Иса Машаяктын тиленүүсүнө ылайык иш кыл
«Ата... Уулуң сени даңкташы үчүн, уулуңду даңктай көр» (ЖКН. 17:1).
1, 2. Элчилери менен Пасах майрамын белгилегенден кийин Иса Машаяк эмне кылган?
БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылынын 14-нисаны. Иса Машаяк менен анын элчилери жаңы эле Пасах майрамын белгилеп бүттү. Ал майрам Жахабанын өз элин Мисир кулчулугунан кантип куткарганын эске салып турган. Бирок Исанын элчилери андан да чоң куткарылууга — «түбөлүк куткарылууга» — ээ болушмак. Эртеси күнү * алардын Мырзасы душмандарынын колунан өлмөк. Ал жеткилең өмүрүн курмандык катары берип, бүткүл адамзатты күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошотмок (Евр. 9:12—14).
2 Жахабанын зор сүйүүсүнүн далили болгон ал белекти унутуп калбашыбыз үчүн, Машаяк Пасах майрамынын ордуна жыл сайын өткөрүлө турган бөлөк аземди негиздеген. Ал ачытылбаган нанды 11 ишенимдүү элчисине узатып жатып: «Бул силер үчүн бериле турган денемди билдирет. Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деген. Ошондой эле кызыл шарап куюлган чөйчөктү да узатып: «Бул чөйчөк силер үчүн төгүлө турган канымдын негизинде түзүлүүчү жаңы келишимди билдирет»,— деп айткан (Лк. 22:19, 20).
3. а) Иса Машаяк өлгөндөн кийин, кандай чоң өзгөрүү болмок? б) Иса Машаяктын тиленүүсүн карап жатып эмнелер жөнүндө ойлонуп көрүшүбүз керек?
3 Ошондон көп өтпөй ысрайыл эли менен түзүлгөн Мыйзам келишими күчүн жоготуп, Жахаба Иса Машаяктын майланган жолдоочулары менен жаңы келишим түзмөк. Машаяк алардын ысрайыл элиндей болуп калышын каалаган эмес. Себеби ысрайылдыктар Кудайга биримдикте сыйынбай, бөлүнүп-жарылып, анын ыйык ысмына сөз тийгизишкен (Жкн. 7:45—49; Элч. 23:6—9). Ошондуктан ал жолдоочуларынын ынтымактуу болуп, Кудайдын ысмын биримдикте даңазалашын каалаган. Ан үчүн эмне кылган? Атасына кайрылып, жалындуу тиленген (Жкн. 17:1—26; макаланын башындагы сүрөттү кара). Иса Машаяктын ошол тиленүүсүн карап жатканда: «Кудай анын тиленүүсүнө жооп бергенби? Мен анын тиленүүсүнө ылайык иш кылып жатамбы?» — деп ойлонуп көр.
МАШАЯК ҮЧҮН БААРЫНАН ЭМНЕ МААНИЛҮҮ БОЛГОН?
4, 5. а) Иса Машаяктын тиленүүсүндөгү алгачкы сөздөрүнөн эмнени билүүгө болот? б) Жахаба Уулунун өзү жөнүндө айткан өтүнүчүнө кантип жооп берген?
4 Иса Машаяк шакирттерине түн ортосуна чейин Кудай жөнүндө көп нерселерди айтып берген. Анан асманды карап, мындай деп тиленген: «Ата, убакыт келди. Уулуң сени даңкташы үчүн, уулуңду даңктай көр. Анткени уулуң өзүнө тапшырылгандардын баарына түбөлүк өмүр бериши үчүн, сен ага бүт адамзаттын үстүнөн бийлик бердиң... Мага тапшырган ишиңди аягына чыгаруу менен мен сени жер үстүндө даңктадым. Ата, эми мени жаныңа алып, дүйнө жаралганга чейин жаныңда жүргөндө ээ болгон даңкыма бөлөй көр» (Жкн. 17:1—5).
5 Машаяк үчүн эмне баарынан маанилүү болгонун анын тиленүүсүндөгү ушул алгачкы сөздөрүнөн билүүгө болот. Ал баарынан мурда асмандагы Атасынын даңкталышын каалаган. Бул анын үлгү иретинде айткан тиленүүсүнөн да көрүнүп турат (Лк. 11:2). Экинчиден, ал шакирттери үчүн тынчсызданган, тагыраак айтканда, аларга «түбөлүк өмүр берүүнү» каалаган. Ошондон кийин гана ал Атасынан: «Мени жаныңа алып, дүйнө жаралганга чейин жаныңда жүргөндө ээ болгон даңкыма бөлөй көр»,— деп өзү жөнүндө өтүнгөн. Жахаба ишенимдүү Уулуна бардык периштелердикинен «жогору турган ысым» берип, ал сурагандан да көптү кылган (Евр. 1:4).
«ЖАЛГЫЗ ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ» ТААНЫП-БИЛҮҮ
6. Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн элчилер эмне кылышы керек эле жана алардын ошондой кылганын эмне тастыктап турат?
6 Иса Машаяк тиленүүсүндө күнөөкөр адамдар түбөлүк өмүр белегине ээ болуш үчүн эмне кылышы зарыл экенин да айтып өткөн. (Оку: Жакан 17:3.) Ал Кудай менен Машаякты таанып-биле беришибиз керектигин айткан. Ан үчүн эмне кылышыбыз керек? Алгач бүт аракетибизди жумшап, Жахаба менен анын Уулу жөнүндө көбүрөөк билүүгө умтулушубуз зарыл. Экинчиден, билгендерибизди иш жүзүндө колдонушубуз кажет. Иса Машаяктын тиленүүсүндөгү: «Мага айткан сөздөрүңдү аларга айттым, алар баарын кабыл алышты»,— деген сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, элчилер жогорудагы эки нерсени тең аткарышкан (Жкн. 17:8). Бирок түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн алар андан ары да Кудайдын Сөзүнөн окуп-билгендери тууралуу ой жүгүртүп, аларды жашоосунда колдоно бериши керек болчу. Элчилер өмүрүнүн аягына чейин ошондой кылышканбы? Ооба. Муну алардын ысмынын асмандагы Жаңы Иерусалимдин пайдубалын түзгөн 12 ташка түбөлүккө жазылып калганы тастыктап турат (Аян 21:14).
7. Кудайды таанып-билүү деген эмнени билдирет жана аны таанып-биле берүү эмне үчүн маанилүү?
7 Грек тилин изилдеген окумуштуулардын айтымында, «таанып-билүү» деген сөз айкашын «билим алууну уланта берүү» деп да которсо болот. Демек, Кудайды «таанып-билүү» деген ал жөнүндө үзгүлтүксүз билим алып, аны барган сайын көбүрөөк биле берүүнү билдирет. Бирок бул анын сапаттарын жана ой-ниетин билип коюу менен эле чектелбейт. Кудайды билүүгө аны жана ишенимдештерибизди чын жүрөктөн сүйүп, алар менен ынак мамиледе болуу да кирет. Ыйык Китепте: «Ким сүйбөсө, ал Кудайды билбейт»,— делет (1 Жкн. 4:8). Кудайды таанып-билгенибиз ага баш ийгенибизден да көрүнөт. (Оку: 1 Жакан 2:3—5.) Жахабаны билген адамдардын катарында болуу кандай чоң сыймык! Бирок этият болбосок, Жүйүт Искариот менен болгон окуядан көрүнүп тургандай, Кудай менен болгон баа жеткис мамилебизден айрылып калышыбыз мүмкүн. Андыктан, келгиле, аны көзүбүздүн карегиндей сактайлы. Ошондо Жахаба бизге түбөлүк өмүр белегин берет (Мт. 24:13).
«ӨЗҮҢДҮН ЫСМЫҢ ҮЧҮН»
8, 9. Иса Машаяк жерде кызмат кылып жүргөндө биринчи кезекте эмнени ойлогон жана ал эмнени четке каккан?
8 Иса Машаяктын Жакан китебинин 17-бөлүмүндө жазылган тиленүүсүнөн анын элчилерин эле эмес, келечектеги жолдоочуларын да чын жүрөктөн сүйгөнү көрүнүп турат (Жкн. 17:20). Бирок ал биринчи кезекте биздин куткарылуубузду эмес, Атасынын ысмынын ыйыкталып, даңкталышын ойлогон. Бул анын жердеги кызматынын башынан аягына чейин кылган иштеринен айкын болгон. Маселен, ал Назареттеги синагогада жерге эмне үчүн келгенин биринчи жолу түшүндүргөндө Ышая пайгамбардын түрмөгүнөн: «Жахаба мага рухун берди, анткени ал мени жакырларга жакшы кабар айтууга майлады»,— деген сөздөрдү окуп берген. Ошондо анын Кудайдын атын так-даана окуп бергенине шек жок (Лк. 4:16—21).
9 Ал жерге келгенге чейин, жүйүттөрдүн диний жетекчилери элди Кудайдын ысмын колдонууга болбойт деп окутушкан. Машаяктын Ыйык Жазмага каршы келген андай көз карашты четке какканы күмөнсүз. Ал каршылаштарына: «Мен Атамдын атынан келдим, бирок силер мени кабыл албай жатасыңар. Эгер башка бирөө өзүнүн атынан келсе, аны кабыл алмаксыңар»,— деп айткан (Жкн. 5:43). Өлөрүнө бир нече күн калганда: «Ата, өз ысмыңды даңкта»,— деп тиленип, ал үчүн баарынан эмне маанилүү болгонун көрсөткөн (Жкн. 12:28). Андыктан анын биз талкуулап жаткан тиленүүсүндө да баарынан мурда Атасынын ысмынын даңкталышын ойлогону таң калыштуу эмес.
10, 11. а) Иса Машаяк Атасынын ысмын шакирттерине кантип ачып берген? б) Машаяктын шакирттери эмне үчүн Жахабанын ысмын жарыялап жатышат?
10 Иса Машаяк тиленүүсүндө мындай сөздөрдү да айткан: «Дүйнөдөн тандап, мага берген адамдарыңа ысмыңды ачып бердим. Алар сеники болчу, мага бердиң. Алар сенин сөзүңдү сакташат. Мындан ары мен дүйнөдө болбойм, алар болсо дүйнөдө болушат. Мен сага баратам. Ыйык Ата, мага берген өзүңдүн ысмың үчүн аларды коргой жүр: алар биз сыяктуу бир болушсун» (Жкн. 17:6, 11).
11 Исанын Атасынын ысмын шакирттерине ачып бергени ал ысымды айтып эле койгонун билдирбейт. Ал шакирттерине Жахабанын кандай Кудай экенин, тактап айтканда, анын кереметтүү сапаттарын, адамзатка кандай мамиле кыларын тереңирээк түшүнгөнгө жардам берген (Чыг. 34:5—7). Андан тышкары, ал азыр асмандагы Падыша катары өзүнүн жолдоочуларына Жахабанын ысмын дүйнө жүзү боюнча жарыялоого жардам берип жатат. Эмне үчүн? Ал Шайтандын каардуу дүйнөсүнүн акыры келгенге чейин мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдардын Жахабаны таанып-билишин каалайт. Жахаба болсо, бул дүйнөнүн аягы келгенде, берилген кызматчыларын куткарып, өзүнүн ысмын ого бетер даңазалайт (Жез. 36:23).
«ДҮЙНӨ МЕНИ СЕН ЖИБЕРГЕНИҢЕ ИШЕНСИН»
12. Кабар айтуу ишин аягына чыгара алышыбыз үчүн, кайсы үч нерсени аткарышыбыз керек?
12 Жерде жүргөндө Иса Машаяк шакирттерине алсыз жактарын жеңгенге жардам бериш үчүн көп күч-аракет жумшаган. Анткени алар ал баштаган кабар айтуу ишин аягына чыгарышы керек болчу. Ал Кудайга: «Сен мени дүйнөгө жибергендей эле, мен да аларды дүйнөгө жибердим»,— деген. Шакирттери кабар айтуу ишин аягына чыгара алышы үчүн, ал Кудайдан тиленип жатып үч нерсени баса белгилеген. Биринчиден, анын жолдоочулары Шайтандын дүйнөсүнө таандык болбошун суранган. Экинчиден, алардын Кудайдын Сөзүндөгү чындыкка ылайык жашап, ыйык бойдон калышын тилеген. Үчүнчүдөн, ал өзү Атасы менен биримдикте болгондой эле, шакирттеринин да бири-бири менен биримдикте болушун өтүнгөн. Андыктан ар бирибиз: «Иса Машаяктын ушул үч өтүнүчүнө ылайык иш кылып жатамбы?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Машаяк ошол нерселер жөнүндө тиленип жатып: «Ушунун аркасында дүйнө мени сен жибергениңе ишенсин»,— деген. Башкача айтканда, эгер шакирттери ошол үч нерсеге ылайык жашаса, көптөр алардын кабарына кулак кагарына ишенерин билдирген. (Оку: Жакан 17:15—21.)
13. Жахаба Уулунун тиленүүсүнө 1-кылымда кантип жооп берген?
13 Элчилер китебинде баяндалган окуялардан көрүнүп тургандай, Жахаба Уулунун тиленүүсүнө жооп берген. Мисалы, Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларынын арасында жүйүттөр, башка улуттагылар, байлар, кедейлер, кулдар, кожоюндар болгондуктан, алардын ортосунда бөлүнүүчүлүк болушу мүмкүн эле. Бирок алар ушунчалык биримдүү болгондуктан, элчи Пабыл аларды башы Иса Машаяк болгон бир дененин мүчөлөрүнө салыштырган (Эф. 4:15, 16). Шайтандын бөлүнүп-жарылган дүйнөсүндө мындай биримдик Жахаба Кудайдын ыйык рухунун жардамы менен гана мүмкүн болгон (1 Кор. 3:5—7).
14. Жахаба Уулунун тиленүүсүнө бүгүнкү күндө кантип жооп берүүдө?
14 Өкүнүчтүүсү, элчилердин көзү өткөндөн кийин, жагдай өзгөргөн. Алдын ала айтылгандай, чындыктан четтөөчүлүк аябагандай күч алып, христиан дүйнөсүнүн секталары пайда болгон (Элч. 20:29, 30). Бирок 1919-жылы Иса Машаяк майланган жолдоочуларын жалган диндин кулчулугунан бошотуп, аларды «биримдиктин жеткилең түйүнү» менен бириктирген (Кол. 3:14). Алардын кабар айтуу ишинин натыйжасы кандай болгон? Учурда «ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн» 7 миллиондон ашуун «башка койлор» майлангандар менен бирге Жахабага биримдикте сыйынып жатышат (Жкн. 10:16; Аян 7:9). Жахаба Уулунун: «Дүйнө мени сен жибергениңди, ошондой эле аларды мени сүйгөндөй сүйөрүңдү билсин»,— деген тиленүүсүнө кандай сонун жооп берүүдө (Жкн. 17:23).
СОҢКУ СӨЗДӨРҮ
15. Иса Машаяк майланган жолдоочулары үчүн эмне деп тиленген?
15 14-нисан күнү кечинде Иса Машаяк элчилери менен Падышалык келишимин түзүп, аларды даңкка бөлөгөн (Лк. 22:28—30; Жкн. 17:22). Ошондуктан келечектеги бардык майланган жолдоочулары үчүн: «Ата, мага тапшырган адамдарыңдын мен боло турган жерде мени менен болуп, мага берген даңкыңды көрүшүн каалайм. Анткени сен мени дүйнө негизделгенге чейин эле сүйчүсүң»,— деп тиленген (Жкн. 17:24). Башка койлор майлангандардын ушундай сыйлык аларына көрө албастык кылбай, алар менен кошо чын жүрөктөн кубанышат. Бул дагы Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларынын арасында өкүм сүргөн биримдиктен кабар берет.
16, 17. а) Тиленүүсүнүн акыркы сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Иса Машаяк эмне кылууга чечкиндүү болгон? б) Биз эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?
16 Бүгүнкү күндө адамдардын көпчүлүгү Жахабанын аны чындап билген биримдүү эли бар экенин этибарга албай жатышат. Буга көбүнесе диний жетекчилер себеп болууда. Иса Машаяктын күндөрүндө да ушундай болгон. Ошондуктан ал тиленүүсүн мындай сөздөр менен жыйынтыктаган: «Адил Ата, дүйнө сени билбейт, мен болсо билем. Булар да мени сен жибергениңди билишет. Сен мага кандай сүйүү көрсөтсөң, алар да башкаларга ошондой сүйүү көрсөтүшү үчүн жана алар менен биримдикте болушум үчүн, сенин атыңды аларга ачып бердим, дагы да ачып берем» (Жкн. 17:25, 26).
17 Иса Машаяк тиленүүсүнө ылайык иш кылган. Жыйналыштын башчысы катары ал бизге Атасынын ысмын, ой-ниетин башкаларга ачып берүүгө жардам берип келет. Келгиле, кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине мындан ары да ынталуу катышып, анын жетекчилигине баш ие берели (Мт. 28:19, 20; Элч. 10:42). Андан тышкары, баа жеткис биримдигибизди чыңдоого бүт күчүбүздү жумшайлы. Ошондо Машаяктын тиленүүсүнө ылайык иш кылып, Жахабанын ысмын даңктайбыз жана түбөлүккө бактылуу болобуз.
^ абз. 1 Ал күн дагы деле 14-нисан болчу.