Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 Биздин Архивден

Өз учурунда чыккан «эстен кеткис драма»

Өз учурунда чыккан «эстен кеткис драма»

«ЭСТЕН кеткис драма экен!» «Жаратуу драмасын» көргөндөрдүн көбү ушинтип айтышкан. Ал өз учурунда чыккан жана көргөндөрдүн эсинде ташка тамга баскандай сакталып калган. Ооба, Гитлердин режиминин тушунда Европадагы бир туугандарыбыз катуу куугунтукка алынардын алдында, «Жаратуу драмасы» аркылуу зор күбөлөндүрүү берилип, Жахаба даңкталган. Ал эмне болгон драма эле?

Жаңы драма «Шөпфунг» («Жаратуу») китебинин аталышы менен аталган

1914-жылы Жахабанын элинин Бруклиндеги (Нью-Йорк, АКШ) башкы башкармалыгы «Жаратуу фотодрамасын» чыгарган. Ал түстүү фотослайддардан, кинокартиналардан турган жана үн менен коштолгон 8 сааттык драма болгон. Дүйнө жүзү боюнча аны миллиондогон адамдар көрүшкөн. 1914-жылы ал драманын «Эврика драмасы» деген аталыштагы кыскача версиясы да жарык көргөн. Ал кайра-кайра көрсөтүлгөндүктөн, 1920-жылдарга чейин слайддар, плёнкалар жана проекторлор аябай эскирип калган. Бирок «Фотодраманы» көрүүгө куштар болгондор дагы эле көп болгон. Маселен, Германиянын Людвигсбург деген шаарынын тургундары: «„Фотодрама“ кайра качан көрсөтүлөт?» — деп сурашкан. Ошондо бир туугандар эмне кылышкан?

Ал драманы көргүсү келгендердин мүдөөсүн канааттандыруу үчүн 1920-жылдары Магдебургдагы (Германия) Бейтел үй-бүлөсүнүн өкүлдөрү Париждеги (Франция) жаңылыктар агенттигинен плёнкаларды, ал эми Лейпциг менен Дрезден шаарларындагы графикалык компаниялардан слайддарды сатып алышкан. Анан аларды эски «Фотодраманын» колдонууга жарактуу слайддары менен бириктиришкен.

Ал эми таланттуу музыкант Эрик Фрост деген бир тууган плёнкаларды жана слайддарды коштой турган музыка жазган. Баяндоочунун сөздөрүнүн айрым бөлүктөрү «Жаратуу» деген китептен алынган. Ошо себептен «Фотодраманын» кайра иштелип чыккан версиясы «Жаратуу драмасы» деп аталып калган.

Ал жаңы драма «Фотодрамадай» эле 8 саатка созулган жана күнүгө кечинде бөлүп-бөлүп көрсөтүлгөн. Анда жаратуу күндөрү жөнүндө жүрөк толкуткан маалымат, Ыйык Жазмада жана тарыхый китептерде айтылган окуялар, ошондой эле адамзатты азапка салган жалган дин жөнүндө чагылдырылган. «Жаратуу драмасы» Австрияда, Германияда, Люксембургда, Швейцарияда жана немис тилинде сүйлөгөндөр жашаган башка өлкөлөрдө көрсөтүлгөн.

Эрик Фрост жана анын «Жаратуу драмасына» жазган ноталары

Эрик Фрост мындай дейт: «Драма көрсөтүлүп жатканда, шериктеримди, айрыкча, оркестрдегилерди тыныгуу учурунда катарларды кыдырып, келгендерге китептерибиз менен  китепчелерибизди сунуш кылууга чакырчумун. Ушундай жол менен үймө-үй кабар айткандагыга караганда көп адабият тараттык». Драманы Польшада жана азыркы Чех Республикасында көрсөтүүнү уюштурган Иоханес Рауте келгендердин көптөрү, бир туугандар алардыкына барышы үчүн, даректерин беришкенин эскерет. Бир туугандар алардыкына барып, Ыйык Китептин негизинде кызыктуу маек курушкан.

1930-жылдарга чейин эле «Жаратуу драмасын» көргүсү келгендердин саны ушунчалык көп болгондуктан, драма көрсөтүлгөн залдарга эл жык толо турган жана жергиликтүү тургундардын баары эле Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө сүйлөшүп калышкан. Германиядагы филиал көрсөткөн ал драманы 1933-жылга чейин дээрлик бир миллион киши көргөн. «Драманы көрүш үчүн эле 5 күн бою токойлорду аралап, адырларды ашып, өрөөндөрдү басып 10 чакырымдай жол жүрүп келчүбүз»,— деп эскерет Катэ Краус. Ал эми Элзе Билхартс: «„Жаратуу драмасы“ менин чындыкка болгон сүйүүмдүн отун тутандырган»,— дейт.

Альфред Альмендингер апасынын драманы көргөндө «ушунчалык таасирленгендиктен Ыйык Китеп сатып алып, андан „күнөөдөн арылтуучу жай“ деген сөздү издегенин» эскерет. Ал сөздү Ыйык Китептен таба албай койгондон кийин чиркөөгө барганын токтотуп, чөмүлгөн. «„Жаратуу драмасы“ аркылуу аябагандай көп киши чындыкка келген»,— деп эскерет Эрик Фрост.

«Жаратуу драмасын» көргөндөрдүн саны эң жогорку деңгээлге жеткен учурда Европада нацисттик режим күч алып, дүрбөлөң сала баштаган. 1933-жылдан тартып Германияда Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынган. Ошол убакыттан 1945-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганга чейин Европада Жахабанын кызматчылары аёосуз куугунтукталган. Эрик Фрост 8 жылдай камакта жаткан. Бирок ал түрмөдөн аман-эсен чыгып, кийинчерээк Висбадендеги (Германия) Бейтелде кызмат кылган. Эстен кеткис «Жаратуу драмасынын» өз учурунда чыкканы кандай жакшы болгон! Ырас, ал көптөгөн ишенимдештерибизге Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы сыноолорду көтөрүп кетүүгө кайрат берген. (Германиядагы архивибизден.)