Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, Жахабага толук таян

Дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, Жахабага толук таян

Дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, Жахабага толук таян

«Ар дайым Жахабага таянгыла» (ЫШ. 26:4, «ЖД»).

1. Кудайдын кызматчылары менен дүйнөдөгү адамдардын ортосунда кандай айырма бар?

БИЗ жашап жаткан дүйнөдө миллиондогондордун, балким, көп ирет азап чеккендиктен же көңүлү калгандыктан кимге же эмнеге таянарын билбей айласы кетип турат. Жахабанын кызматчылары алардан кандай гана айырмаланат! Кудайдын акылмандыгына жетектелгендиктен алар бул дүйнөгө жана анын «төрөлөрүнө» таянууга караганда кимге таянуу артык экенин түшүнүшөт (Заб. 145:3). Алар өмүрүн жана келечегин Жахабанын колуна тапшырышат, анткени анын аларды жакшы көрөрүн жана өзүнүн Сөзүн дайыма аткарарын билишет (Рим. 3:4; 8:38, 39).

2. Жашыя Кудайга толугу менен ишенсе болорун ырастап эмне деген?

2 Байыркы убакта жашаган Жашыя Кудайга толугу менен ишенсе болорун ырастаган. Ичер суусу, көрөр күнү түгөнөрдө ал ысрайылдыктарга: «Силер жөнүндө Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да аткарылбай калбаганын бүт жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен таанып билгиле, бардыгы силер үчүн жүзөгө ашты»,— деген (Жаш. 23:14).

3. Кудайдын ысмынан ал жөнүндө эмнени билүүгө болот?

3 Жахаба өз убадаларын кызматчыларын сүйгөндүктөн эле эмес, эң негизгиси, өз ысмы үчүн аткарат (Чыг. 3:14; 1 Шем. 12:22). Жозеф Брайант Ротергамдын «Баса белгиленген Ыйык Китеп» деген котормосунун кириш сөзүндө Кудайдын ысмынын мааниси өзүнүн ой-ниетин аткаруу үчүн ага ким болуу керек болсо, ошол боло аларын билдирери жазылган. Ошондой эле ал белгилегендей, ал ысым Кудайдын өз сөзүн дайыма аткарарын эсибизге салат, качан же каерде болбосун, каалаган нерсесин кыла аларын, анын колунан келбеген эч нерсе жок экенин жана ар дайым ысмынын маанисине жараша иш кыларын көрсөтөт.

4. а) Ышайа 26:4 бизди эмнеге үндөйт? б) Бул макалада эмнелер талкууланат?

4 Өзүңө: «Жахабаны ага толугу менен таянгыдай жакшы билемби? Бардыгы Кудайдын көзөмөлүндө экенин билип, келечекке ишенимдүү караймбы?» — деген суроолорду берип көр. Ышайа 26:4тө («ЖД»): «Ар дайым Жахабага таянгыла, анткени Жах Жахаба — түбөлүк Аска»,— делет. Ооба, Кудай бүгүнкү күндө байыркы убактагыдай адамдардын жашоосуна кереметтүү түрдө кийлигишпейт дечи. Анткен менен ал «түбөлүк Аска» болгондуктан, аны «ар дайым» медер кылсак болот. Таянууга татыктуу Кудайыбыз ишенимдүү кызматчыларына кантип колдоо көрсөтөт? Келгиле, мунун үч жолун карап чыгалы: ал бизди, азгырыкка каршы туруу үчүн андан жардам издегенибизде, бекемдейт; кош көңүлдүккө же каршылыкка туш болгонубузда, колдойт; тынчсыздануулар алдан-күчтөн тайдырганда, бизге тирек болот. Ушуларга токтолгонубузда, Жахабага болгон ишенимиңди кантип бекемдесең болору жөнүндө ой жүгүртүп көр.

Жаман иш кылууга азгырылганда Кудайга таян

5. Кудайга канчалык таянарыбыз качан көбүрөөк сыналышы мүмкүн?

5 Жахабанын биз чыдамсыздык менен күтүп жаткан Бейиш заманы же тирилүүгө байланыштуу убадаларына ишенип, ага таянуу кыйын болбошу мүмкүн. Ал эми анын адеп-ахлактык нормаларына карманууда ага таянуу, башкача айтканда, анын жолдоруна, нормаларына ылайык жашоонун туура экенине жана мунун зор бакыт тартуулаарына бүт жүрөгүбүз менен ишенүү оңойго турбашы ыктымал. Сулайман падыша: «Чын жүрөгүң менен Теңирге таян; өз акылыңа медер кылба. Бүт өмүр жолдоруңда Кудайыңды тааны, Ал ошондо жолуңа багыт ачат»,— деп айткан (Накыл 3:5, 6, «Мукаддас»). Бул жерде «өмүр жолдорубуз» жөнүндө сөз жүргөнүнө көңүл бурсаң. Ооба, Кудайга таянарыбызды анын кызматчылары катары ээ болгон үмүтүбүз эле эмес, бүт өмүр жолубуз көрсөтүп турушу керек. Анда азгырыктарга кабылганда ага таянарыбызды кантип көрсөтсөк болот?

6. Жаман ойлорду чечкиндүүлүк менен четке кагууга эмне жардам берет?

6 Жамандыктан качуу үчүн алгач аны акыл-оюбузда четке кагышыбыз керек (Оку: Римдиктер 8:5; Эфестиктер 2:3). Анда жаман ойлорду чечкиндүүлүк менен четке кагууга эмне жардам берет? Мунун беш жолун карап көрөлү: 1. Тиленүү аркылуу Кудайдан жардам сура (Мт. 6:9, 13). 2. Жахабаны уккан жана укпаган адамдар жөнүндөгү ыйык китептик мисалдар тууралуу ой жүгүрт. Анан алардын иш-аракетинин натыйжасы кандай болгонуна көңүл бур * (1 Кор. 10:8—11). 3. Күнөө кылганың өзүңдү жана сүйүктүү адамдарыңды канчалык санаа тарттырары, канчалык капалантары жөнүндө ойлон. 4. Кызматчысы олуттуу күнөө кетиргенде, Кудайдын кандай сезимде болорун ойло (Оку: Забур 77:40, 41 *). 5. Ишенимдүү кызматчысынын эл алдында болобу же эч ким жоктобу, жамандыкты четке кагып, туура иш кылганын көргөндө Жахабанын жүрөгү кандай кубанарын элестет (Заб. 14:1, 2; Накыл 27:11). Ошентсең, Жахабага таянарыңды көрсөтөсүң.

Кош көңүлдүккө жана каршылыкка туш болгондо Кудайга таян

7. Жеремия кандай сыноого дуушар болгон жана кээде кандай сезимде болгон?

7 Көптөгөн бир туугандарыбыз туруктуулукту сактоо өзгөчө кыйын болгон жерлерде кызмат кылышат. Жеремия пайгамбар ошондой жагдайда — Жүйүт падышалыгынын кымгууттуу акыркы күндөрүндө — кызмат кылган. Кудайдын сот өкүмдөрүн тил алчаактык менен жарыялаганы үчүн анын ишеними күнүгө сыналган. Бир жолу атүгүл анын ишенимдүү катчысы Барух тажаганын, чарчаганын айтып наалыган (Жер. 45:2, 3). Ушулардан улам Жеремия көңүл чөгөттүккө моюн сунуп берди беле? Ырас, кээде анын көңүлү чөккөнү чын. «Мен төрөлгөн күнгө каргыш!.. Мен эмне үчүн энемдин ичинен чыктым экен? Кыйынчылык, кайгы көрүш үчүнбү? Менин өмүрүм шылдың менен өтүшү үчүнбү?» — деп сыздаган ал (Жер. 20:14, 15, 18).

8, 9. Жеремия 17:7, 8 жана Забур 1:1—3-аяттарга ылайык, дайыма жемиш беришибиз үчүн эмне кылышыбыз керек?

8 Бирок Жеремия багынган эмес. Ал Жахабага таяна берген. Натыйжада ал ишенимдүү пайгамбар Жахабанын Жеремия 17:7, 8-аяттарда жазылган төмөнкү сөздөрүнүн калетсиздигине өз тажрыйбасынан ынанган: «Теңирден үмүттөнгөн, Теңирге таянган адам баталуу. Анткени ал адам суу боюна тигилген, тамырын суу түбүнө жайган дарактай болот. Ал аптапты сезбейт. Анын жалбырактары жашыл бойдон турат, ал кургакчылык убагында да коркпойт, мөмө берүүсүн токтотпойт».

9 Жеремия, «суу боюндагы» же жакшы сугарылган жемиш багындагы барпайган мөмөлүү дарак сыяктуу, дайыма «мөмө берген». Ал тегерегиндеги ыймансыз шылдыңчылдардын таасирине алдырган эмес. Тескерисинче, өмүр берүүчү «суунун» Булагы Жахабага ынак болуп, анын ар бир сөзүн жүрөгүнө түйгөн (Оку: Забур 1:1—3; Жер. 20:9). Жеремия бизге, өзгөчө, адамдар жакшы кабарга кош көңүл караган аймактарда кызмат кылгандарга кандай сонун үлгү калтырган! Эгер сенин да жагдайың ошондой болсо, «анын ысмын жарыялаганыңда» сага туруктуулук бере турган Жахабага бүт жүрөгүң менен таяна бер (Эвр. 13:15).

10. Биз кандай баталарга ээбиз жана өзүбүзгө кандай суроо берип көрүшүбүз керек?

10 Жахаба бизге азыркы акыркы күндөрдө жашоодогу кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн чүйгүн тамакка толгон рухий дасторкон жаюуда. Башка нерселерден тышкары, ал бизге барган сайын көп тилге так которулуп жаткан толук Ыйык Китепти, өзүнүн Сөзүн, берген. Ошондой эле ишенимдүү жана акылдуу кул тобу аркылуу өз убагында мол рухий тамак менен камсыз кылууда. Мындан сырткары, ал жыйналыштардан жана жыйындардан бизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло турган досторду таап берүүдө. Бул чараларды толук пайдаланып жатасыңбы? Толук пайдалангандардын баары «жүрөктөрүнүн кубанганынан ырдашат». Ал эми Кудайдын тилин албагандар жүрөгүндөгү «кайгысынан кыйкырышат», рухунун «кыйналганынан боздоп ыйлашат» (Ыш. 65:13, 14).

Тынчсыздануулар менен күрөшкөндө Кудайга таян

11, 12. Дүйнөдөгү көйгөйлөрдү эске алганда, эмне кылуу чыныгы акылмандыкка жатат?

11 Алдын ала пайгамбарлык кылынгандай, кайгы-касырет адамзатты кара селдей каптады (Мт. 24:6—8; Аян 12:12). Адатта, сел каптап кирсе, дароо эле бийик жерге чуркайбыз же кайсы бир имараттын чатырына чыгабыз, айтор, жогору турган жерге шашабыз. Ошол сыяктуу эле, дүйнөдөгү көйгөйлөр кеңири кулач жайган сайын, миллиондогон адамдар бийик жерде тургандай сезилген каржы, саясий же диний уюмдардан, ошондой эле илим менен технологиядан баш маанек издешет. Бирок алардын бири да коопсуз жай болуп бере албайт (Жер. 17:5, 6). Ал эми Жахабанын кызматчыларынын бекем баш калкалоочу жайы — «түбөлүк Аскасы» — бар (Ыш. 26:4, «ЖД»). Жахаба Кудай жөнүндө забурчу: «Ал менин чебим [«аскам», «ЖД»], куткаруучум, тирегим»,— деген (Оку: Забур 61:7—10). Биз канткенде ал Аскадан коргонуч таба алабыз?

12 Ал үчүн биз көп учурда пенделик акылмандыкка карама-каршы келген Жахабанын Сөзүнө кармануу менен ага жармашышыбыз зарыл (Заб. 72:23, 24). Мисалы, пенделик акылмандыкка жетектелген адамдар мындай сөздөрдү айтышы мүмкүн: «жашоо бир келет; аны толук пайдаланып кал», «жакшы жумушта иштеп, бутуңа туруп ал», «көп акча тап», «муну ал, тигини ал», «саякатта, дүйнөнүн ыракатын көр». Ал эми Кудайдын акылмандыгы: «Дүйнөнү пайдалангандар аны толук пайдаланбагандардай болушсун, анткени бул дүйнөнүн көшөгөсү алмашууда»,— деген кеңешке шайкеш келет (1 Кор. 7:31). Иса да бизди Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюуга, ошентүү менен байлыкты толук коопсуз жайга — асманга — топтоого үндөгөн (Мт. 6:19, 20).

13. 1 Жакан 2:15—17-аяттарды эске алып, өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрүшүбүз керек?

13 «Дүйнөгө» жана «дүйнөдөгү нерселерге» болгон көз карашың Кудайга толугу менен таянарыңды айгинелеп турабы? (1 Жкн. 2:15—17). Рухий байлыктарды жана Жахабага кызмат кылуудагы артыкчылыктарды дүйнө сунуштаган нерселерге караганда көбүрөөк баалап, көбүрөөк маанилүү деп эсептейсиңби? (Флп. 3:8). Көзүңдү «бир эле нерсеге багыттоого» умтулуп жатасыңбы? (Мт. 6:22). Албетте, Кудай сенин, өзгөчө, үй-бүлөңдү багышың керек болсо, жеңил ойлуу же жоопкерчиликсиз болушуңду каалабайт (1 Тим. 5:8). Бирок ал кызматчыларынын Шайтандын күнү бүтүп бараткан дүйнөсүнө эмес, толугу менен ага таянышын күтөт (Эвр. 13:5).

14—16. Айрымдар көзүн бир нерсеге багыттоодон жана Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюудан кандай пайда алууда?

14 Үч баланын ата-энеси Ричард менен Руттун мисалын карап көрөлү. «Жүрөгүм Жахабага көбүрөөк кызмат кыла аларымды айтып турчу,— дейт Ричард.— Эч нерседен кем болбой жашасам да, Кудайга, мындайча айтканда, өзүмдөн артканды эле берип жатканымды түшүнчүмүн. Рут экөөбүз бул жөнүндө тиленип, чыгымдарыбызды эсептеп чыккандан кийин, өлкөбүздү экономикалык каатчылык алка-жакадан алып турса да, жетекчимден жумуш убактысын кыскартып, мага жумасына төрт эле күн иштөөгө уруксат беришин суранарамды чечтик. Суранычым орундалып, бир айдын ичинде эле жаңы график менен иштей баштадым». Азыр Ричард кандай ойдо?

15 «Эмгек акым мурдагыга караганда 20 пайызга аз болсо да,— дейт ал,— азыр үй-бүлөм менен болууга жана балдарымды тарбиялоого жылына кошумча 50 күн арнай алам. Кабар айтуу кызматына эки эсе көп катышып калдым, ыйык китептик изилдөөлөрүмдүн саны үч эсе өстү жана жыйналышта көбүрөөк жоопкерчиликтерге ээ боло баштадым. Балдарга каралашууга көбүрөөк мүмкүнчүлүгүм болгондуктан, Рут мезгил-мезгили менен көмөкчү пионер болуп кызмат кылып турат. Мен ушул графикке мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт карманууга чечкиндүүмүн».

16 Кызы өздөрү менен жашаган Рой менен Петина кызматка толук убакыт катышуу үчүн жумушун кыскартышкан. «Мен жумасына үч күн иштейм, ал эми Петина эки күн иштейт,— дейт Рой.— Ошондой эле биз жер үйдөн күтүүгө алда канча оңоюраак болгон батирге көчүп бардык. Уулдуу жана кыздуу боло электе биз пионер болуп кызмат кылчубуз жана пионердик кызматты аркалоого болгон каалообузду эч качан жоготкон эмеспиз. Ошондуктан, балдарыбыз бой жеткенде, кайрадан толук убакыттагы кызматка кириштик. Чынында, алган баталарыбызга эч кандай акча тең келбейт».

«Кудайдын... тынчтыгы» жүрөгүңдү сактасын

17. Эртең эмне болору белгисиз болсо да, Ыйык Жазма сени кандайча жубатат?

17 Эртең эмне болорун эч кимибиз билбейбиз, себеби баарыбыз эле «күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылышыбыз» мүмкүн (Нас. 9:11, «ЖД»). Бирок эртеңки күндүн кандай болорун билбегендиктен эле, Кудай менен ынак мамиледе болуудан келүүчү коопсуздукту сезбеген адамдардай болуп, убайым тартпашыбыз керек (Мт. 6:34). Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Эч нерсеге тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү жана жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды... сактайт» (Флп. 4:6, 7).

18, 19. Кудай бизди кандай жолдор менен жубатат? Мисал келтир.

18 Көптөгөн бир туугандарыбыз оор кыйынчылыктарга кабылганда Жахаба ээ кылган жан дүйнө тынчтыгын сезип келишет. Бир ишенимдеш эжебиз мындай дейт: «Хирург мени кайра-кайра коркутуп, кан куйдурууга көндүрүүгө аракет кылды. „Кан куйдурбайм деген эмне деген акылсыздык?“ — деген сөздөр анын биринчи эле „учурашканы“ болду. Ошол жана башка учурларда мен ичимен Жахабага тиленип жаттым жана ошондо анын тынчтыгына ээ болуп, өзүмдү аскар тоодой сездим. Канымдын аздыгынан алсырап турсам да, Ыйык Жазманын негизинде көз карашымды ачык-айкын түшүндүрүп бере алдым».

19 Кээде Кудай биз муктаж болгондо жароокер ишенимдешибиз же өз убагында берилген рухий тамак аркылуу жардам көрсөтөт. Балким, сен кайсы бир ишенимдешиңдин: «Бул макала так эле мен муктаж болгон макала экен. Ал мен үчүн жазылыптыр!» — дегенин уккандырсың. Ооба, жагдай-шартыбыз жана муктаждыктарыбыз кандай болбосун, эгер Жахабага таянсак, ал бизге сүйүүсүн көрсөтөт. Анткени биз анын «койлорубуз» жана анын ысмы менен аталабыз (Заб. 99:3; Жкн. 10:16; Элч. 15:14, 17).

20. Шайтандын дүйнөсү бүтүп баратса да, Жахабанын кызматчылары эмне себептен коопсуз жашашат?

20 «Теңирдин каары төгүлгөн күн» тездик менен жакындап келатат. Ал күнү Шайтандын дүйнөсү медер туткан бардык нерсенин бырын-чырыны чыгат. Алтын, күмүш жана башка баалуу нерселер эч кандай коопсуздук бере албайт (Сеп. 1:18; Накыл 11:4). Ошондо «түбөлүк Аскабыз» жападан жалгыз таяныч болот (Ыш. 26:4, «ЖД»). Эмесе, тил алчаактык көрсөтүп, Жахабанын адил жолдору менен жүрүп, кош көңүлдүккө жана каршылыктарга карабай Падышалык жөнүндө кабар айтып жана бардык тынчсызданууларыбызды ага артып, ага толугу менен таянарыбызды көрсөтө берели. Ошентсек, «жамандыктан коркпой, коопсуз, бейкапар жашайбыз» (Накыл 1:33).

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Забур 77:40, 41 («ЖД» [78:40, 41]): «Алар чөлдө ага каршы канча жолу козголоң чыгарышкан, ээн талаада канча жолу көңүлүн оорутушкан! Кудайды кайра-кайра сынашкан, Ысрайылдын Ыйыгын кейитишкен».

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Жаман иш кылууга азгырылганда...

• Кош көңүлдүккө же каршылыкка туш болгондо...

• Тынчсыздануулар менен күрөшкөндө...

Кудайга таянарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Кудайдын нормаларына кармануу бакыт тартуулайт

[15-беттеги сүрөт]

«Жахаба — түбөлүк Аскабыз»