Күйүттү көтөрүү
Күйүттү көтөрүү
«Ошондо атасын [Жакыпты] сооротууга бүт уул-кыздары чогулду, бирок ал сооронгусу келбей: „Мен эми өлгөндөр жаткан жайга, уулума барганча кайгырып өтөм“,— деди. Жусуптун атасы уулун ушинтип жоктоду» (БАШТАЛЫШ 37:35).
УРУУ БАШЧЫСЫ Жакып уулунан айрылдым деп ойлоп, катуу кайгырган. Ал өлөр-өлгөнчө кайгырып жүрүп өтөм деп ойлогон. Жакыныңдан айрылганда күйүтүң басылбачудай сезилиши мүмкүн. Катуу күйүт тартуу Кудайга болгон ишенимдин жетишсиздигин айгинелейби? Албетте, жок.
Ыйык Китепте Жакып ишеними күчтүү адам катары көрсөтүлөт. Чоңатасы Ыбрайым менен атасы Ыскак сыяктуу эле, Жакып бекем ишеними менен белгилүү болгон (Эврейлер 11:8, 9, 13). Бир жолу ал Кудайдан бата алуу үчүн периште менен түнү бою күрөшкөн (Башталыш 32:24—30). Жакыптын аябай рухий адам болгону күмөнсүз. Анын күйүт тартканынан биз эмнени биле алабыз? Кудайга бекем ишенген киши деле жакынынан айрылганда күйүткө батып, катуу кайгырышы мүмкүн. Бул табигый нерсе.
Күйүт деген эмне?
Күйүт тартканда көптөр, негизинен, эмоциялык жактан жабыркашат. Мисалы, атасы жүрөккө жана дем алууга байланышкан
оорудан улам көз жумганда, Леонардо он төрт жашта эле. Ал таежесинен ошол суук кабарды уккан күндү эч качан унутпайт. Башында ал буга ишенгиси келген эмес. Атасынын сөөгүн өз көзү менен көрсө да, такыр ишене албай койгон. Леонардо жарым жылдай ыйлай албай жүргөн. Ага атасы жумуштан келип, үйгө кирип келчүдөй эле сезиле берчү. Андан ажыраганын ал бир жылдай убакыт өткөндөн кийин гана толук түшүнгөн. Ошондо ал аябай жалгызсырай баштаган. Үйгө келсе, үйдүн аңгырап бош калганы атасынын жоктугун эске салып турган. Андай учурларда кармана албай ыйлап жиберчү. Леонардо атасын сагынып, аябай куса болгон.Мындан көрүнүп тургандай, күйүт күчтүү болушу мүмкүн. Ошентсе да аны көтөрсө болот. Бирок ан үчүн убакыт керек. Кайсы бир оор жарааттан айыгуу үчүн убакыт керек болгондой эле, күйүттөн баш көтөрүү үчүн да бир канча ай, жыл же андан да көп убакыт талап кылынышы ыктымал. Убакыттын өтүшү менен баштагыдай болбой, күйүтүң бастап, жашоо мурункудай кайгылуу, маңызсыз сезилбей калат.
Ошол эле учурда күйүт унутулуп, пайда болгон жаңы жагдайга көнүү үчүн кайгыруу да зарыл деп эсептелет. Жакыныбызды жоготкондо кандайдыр бир боштук пайда болот. Бирок биз ал адамсыз жашоого көнүшүбүз керек. Андай учурда бугубузду чыгарып алууга кайгыруу жардам берет. Албетте, ар ким ар кандай кайгырат. Бирок ичтен сызып жүрө берүү акыл-эсибизге, эмоциялык абалыбызга жана денсоолугубузга зыян келтириши мүмкүн. Анда бугуңду кантип чыгарып алсаң болот? Ыйык Китепте буга байланыштуу пайдалуу кеңештер берилет *.
Күйүттү көтөрүү
Күйүткө батып жүргөндөрдүн көпчүлүгү бугун чыгарууга сүйлөшүү жардам бергенин байкашкан. Мисалы, Ыйык Китепте он баласынан айрылган жана башка кайгы-касыреттерге кабылган Аюб жөнүндө айтылат. Ал: «Жашоодон жададым. Арыз-муңумду төгөм. Жанымдын кыйналганынан сүйлөйм»,— деген (Аюб 1:2, 18, 19; 10:1). Аюбдун «арыз-муңун төгүүгө» муктаж болгонун байкасаң. Ал муңун кантип төгө алмак? «Сүйлөйм»,— деген ал.
Апасынан айрылган Паулу: «Мага, башка нерселерден сырткары, апам жөнүндө сүйлөшүү да жардам берди»,— дейт. Ооба, жакын досуң менен сүйлөшүп, ичиңдегинин баарын айтсаң, бир Накыл сөздөр 17:17). Апасы каза болгондон кийин, Йонэ жыйналыштагы биртуугандардан көбүрөөк келип турушун суранган. «Алар менен сүйлөшүү күйүтүмдү басууга жардам берди»,— деп эскерет ал. Сезимдериңди ичиңде катпай, түшүнө билген бирөө менен бөлүшкөңүң сага да жардам берет.
топ жеңилдеп каласың (Сезимдериңди кагаз жүзүнө түшүрүү да пайдалуу. Кээ бирөөлөргө ойлорун башкалар менен бөлүшүүгө караганда жазуу жеңилирээк болушу мүмкүн. Шабул менен Жонатан каза болгондо, Кудайга берилип кызмат кылган Дөөтү кайгысын билдирүү үчүн аларды жоктоп ыйлап, ыр жазган. Ал ыр кийин Ыйык Жазманын Экинчи Шемуел китебинин бир бөлүгүн түзүп калган (2 Шемуел 1:17—27).
Кээде ыйлап алганың да жакшы. Ыйык Китепте: «Бардык нерсенин өз убагы бар... Ыйлай турган убак бар»,— деп айтылат (Насаатчы 3:1, 4). Жакыныбыздан айрылган убак, албетте, «ыйлай турган убак». Кайгырганда көз жашыбызды төккөндөн уялбашыбыз керек. Ыйык Китепте ыйлап кайгысын ачык билдирген көптөгөн ишенимдүү эркек-аялдар тууралуу айтылат (Башталыш 23:2; 2 Шемуел 1:11, 12). Иса Машаяк каза болгон досу Лазардын мүрзөсүнө жакындап калганда «көзүнө жаш алган» (Жакан 11:33, 35).
Күйүттү көтөрүү үчүн чыдамкайлык керек, себеби кайгырып жүргөндө сезимдериң бат-бат өзгөрүп турушу ыктымал. Бирок ыйлагандан уялба. Көптөгөн ишенимдүү кызматчылар, күйүтү басылышы үчүн, көз жашын төгүү зарыл экенин түшүнүшкөн.
Кудайга жакында
Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп айтылат (Жакып 4:8). Кудайга жакындоонун негизги жолдорунун бири — тиленүү. Тиленүүнүн маанилүүлүгүн баркка албай койбо. Ыйык Жазмада: «Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын, руху чөккөндөрдү куткарат»,— деген жубатарлык убада берилген (Забур 34:18, «ЖД» [33:19]). Ошондой эле анда: «Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт»,— деген чакырык камтылган (Забур 54:23). Ушул сөздөрдүн үстүнөн ойлонуп көрсөң. Мурунураак белгиленгендей, көптөр сезимдерин жакын достору менен бөлүшүү пайдалуу экенин байкашкан. Анда бизди сооротууну убадалаган Кудайга зар-муңубузду төгүп кайрылганыбыз андан да пайдалуу эмеспи? (2 Тесалоникалыктар 2:16, 17).
Жогоруда сөз кылынган Паулу: «Күйүттү андан ары көтөрө албай тургандай, күчүм калбагандай сезилгенде, тизелеп алып, Кудайга тиленчүмүн. Жардам сурап, жалынып-жалбарчумун»,— деген. Паулу тиленүүлөрүнүн жардам бергенине шектенбейт. Сен да «ар кандай сооронучтун Кудайынын» үзгүлтүксүз тиленүүлөрүңө жооп кайтарып, күч-кайрат берерине ынана аласың (2 Корунттуктар 1:3, 4; Римдиктер 12:12).
Тирилүүгө болгон үмүт
Иса: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, кайра тирилет»,— деген (Жакан 11:25). Ыйык Китепте айтылгандай, өлгөндөр кайрадан жашайт *. Иса жерде жүргөндө өлгөндөрдү тирилте аларын көрсөткөн. Бир жолу ал 12 жашар кызды тирилткен. Ошондо кыздын ата-энеси кандай сезимде болгон? Алар «эбегейсиз зор кубанычка бөлөнгөн» (Марк 5:42). Кудайдын Падышалыгынын башкаруусунун тушунда асмандагы Падыша Иса Машаяк сан жетпеген адамдарды тынчтык менен адилдик өкүм сүрө турган жердеги жашоого тирилтет (Элчилер 24:15; 2 Петир 3:13). Өлгөндөр тирилип, жакындарыбыз менен кайрадан жолугушканда, кандай гана кубанычка бөлөнөрүбүздү элестетсең!
Авиакырсыктын айынан уулу Ренатодон айрылган Клаудит анын сүрөтүн муздаткычтын үстүнө коюп койгон. Клаудит ал сүрөттү тез-тез карап турат. Кээде өзүнчө: «Жакында кайрадан көрүшөбүз»,— деп коёт. Леонардо болсо атасынын Кудай убадалаган жаңы дүйнөдө тирилгенин элестетет. Ооба, тирилүүгө болгон үмүт аларга жана жакындарынан ажыраган көп сандаган адамдарга сооронучтун булагы болуп саналат. Андай үмүткө сен да ээ боло аласың!
[Шилтемелер]
^ 8-абз. Жакынынан айрылган балдарга кантип жардам берсе болору ушул журналдын 24—26-беттериндеги «Кайгырып жаткан балаңарга жардам бергиле» деген макалада талкууланат.
^ 19-абз. Тирилүүгө болгон үмүт тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 7-бөлүмүн кара.
[7-беттеги кутуча]
«Ар кандай сооронучтун Кудайы»
«Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайы жана Атасы даңкталсын. Ал — боорукердиктин Атасы жана ар кандай сооронучтун Кудайы» (2 Корунттуктар 1:3).
Ыйык Китептеги бул аяттан көрүнүп тургандай, Кудай ишенимдүү кызматчыларына ар кандай көйгөй-кыйынчылыктарга туруштук берүүгө жардам бере алат. Алсак, Жахаба бизди ишенимдеш досубуз же жакыныбыз аркылуу жубатышы мүмкүн.
Атасынан айрылган Леонардо бир жолу кантип кайраттанып, сооронуп калганын эскерет. Ал үйүнө жаңы эле келип, үйдө эч ким жок экенин эстегенде токтоно албай ыйлап кирген. Анан жакын жердеги сейилбакка барып, отургучта отуруп алып ыйлай берген. Көз жашын төгүп, Кудайдан жардам сурап жалбарган. Ошол маалда жакын жерге бир автоунаа келип токтогон. Анын айдоочусу товар ташып жүрүп башка жолго түшүп алган ишенимдеши экен. Ишенимдешинин бир аз убакыт болсо да, анын жанында отуруп кеткени Леонардону абдан жубаткан.
Дагы бир киши аялынан айрылгандыктан жалгызсырап, көңүлү чөгүп жүргөн. Ага жашоонун кызыгы кеткендей сезилип, көп ыйлачу. Бир жолу Кудайга жалынып, андан жардам сурап жатканда, телефон шыңгырап калат. Көрсө, небереси чалып жатыптыр. «Кыска эле сүйлөшсөк да, бул мага күч-кайрат берди. Неберемдин телефон чалганы тиленүүмө жооп болгонуна шектенбейм»,— деп эскерет ал.
[9-беттеги кутуча]
Башкаларды сооротуу
«Кудай бизди кандай сооротсо, биз да ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болгондорду ошондой соорото алышыбыз үчүн, Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротот» (2 Корунттуктар 1:4).
Исанын көптөгөн жолдоочулары бул сөздөрдүн чындыгына өз тажрыйбасынан ынанышкан. Алар кайгы учурунда сооронуч, жардам алганда, өздөрү да башкаларды бекемдеп, соорото аларын байкашкан.
Алсак, Ыйык Китептеги кабарды башкалар менен дайыма бөлүшкөн Клаудит баласы ак кандан өлгөн бир аялга барып турчу. Клаудиттин келип турганы ага жакчу, бирок башына түшкөн кайгыны Клаудит эч качан толугу менен түшүнө албайт деп ойлочу. Кийинчерээк Клаудиттин уулу каза болгондо, ал аял аныкына барып, Кудайга дагы деле ишенер-ишенбесин көргөнү келгенин айткан. Ал Клаудиттин бекем ишенимин көрүп таасирленгендиктен, Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөөгө макул болгон. Азыр ал Кудай Сөзүнөн чоң сооронуч алууда.
Атасынан айрылгандан кийин Леонардо Ыйык Китептеги жубатарлык кабарды кулагы укпагандар менен бөлүшүү үчүн жаңсоо тилин үйрөнүүнү чечкен. Ал башкаларга жардам бергени өзүнө да пайдалуу экенин байкаган. «Дүлөйлөргө Кудай жөнүндө кабар айтуу мага күйүттү көтөрүүгө жардам берди. Аларга жардам берүү үчүн көп убакыт, көп күч жумшадым. Натыйжада Ыйык Китепти изилдеген биринчи кызыгуучум чөмүлтүлгөндө, кайгым кубанычка айланды! Ошондо атам өлгөндөн бери биринчи жолу өзүмдү ушунчалык бактылуу сездим»,— дейт Леонардо (Элчилер 20:35).
[5-беттеги сүрөт]
Сезимдериңди башкалар менен бөлүшсөң, бир топ жеңилдеп каласың
[6-беттеги сүрөт]
Сезимдерди кагаз жүзүнө түшүрүү пайдалуу болушу мүмкүн
Тирилүүгө болгон үмүт жөнүндө окуу сооротот
[8-беттеги сүрөт]
Иса ага ишенгендерди тирилтерин убадалаган