Рухтун жетеги менен жашап, өмүргө жана тынчтыкка ээ бол
Рухтун жетеги менен жашап, өмүргө жана тынчтыкка ээ бол
«Дененин каалоосу боюнча эмес, рухтун каалоосу боюнча жашагыла» (РИМ. 8:4).
1, 2. а) Машине айдап баратканда алаксуу эмне үчүн коркунучтуу? б) Рухий мааниде алаксуунун кесепети кандай болушу ыктымал?
КОШМО ШТАТТАРДЫН транспорт министри айдоочулардын машине айдап баратып алаксыганы кеңири кулач жайган, жылдан жылга курчуп бараткан көйгөйгө айланганын белгилеген. Айдоочуларды алаксыткан нерселердин бири — уюлдук телефон. Мисалы, бир сурамжылоого катышкандардын үчтөн биринен көбү аларды телефон менен сүйлөшүп бараткан айдоочу сүзүп кеткенин же сүзүп кете жаздаганын айткан. Көптөр машине айдап баратып телефон менен сүйлөшсөң, убактыңды үнөмдөйсүң деши мүмкүн, бирок анын арты каргаша менен бүтүшү ыктымал.
2 Кудай менен болгон мамилебиз тууралуу да ушуну айтууга болот. Алаксып кеткен айдоочу коркунуч туудура турган нерселерди көрбөй калгандай эле, рухий мааниде алаксып кеткен киши да чындык жолунан чыгып баратканын байкабай калат. Эгер рухий иштерге көп катышпай, Кудайдын 1 Тим. 1:18, 19). Элчи Пабыл Римдеги ишенимдештерине ушул тууралуу эскертип: «Денеге мүнөздүү нерселерди ойлоо өлүм, рухка мүнөздүү нерселерди ойлоо өмүр менен тынчтык алып келет»,— деп жазган (Рим. 8:6). Муну менен ал эмнени айткысы келген? Бизге «денеге мүнөздүү нерселерди» эмес, «рухка мүнөздүү нерселерди ойлоого» эмне жардам берет?
жолунан алыстап кетсек, ишенимибиз кеме сыяктуу кыйроого учурашы мүмкүн (Алар «айыптуу деп эсептелбейт»
3, 4. а) Пабыл кайсы күрөш жөнүндө жазган? б) Пабылдын жагдайы бизди эмне үчүн кызыктырышы керек?
3 Римдиктерге жолдогон катында Пабыл акылы менен денесинин ортосунда кандай күрөш жүрүп жатканын жазган. (Оку: Римдиктер 7:21—23.) Бирок ал ошол сөздөрдү актаныш үчүн же өзүн аягандыктан жазган эмес. Ошондой эле аны менен туура иштерди кыла албай турганын айткысы келген эмес. Ал Исанын рухий жактан жетилген, ыйык рух менен майланган жолдоочусу жана «башка элдерге жиберилген элчи» болгон (Рим. 1:1; 11:13). Анда ал өзү жүргүзүп жаткан күрөш тууралуу эмне үчүн жазган?
4 Пабыл Кудайдын эркин өзү каалагандай деңгээлде аткара албай турганын чынчылдык менен мойнуна алган. Ал эмне себептен аткара алмак эмес? «Себеби бардыгы күнөө кетирип, Кудайдын даңкынан айрылып калышкан»,— деген ал (Рим. 3:23). Адам атанын башка урпактарындай эле, Пабыл да туура эмес каалоолору бар жеткилең эмес адам болгон. Бизге анын сезимдерин түшүнүү кыйынга турбайт, анткени бизге да күн сайын аныкындай күрөш жүргүзүүгө туура келет. Себеп дегенде баарыбыз жеткилең эмеспиз, ошондой эле бизди алаксытып, өмүргө алып баруучу кууш жолдон буруп кете турган нерселер көп (Мт. 7:14). Анткен менен, Пабылдай эле, биз да үмүтсүз абалда эмеспиз.
5. Пабыл жардамды кайдан алган?
5 Пабыл: «Мени ким куткарат? Мени Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу куткара турган Кудайга ыраазымын!» — деп жазган (Рим. 7:24, 25). Анан ал «Машаяк Иса менен биримдикте болгондорго», анын майланган жолдоочуларына, кайрылган. (Оку: Римдиктер 8:1, 2.) Жахаба майлангандарды «Машаяк менен мурасташ» болууга чакырып, өзүнүн ыйык руху аркылуу уулдары катары асырап алган (Рим. 8:14—17). Ыйык рух жана Машаяктын куткаруу курмандыгына болгон ишеними аларга Пабыл кеп кылган күрөштө жеңүүчү болуп чыгууга жардам берет, ошондуктан алар «айыптуу деп эсептелбейт». Ооба, алар «күнөө менен өлүмдүн мыйзамынан бошотулушкан».
6. Эмне себептен Кудайдын кызматчыларынын баары Пабылдын сөздөрүнө көңүл бурушу зарыл?
6 Пабылдын сөздөрү майлангандарга тиешелүү болсо да, анын ыйык рух жана Машаяктын куткаруу курмандыгы жөнүндө айткандарынан Кудайдын кызматчыларынын баары: келечекте жерде жашоого үмүттөнгөндөр да, асманда жашоого үмүттөнгөндөр да пайда ала алат. Пабыл ал сөздөрдү ыйык рухтун жетеги менен жазгандыктан, Кудайдын бардык кызматчылары ал айткандардын маанисин түшүнүп, иш жүзүндө колдонууга умтулганы маанилүү.
Кудай кандайча «денедеги күнөөнү ашкерелеген»?
7, 8. а) Кандай мааниде Мыйзам «адамдын жеткилеңсиздигинен улам кудуретсиз болгон»? б) Кудай ыйык руху жана Исанын куну аркылуу эмнени ишке ашырган?
7 Римдиктер 7-бөлүмдө Пабыл жеткилеңсиз денеге үстөмдүк кылган күнөөнүн күчү жөнүндө, ал эми 8-бөлүмдө ыйык рухтун күчү тууралуу сөз кылган. Ал ыйык рухтун Исанын жолдоочуларына күнөө менен күрөшүүгө, Жахабанын эркине ылайык жашап, анын ырайымына ээ болууга кандайча жардам берерин түшүндүргөн. Ошондой эле Кудайдын өзүнүн ыйык руху жана Уулунун куткаруу курмандыгы аркылуу Мусанын мыйзамы ишке ашыра албаган нерсени ишке ашырганын баса белгилеген.
8 Көптөгөн жол-жоболордон турган Мусанын мыйзамы адамдардын күнөөкөр экенин айгинелеп турган. Андан тышкары, Римдиктер 8:3, 4.) Ооба, «өмүр таажысын» алыш үчүн алар жердеги жашоосунун аягына чейин анын кеңешине ылайык иш кылышы зарыл (Аян 2:10).
ысрайыл элинин Мыйзамдын негизинде кызмат кылган башкы дин кызматчылары жеткилеңсиз болушкан жана күнөөнү толугу менен жууй турган курмандык чала алышкан эмес. Ошондуктан Мыйзам «адамдын жеткилеңсиздигинен улам кудуретсиз болгон». Бирок Кудай «өзүнүн Уулун күнөөкөр адамдардыкындай дене менен жөнөтүп», кун катары берүү менен «денедеги күнөөнү ашкерелеген», тактап айтканда, адамзатты күнөөнүн кулчулугунан бошоткон. Ошентип, ал Мыйзам ишке ашыра албаганды ишке ашырган. Мунун натыйжасында Исанын майланган жолдоочулары анын куткаруу курмандыгына болгон ишениминин негизинде адил деп эсептелишет. Пабылдын кеңеши аларга «дененин каалоосу боюнча эмес, рухтун каалоосу боюнча жашоого» түрткү берет. (Оку:9. Римдиктер 8:2деги «мыйзам» деген сөз эмнени билдирет?
9 Мусанын мыйзамынан сырткары, Пабыл «рухтун мыйзамы» жана «күнөө менен өлүмдүн мыйзамы» жөнүндө айткан (Рим. 8:2). Ал эмне болгон мыйзамдар? Бул жердеги «мыйзам» деген сөз Мусанын мыйзамындагыдай көрсөтмөлөрдүн жыйындысын билдирбейт. Бир эмгекте айтылгандай, бул аятта «мыйзам» деп берилген грек сөзү адамдарды мыйзам сыяктуу жетектеп турган, алар кылып жүргөн жакшы же жаман иштерди, ошондой эле жашоосунда жетектелген нормаларды билдирет.
10. Баарыбыз күнөө менен өлүмдүн мыйзамына кандайча баш ийип калганбыз?
10 Элчи Пабыл: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган»,— деп жазган (Рим. 5:12). Адам атанын урпактары болгондуктан баарыбыз күнөө менен өлүмдүн мыйзамына баш ийүүгө аргасыз болобуз. Күнөөкөр денебиз бизди Кудайга жакпаган, акыры өлүмгө алып бара турган иштерди кылууга дайыма азгырып турат. Галатиялыктарга жазган катында Пабыл мындай иштер менен сапаттарды «күнөөгө баткан дененин иштери» деп атаган. Анан ал: «Мындай иштерди кылып жүргөндөр Кудайдын Падышалыгын мурасташпайт»,— деп кошумчалаган (Гал. 5:19—21). Андай адамдар «дененин каалоосу боюнча... жашаган» болушат (Рим. 8:4). Алар жалаң гана жеткилең эмес денесине жаккан иштерди кылып, денесинин жетеги менен жүрүшөт. Бирок дененин каалоосу боюнча жашагандарга бузуктук, сөлөкөткө сыйынуу, спиритизмге иришүү жана башка ушу сыяктуу олуттуу күнөөлөрдү кылып жүргөндөр гана киреби? Жок, себеби «күнөөгө баткан дененин иштерине» көрө албастык, ачууга алдыруу, араздашуу, ичи тарлык сыяктуу айрымдар олуттуу деп деле эсептебеген кемчиликтер да кирет. Ошондуктан күнөөкөр дененин каалоолору менен күрөшпөй деле койсом болот деп эч кимибиз айта албайбыз.
11, 12. Күнөө менен өлүмдүн мыйзамынан бошонушубуз үчүн, Жахаба кандай чара көргөн жана анын ырайымына ээ болуу үчүн эмне кылышыбыз керек?
11 Жахабанын күнөө менен өлүмдүн мыйзамынан бошонушубузга жол ачканына кандай гана кубанычтабыз! Иса: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деген. Кудайдын сүйүүсүнө жооп кайтарсак жана Исанын куткаруу курмандыгына ишенсек, тукум кууп өткөн күнөө үчүн жоопко тартылбайбыз (Жкн. 3:16—18). Андыктан бизде да, Пабылдай болуп: «Мени Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу куткара турган Кудайга ыраазымын!» — деп айтууга толук негиз бар.
12 Биздин абал оор дартынан айыгыш үчүн дарыланып жаткан кишиникине окшош. Эгер толугу менен айыккыбыз келсе, дарыгер айткандын баарын аткарышыбыз керек. Кунга ишенгендиктен күнөө менен өлүмдүн мыйзамынан бошоно алсак да, биз дагы деле жеткилең эмес, күнөөкөр адамдарбыз. Андыктан рухий ден соолугубуз жакшы болушу үчүн жана Кудайдын ырайымына, батасына ээ болушубуз үчүн дагы бир нерсе кылышыбыз талап. Пабыл баса белгилегендей, «Мыйзамдын адил талабын» аткарыш үчүн рухтун жетеги менен жашашыбыз керек.
Канткенде «рухтун каалоосу менен жашай» алабыз?
13. «Рухтун каалоосу менен жашоо» эмнени билдирет?
13 «Рухтун каалоосу менен жашоо» жеткилең болууну эмес, рухий жактан дайыма алга илгерилей берүүнү билдирет (1 Тим. 4:15). Биз күнүгө бүт күчүбүздү жумшап, рухтун жетеги менен жашоого аракет кылышыбыз зарыл. Эгер «рухтун жетеги менен жүрсөк», Кудайга жаккан адамдардан болобуз (Гал. 5:16).
14. «Дененин каалоосу боюнча жашагандар» эмнеге жакын болушат?
14 Римдиктерге жазган катында Пабыл ой жүгүртүүсү бири-бириникине карама-каршы келген адамдар жөнүндө да айткан. (Оку: Римдиктер 8:5.) Бул аяттагы «дене» деген сөз кадимки денени билдирбейт. Ыйык Китепте ал сөз кээде жеткилең эмес, күнөөкөр адамдын табиятына карата колдонулган. Дал ошол күнөөкөр табияттын айынан, Пабыл мурунураак сөз кылгандай, дене менен акылдын ортосунда дайыма күрөш жүрүп турат. Ооба, Пабыл өзүнүн денеси, башкача айтканда, жеткилеңсиздиги менен күрөшкөн. Бирок андан айырмаланып, «дененин каалоосу боюнча жашагандар» эч кандай күрөш жүргүзүшпөйт. Алар Кудайдын талаптарына көңүл бургандын жана анын жардамын кабыл алгандын ордуна, адатта, «денеге мүнөздүү нерселерди» ойлоп, жан жыргалын көздөп, денесинин каалоолорун канааттандырууга умтулушат. Ал эми «рухтун каалоосу боюнча жашагандар» «рухка мүнөздүү нерселер» жөнүндө — Жахаба менен болгон мамилесин бекемдей турган иш-чаралар жөнүндө — ойлонушат.
15, 16. а) Адам кайсы бир нерсе жөнүндө ой жүгүртсө, бул ага кандай таасир этет? б) Бүгүнкү күндө адамдардын көбүнүн ою эмнеде?
15 Оку: Римдиктер 8:6. Адам жакшы иш кылабы же жаманбы, адегенде ал тууралуу ой жүгүртөт. Эгер ал дайыма денеге мүнөздүү нерселер жөнүндө ойлоно берсе, алар анын бүт жүрөгүн ээлеп, кан-жанына сиңип калат. Натыйжада анын эси-дартынын баары ошондой нерселерде болуп, ошолорду эле кылгысы келип калат.
16 Бүгүнкү күндө адамдардын көбүнүн ою эмнеде? Элчи Жакан: «Дүйнөдөгүнүн баары: дене кумары, көз кумары жана колунда болгон нерселерине мактангандык Атабыздан эмес, бул дүйнөдөн»,— деп жазган (1 Жкн. 2:16). Ал айткан кумарларга туш келди жыныстык катнашта болуу, атак-даңкка умтулуу, байлыктын артынан сая түшүү сыяктуу туура эмес иштер кирет. Азыркы тапта китептер, гезит-журналдар, фильмдер, телеберүүлөр жана Интернет андай нерселерге жык толгон. Мунун негизги себеби адамдардын көбү ушулар жөнүндө ой жүгүртүп, ушуларды кылууну каалайт. Бирок «денеге мүнөздүү нерселерди ойлоо» азыр рухий мааниде, кийин сөздүн түз маанисинде өлүмгө дуушар кылат. Эмне үчүн минтип айтууга болот? «Анткени денеге мүнөздүү нерселерди ойлоо Кудай менен касташууга алып барат, себеби дене Кудайдын мыйзамына баш ийбейт, чынында, баш ие да албайт. Демек, дененин каалоосу боюнча жашагандар Кудайга жага албайт» (Рим. 8:7, 8).
17, 18. «Рухка мүнөздүү нерселерди ойлоорубуз» эмнеден көрүнөт жана анын натыйжасы кандай болот?
17 Ал эми «рухка мүнөздүү нерселерди ойлоо өмүр менен тынчтык алып келет»: келечекте түбөлүк өмүр алууга, азыр болсо жан дүйнө тынчтыгына ээ болууга жана Кудай менен тынчтыкта болууга жол ачат. «Рухка мүнөздүү нерселерди ойлоорубуз» эмнеден көрүнөт? Дайыма Кудайдын жана анын ыйык рухунун жетегине баш ийип, ага жаккандай ой жүгүртүүгө аракет кылганыбыздан көрүнөт. Ошентсек, ой жүгүртүүбүз, мындайча айтканда, «Кудайдын мыйзамына баш ийип», анын ойлоруна ылайык келген болот. Ошондо азгырыктарга кабылганда эмне кылышты билбей калбайбыз. Тескерисинче, рухтун жетегине ылайык келген, туура чечим чыгара алабыз.
18 Андыктан дайыма рухка мүнөздүү нерселерди ойлогонубуз абдан маанилүү. Ан үчүн акылыбызды иш-аракетке даярдап, үзгүлтүксүз тиленүү, Ыйык Китепти окуп-изилдөө, жолугушууларга катышуу жана кабар айтуу сыяктуу рухий иштерди жашообузда негизги орунга коюшубуз кажет (1 Пет. 1:13). Эмесе, келгиле, денеге мүнөздүү нерселерге алаксыбай, дайыма рухка мүнөздүү нерселерди ойлойлу. Ошондо рухтун каалоосу боюнча жашаган болобуз. Ал эми мунун аркасында Кудайдан мол бата алабыз, анткени рухка мүнөздүү нерселерди ойлоо өмүр менен тынчтыкка ээ кылат (Гал. 6:7, 8).
Түшүндүрө аласыңбы?
• Мусанын мыйзамы эмнени ишке ашыра алган эмес жана Кудай аны кантип ишке ашырган?
• «Күнөө менен өлүмдүн мыйзамы» деген эмне жана андан кантип бошоно алабыз?
• Дайыма рухка мүнөздүү нерселерди ойлош үчүн эмне кылышыбыз керек?
[Изилдөө суроолору]
[12, 13-беттердеги сүрөт]
Дененин каалоосу боюнча жашайсыңбы же рухтунбу?