«Кубанычтуу кабардын күнүндө» эч нерсеге алаксыбайлы
«Кубанычтуу кабардын күнүндө» эч нерсеге алаксыбайлы
ПЕС оорулуу төрт киши эмне кылсак деп ойлонушат. Шаардын дарбазасынын кире беришинде аларга кайыр берген эч ким жок. Сириялыктар Самарияны курчап алышкан. Шаарда ачарчылык күч алып, тамак-аштын баасы асмандап кеткен. Атүгүл элдер ачкадан балдарынын этин жей башташкан (2 Пад. 6:24—29).
Пес оорулуу төрт киши өлсөк өлөрбүз, андан көрө «сириялыктардын кошуунуна барганыбыз жакшы» деп ойлошот. Анан алар түн жамынып, ошол тарапка жөнөшөт. Кошуунга келишсе, эч ким жок. Айлана жымжырт. Кайтарган күзөтчүлөрдөн дайын жок. Аттар, эшектер байланган жеринде калып, бир да жан жок. Чатырлары аңгырап ээн калган. Тамак-аш жайнайт. Тиги төртөө каалашынча ичип-жеп жыргашат. Ошондой эле алтын, күмүш, кийим-кечек жана башка баалуу буюмдарды табышат. Алардан алышынча алып, барып катып келишет да, дагы алганы кайтып келишет. Ооба, сириялыктардын кошууну бопбош калыптыр. Жахабанын кийлигишүүсү менен сириялыктарга көптөгөн жоокерлердин аларды көздөй келе жаткандагыдай үндөрү угулат. Ошондо алар калың кол келе жатат деген ойдо баарын таштап, жөө-жалаң качып кетишет.
Пес оорулуу төртөө сириялыктардын баалуу буюмдарынан болушунча алып, катып коюшат. Бир маалда ачарчылыктан кырылып жаткан шаардагы элди эстеп, абийирлери кыйнай баштайт. Анан бири бирине: «Биз туура эмес кылып жатабыз. Бул күн — кубанычтуу кабардын күнү»,— дешет. Алар ошол замат Самарияга барып, сириялыктардын кошууну бош калганын сүйүнчүлөшөт (2 Пад. 7:1—11).
Биз жашап жаткан азыркы маалды да «кубанычтуу кабардын күнү» деп айтышка болот. «Бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканынын» белгилерин айтып жатып Иса: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деген (Мт. 24:3, 14). Бул бизге кандай таасир этиши керек?
Жеке кызыкчылыктар алаксытышы мүмкүн
Пес оорулуу кишилер кубанганынан Самариядагы элди унутуп коюшкан. Алар бир нерсеге ээ болуудан башка эч нерсени ойлобой калышкан. Биз да алардай болуп калышыбыз мүмкүнбү? «Ачарчылык» дүйнө түзүлүшүнүн акырын билдирген белгилердин бири болуп саналат (Лк. 21:7, 11). Иса шакирттерине: «Өзүңөргө сак болгула: жүрөгүңөрдү ашыра тоюу, мас болуу жана турмуш түйшүктөрү ээлеп албасын»,— деп эскерткен (Лк. 21:34). Биз, Исанын жолдоочулары, жеке кызыкчылыктарыбызга алаксып, «кубанычтуу кабардын күнүндө» жашап жатканыбызды унутуп калбайлы.
Блессиң аттуу ишенимдешибиз жеке кызыкчылыктарына алаксыган эмес. Ал мугалимдин окуусун окуп, ошол эле учурда пионер болуп кызмат кылган. Кийин бейтелдик бир тууганга турмушка чыгат. Азыр жолдошу экөө Бениндеги Бейтелде кызмат кылышат. Блессиң мындай дейт: «Мен үй жыйнайм. Кылган ишим мага абдан жагат». Ал 12 жыл толук убакытта кызмат кылганы тууралуу ой жүгүртүп, биз азыр жашап жаткан «кубанычтуу кабардын күнүн» эсинен чыгарбай келгенине кубанат.
Убакытты алып, алаксыта турган нерселерден кач
Иса 70 шакиртин кабар айтууга жиберип жатып: «Түшүм, чынында эле, көп, ал эми жумушчулар аз. Ошондуктан оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла»,— деген (Лк. 10:2). Түшүмдү өз убагында жыйнабаса, бардык эмгек текке кетет. Анын сыңарындай, кабар айтуу ишине өз убагында катышып калбасак, көптөгөн адамдар өмүрүнөн ажырап калышы ыктымал. Ошондуктан Иса шакирттерине андан ары: «Жолдон эч ким менен кучакташып учурашпагыла»,— деген (Лк. 10:4). «Учурашуу» деген сөз түп нускада «салам» же «кандайсың» деп коюуну эле билдирбейт. Ал бири-бирин жолуктурган эки достун кучакташып учурашканын жана узак убакытка сүйлөшкөнүн билдирет. Иса бул сөздөрү менен шакирттерин убакытты текке кетирбей, туура пайдаланууга чакырган. Алар айтышы керек болгон кабар шашылыш болчу.
Маанилүү иштерден алаксыткан нерселер канча убактыбызды алып жатканы тууралуу ойлонуп көрөлү. Көптөгөн өлкөлөрдө элдин басымдуу бөлүгү убактысын телевизор көрүүгө кетиришет. Ал эми чөнтөк телефон менен сүйлөшүүгө же компютерде отурууга канча убакыт кетип жатат? Улуу Британияда 1 000 киши сурамжылоого катышкан. Жыйынтыгында «ар бир британиялык күнүнө орто эсеп менен 88 мүнөт үй телефону менен сүйлөшүүгө, 62 мүнөт чөнтөк телефон менен сүйлөшүүгө, 53 мүнөт электрондук почта аркылуу кат жазууга, ал эми 22 мүнөт SMS жазууга кетирери» айкын болгон. Ошолорго корогон убакытты эсептегенде, алар бир күндүн ичинде көмөкчү пионердин бир күндүк нормасынан эки эсе көп убакытты сарп кылышат. А сен сүйлөшүүгө канча убакыт кетиресиң?
Эрнст менен Хилдегард Селигерлер баш-аягы 40 жылдан ашуун убакыт концлагерлерде жана түрмөлөрдө өткөрүшсө да, убактысын туура пайдаланышкан. Ал эми түрмөдөн бошонушкандан кийин жердеги өмүрүнүн акырына чейин пионер болуп кызмат кылышкан.
Көптөр Селигерлер менен кат алышып турууну абдан каалашкан. Эрнст менен Хилдегард бир туугандар убактысын келген каттарды окуп жана аларга жооп жазуу менен өткөрүшсө болмок. Бирок алардын жашоосунда Жахабага кызмат кылуу биринчи орунда турган.
Албетте, баарыбыз эле жакын адамдарыбыз менен сүйлөшүп тургубуз келет жана мунун эч кандай жаман жери жок. Ошондой эле жашообузду кызыктуу кыла турган иштер менен алек болуу да пайдалуу. Ошентсе да акылдуулук көрсөтүп, жакшы кабар айтуу күнүндө алаксыта турган иштердин убактыбызды алышына жол бербейли.
Жакшы кабарды кылдаттык менен күбөлөндүрөлү
«Кубанычтуу кабардын күнүндө» жашап жатканыбыздын өзү эле чоң бата эмеспи?! Андыктан жогоруда кеп кылынган пес оорулуу төрт кишиге окшошуп калбайлы. Башында алар ачка жаткан элди унутуп, өзүлөрүн гана ойлошкон. Бирок кийин алар «туура эмес кылып жатышканын» түшүнүшкөн. Ошол сымал, азыр кызматка толук катышпай, жеке кызыкчылыктарыбызды көздөп, убактыбызды башка нерселерге коротсок, туура эмес кылган болуп калар элек.
Элчи Пабыл бул жагынан бизге эң сонун үлгү калтырган. Ал 20 жылдык кызматы жөнүндө ой жүгүртүп: «Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарды кылдат жарыялап жүрдүм»,— деп жазган (Рим. 15:19). Пабыл кызмат кылууга болгон ынтасынын сууп калышына эч качан жол берген эмес. Келгиле, биз да «кубанычтуу кабардын күнүндө», элчи Пабылдай болуп, Падышалык жөнүндөгү кабарды ынталуулук менен айта берели.
[28-беттеги сүрөт]
Блессиң жеке кызыкчылыктарына берилип, толук убакыттагы кызматын токтотуп койгон эмес
[29-беттеги сүрөт]
Селигерлер убактысын акылдуулук менен колдонушкан