Дүйнөнүн эмес, Кудайдын рухун ал
Дүйнөнүн эмес, Кудайдын рухун ал
«Кудайдын бизге тартуулаган нерселерин билүү үчүн биз дүйнөнүн рухун эмес, Кудайдан келген рухту алдык» (1 КОР. 2:12).
1, 2. а) Исанын чыныгы жолдоочулары кандай мааниде согушуп жатышат? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?
ИСАНЫН чыныгы жолдоочулары согушка катышып жатышат! Душманыбыз күчтүү, куу жана аябай дасыккан. Ал ушунчалык натыйжалуу куралга ээ болгондуктан, адамзаттын басымдуу бөлүгүн багындырып алган. Бирок өзүбүздү алсыз сезбешибиз же жеңишке жете албайбыз деп ойлобошубуз керек (Ыш. 41:10). Анткени биз, кандай гана сокку болбосун, анын мизин кайтарууга жардам берген калканчка ээбиз.
2 Биз кадимки эмес, рухий майданда согушуп жатабыз. Душманыбыз — Шайтан Ибилис, анын негизги куралы — «дүйнөнүн руху» (1 Кор. 2:12). Ал эми бизге анын чабуулдарына каршы турууга көмөк кылган калканч — Кудайдын руху. Ал согушта аман калышыбыз жана рухий жактан бекем болушубуз үчүн Кудайдын рухун сурап, жашообузда анын жемишин чагылдырышыбыз кажет (Гал. 5:22, 23). Анда дүйнөнүн руху деген эмне жана эмне үчүн анын таасири ушунчалык күчтүү? Дүйнөнүн рухунун бизге таасир этип жаткан-жатпаганын кантип аныктасак болот? Кудайдын рухун алуу жана дүйнөнүн рухуна каршы туруу жагынан Исадан эмнеге үйрөнө алабыз?
Дүйнөнүн руху эмне үчүн кеңири кулач жайган?
3. Дүйнөнүн руху деген эмне?
3 Дүйнөнүн рухунун башаты — «бул дүйнөнүн башкаруучусу» Шайтан; ал рух Кудайдын ыйык рухуна карама-каршы келет (Жкн. 12:31; 14:30; 1 Жкн. 5:19). Ал — дүйнөдө басымдуулук кылган жана адамдарга иш-аракет кылууга түрткү берген маанай. Таасири чоң ал күч адамзат коомун Кудайдын эркине жана ой-ниетине каршы чыгууга түртөт.
4, 5. Шайтан пайда кылган рух кандайча кеңири кулач жайган?
4 Шайтан пайда кылган ал рух кандайча кеңири кулач жайган? Алгач Шайтан Эйден багында Обо энени азгырып, аны Кудайдан көз каранды болбосо, жашоосу бир топ жакшырат деп ишендирген (Башт. 3:13). Бул анын жеткен жалганчы экенин көрсөтүп турат! (Жкн. 8:44). Анан Обо эне аркылуу Адам атаны да Жахабага ишенимсиздик кылууга түрткөн. Ошентип, Адам атанын чыгарган чечиминин айынан адамзат күнөөгө сатылып, Шайтандын тил албастык рухунун таасирине алдырууга жакын болуп калган (Оку: Эфестиктер 2:1—3).
5 Шайтан көп сандаган периштелерге да таасир эткен; алар кийин жин-пери болуп калышкан (Аян 12:3, 4). Ал периштелер Кудайга карата мындай чыккынчылыкты Нухтун күндөрүндөгү Топон сууга чейин кылышкан. Алар асмандагы Кудай берген ордун таштап, жерде табигый эмес каалоолорун кандырышса, алда канча жакшы болот деп ойлошкон (Жүй. 6). Ал азыркы учурда рухий чөйрөдө жүргөн ошол жин-перилердин жардамы менен «дүйнө жүзүн адаштырууда» (Аян 12:9). Тилекке каршы, адамзаттын басымдуу бөлүгү жиндердин таасири жөнүндө эч нерсе билбей келет (2 Кор. 4:4).
Дүйнөнүн руху сага таасир этип жатабы?
6. Дүйнөнүн руху бизге качан жугушу мүмкүн?
6 Көптөр Шайтандын кантип таасир этерин билишпейт, бирок Исанын чыныгы жолдоочуларына анын айла-амалдары маалым (2 Кор. 2:11). Чынында, эгер өзүбүз эле жол берип койбосок, дүйнөнүн руху бизге таасир эте албайт. Келгиле, бизге Кудайдын руху таасир этип жатабы же дүйнөнүкүбү, аныктоого жардам берген төрт суроону карап чыгалы.
7. Шайтан бизди кандай жол менен Жахабадан алыстатууга аракет кылат?
7 Кандай көңүл ачууну тандаганым мен жөнүндө эмнени айтып турат? (Оку: Жакып 3:14—18). Шайтан жүрөгүбүздө зордук-зомбулукка болгон сүйүү өрчүтүү менен бизди Кудайдан алыстаткысы келет. Ал Жахабанын зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү жек көрөрүн билет (Заб. 10:5). Андыктан дене кумарын ойготуу үчүн адабияттарды, фильмдерди, музыканы жана барып турган адеп-ахлаксыздыкты, мыкаачылыкты тууроого түрткү берген электрондук оюндарды колдонот. Биз туура нерсени жакшы көргөнүбүз менен жүрөгүбүздүн түпкүрүндө Шайтан жайылтып жаткан туура эмес нерсени да сүйсөк, анын чырагына май тамат (Заб. 96:10).
8, 9. Көңүл ачууну тандоого байланыштуу өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрүшүбүз керек?
8 Ал эми Кудайдын руху аны кабыл алгандарга таза, тынчтыкты сүйүүчү жана кайрымдуу болууга түрткү берет. Биз: «Тандаган көңүл ачуум мага жакшы сапаттарды өрчүтүүгө жардам береби?» — деп ойлонуп көргөнүбүз абзел. Жогорудан келген акылмандык «эки жүздүү эмес». Кудайдын рухуна жетектелгендер башкаларга тазалык жана тынчтык жөнүндө кабар айтып, ошол эле учурда үйүндө жалгыз болгондо мыкаачылыкты камтыган зордук-зомбулукту жана адеп-ахлаксыздыкты көрбөйт.
9 Жахаба толук берилгендикти талап кылат. Шайтанга болсо ага бир эле жолу сыйынганыбыз жетиштүү; ал Исанын да ошентишин каалаган (Лк. 4:7, 8). Ошол себептен өзүбүзгө төмөнкү суроолорду берип көрсөк болот: «Мен тандаган көңүл ачуу Кудайга толук берилгендик көрсөтүүгө өбөлгө түзөбү? Ошондон улам мага дүйнөнүн рухун четке кагуу жеңил болобу же кыйын болобу? Көңүл ачууну тандоого байланыштуу кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасашым керекпи?»
10, 11. а) Дүйнөнүн руху материалдык нерселерге байланыштуу эмнеге үндөйт? б) Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган Сөзү кандай көз карашта болууга жардам берет?
10 Материалдык нерселерге кандай карайм? (Оку: Лука 18:24—30). Дүйнөнүн руху ач көздүккө жана дүнүйөкорлукка үндөп, «көз кумарын» ойготот (1 Жкн. 2:16). Ал көптөрдүн жүрөгүндө бай болууга каалоо өрчүтүп келет (1 Тим. 6:9, 10). Ал рух бизди байлык-дөөлөт жыйноо менен дайыма коопсуз жашоого болот дегенге ишендиргиси келет (Накыл 18:11). Эгер акчага болгон сүйүүнүн Кудайга болгон сүйүүбүздү сүрүп чыгарышына жол берип койсок, Шайтан жеңишке жетмек. Андыктан: «Жашоо шартымды жакшыртууга жана жашоонун ырахатын көрүүгө болгон каалоо бүт көңүлүмдү ээлеп алган жокпу?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек.
11 Ал эми Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган Сөзү акчага карата тең салмактуу көз карашта болууга, ошондой эле өзүбүзгө жана үй-бүлөбүзгө материалдык жактан кам көрүү үчүн күжүрмөн эмгектенүүгө үндөйт (1 Тим. 5:8). Кудайдын руху ага ээ болгондорго Жахабанын берешендигин чагылдырууга жардам берет. Мындай адамдар алуучулар катары эмес, берүүчүлөр катары таанымал. Алар кайсы бир нерселерге караганда адамдарды көбүрөөк баалашат жана колундагысын марттык менен беришет (Накыл 3:27, 28). Ошондой эле акчаны Кудайга болгон кызматынан жогору коюшпайт.
12, 13. Дүйнөнүн рухунан айырмаланып, Кудайдын руху кандайча бизге жакшы таасир этет?
Колосалыктар 3:8—10, 13). Дүйнөнүн руху күнөөкөр дененин иштерин кылууга чакырат (Гал. 5:19—21). Чынында, бизге кайсы рух таасир этип жатканы баары жакшы болгондо эмес, кайсы бир нерсе ойдогудай болбогондо, мисалы, ишенимдешибиз бизди капарына албаганда, таарынтканда же атүгүл бизге каршы күнөө кылганда, айкын болот. Ошондой эле үйдө жалгыз калганыбызда да бизде кайсы рух үстөмдүк кылары билинет. Балким, бул жагынан өзүбүздү текшерип көрүшүбүз керектир. Мисалы: «Акыркы алты айдын ичинде Машаяктыкындай сапаттарды көбүрөөк чагылдырып калдымбы же сүйлөгөн сөзүм, жүрүм-турумум кайра эле жаман адаттарымды „кийип“ калганымды көрсөтүп турабы?» — деп ойлонуп көрсөк болот.
12 Мен кайсы рухту чагылдырам? (Оку:13 Кудайдын руху бизге «эски табиятты иштери менен кошо чечип», «жаңы табиятты кийүүгө» көмөк кылат. Бул болсо сүйүүнү жана боорукердикти көбүрөөк чагылдырууга жардам берет. Биз, атүгүл нааразы болууга орчундуу себеп болгон күндө да, бири-бирибизди айкөлдүк менен кечирүүгө даяр болобуз. Ошондой эле адилетсиздикке кабылганда жаалданып, ачууланып, каарданып, кыйкырып же кемсинтерлик сөздөрдү айтып жооп кайтарбайбыз. Тескерисинче, «өзгөчө боорукер болууга» аракеттенебиз (Эф. 4:31, 32).
14. Дүйнөдө көптөр Кудайдын Сөзүнө кандай карашат?
14 Адеп-ахлактыкка байланыштуу ыйык китептик нормаларды баалаймбы жана жакшы көрөмбү? (Оку: Накыл сөздөр 3:5, 6). Дүйнөнүн руху Кудайдын Сөзүнө баш ийбестикти чагылдырат. Ал рухтун таасирине жеңдиргендер Ыйык Китептин өздөрүнө жакпаган бөлүктөрүн көңүлүнө албай, адамдык салт-санааларды жана философияларды артык көрүшөт (2 Тим. 4:3, 4). Айрымдар Кудайдын Сөзүн такыр баркка алышпайт. Андай адамдар акылдуусунуп, Ыйык Жазманын пайдалуулугуна жана ишенүүгө татыктуулугуна шек келтиришет. Ошондой эле ойноштукка, гомосексуализмге жана ажырашууга байланыштуу таза нормаларды жымсалдашат. Алар «жаманды жакшы деп, жакшыны жаман» деп окутушат (Ыш. 5:20). Ал рух бизге да таасир этип жаткан жокпу? Кыйынчылыктарга туш болгондо адамдык акылмандыкка, анын ичинде өзүбүздүн ой-түшүнүгүбүзгө таянабызбы? Же Ыйык Китептеги кеңештерди колдонууга умтулабызбы?
15. Өз акылыбызга таянбай, эмне кылышыбыз керек?
15 Кудайдын руху бизге Ыйык Китепти баалап-барктоого түрткү берет. Ырас, биз Кудай Сөзүнө карата: «Сенин сөзүң — бутума шам, жолума жарык»,— деп айткан забурчунукундай көз караштабыз (Заб. 118:105). Ошондуктан акты-караны ажыратуу үчүн өз акылыбызга эмес, толугу менен Кудайдын Сөзүнө таянабыз. Биз Ыйык Китепти баалоого эле эмес, Кудайдын мыйзамын сүйүүгө да үйрөнөбүз (Заб. 118:97).
Исадан үлгү ал
16. «Машаяктын акылына» ээ болуу эмнени билдирет?
16 Кудайдын рухун алуу үчүн «Машаяктын акылына» ээ болууга умтулушубуз керек (1 Кор. 2:16). «Иса Машаяктыкындай ой жүгүртүүгө» ээ болуу үчүн анын кандай ой жүгүрткөнүн жана иш-аракет кылганын билип, аны туурашыбыз зарыл (Рим. 15:5; 1 Пет. 2:21). Анда мунун айрым жолдорун карап көрөлү.
17, 18. а) Исадан тиленүүгө байланыштуу эмнеге үйрөнөбүз? б) Эмне себептен сураганыбызды токтотпошубуз керек?
17 Кудайдын рухун сурап тилен. Иса сыноолорду башынан өткөргөнгө чейин Кудайдан ыйык руху аркылуу жардам көрсөтүшүн сурап тиленген (Лк. 22:40, 41). Биз да ошентишибиз керек. Жахаба ишеним менен сурагандардын баарына ыйык рухун берешендик менен берет (Лк. 11:13). Иса мындай деген: «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар; тыкылдатканыңарды токтотпогула, ошондо силерге эшик ачылат. Анткени ар бир сураган адам алат, издеген табат жана тыкылдатканга эшик ачылат» (Мт. 7:7, 8).
18 Жахабадан ыйык рух жана жардам сурап тиленгенде сураганыбызды бат эле токтотуп койбошубуз керек. Балким, кайра-кайра жана узагыраак тиленүүгө туура келеттир. Айрым учурларда Жахаба тиленүүбүзгө жооп берерден мурун ага канчалык бекем ишенерибизди жана сураган нерсебизге канчалык кызыкдар экенибизди көрсөтүүгө жол берет *.
19. Иса дайыма эмне кылган жана эмне үчүн аны туурашыбыз керек?
19 Жахабага толугу менен баш ий. Иса дайыма Атасына жакканды кылган. Ошентсе да, жок дегенде, бир жолу анын кандайча иш-аракет кылгысы келгени Атасынын каалоосунан айырмаланган. Анткен менен ал Атасына ишенимдүүлүк менен: «Мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун»,— деген (Лк. 22:42). Андыктан: «Оңой болбогон учурда да Кудайга баш иемби?» — деп ойлонуп көр. Кудайдын тилин алуудан өмүрүбүз көз каранды. Жахаба бизди жараткан, өмүр берген жана өмүр сүрүшүбүзгө шарт түзгөн Кудай болгондуктан, ага эч шарт койбой толук баш ийүүгө тийишпиз (Заб. 94:6, 7). Баш ийүүнү башка эч нерсе менен алмаштырууга же анын ордун толтурууга болбойт. Ансыз биз Кудайдын жактыруусуна ээ боло албайбыз.
20. Исанын жашоосунун маңызын эмне түзгөн жана аны кантип туурасак болот?
20 Ыйык Китепти жакшы бил. Шайтан Исанын ишенимине сокку урганда, Иса Жазмадан шилтеме кылуу менен анын соккуларынын мизин майтарган (Лк. 4:1—13). Диний каршылаштарына каршы турганда да ал Кудайдын Сөзүн бедел туткан (Мт. 15:3—6). Ырас, Кудайдын мыйзамын билип, аны аткаруу Исанын жашоосунун маңызын түзгөн (Мт. 5:17). Биз да акылыбызды Кудайдын Сөзүндөгү ишенимди бекемдээрлик ойлор менен толтургубуз келет (Флп. 4:8, 9). Өздүк жана үй-бүлөлүк изилдөөгө убакыт табуу айрымдарыбыз үчүн оңойго турбашы мүмкүн. Бирок, балким, ага убакыт табышыбыз эмес, убакытты башка иштердин эсебинен алышыбыз керектир (Эф. 5:15—17).
21. Кудайдын Сөзүн жакшыраак билип, аны иш жүзүндө колдонуу үчүн кайсы чараны колдонсок болот?
21 «Ишенимдүү жана акылдуу кул» жума сайын өздүк жана үй-бүлөлүк изилдөөгө жетиштүү убакыт бөлө алышыбыз үчүн үй-бүлө менен сыйынуу кечин караштырып берген (Мт. 24:45). Ошол чараны акылдуулук менен колдонуп жатасыңбы? Машаяктын акылына ээ болуу үчүн изилдөө программаңа изилдеп жаткан темага байланыштуу Исанын окуткандары жөнүндөгү материалдарды киргизип турууга эмне үчүн болбосун? Изилдегиң келген маалыматты табуу үчүн «Күзөт мунарасы коомунун адабияттар индексин» колдонсоң болот. Мисалы, 2008—2010-жылдар аралыгында ушул журналдын жалпыга арналган санында «Иса эмнеге окуткан?» (мурун «Ыйсадан эмнеге үйрөнсөк болот?») деген темада бир нече макала чыккан. Мүмкүн, ал макалаларды изилдөөдө колдонууну каалайттырсың. Мындан тышкары, 2006-жылдан тартып «Ойгонгула!» журналына «Эмне деп жооп берет элеңер?» деген рубрика чыгып келген. Бул викторина Кудайдын Сөзүн көбүрөөк жана тереңирээк билүүгө жардам берүү максатында чыгарылган. Балким, мезгил-мезгили менен ушу сыяктуу рубрикаларды үй-бүлөлүк сыйынуу программаңарга кошуп турсаңар болоттур.
Дүйнөнү жеңе алабыз!
22, 23. Дүйнөнү жеңүү үчүн эмне кылышыбыз керек?
22 Кудайдын рухуна жетектелүү үчүн дүйнөнүн рухуна каршы турушубуз керек. Албетте, бул жеңил-желпи иш эмес. Ал үчүн талыкпай күрөшүүгө туура келиши мүмкүн (Жүй. 3). Бирок биз жеңишке жете алабыз! Анткени Иса шакирттерине: «Дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим»,— деген (Жкн. 16:33).
23 Биз да дүйнөнү анын рухуна каршы туруп, Кудайдын рухун алуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылуу менен жеңе алабыз. Чынында эле, «Кудай биз тарапта болсо, бизге ким каршы тура алат?» (Рим. 8:31). Эгер Кудайдын рухун алып, ал рухтун Ыйык Китеп аркылуу берилген жетекчилигине баш ие берсек, канааттанууга, тынчтыкка, бакытка жана босогодо турган жаңы дүйнөдө түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз.
[Шилтеме]
^ 18-абз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 170—173-беттерин карагыла.
Эсиңердеби?
• Дүйнөнүн руху эмне үчүн кеңири кулач жайган?
• Өзүбүзгө кайсы төрт суроону берип көрүшүбүз керек?
• Кудайдын рухун алууга байланыштуу Исадан кайсы үч нерсеге үйрөнөбүз?
[Изилдөө суроолору]
[8-беттеги сүрөт]
Айрым периштелер кантип жин-пери болуп калышкан?
[10-беттеги сүрөт]
Шайтан адамдарды башкаруу үчүн дүйнөнүн рухун колдонот, бирок биз анын таасиринен чыга алабыз