Киттердин саякаты
Жыл сайын июль айынан тартып түштүк жылма китинин (Eubalaena australis) ургаачылары Бразилиядагы Санта-Катаринанын түштүк жээгине келишет. Алар ал жакка миңдеген чакырымдарды артта калтырып, Антарктика тараптан бери келип, тайыз сууларда балалашат жана балдарын чоңойтушат. Жергиликтүү эл жана туристтер балдары менен оюн салып жүргөн киттерге бир нече ай бою суу жээктен жана аскалардан байкоо салып, ыракаттана алышат *.
Алп акробаттар
Түштүк жылма китинин ургаачысынын узундугу 16 метрге жетип, көлөмү эки кабаттуу автобустукундай болот. Ал эми салмагы 80 тоннага чейин барат. Алп денесинин түсү, негизинен, каралжын келет, кээде боорунда ак тактары болот. Анын аябагандай чоң башы тулкусунун узундугунун төрттөн бирин түзөт. Оозу узун жана жаа сымал ийри болот. Киттердин башка түрлөрүнөн айырмаланып, бул киттин жонунда сүзгүч канаты болбойт. Алдыны көздөй сүзүш үчүн ал абдан жазы келген ача куйругун, башка балыктарга окшоп, капталга шилтебей, өйдө-ылдый шилтейт. Ал эми багытын өзгөртүүгө капталындагы сүзгүч канаттары жардам берет. Бул учактын башкарылышына окшош.
Кызыктуусу, чоң көлөмүнө карабай түштүк жылма кити аябагандай шамдагай келет. Ал укмуштуудай акробаттык оюндарды көргөзөт. Кээде куйругун суудан тикесинен чыгарып алып, узак убакыт бою сүзсө, кээде куйругун өйдө көтөрүп, сууга күч менен чабат же суудан атып чыгып, кайра сууну жара бүт салмагы менен түшөт. Анын мындай оюнун алыстан эле көрүүгө болот.
Дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү
Түштүк жылма китинин башында жана
башынын тегерегинде агыш, саргыч келген дөмпөктөрү — кит биттери деп аталган майда рак сымалдуулардын (cyamids) колониялары каптап калган терисинин чор басып калган жерлери — болот. «Алардын дөмпөктөрүнүн жайгашышы кишинин манжасынын тагы сыңары кайталангыс болот жана киттердин ар бирин башкасынан айрып таанууга жардам берет,— деп түшүндүрөт түштүк жылма китине байланышкан Бразилиядагы бир долбоордун координатору Карина Гроч.— Алар бул жакка келишкенде, биз алардын дөмпөктөрүн сүрөткө тартып алып, сактап коёбуз».Биологдордун айтымында, жылма киттердин жашын аныктоо кыйын. Себеби ал түрлөрдүн тиштери болбойт. Алар кеминде 65 жыл жашайт деп божомолдонот *.
Азыктанышы
Жылма киттер майда рак сымалдуулар менен азыктанышат. Алардын оозунун ичинде үстүнкү жаагында учтары чачыланган жүздөгөн мүйүз калканчалары болот. Алар чыпканын милдетин аткарат. Кит оозун ачып алып сүзгөндө, суу чыпкаланат да, калканчаларындагы чачыларга майда жандыктар такалып калат. Анын күнүнө жеген азыгынын салмагы 2 тоннага чейин жетиши мүмкүн.
Түштүк жылма кити жай мезгилин (январь/февраль) Антарктика океанында өткөрүп, май топтойт. Терисиндеги майдын калың катмары аны муздак суудан коргойт жана узакка сүзгөндө азык болуп берет.
Аларга эмне себептен аңчылык кылышкан?
18-кылымдан тартып кит уулоочулар Түштүк жарым шарындагы ушул киттерге аёосуз аңчылык кылып келишкен. Аларга аңчылык кылуу оңой болгон. Абдан жай сүзгөндүктөн, аларды ал тургай жөнөкөй эле кайыкка түшүп, найза сыяктуу куралдын жардамы менен эле уулай алышкан. Башка киттерден айырмаланып, киттин бул түрү, майы көп болгондуктан, өлгөндө калкып калат. Ошондуктан аны жээкке тартып кетүү оңой болгон.
Анын үстүнө, ал учурда киттин майы жана мүйүз калканчалары баалуу өндүрүш материалы болгон. Майы көчөдөгү чырактарга жана майлоочу каражат катары колдонулган. Ал эми калканчалары корсет, кол чатырдын чабактарын жана башка буюм-тайымдарды жасоодо кеңири пайдаланылчу. Бир эле киттин калканчаларын сатуудан түшкөн акча аны уулоого кеткен чыгымдын баарын жабууга жеткен.
20-кылымдын башында жылма киттерге абдан көп аңчылык кылынгандыктан, алардын саны бир топ азайып кеткен жана бара-бара кит уулоочулук кирешелүү болбой калган. Бразилияда кит уулоочулардын пункттарынын акыркысы 1973-жылы жабылган. Азыр ал жакта киттердин айрым түрлөрүнүн саны акырындап көбөйүүдө, бирок тукум курут болуп кетүү коркунучу алдында тургандары да бар.
Түштүк жылма кити жердеги жашоонун көп түрдүүлүгүнүн жана укмуштуудай татаалдыгынын көрүнүктүү мисалы боло алат. Аны эң улуу долбоорчунун — Жахаба Кудайдын — чексиз акылмандыгынын жана күчүнүн далили деп айтууга болот (Забур 148:7).
^ 2-абз. Алар Аргентина, Австралия, Түштүк Африка, Уругвай жана Окленд аралдарынын жээктеринде да төлдөшөт.
^ 8-абз. Окумуштуулардын айтымында, жылма киттерге киттердин үч түрү кирет. Алардын бири (Eubalaena australis) Түштүк жарым шарында, экөө (Eubalaena glacialis, Eubalaena japonica) Түндүк жарым шарында байырлайт.