Кудайга кызмат кылуу — анын дартынын дабасы
Кенияда эки пионер кабар айтып жүрүп бир үйгө киришет. Алар төшөктө тулкусу кичинекей, колдору кыска бир кишинин жатканын көрүп, аябай таң калышат. Кудайдын убадасы боюнча «аксак бугудай секире» турган убак келерин укканда, ал киши кубанычын койнуна ката албай, жарк эте жылмаят (Ыш. 35:6).
Көрсө, Онесмас төрөлгөнүнөн эле остеопсатироз (сөөктөрдүн морттуулугу) деген оорудан азап чегип келатыптыр. Анын сөөктөрү ушунчалык морт болгондуктан, кичине эле күч келсе, сынып кетет экен. Оорусунан арылта турган дары жок болгондуктан, Онесмас өмүр бою жаны кыйналып, майыптар арабасында отурууга моюн сунган.
Ал дароо эле Ыйык Китепти изилдей баштаган. Бирок апасы анын бир жери кокустап калбасын деп коркуп, жыйналыш жолугушууларына барышына каршы болгон. Ошондо бир туугандар жолугушууларда айтылгандарды жаздырып, Онесмаска үйүнөн угузуп турушкан. Ыйык Китепти беш ай изилдегенден кийин ал эч нерсеге карабай жыйналышка барып турууну чечкен.
Жолугушууларга барганда Онесмас кыйналды беле? Жок. Ал: «Жан сыздаткан оорум жыйналышка барганда басыла түшкөндөй сезилчү»,— деп эскерет. Ал өзү айткандай, Ыйык Китептин негизинде ээ болгон үмүтү ага дем-күч берген. Уулунун көңүлү көтөрүлүп калганын көргөндө апасы абдан сүйүнүп, Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон. Ал: «Кудайга кызмат кылуу — уулумдун дартынын дабасы»,— деп айтып калчу.
Көп өтпөй Онесмас чөмүлө элек жарчы болгон. Убакыттын өтүшү менен чөмүлүп, кийин кызмат жардамчысы болуп дайындалган. Эки буту менен бир колу иштебесе да, ал Жахабага бүт күчүн жумшап кызмат кылгысы келген. Андыктан көмөкчү пионер болууну ойлонгон. Бирок бирөөнүн жардамысыз эч жакка чыга албасын түшүнгөндүктөн арыз жазуудан тартынган. Бул тууралуу бир туугандарга айтканда, алар ага жардам берерин убада кылышкан. Ошентип, Онесмас ишенимдештеринин колдоосу менен көмөкчү пионер болгон.
Ал үзгүлтүксүз пионер болгусу келгенде да тынчсызданган. Бирок бир жолу «Ыйык Жазманы күндө изилдөө» китепчесинен Забур 34:8ди окуп, ал кайрат байлаган. Андагы: «Татып көргүлө, ошондо Жахабанын канчалык жакшы экенин билесиңер»,— деген сөздөр тууралуу ой жүгүрткөндөн кийин үзгүлтүксүз пионер болууну чечкен. Учурда ал жумасына төрт күн кабар айтып, рухий жактан ийгиликтерди кылып жаткан бир нече киши менен изилдөө өткөрөт. Онесмас 2010-жылы Пионердик кызмат мектебине чакырылган. Ошол мектепте сабак бере турган нускоочулардын бири ага алгачкы жолу кабар айтып келген бир тууган экенин көрүп, ал аябай кубанган.
Онесмас азыр 40ка чыгайын деп калды. Ата-энесинин көзү өтүп кеткендиктен, ага жыйналыштагы бир туугандар кам көрүүдө. Ал Жахабадан алып жаткан баталары үчүн чексиз ыраазы. Онесмас «тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебей» турган заманды чыдамсыздык менен күтүп келет (Ыш. 33:24).