Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакшылык кылууну уланта бергиле

Жакшылык кылууну уланта бергиле

Жакшылык кылууну уланта бергиле

«Жакшылык кылганыңарды токтотпогула» (ЛК. 6:35, «ЖД»).

1, 2. Башкаларга жакшылык кылуу эмне үчүн көп учурда оңойго турбайт?

БАШКАЛАРГА жакшылык кылуу дайыма эле оңойго тура бербейт. Анткени биз сүйүү көрсөткөн кишилер бизге андай жооп кайтарбашы мүмкүн. Адамдардын рухий жыргалчылыгын көздөп, «бактылуу Кудайдын» жана анын Уулунун «даңктуу жакшы кабары» менен бөлүшүүгө аракет кылсак да, алар буга кошкөңүл карашы же ыраазы болбошу ыктымал (1 Тим. 1:11, «ЖД»). Башкалар болсо Ыйсанын бизди күнөөдөн жана өлүмдөн куткаруу үчүн өлгөнүнө ишенгиси келбей, аны кескин түрдө четке кагышы этимал (Флп. 3:18). Ыйсанын жолдоочулары катары биз аларга кандай мамиле кылышыбыз керек?

2 Ыйса Машайак өз шакирттерин: «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү, жакшылык кылганыңарды токтотпогула»,— деп чакырган (Лк. 6:35, «ЖД»). Келгиле анда, анын бул чакырыгын тереңирээк карап чыгалы. Ошондой эле башкаларга жакшылык кылууга дагы эмнелер кирерине көңүл буралы.

«Душманыңарды сүйгүлө»

3. а) Ыйсанын Матай 5:43—45теги айткандарын өз сөзүң менен айтып бер. б) Биринчи кылымдагы диний жетекчилердин арасында жүйүттөргө жана жүйүт эместерге карата кандай көзкараш калыптанган?

3 Ыйса Тоодогу насаатында угуучуларын душмандарын сүйүүгө жана куугунтуктагандар үчүн тиленүүгө чакырган (Оку: Матай 5:43—45). Анын бул сөздөрүн угуп жаткан жүйүттөр Кудайдын: «Өз элиңдин уулдарына жамандык ойлобо, кек сактаба, тескерисинче, өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй»,— деген мыйзамын жакшы билишкен (Леб. 19:18). Бирок биринчи кылымдагы жүйүт диний жетекчилери «өз элиңдин уулдары» жана «жакының» деген сөздөр жүйүттөргө гана тиешелүү деп эсептешкен. Мусанын мыйзамы боюнча, ысрайылдыктар башка элдерден оолак болушу керек эле, бирок убакыттын өтүшү менен туура эмес көзкараш калыптанып, алар жүйүт эместердин баарын жек көрүндү душман катары карап калган.

4. Ыйсанын шакирттери душмандарына кандай мамиле кылышы керек эле?

4 Бирок Ыйса: «Душманыңарды сүйгүлө... куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла»,— деген (Мт. 5:44). Анын шакирттери душмандарынын баарына сүйүү менен мамиле кылышы керек эле. Луканын Инжилинде жазылгандай, Ыйса: «Мени угуп тургандар, силерге айтамын: душмандарыңарды сүйгүлө, силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла. Силерди каргагандарга батаңарды бергиле, силерди кордогондор үчүн сыйынгыла»,— деп айткан (Лк. 6:27, 28). Биз да, Ыйсанын айткандарына олуттуу караган биринчи кылымдагы жүйүттөргө окшоп, бизди «жек көргөндөрдүн» жаман мамилесине жакшы иштер менен жооп кайтаруу аркылуу аларга жакшылык кылган болобуз. Бизди каргагандарга болсо жылуу-жумшак сүйлөө менен «батабызды» беребиз. Ошондой эле зордук-зомбулук көрсөтүп, «куугунтуктагандар үчүн» же кандайдыр бир жол менен «кордогондор» үчүн тиленебиз. Мындай тиленүүлөр душмандарыбызды сүйөрүбүздү көрсөтөт, анткени биз Жахабадан куугунтуктоочулардын жүрөгү өзгөрүп, анын ырайымына ээ болуу үчүн иш-аракет кылышын суранабыз.

5, 6. Эмне үчүн душмандарыбызды сүйүшүбүз керек?

5 Эмне үчүн душмандарыбызды сүйүшүбүз керек? Ыйса: «Ошондо силер асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар»,— деп айткан (Мт. 5:45). Эгер биз ал кеңешке ылайык иш кылсак, «күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырган» Жахаба Кудайды туурап, анын «уулдары» болобуз. Луканын билдирүүсүндө Кудайдын «жакшылыкты билбегендерге да, кара ниеттерге да ырайым кылары» айтылат (Лк. 6:35).

6 Шакирттеринин душмандарды сүйүүнү уланта бериши канчалык маанилүү экенин баса белгилеп, Ыйса мындай деген: «Силерди жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, силерге кайдагы сыйлык? Салык жыйноочулар деле ошентишет эмеспи. Эгерде бир туугандарыңар менен гана саламдашсаңар, анда эмне өзгөчөлүгүңөр бар? Бутпарастар деле ошентишет эмеспи» (Мт. 5:46, 47). Эгер бизге жакшы мамиле кылгандарга гана сүйүү көрсөтсөк, Кудайдан эч кандай «сыйлык» ала албайбыз, башкача айтканда, анын жактыруусуна ээ боло албайбыз. Атүгүл адатта жек көрүндү болгон салык жыйноочулар да аларга жакшы мамиле кылгандарга сүйүү көрсөтүшкөн (Лк. 5:30; 7:34).

7. Биртуугандарыбыз менен гана саламдашсак, эмне үчүн эч кандай өзгөчөлүгүбүз болмок эмес?

7 Жүйүттөр бири-бири менен саламдашууда «тынчтык» деген сөздү колдонушчу (Лк. 10:5; Жкн. 20:19). Бул учурашып жаткан адамга денсоолук, жакшылык жана ийгилик каалоону билдирген. Эгерде биртуугандарыбыз менен гана саламдашсак, эч кандай «өзгөчөлүгүбүз» болмок эмес. Ыйса белгилегендей, буга окшогон нерсени «бутпарастар» деле кылышкан.

8. «Жеткилең болгула» деп айтуу менен Ыйса угуучуларын эмнеге үндөгөн?

8 Тукум кууп өткөн күнөөнүн айынан Ыйсанын жолдоочуларына кемчиликсиз, жеткилең болуу мүмкүн эмес (Рим. 5:12). Ошентсе да Ыйса сөзүн корутундулап: «Асмандагы Атаңар кандай жеткилең болсо, силер да ошондой жеткилең болгула»,— деген (Мт. 5:48). Бул сөздөр менен Ыйса угуучуларын «асмандагы Атасы» Жахабаны туурап, сүйүүдө жеткилең болууга, тактап айтканда, душмандарын сүйүү менен бул сапатты толук түрдө чагылдырууга үндөгөн. Бизден да ошондой кылуу күтүлөт.

Эмне үчүн кечиримдүү болуу керек?

9. Ыйсанын үлгүлүү тиленүүсүнөн көрүнгөндөй, жакшылык кыла берүүгө эмне кирет?

9 Жакшылык кылууну токтотпогонубузду бизге каршы күнөө кылгандарды даярдуулук менен кечирүү аркылуу да көрсөтөбүз. Анткени Ыйсанын үлгүлүү тиленүүсүндө: «Бизге жамандык кылгандарды кечиргенибиздей, Сен да биздин күнөөлөрүбүздү кечире көр»,— делет (Мт. 6:12).

10. Кечиримдүү болуу жагынан Кудайды кантип туурай алабыз?

10 Биз өкүнгөн күнөөкөрлөрдү айкөлдүк менен кечирген Кудайды туурашыбыз зарыл. Элчи Пабыл: «Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула. Кудай силерди Машайак аркылуу кечиргендей, бири-бириңерди кечиргиле»,— деп жазган (Эф. 4:32). Ал эми забурчу Дөөт мындай деп ырдаган: «Теңир кайрымдуу жана ырайымдуу, чыдамдуу жана абдан боорукер... Ал бизге мыйзамсыз иштерибизге жараша жасаган жок, бизди күнөөлөрүбүзгө жараша жазалаган жок... Чыгыш батыштан канчалык алыс болсо, Ал биздин мыйзамсыз иштерибизди бизден ошончолук алыстатты. Атасы балдарына ырайым кылгандай, Теңир Өзүнөн корккондорго ырайым кылат. Анткени Ал биздин түзүлүшүбүздү билет, биздин топурак экенибизди билет» (Заб. 102:8—14).

11. Кудай кимдерге кечирим кылат?

11 Адамдар аларга каршы күнөө кылгандарды кечиргенде гана Кудайдан кечирим ала алышат (Мр. 11:25). Бул ойду баса белгилеп, Ыйса мындай деп кошумчалаган: «Эгерде силер башкалардын күнөөлөрүн кечирсеңер, анда асмандагы Атаңар да силерди кечирет. Эгерде башкалардын күнөөлөрүн кечирбесеңер, анда Атаңар да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирбейт» (Мт. 6:14, 15). Ооба, Кудай башкаларды даярдуулук менен кечиргендерди гана кечирет. Жакшылык кылууну уланта берүүнүн бир жолу — Пабылдын: «Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да кечиргиле»,— деген кеңешин колдонуу (Кол. 3:13, «ЖД»).

«Айыптабагыла»

12 Ыйса башкаларды айыптоого байланыштуу кандай кеңеш берген?

12 Тоодогу насаатында Ыйса угуучуларын башкаларды айыптабоого чакырып, жакшылык кылуунун дагы бир жолун көрсөткөн. Анан муну күчтүү мисал менен баса белгилеген (Оку: Матай 7:1—5). Келгиле, «айыптабагыла» деген сөз менен Ыйса эмнени айткысы келгенин карап көрөлү.

13. Ыйсанын угуучулары эмне кылышы керек эле?

13 Матайдын Инжилинде Ыйсанын: «Айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар»,— деген сөздөрү келтирилет (Мт. 7:1). Ал эми Лука жазган Инжилде Ыйсанын сөздөрү мындайча берилген: «Айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар. Соттобогула, ошондо өзүңөр да соттолбойсуңар. Кечиргиле, ошондо силер да кечирилесиңер» (Лк. 6:37). Биринчи кылымдагы фарисейлер Ыйык Китепке негизделбеген ырым-жырымдарды сактоодо башкаларды кескин түрдө айыпташчу. Ыйсанын угуучуларынын арасынан ошондой кылгандардын кимиси болбосун, мындан ары башкаларды айыптабашы керек болчу. Тескерисинче, башкалардын каталарын «кечирүүгө» тийиш эле. Жогорку абзацтарда айтылып өткөндөй, элчи Пабыл кечиримдүү болууга байланыштуу ушу сыяктуу кеңеш берген.

14. Кечиримдүү болуу менен Ыйсанын шакирттери башкаларга эмне кылууга түрткү беришмек?

14 Ыйсанын шакирттери өздөрү кечиримдүү болушса, башкалар да аларга ошондой мамиле кылууга түрткү алышмак. «Кандай айыптасаңар, силер да ошондой айыпталынасыңар,— деген Ыйса.— Кандай өлчөм менен өлчөсөңөр, силерге да ошондой өлчөм менен өлчөнөт» (Мт. 7:2). Демек, башкалар менен мамилелешүүдө эмнени сепсек, ошону оруп алабыз (Гал. 6:7).

15. Ыйса сынчыл болуу туура эмес экенин кандайча көрсөткөн?

15 Сынчыл болуу канчалык туура эмес экенин көрсөткөн Ыйсанын бул сөздөрүн эстесең: «Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды көрөсүң? Өз көзүңдө дөңгөч турса, бир тууганыңа: „Кел, көзүңдөгү кыпынды алып салайын“,— деп, кантип айтасың?» (Мт. 7:3, 4). Башкаларды сындаганга жакын киши биртууганынын «көзүндөгү» кичинекей нерсеге да көңүл бурат. Сынчыл адам биртууганына алгылыктуу чечим чыгаруу үчүн иштин жөнүн даана көрө билүүгө эстүүлүк жетишпейт деп эсептейт. Кемчилик кыпындай болсо да, сынчыл киши аны алып салууну сунуш кылат. Ал экижүздүүлүк менен биртууганына иштин чоо-жайын айкыныраак көрүүгө жардам берүүнү сунуш кылат.

16. Фарисейлердин көзүндө «дөңгөч» болгон деп эмне үчүн айта алабыз?

16 Өзгөчө, жүйүт диний жетекчилери башкаларды катуу сындашкан. Маселен, Ыйса айыктырган сокур киши анын Кудайдан келгенин жарыялап жатканда, фарисейлер ага ачууланып: «Күнөөкөр болуп төрөлгөн сен бизди окуткуң барбы?» — дешкен (Жкн. 9:30—34). Айкын ой жүгүртүү, жагдайга туура баа берүү жагынан фарисейлердин көзүндө «дөңгөч» болгон: алар рухий жактан сокур болушкан. Ошондуктан Ыйса мындай деген: «Эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, ошондо бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды кантип алып таштоо керектигин билесиң» (Мт. 7:5; Лк. 6:42). Эгер биз жакшылык кылууга, башкаларга жакшы мамиле жасоого чечкиндүү болсок, биртууганынын көзүнөн каймана маанидеги кыпын издей берген сынчыл адамдай болбойбуз. Тескерисинче, өзүбүздүн жеткилең эмес экенибизди моюнга алып, ишенимдештерибизди айыптоодон, аларга өтө эле сын көзкарашта болуудан качабыз.

Башкаларга кандай мамиле кылышыбыз керек?

17. Матай 7:12ге ылайык, башкаларга кандай мамиле кылышыбыз керек?

17 Ыйса Тоодогу насаатында Кудайдын мээримдүү Ата катары өз кызматчыларынын тиленүүлөрүнө жооп берерин айткан (Оку: Матай 7:7—12). Ошондой эле жүрүм-турумдун төмөнкүдөй эрежесин берген: «Адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла» (Мт. 7:12). Ырас, башкаларга ушундай мамиле кылганда гана Ыйса Машайактын чыныгы жолдоочулары экенибизди далилдейбиз.

18. Бизге кандай мамиле кылышын кааласак, башкаларга да ошондой мамиле кылышыбыз керектигин «Мыйзам» кандайча көрсөтөт?

18 Бизге кандай мамиле кылышын кааласак, башкаларга да ошондой мамиле кылышыбыз керектигин айткандан кийин, Ыйса: «Мыйзам да, пайгамбарлар да ушуну үйрөтөт»,— деп кошумчалаган. Адамдарга Ыйса үйрөткөндөй мамиле кылсак, анда биз «Мыйзамдын» — Ыйык Китептин Башталыштан Мыйзамды кайталоого чейинки китептеринде жазылгандардын — рухуна ылайык иш кылган болобуз. Ал китептерде жамандыкты жок кыла турган тукумду чыгарууга байланыштуу Жахабанын ой-ниети айтылгандан тышкары, Кудайдын б.з.ч. 1513-жылы Муса аркылуу ысрайыл элине берген Мыйзамы камтылат (Башт. 3:15). Ошондой эле Мыйзамда ысрайылдыктардын акыйкат, калыс болушу жана жарды менен келгинге жакшылык кылышы керектиги ачык-айкын айтылган (Леб. 19:9, 10, 15, 34).

19. Жакшылык кылышыбыз керектигин «пайгамбарлар» кандайча көрсөтөт?

19 «Пайгамбарлар» деген сөз менен Ыйса Эврей Жазмаларындагы пайгамбарлык китептерди айткысы келген. Аларда Машайакка карата айтылып, Ыйсанын үстүнөн аткарылган пайгамбарлыктар камтылган. Ошондой эле Кудайдын эли анын көз алдында туура иш кылганда жана башкаларга жакшы мамиле кылганда бата алары көрсөтүлгөн. Алсак, Ышайа пайгамбар ысрайылдыктарга мындай кеңеш берген: «Теңир мындай дейт: „Акыйкаттыкты сактагыла, чындыкты жараткыла... Муну кылган адам бактылуу, муну бекем кармаган... жамандык кылуудан колун сактаган адам уулу бактылуу“» (Ыш. 56:1, 2). Ооба, Кудай өз элинен жакшылык кылууну уланта беришин күтөт.

Башкаларга жакшылык кыла берели

20, 21. Ыйсанын Тоодогу насааты угуучуларга кандай таасир тийгизген жана ал тууралуу эмне үчүн ой жүгүртүү керек?

20 Биз Ыйсанын Тоодогу насаатындагы маанилүү ойлордун айрымдарын гана карап чыктык. Анткен менен ошолордон деле Ыйсанын сөздөрү угармандарына кандай таасир эткенин түшүнө алабыз. «Ыйса бул сөздөрдү айтып бүткөндө, эл Анын окутуусуна таң калды. Анткени Ал мыйзам окутуучулардай эмес, бийлиги бар адамдай окутту»,— делет Жазмада (Мт. 7:28, 29).

21 Ыйса Машайактын алдын ала айтылган «Кереметтүү Кеңешчи» болгону талашсыз (Ыш. 9:6). Тоодогу насаат — Ыйсанын асмандагы Атасынын көзкарашын жакшы билеринин эң сонун далили. Анын насаатында биз карап чыккан ойлордон сырткары, чыныгы бакытка жетүү, адеп-ахлаксыздыктан качуу, адил иштерди кылуу, бактылуу, коопсуз келечекке ээ болуу үчүн эмне кылуу керектиги жана башка нерселер тууралуу айтылган. Ошондуктан Матай китебинин 5—7-бөлүмдөрүн дагы бир жолу тиленүү менен кылдат окуп чыгууга эмне үчүн болбосун? Ыйсанын ал жерде жазылган даанышман кеңештери жөнүндө ой жүгүртүп, анын айткандарын жашооңдо колдон. Бул сага башкаларга туура мамиле кылууга, жакшылык кылууну уланта берүүгө жана Жахабанын жүрөгүн көбүрөөк кубантууга жардам берет.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Душмандарыбызга кандай мамиле кылышыбыз керек?

• Эмне үчүн кечиримдүү болушубуз керек?

• Ыйса башкаларды айыптоого байланыштуу эмне деген?

Матай 7:12ге ылайык, башкаларга кандай мамиле кылышыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[10-беттеги сүрөт]

Ыйса эмне үчүн «айыптабагыла» дегенин билесиңби?

[8-беттеги сүрөт]

Бизди куугунтуктагандар үчүн эмне себептен тиленишибиз керек?

[10-беттеги сүрөт]

Сага кандай мамиле кылышын кааласаң, башкаларга да дайым ошондой мамиле кыласыңбы?