Үйрөтүлгөн абийириңерге жараша иш кылгыла
Үйрөтүлгөн абийириңерге жараша иш кылгыла
«Тазалар үчүн бардыгы таза. Ал эми таза эмес жана ишенимсиз адамдар үчүн таза нерсе жок» (Титке 1:15).
1. Пабыл Криттеги жыйналыштын иштери жөнүндө кандайча маалым болгон?
ЭЛЧИ Пабыл үчүнчү миссионердик сапарын аяктагандан кийин камакка алынып, Римге жөнөтүлгөн да, ал жерде эки жыл түрмөдө отурган. Бошотулган соң Пабыл эмне кылган? Тит менен бирге Крит аралына барып, кийин ага мындай деп жазган: «Мен сени бүтпөй калган иштерди бүтүрүшүң үчүн жана... Жыйындарга башчыларды дайындашың үчүн Критте калтыргам» (Титке 1:5). Тит бул тапшырманы аткарууда абийири ар башка болгон адамдарга кезиккен.
2. Крит аралынан Тит кандай көйгөйгө кабылган?
2 Пабыл Титке жазган катында жыйналыштын аксакалдарына коюлган талаптарды атап өткөн соң, «баш ийбегендер, сөз деп эле сүйлөй бергендер, алдамчылар көп» экенин эскерткен. Алар «окутпаш керек болгон нерсени окутуп, кээ бир үй-бүлөлөрдү толугу менен бузушкан». Ошондуктан Тит аларды «ашкерелеши» керек эле (Титке 1:10—14; 1 Тиметейге 4:7). Пабыл айткандай, алардын акылы да, абийири да «булганган». Ушул аятта колдонулган «булганган» деген сөз жакшы кийимдин сыя менен булганып калганын элестеткен (Титке 1:15). Андай адамдардын айрымдары, кыязы, жүйүттөр болчу, анткени алар сүннөткө отургузууну жакташкан. Бүгүнкү күндө жыйналыштар ушундай көзкараштагы адамдардын зыяндуу таасирине кабылбайт, ошентсе да Пабылдын Титке берген кеңештеринен абийир жөнүндө көп нерсеге үйрөнүүгө болот.
Абийири булгангандар
3. Пабыл абийир жөнүндө Титке эмне деп жазган?
3 Пабыл абийир жөнүндө жазганда, кандай жагдай өкүм сүргөнүнө көңүл буралы. «Тазалар үчүн бардыгы таза. Ал эми таза эмес жана ишенимсиз адамдар үчүн таза нерсе жок, анткени алардын акылы да, абийири да булганган. Алар Кудайды билебиз деп ырасташат, бирок... кылган иштери менен Аны танышат». Ооба, ошол кезде айрымдар «ишенимди туура тутушу үчүн» зарыл өзгөрүүлөрдү жасашы керек эле (Титке 1:13—16). Аларга эмне таза, эмне таза эмес экенин айырмалоо кыйынга турган, себеби алардын абийири туура эмес үйрөтүлгөн болчу.
4, 5. Жыйналыштагылардын айрымдарында кандай көйгөй бар эле жана бул аларга кандай таасир эткен?
4 Жетектөөчү кеңеш ошондон он жылдан ашуун убакыт мурун Кудайдын кызматчысы болуу үчүн сүннөткө отургузулуу талап кылынбайт деген жыйынтыкка келип, жыйналыштарды бул жөнүндө маалым кылган (Элчилер 15:1, 2, 19—29). Бирок Криттегилердин айрымдары дагы деле сүннөткө отургузууну жакташкан. Алар «окутпаш керек болгон нерсени окутуп», жетектөөчү кеңештин чечими менен макул эместигин ачык эле билдиришкен (Титке 1:10, 11). Ой жүгүртүүсү бурмаланган ал кишилер, балким, башкаларды да тамакка жана тазалыкка байланыштуу салттарга, Мыйзамдагы талаптарга карманууга үндөшкөн. Ошондой эле Ыйсанын күндөрүндөгү диний жетекчилердей болуп, алар Мыйзамга өз эрежелерин киргизишкен жана жүйүттөрдүн ойдон чыгарылган кептерин таратып, адамдык окууларга окутушкан (Марк 7:2, 3, 5, 15; 1 Тиметейге 4:3).
5 Алардын андай ой жүгүртүүсү өздөрүнүн көзкарашына жана абийирине терс таасир эткен. Пабыл: «Таза эмес жана ишенимсиз адамдар үчүн таза нерсе жок»,— деп жазган. Алардын абийири абдан бурмалангандыктан, кайсы бир жагдайда кандай иш кылуу керектигине байланыштуу туура багыт бере албайт болчу. Андан тышкары, алар жеке иштерде, ар ким ар кандай чечим чыгара ала турган иштерде да ишенимдештерин соттошкон. Башкача айтканда, Криттегилер таза болгон нерсени да таза эмес деп эсептешкен (Римдиктерге 14:17; Колосалыктарга 2:16). Алар Кудайды билебиз деп ырасташканы менен, иштери такыр башканы көрсөтүп турган (Титке 1:16).
«Тазалар үчүн бардыгы таза»
6. Пабыл адамдардын кандай эки тобу жөнүндө сөз кылган?
6 Пабылдын Титке жазгандарын карап чыгуудан биз кандай пайда алабыз? Төмөнкү аятта жазылган айырмачылыкка көңүл бурсаңар: «Тазалар үчүн бардыгы таза. Ал эми таза эмес жана ишенимсиз адамдар үчүн таза нерсе жок, анткени алардын акылы да, абийири да булганган» (Титке 1:15). Пабыл Ыйсанын адеп-ахлактык жактан таза болгон жолдоочусу үчүн бүт баары таза, башкача айтканда, ага баарын жасай берсе болот дегиси келгенби? Албетте, жок. Себеби башка катында ал бузуктук кылгандар, бурканга сыйынгандар, сыйкырчылык кылгандар «Кудайдын Падышачылыгын мурасташпаарын» ачык билдирген (Галатиялыктарга 5:19—21). Демек, Пабыл адамдардын эки тобу, бири — адеп-ахлактык жана рухий жактан таза, экинчиси андай болбогондор жөнүндө сөз кылган деген жыйынтыкка келебиз.
7. Эврейлерге 13:4тө эмне айыпталат, бирок кандай суроо көтөрүлүшү мүмкүн?
7 Кудайга жагууга чын жүрөктөн умтулган киши Ыйык Китепте түздөн-түз айыпталган нерселерден качуу менен эле чектелбеши керек. Мисал катары төмөнкү аятты карап чыгалы: «Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын. Бузулгандар менен нике бузгандарды болсо Кудай соттойт» (Эврейлерге 13:4). Кудайдын кызматчысы болбогондор же Ыйык Китеп жөнүндө азыноолок гана билими барлар да бул аятта бузуктук жасоого тыюу салынарын түшүнүшөт. Ушул жана ыйык китептик башка аяттардан көрүнүп тургандай, Кудай кимдир бирөөнүн мыйзамдуу түрдө никелешкен жубайынан башка бирөө менен жыныстык мамиледе болушун айыптайт. Никеде турбаган эки жаштын оралдык секске (ооз аркылуу жыныстык катнашка) барганы жөнүндө эмне айтууга болот? Көптөгөн өспүрүмдөр мындай ишке баруунун зыяны жок, себеби бул жыныстык катнашка кирбейт деп ойлошот. Анда Ыйсанын жолдоочулары оралдык сексти таза нерседей көрүшү керекпи?
8. Ыйсанын жолдоочуларынын оралдык секске болгон көзкарашы дүйнөдөгү адамдардыкынан эмнеси менен айырмаланат?
Эврейлерге 13:4төн жана 1 Корунттуктарга 6:9дан Кудайдын ойноштук менен бузуктукту (грекче порни́а) айыптаарын билебиз. Бузуктукка эмне кирет? Бул грек сөзү жыныстык органдарды табигый же туура эмес жол менен бузуку максатта пайдаланууну билдирет. Буга, Ыйык Китептин көзкарашы боюнча, никеден тышкары жыныстык мамилелердин бардык түрлөрү кирет. Демек, дүйнө жүзү боюнча өспүрүмдөрдү оралдык сексти зыяны жок деп үйрөтүшсө да же алар өздөрү ушундай жыйынтыкка келишсе да, оралдык секс бузуктук деп эсептелинет. Кудайдын кызматчылары «сөз деп эле сүйлөй бергендердин», «алдамчылардын» ою алардын көзкарашына, жүрүм-турумуна таасир этишине жол беришпейт (Титке 1:10). Анткени алар ыйык китептик бийик нормаларга карманышат. Ошондой эле оралдык сексти актоого аракет кылышпайт, тескерисинче, порни́анын бузуктук экенин түшүнүп, абийирин Ыйык Китепке ылайык үйрөтүшөт * (Элчилер 21:25; 1 Корунттуктарга 6:18; Эфестиктерге 5:3).
8Абийирге жараша чечим чыгаруу
9. Эгер «бардыгы таза» болсо, абийир кандай роль ойнойт?
9 Пабыл: «Тазалар үчүн бардыгы таза»,— деп эмнени айткысы келген? Ал ой жүгүртүүсүн жана абийирин Кудай Сөзүндөгү нормаларга ылайык келтирген Ыйсанын жолдоочулары жөнүндө кеп кылган. Алар Ыйык Китепте түздөн-түз айыпталбаган суроолорго карата Ыйсанын жолдоочулары ар кандай көзкарашта болушу мүмкүн экенин түшүнүшөт. Ошондой эле башка бирөөнү соттобостон Кудай айыптабаган нерселерди «таза» деп кабыл алышат. Кудайдын кызматчылары Ыйык Китепте майда-чүйдөсүнө чейин көрсөтмө берилбеген маселелерде ишенимдештеринин өзүнүкүндөй көзкарашта болушун талап кылбайт. Келгиле, буга байланыштуу бир нече мисал карап көрөлү.
10. Үйлөнүү тоюна (же сөөк коюуга) байланыштуу кандай кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн?
10 Жубайлардын бири гана Ыйсанын жолдоочусу болгон үйбүлөлөр аз эмес (1 Петир 3:1; 4:3). Ошондон улам туугандарынын үйлөнүү тоюна же жакындарынын каза болгонуна байланыштуу ар кандай кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн. Мындай жагдайды мисалга алалы. Ишенимдешибиздин Кудайга сыйынбаган күйөөсүнүн жакын туугандары үйлөнгөнү жатат дейли. Үйлөнүү үлпөтү башка диндегилердин сыйынуучу жайында өткөнү жатат. (Же туугандарынын бири, балким, атасы же энеси каза болуп, сөөк коюу каадасы башка диндегилердин сыйынуучу жайында өтөт.) Жубайлар да чакырылгандыктан, күйөөсү аялынын аны менен барышын каалайт. Ишенимдешибиз эмне кылат, ал жакка барабы же барбайбы? Абийири ага кандай багыт берет? Эки жагдайды карап көрөлү.
11. Ишенимдешибиз диний имаратта өтө турган үйлөнүү тоюна барууну же барбоону чечүүдө эмне жөнүндө ойлонушу жана кандай жыйынтыкка келиши мүмкүн?
11 Мария Ыйык Китепте Улуу Бабылдан — жалган диндин дүйнөлүк империясынан — чыгуу керектиги жөнүндө айтылганын билет (Аян 18:2, 4). Мурун ал чиркөөгө барып жүргөндүктөн, катышкандардын баарынан кандайдыр бир диний иш-аракеттерди кылуу күтүлөрүн жакшы билет. Аларга тиленүү, ырдоо же диний ишараттар кириши мүмкүн. Мария буга катышпоого чечкиндүү болуп, чиркөөгө да барбоону чечет. Анткени ал жактан башкалар аны диний каада-салттарга катышууга мажбурлашы мүмкүн. Мария күйөөсүн терең урматтайт жана анын айткандарын аткарууну каалайт. Себеби, Ыйык Китеп боюнча, күйөөсү анын башчысы, бирок ошол эле учурда ыйык китептик принциптерди бузгусу келбейт (Элчилер 5:29). Ошондуктан күйөөсү ошол жакка барууну чечсе да, ал бара албай турганын сылыктык менен түшүндүрөт. Мария ал жакка барып, айрым диний каада-салттарды кылбаса, күйөөсү ыңгайсыз абалда калышы мүмкүн экенин айтып, анын үйдө калганы жакшыраак болорун түшүндүрүп береттир. Мындай чечим чыгаруу менен ал абийирин таза сактап калат.
12. Кимдир бирөө диний имаратта өткөрүлгөн үйлөнүү тоюна баруу жөнүндө ойлонууда кандай чечимге келиши мүмкүн?
Даниел 3:15—18). Асел күйөөсү менен барууну, бирок диний каада-салттардын бирине да катышпоону чечет. Ошентип, ал абийирине жараша иш кылат. Ал күйөөсүнө абийири эмнеге жол берерин, эмнеге жол бербээрин сылыктык менен, бирок ачык-айкын түшүндүрүп берет. Ошондой эле күйөөсүнүн жалган дин менен чыныгы сыйынуунун айырмасын түшүнөрүнө үмүттөнөт (Элчилер 24:16).
12 Асел да ушу сыяктуу кыйынчылыкка туш болду дейли. Ал күйөөсүн терең урматтайт, ошондой эле Кудайга берилгендигин сактоого чечкиндүү болуп, Ыйык Китеп боюнча үйрөтүлгөн абийирине кулак кагууга даяр. Ал Мария ойлонгон нерселер жөнүндө ой жүгүртүп, 2002-жылдын 15-майынынын «Күзөт мунарасындагы» (ор.) «Окурмандардын суроолору» деген макаланы тиленүү менен изилдеп чыгат. Ал үч эврейдин падышанын буйругу боюнча бурканга сыйынууга байланышкан аземге келгенин, бирок бурканга табынууга катышпай, ишенимдүүлүгүн сактап калганын эстейт (13. Ыйсанын эки жолдоочусу ар башка чечим чыгарганына эмне үчүн тынчсызданбоо керек?
13 Демек, Ыйсанын эки жолдоочусу ар башка чечим чыгарышы мүмкүн. Бирок бул адамдын кандай иш кылганы анча деле маанилүү эмес экенин же алардын биринин абийири алсыз экенин билдиреби? Жок. Мария мурун чиркөөгө барып жүргөндүктөн, ал жакта аткарылган ырларды, диний каада-салттарды жакшы билет. Андыктан ал жерге баруу өзү үчүн кооптуу болорун сезет. Ошондой эле мурда күйөөсүнө өзүнүн көзкарашын түшүндүрүп, диний суроолор жөнүндө сүйлөшкөнү абийирине жараша иш кылууга түрткү бериши мүмкүн. Ошондуктан ал өзү үчүн туура чечим чыгарганына шектенбейт.
14. Ыйсанын жолдоочусу жеке чечимге байланыштуу эмнени эсинен чыгарбашы керек?
14 Жогоруда сөз кылынган Аселдин чечими туура эмес болгонбу? Антип айтууга эч кимибиздин акыбыз жок. Аселди ошол жакка барып, бирок каада-салттарга катышпоону чечкендиги үчүн айыптап же соттобошубуз керек. Кайсы бир тамакты жешти же жебешти ар ким өзү чечери жөнүндө Пабылдын айткан кеңешин эстейли. Ал мындай деген: «Баарын жеген адам жебеген адамды басынтпасын. Кээ бир нерселерди жебеген адам жеген адамды соттобосун... Ал туруп турабы же жыгылабы, кожоюнунун көзөмөлү астында. Ал кайрадан тургузулат, анткени аны тургузууга Кудайдын кудурети жетет» (Римдиктерге 14:3, 4). Ыйсанын чыныгы жолдоочусу башка бирөөнү үйрөтүлгөн абийирин укпай коюуга түртпөйт. Себеби бул өмүрдү куткара турган үнгө кулак салбай коюуга барабар.
15. Башкалардын абийирин, сезимдерин эске алуу эмне үчүн маанилүү?
15 Жогорудагы эки ишенимдешибиз дагы бир факторду, алардын чечими башкаларга кандай таасир этерин, эске алышы керек. Пабыл бизге: «Бир тууганыбыздын жыгылуусуна же Римдиктерге 14:13). Мария айрым ишенимдештеринин чиркөөгө барганы жыйналыштагыларды же үйүндөгүлөрүн таң калтырганын жана өзүнүн кылган иши балдарына да терең таасир этерин билет. Ал эми Асел ушу сыяктуу чечим чыгарганына жыйналыштагылар же башкалар тынчсызданбаарын билет. Демек, бул эки ишенимдешибиз жана Ыйсанын бардык жолдоочулары, абийири туура үйрөтүлгөн болсо, чечими башкаларга кандай таасир этерин эске алышы керек. Ыйса: «Мага ишенген бул кичинелердин бирин күнөөгө түрткөн адамды мойнуна тегирмен ташын илип, деңиздин түбүнө чөктүрүп жиберсе, ал үчүн жакшы болмок»,— деген (Матай 18:6). Эгер кимдир бирөө башкаларга кедерги болуп калышы мүмкүн экенин эске албаса, анын абийири Ыйсанын Криттеги айрым жолдоочуларыныкындай болуп, булганып калышы ыктымал.
азгырылуусуна түрткү болбоо жөнүндө ойлонолу»,— деген кеңеш берген (16. Ыйсанын жолдоочусу убакыттын өтүшү менен кандайча өзгөрүшү мүмкүн?
16 Ыйсанын жолдоочусу рухий жактан өсө бериши жана абийиринин «үнүнө» кулак кагып, ага ылайык иш кылууга үйрөнүшү керек. Жакында эле чөмүлтүлгөн Нурбекти мисалга алалы. Анын абийири ага мурда жасап келген, Ыйык Китепте айыпталган бурканга табынуу же кан куйдуруу сыяктуу иштерден качууга түрткү берет (Элчилер 21:25). Ошондой эле ал азыр Кудайга жакпагандай сезилген кичинекей нерселерди жасабоого да чечкиндүү. Анткен менен ал өзү туура деп эсептеген нерселерди айрым ишенимдештери эмне себептен четке кагарын, мисалы, кээ бир телеберүүлөрдү көрбөөрүн, түшүнбөшү ыктымал.
17. Ыйсанын жолдоочусунун абийирине, чечимдерине анын рухий жактан өсүшү кандай таасир этерин мисал менен түшүндүрүп бергиле.
17 Убакыттын өтүшү менен Нурбектин билими тереңдеп, Кудай менен болгон мамилеси бекемделет (Колосалыктарга 1:9, 10). Мунун жыйынтыгы кандай болгон? Анын абийири мурдагыдан да жакшы үйрөтүлгөн. Азыр ал ыйык китептик принциптерди кылдат изилдөөгө, абийиринин «үнүн» даярдуулук менен угууга чечкиндүү. Мурун ага туура эместей көрүнгөн нерселердин айрымдары, чынында, Кудайдын көзкарашына каршы келбээрин түшүнөт. Ошондой эле ыйык китептик принциптерди жакшы билгендиктен жана үйрөтүлгөн абийирине кулак каккандыктан, мурун зыяны жок деп эсептеген телеберүүлөрдү мындан ары көрбөөнү чечет. Ооба, анын абийири сезимтал, курч болуп калды десек болот (Забур 36:31).
18. Бизде кубанууга кандай негиз бар?
18 Көптөгөн жыйналыштардагы ишенимдештерибиздин рухийлиги ар кандай деңгээлде. Алардын айрымдары чындыкка жаңы келгендиктен, абийири кандайдыр бир ишти жасоого жол бериши, ал эми башкасын кылууга жол бербеши мүмкүн. Андай биртуугандарга Жахабанын жетекчилигине баш ийүүгө, өзүнүн үйрөтүлгөн абийирине кулак кагууга үйрөнүү үчүн убакыт жана башкалардын жардамы талап кылынышы мүмкүн (Эфестиктерге 4:14, 15). Бактыга жараша, жыйналыштарда терең билимге ээ болгон жана ыйык китептик принциптерди даярдуулук менен колдонгон тажрыйбалуу биртуугандар аз эмес. Алардын абийири Кудайдын ой жүгүртүүсүнө ылайык иш кылууга түрткү берет. Кудайга жаккан нерселердин баарын адеп-ахлактык жактан да, рухий жактан да «таза» деп эсептеген адамдардын арасында болуу кандай гана жагымдуу! (Эфестиктерге 5:10). Эмесе, келгиле, баарыбыз ушундай маанайды сактоо менен абийирибиздин чындыкка ылайык «иштешине» күч-аракет жумшай берели! (Титке 1:1).
[Шилтемелер]
^ 8-абз. Үйбүлөлүк жашоого байланыштуу кеңештер 1984-жылдын 1-декабрындагы «Күзөт мунарасында» (22, 23-б., ор.) талкууланат.
Эмне деп жооп берет элеңер?
• Ыйсанын Криттеги айрым жолдоочуларынын абийири эмне үчүн булганган эле?
• Эки ишенимдешибиз үйрөтүлгөн абийирине жараша кандайча ар башка чечим чыгарышы мүмкүн?
• Убакыттын өтүшү менен абийирибиз кандай болуп өзгөрүшү керек?
[Изилдөө суроолору]
[20-беттеги сүрөт]
Сицилия
Греция
кичи Азия
Крит
Кипр
Жер ортолук деңиз
[22-беттеги сүрөт]
Эки ишенимдешибиз окшош жагдайга кабылганда, ар башка чечим чыгарышы мүмкүн