Кандай адам болушуң керектиги жөнүндө ойлон
«Силер жүрүм-туруму ыйык, Кудайга берилген адамдардан болушуңар керек эмеспи!» (2 ПЕТ. 3:11).
1, 2. Кудайга жаккан адам болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?
КӨПТӨР өзү жөнүндө башкалар кандай ойдо экенине чоң маани беришет. Бул — табигый эле нерсе. Бирок биз Кудайдын кызматчылары катары биринчи кезекте анын көз алдында кандай адам экенибизге тынчсызданышыбыз керек. Анткени ал — ааламдын Эгедери жана «өмүрдүн булагы» (Заб. 36:9).
2 Элчи Петир Жахабанын көз алдында жүрүм-турумубуз ыйык, «Кудайга берилген адамдардан болушубуз» керектигин айткан. (Оку: 2 Петир 3:11.) Ооба, Жахабага жагышыбыз үчүн, жүрүм-турумубуз ыйык болушу, тактап айтканда, оюбуз, ишибиз жана сыйынуубуз таза болушу керек. Андан тышкары, Кудайды урматтап-сыйлап, чын жүрөктөн сүйүп, ага берилгендигибизди айгинелеген иштерди кылышыбыз зарыл. Андыктан Кудайга жагууга умтулуп жатканыбызды иштерибиз менен эле эмес, ага болгон сезимдерибиз менен да көрсөтөбүз. Жахаба «жүрөктү сынаган» Кудай болгондуктан жүрүм-турумубуздун ыйык же ыйык эмес экенин, ага толук берилгендик көрсөтүп жаткан-жатпаганыбызды жакшы билет (1 Жылн. 29:17).
3. Эмне жөнүндө ойлонуп көргөнүбүз жакшы?
3 Шайтан Кудайга жаккан адамдардан болушубузду каалабайт. Ал Кудай менен болгон мамилебизге доо кетирүү үчүн колунан келгендин баарын кылат. Кудайга сыйынбай калышыбыз үчүн, ал жалганды да көп колдонот (Жкн. 8:44; 2 Кор. 11:13—15). Ошондуктан ар бирибиз: «Шайтан адамдарды кантип адаштырат? Жахаба менен болгон мамилемди сакташ үчүн эмне кылсам болот?» — деп ойлонуп көргөнүбүз жакшы.
ШАЙТАН АДАМДАРДЫ КАНТИП АДАШТЫРАТ?
4. Жахаба менен болгон достугубузду бузуш үчүн Шайтан эмне кылууга аракет кылат жана эмне үчүн?
4 Шакирт Жакып: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналат. Кумар түйүлүп, күнөө туулат. Ал эми кылынган күнөө өлүмгө алып барат»,— деп жазган (Жкп. 1:14, 15). Жүрөгүбүз каалоолорубуздун булагы болгондуктан, Шайтан Жахаба менен болгон достугубузду бузуш үчүн жүрөгүбүздү туткундаганга аракет кылат.
5, 6. а) Шайтан жүрөгүбүздү туткундаганга кантип аракет кылат? б) Шайтан жүрөгүбүздө жаман каалоолорду өрчүтүш үчүн эмнелерди колдонот жана аларды колдонууну канчалык жакшы билет?
5 Шайтан жүрөгүбүздү туткундаганга кантип аракет кылат? Ыйык Китепте «бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экени» айтылат (1 Жкн. 5:19). Ибилис жүрөгүбүздү туткундаш үчүн «дүйнөдөгү нерселерди» колдонот. (Оку: 1 Жакан 2:15, 16.) Ал миңдеген жылдардан бери адамдарды түз жолдон тайдыруу максатында бул дүйнөнү кылдаттык менен «жасалгалап» келет. Биз бул дүйнөдө жашап жаткандыктан анын куулук менен ойлоп тапкан амалдарынан сак болушубуз керек (Жкн. 17:15).
6 Шайтан жүрөгүбүздө жаман каалоолордун өрчүшүн эңсейт. Ан үчүн ал, элчи Жакан айткандай, үч нерсени: 1) «дене кумарын», 2) «көз кумарын» жана 3) «колунда болгон нерселерине мактангандыкты» колдонот. Шайтан ушул үч нерсени колдонуп, Иса пайгамбарды азгырууга аракет кылган. Аларды көп жылдан бери колдонуп келаткандыктан ал кайсынысын кимге каршы колдонсо натыйжалуу болорун жакшы билет. Канткенде Шайтандын айла-амалдарына каршы тура аларыбызды талкуулаардан мурун, келгиле, адегенде анын Обо энени кантип алдаганын жана Иса пайгамбардын анын азгырыктарына кантип туруштук бергенин карап чыгалы.
«ДЕНЕ КУМАРЫ»
7. Обо энени азгырууда Шайтан «дене кумарын» кантип колдонгон?
7 Жүрөгүбүз тынбай согуп, денебизде кан жүгүрүп турушу үчүн, тамактанып турушубуз керек. Бактыга жараша, мээримдүү Кудайыбыз Жер планетасын тамак-ашты мол берип тургудай кылып жараткан. Бирок Шайтан тамакка болгон табигый муктаждыгыбызды пайдаланып, бизди Кудайдын эркине каршы иш кылууга түртүшү мүмкүн. Ал бул жагынан Обо энени кантип азгырганын карап көрөлү. (Оку: Башталыш 3:1—6.) Шайтан Обо энеге «жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын» жемишинен жесе, өлбөй турганын, тескерисинче, Кудайдай болуп каларын айткан (Башт. 2:9). Ал аны Кудайдын тилин албай койсо деле, өлбөй турганына куулук менен ишендирген. Анын айткандары карандай калп болгон! Обо эне эки нерсенин бирин тандай алмак, тактап айтканда, Ибилистин сунушун четке кагабы же ошол жөнүндө ойлоно берип, тыюу салынган дарактын жемишинен жейби, өзү чечмек. Өкүнүчтүүсү, Эйден багында мөмөсү төгүлгөн нечен сонун дарактар турса да, ал Шайтандын айтканы тууралуу ойлоно берип, так ошол тыюу салынган дарактын «жемишинен алып жеген». Ошентип, Шайтан анын жүрөгүндө Кудайдын эркине каршы келген каалоону өрчүтө алган.
8. Шайтан «дене кумарын» колдонуп, Иса пайгамбарды азгырууга кантип аракет кылган жана анын аракети эмне үчүн оңунан чыккан эмес?
8 Шайтан Иса пайгамбарды чөлдө азгырганда так эле ушул ыкманы колдонгон. Иса пайгамбар 40 күн, 40 түн тамак жебей, орозо кармагандан кийин, Шайтан анын тамакка болгон муктаждыгын колдонууга аракет кылган. Ал ага: «Эгерде Кудайдын уулу болсоң, анда бул ташка нанга айланууну буйручу»,— деп айткан (Лк. 4:1—3). Иса пайгамбар эки нерсенин бирин тандай алмак, башкача айтканда, курсагын тойгузуш үчүн Кудай берген күчтү колдонобу же Шайтандын сунушун четке кагабы, өзү чечмек. Ал Кудай берген күчтү керт башынын кызыкчылыгы үчүн колдонбошу керектигин билген. Ошондуктан өзөгү карайып, ачка болуп турса да, тамак-ашты Кудай менен болгон мамилесинен жогору койгон эмес. Ал Шайтанга: «Ыйык Жазмада: „Адам нан менен гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт“,— деп жазылган»,— деп жооп берген (Мт. 4:4; Лк. 4:4).
«КӨЗ КУМАРЫ»
9. «Көз кумары» кантип пайда болушу мүмкүн жана Шайтан Обо энени азгырууда аны кантип колдонгон?
9 Шайтан адамдарды адаштырыш үчүн «көз кумарын» да колдонот. «Көз кумары» деген сөз айкашы өзү эле айтып тургандай, адам бир нерсени карап эле койсо, ошол нерсени эңсеп, кумарлана башташы мүмкүн. Шайтан Обо эненин «көз кумарын» ойготуш үчүн: «Көзүңөр ачылат»,— деген. Обо эне тыюу салынган дарактын жемишин канчалык көп караган сайын, ошончолук анын даамын татып көргүсү келген. Ал анын «көзгө жагымдуу» экенин, «өзүнө тартып турарын көргөн».
10. Иса пайгамбарды азгырууда Шайтан «көз кумарын» кантип колдонгон жана анын жыйынтыгы кандай болгон?
10 Шайтан Иса пайгамбарды азгырууда «көз кумарын» кантип колдонгон? Ал ага «көз ирмемде жер жүзүндөгү бардык падышалыктарды көрсөтүп»: «Сага ушул падышалыктардын бийлигин, атак-даңкын берем»,— деген (Лк. 4:5, 6). Иса пайгамбар бардык падышалыктарды түзмө-түз көргөн эмес, көз ирмемде алардын даңкын гана көргөн. Шайтан аны көргөн нерсесине азгырылат деп ойлосо керек. Ал уялбай: «Эгер мага бир эле жолу сыйынып койсоң, ушунун баары сеники болот»,— деп айткан (Лк. 4:7). Бирок Иса пайгамбар Шайтан күткөндөй иш кылып, анын чырагына май тамызууну түк да каалаган эмес. Ал буйдалбастан: «Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабага сыйын, ага гана ыйык кызмат кыл“,— деп жазылган»,— деп жооп берген (Лк. 4:8).
«КОЛУНДА БОЛГОН НЕРСЕЛЕРИНЕ МАКТАНГАНДЫК»
11. Обо эне Шайтанга кантип алданган?
11 Дүйнөдөгү нерселер жөнүндө сөз кылганда элчи Жакан «колунда болгон нерселерине мактангандык» тууралуу да айткан. Албетте, Эйден багында Адам ата менен Обо энеден башка киши жок болгондуктан, алар «колунда болгон нерселерине мактана» албайт болчу. Бирок алар текебердик көрсөтүшкөн. Шайтан Обо энеге Кудай андан бир сонун нерсени жашырып жатат деп кыйыта сүйлөгөн. Ал ага «жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен» жеген күнү «жакшы менен жаманды билип, Кудайдай болуп каларын» айткан (Башт. 2:17; 3:5). Ибилис Обо энени Жахабадан көз карандысыз боло аларына ишендиргиси келген. Обо эненин анын калпына ишенгенинин бир себеби текебер болгондугунда көрүнөт. Ал өлбөйм деген ойдо тыюу салынган дарактын жемишинен жеген. Бул кандай гана чоң жаңылыштык болгон!
12. Шайтан Иса пайгамбарды дагы кантип сынаган жана Иса эмне деп жооп берген?
12 Обо энеден айырмаланып, Иса пайгамбар момундугу менен мыкты үлгү калтырган. Шайтан аны башкаларга күчтүү таасир эте турган, бирок Кудайды сынай турган ишти кылууга азгырган. Ошондо Иса ага: «Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабаны сынаба“,— деп жазылган»,— деп тике жооп берип, текебердикке жаткан андай ишти кылуудан баш тарткан. (Оку: Лука 4:9—12.)
ЖАХАБА МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕБИЗДИ КАНТИП САКТАЙ АЛАБЫЗ?
13, 14. Шайтан бизди кайырмакка түшүрүш үчүн эмне кылат?
13 Шайтан бүгүн да Обо энени жана Иса пайгамбарды азгыргандагы ыкмаларын колдонот. Алсак, «дене кумарын» колдонуп, адамдарды адеп-ахлаксыз иш кылууга же ченемсиз ичип-жегенге азгырат. Порнография аркылуу, өзгөчө, Интернеттеги порнография аркылуу «көз кумарын» ойготот. Ошондой эле адамдарды дүнүйөгө, бийликке, атак-даңкка ээ болууга, текебер болууга түртүп, «колунда болгон нерселерине мактанышын» каалайт.
14 Балыкчы колдонгон жем сыңары, бул «дүйнөдөгү нерселер» адамдарды кызыктырып, өзүнө тартып турат. Сак болбосок, кайырмакка илинип калышыбыз мүмкүн. Шайтан күнүмдүк турмуштагы эле нерселер аркылуу бизди Кудайдын мыйзамына каршы иш кылууга түртөт. Анын байкалбаган азгырыктары каалоолорубузга таасир этүүгө, жүрөгүбүздү бузууга багытталган. Шайтан муктаждыктарыбызды канааттандырууну, жашоо шартыбызды жакшыртууну Кудайдын эркин аткаруудан да жогору коюшубузду каалайт. Сен Шайтан салган жемге кызыккан жоксуңбу?
15. Шайтанга каршы туруу жагынан Иса Машаякты кантип туурай алабыз?
15 Обо эне Шайтанга азгырылып кеткен, ал эми Иса Машаяк ага каршы турган. Ал ар бир жолкусунда Шайтанга Ыйык Жазманын негизинде жооп берген. Эгер биз да Ыйык Китепти терең изилдесек, аны жакшы билебиз жана сыноого туш болгондо бекем бойдон калууга жардам бере турган аяттарды эстей алабыз (Заб. 1:1, 2). Ыйык Китепте жазылган адил кишилердин үлгүсүн эстей жүрсөк, биз да аларга окшоп, Кудайга болгон берилгендигибизди сактай алабыз (Рим. 15:4). Жахаба жакшы көргөндү жакшы көрүп, жек көргөндү жек көрүп, аны терең урматтасак, көп жамандыктан алыс болобуз (Заб. 97:10).
16, 17. Ойлорубуз кандай адам болорубузга канчалык таасир этет?
16 Элчи Пабыл бизди бул дүйнөнүн эмес, Кудайдын ой жүгүртүүсүнүн негизинде калыптанган адамдардан болуш үчүн «акыл жөндөмүбүздү» колдонууга үндөгөн (Рим. 12:1, 2). Ал эмне жөнүндө ойлонуп жатканыбызды дайыма текшерип турганыбыз маанилүү экенин баса белгилеп: «Биз туура эмес түшүнүктөрдү жана Кудай жөнүндөгү билимге каршы турган менменсингендиктин баарын талкалап, бардык ойлорду Машаякка баш ийдириш үчүн туткундайбыз»,— деп айткан (2 Кор. 10:5). Ойлорубуз кандай адам болорубузга күчтүү таасир эткендиктен, дайыма Кудайга жаккан нерселер жөнүндө ой жүгүртүшүбүз кажет (Флп. 4:8).
17 Эгер туура эмес ойлор менен каалоолорго берилип кетсек, Жахабанын көз алдында ыйык боло албайбыз. Биз аны «чын жүрөктөн» жакшы көрүшүбүз керек (1 Тим. 1:5). Бирок жүрөгүбүз «митаам» болгондуктан, бул «дүйнөдөгү нерселер» бизге канчалык күчтүү таасир этип жатканын байкабай калышыбыз мүмкүн (Жер. 17:9). Андыктан Ыйык Китептен окугандарыбыздын негизинде кандай адам экенибизди жана «ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү» чынчылдык менен текшерип турушубуз зарыл (2 Кор. 13:5).
18, 19. Эмне үчүн Жахабага жаккан адам болууга бүт күчүбүздү жумшай беришибиз керек?
18 Элчи Жакандын: «Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот, ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деген сөздөрүн эсибизде сактаганыбыз да «дүйнөдөгү нерселерге» каршы турууга жардам берет (1 Жкн. 2:17). Шайтандын дүйнөсү эч качан жок болбочудай көрүнүшү мүмкүн. Бирок бир күнү анын таш-талканы чыгат. Шайтандын дүйнөсү сунуштаган нерселердин баары убактылуу. Эгер муну унутпасак, анын торуна түшпөйбүз.
19 Элчи Петир бизди «асман алоолонуп кыйратылып», «асман менен жерди түзгөн нерселер катуу кызып, эрип кете» турган «Жахабанын күнүнүн келишин күтүп, аны эсибизде» бек сактоого жана Кудайга жаккан адамдардан болууга чакырган (2 Пет. 3:12). Жакында ошол күн келип, Жахаба Шайтандын дүйнөсүнүн күлүн көккө сапырат. Ага чейин Шайтан «дүйнөдөгү нерселерди» колдонуп, Обо энени жана Иса пайгамбарды азгыргандай эле, бизди да азгырууга аракет кыла берет. Биз Обо энедей болуп, өз каалоолорубузду канааттандырууну көздөбөшүбүз керек. Андай кылсак, Шайтанды кудай туткан болуп калмакпыз. Анын ордуна, Исадан үлгү алып, Шайтан сунуштаган нерселер канчалык жагымдуу, көзгө сүйкүмдүү көрүнбөсүн, алардан жаа бою качканыбыз оң. Келгиле, ар бирибиз Жахабага жаккан адам болууга бүт күчүбүздү жумшай берели.