Иса бир жолу: «Мен Ыбрайымга чейин эле бар болгом»,— деген (Жакан 8:58). Ыбрайым пайгамбар Иса төрөлгөнгө чейин 2 000 жылдай мурун жашаган. Анткен менен Иса ал ишенимдүү уруу башчысы Ыбрайым жашаганга чейин эле бар болчу. Анда ал каякта жашаган? Иса: «Мен асмандан... келгем»,— деп айткан (Жакан 6:38).
Кудайдын Уулу. Жахабанын асманда периштелерден турган уулдары көп. Бирок Иса алардын ичинен өзгөчөсү. Ал өзүнүн «Кудайдын жалгыз Уулу» экенин айткан (Жакан 3:18). Бул Кудайдын аны жалгыз өзү жаратканын билдирет. Кудай калган жаратууларынын баарын Уулу менен жараткан (Колосалыктар 1:16).
«Адам Уулу». Иса өзү жөнүндө айтканда башка сөздөргө караганда ушул сөздөрдү көбүрөөк колдонгон (Матай 8:20). Муну менен ал жерге периште болуп же адам кейпин кийип эмес, чын эле, адам болуп төрөлгөнүн баса белгилеген. Кудай ыйык руху аркылуу Уулунун өмүрүн асмандан жерге, Мариям деген кыздын жатынына, көчүргөн. Ошондуктан Иса жеткилең, күнөөсүз адам болуп төрөлгөн (Матай 1:18; Лука 1:35; Жакан 8:46).
Убадаланган Машаяк. Бир жолу самариялык аял Исага: «Машаяк деп аталган бирөөнүн келерин билем»,— деп айтканда, Иса ага: «Сен дал ошонун өзү менен сүйлөшүп турасың»,— деген (Жакан 4:25, 26). «Машаяк» деген сөз «Майланган» дегенди билдирет. Иса майланган, тагыраак айтканда, Кудай тарабынан дайындалган. Ага Кудайдын ой-ниетинин аткарылышында өзгөчө роль берилген.
Негизги иши. Иса: «Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды... жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деп айткан (Лука 4:43). Ал муктаж болгондорго жардам берип, көптөгөн жакшы иштерди кылса да, Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабар айтуу иши анын жашоосунда биринчи орунду ээлеген. Исанын Кудайдын Падышалыгы тууралуу эмнелерди айтканы кийинки беттерде талкууланат.
Ооба, Иса, чынында эле, өзгөчө адам болгон *. Жерге келгенге чейин асманда жашагандыктан, анын сөздөрү адамдардын жүрөгүн козгой турган. Андыктан анын кабары дүйнө жүзүндөгү миллиондогондордун жашоосуна таасир этип жатканы таң калыштуу эмес.
[Шилтеме]
^ 9-абз. Иса жөнүндө жана анын Кудайдын ой-ниетиндеги ролу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 4-бөлүмүн карагыла.