Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса тил алууга үйрөнгөн

Иса тил алууга үйрөнгөн

Балдарыңарды үйрөткүлө

Иса тил алууга үйрөнгөн

САГА кээде тил алуу кыйынга турабы? ~ * Чын эле, тил алуу дайыма эле оңой боло бербейт. Атүгүл Иса да тил алууга үйрөнгөнүн билчү белең? ~

Балдар кимдин тилин алышы керек? ~ Ооба, алар ата-энесинин тилин алышы керек. Ыйык Китепте: «Теңирдин эркине ылайык ата-энеңердин тилин алгыла»,— делет (Эфестиктер 6:1). Исанын атасы ким? ~ Исанын атасы — Жахаба Кудай. Ал биздин да Атабыз (Матай 6:9, 10). Бирок Исанын атасы — Жусуп, апасы Мариям болгон десең, аның да туура. Алар кандайча Исанын ата-энеси болуп калганын билесиңби? ~

Мариям турмушка чыга элек болсо да, Жебирейил периште ага керемет жолу менен бала төрөрүн айтат. Ал Мариямга мындай деген: «Сени Эң Жогоркунун күчү каптайт. Ошондуктан төрөлө турган бала Кудайдын Уулу, ыйык деп аталат» (Лука 1:30—35).

Кудай өзүнүн Уулунун өмүрүн асмандан Мариямдын ичине көчүрөт. Иса башка балдардай эле энесинин курсагында өрчүп, тогуз айдан кийин төрөлгөн. Ал учурда Жусуп Мариямга үйлөнөт. Ошондуктан элдер Жусупту Исанын атасы деп эсептешкен. Бирок, чынында, Жусуп Исанын асырап алган атасы эле. Ошентип, Исанын, мындайча айтканда, эки атасы болгон.

Иса 12 жашында эле асмандагы Атасы Жахабаны аябай жакшы көрөрүн көрсөткөн. Бир жолу Исанын үй-бүлөсү адаттагыдай эле Пасах майрамын белгилөө үчүн узак жол жүрүп, Иерусалимге барат. Кайра үйдү көздөй, Назаретке, кайтышканда Жусуп менен Мариям Исанын жок экенин байкабай калышат. Эмне үчүн байкабай калышканын билесиңби? ~

Жусуп менен Мариямдын Исадан башка да балдары болгон (Матай 13:55, 56). Балким, алар менен Мариямдын эжеси Саломе, жездеси Зебедей жана алардын балдары Жакып менен Жакан да болсо керек. Ошол себептүү Мариям Исаны туугандарынын арасында жүрөт деп ойлогон көрүнөт (Матай 27:56; Марк 15:40; Жакан 19:25).

Жусуп менен Мариям Исанын жок экенин билгенде, кайра Иерусалимди көздөй жөнөшөт. Алар уулун аябай издеп, үч күндөн кийин ибадатканадан табышат. Мариям Исага: «Бул эмне кылганың? Атаң экөөбүз сени издеп, сарсанаа болуп бүттүк»,— деп айтат. Ошондо Иса: «Мени эмнеге издедиңер? Атамдын үйүндө болушум керектигин билген эмес белеңер?» — деп жооп берет (Лука 2:45—50).

Исанын апасына ушинтип жооп бергени туура болгонбу? ~ Ата-энеси анын Кудайдын үйүндө болгонду жакшы көрөрүн билген (Забур 121:1). Андыктан Исанын ата-энем мени биринчи кезекте Кудайдын үйүнөн издейт деп ойлогону жөндүү болгон. Сен буга кошуласыңбы? ~ Мариям Исанын ошондогу сөздөрүн көкүрөгүнө түйүп алган.

Иса ата-энесине кандай мамиле кылган? ~ Ыйык Китепте: «Иса алар менен Назаретке кайтып келди. Ал андан ары да ата-энесине баш ийип, тил алчаак болду»,— делет (Лука 2:51, 52). Биз Исадан эмнеге үйрөнө алабыз? ~ Ооба, биз да ата-энебиздин тилин алышыбыз керек.

Анткен менен Исага атүгүл асмандагы Атасына тил алуу дайыма эле оңой боло берген эмес.

Өлөр алдындагы түнү ал башынан өткөрө турган кыйынчылыктарды алып салышын Жахабадан суранган (Лука 22:42). Бирок канчалык кыйынга турса да, Жахабага баш ийген. Ыйык Китепте анын «азап чегүү аркылуу тил алчаактыкка үйрөнгөнү» айтылат (Эврейлер 5:8). Кандай деп ойлойсуң, кыйынга турса да, Исадай болуп, тил алчаак боло алабызбы? ~

[Шилтеме]

^ 3-абз. Макаланы балаңар менен окуй турган болсоңор, толкун сызык (~) турган жерден тыным жасап, анын оюн уккула.

СУРООЛОР:

▪ Мариям кандайча Исанын энеси болуп калган жана Исанын кандайча эки атасы болгон?

▪ Исанын жок экенин ата-энеси эмне үчүн байкабай калган?

▪ Иса ата-энеси аны каяктан издейт деп ойлогон?

▪ Исадан эмнеге үйрөнө аласың?

[31-беттеги сүрөт]

Жусуп менен Мариям Исаны эмне үчүн биринчи кезекте ибадатканадан издеши керек эле?