Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балаңардын чыдамы жок болсо...

Балаңардын чыдамы жок болсо...

КӨЙГӨЙ

Алты жашар балаңардын такыр чыдамы жок. Бир нерсе көзүнө жакшы көрүнсө эле, дароо алып беришиң керек. Жини келгенде болсо, кээде кыйкырып кирет. Ошондуктан: «Балалык кылып жатабы? Эс тартканда өзү эле коёбу? Же чыдамкай болгонго азыр үйрөтүшүм керекпи?» — деп ойлоносуңар.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Чөйрөнүн таасири. «Баарына жол берилген азыркы коомдо чоңдор да, балдар да „ар ким өз каалаганына жетиши керек“ дегенди көп угушат,— дейт жазуучу-психолог Дейвид Уолш.— Башкалардын жыргалчылыгын көздөгөн кеңешчилерден тартып эптеп акча өндүрүп алууну ойлогондорго чейин — баары каалоолорубузду канааттандырууга үндөшөт» («No: Why Kids—of All Ages—Need to Hear It and Ways Parents Can Say It»).

Баланы жашынан... Окумуштуулар төрт жашар балдарды катыштырып изилдөө жүргүзүшкөн. Алар балдарга бирден зефир берип, кааласа дароо жесе болорун, же жебей бир аз күтө турса, сыйлык катары дагы бир зефир аларын айтышкан. Ошол балдардын арасынан өзүн тыя билгендери кийин мектепти бүткөндө беркилерге караганда башкалар менен оңой тил табыша алышкан. Алардын эмоциялык абалы да, окуусу да жакшыраак болуп чыккан.

Чыдамкайлыкка үйрөтпөгөндүн кесепети. Окумуштуулар баланын мээсинин диаграммасы башынан өткөн нерселерден улам өзгөрүшү мүмкүн деп эсептешет. Психология боюнча профессор Дан Киндлон муну мындайча түшүндүрөт: «Эгер балдарыбызды өтө эле эркелетип, кезегин күтүүгө, каалоосун тыюуга жана азгырыкка туруштук берүүгө үйрөтпөсөк, баланын мээсинде анын эрки күчтүү адам болушун шарттаган өзгөрүүлөр эч качан болбошу мүмкүн» («Too Much of a Good Thing—Raising Children of Character in an Indulgent Age»).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Үлгү болгула. Өзүңөрдү сабырдуу деп эсептейсиңерби? Балаңар мисалы, жол тыгынына кабылганда ачууланганыңарды, бир нерсе сатып аларда кезек күтпөй эле алганга аракет кылганыңарды же бирөөнүн сөзүн бөлгөнүңөрдү көп байкайбы? Бул тууралуу Киндлон: «Баланы чыдамдуу болууга үйрөтүүнүн эң жөнөкөй жолу — үлгү болуу»,— деген. (Ыйык Китептеги принцип: Римдиктер 12:9.)

Чыдамы жоктуктун кесепетин түшүндүргүлө. Жашына жараша, балаңарга каалоолорун дароо канааттандырууга шашпай, аларды ооздуктаганы жакшы экенин түшүндүргүлө. Алсак, бирөөнүн адилетсиз мамилесине ачууланып жатса, бир азга токтоп: «Өч алганым жакшыбы? Же онго чейин санап, ачуум тараганча күтө турганым жакшыбы? Же кетип калганы жакшыбы?» — деп ойлонуп көрүүгө үндөгүлө. (Ыйык Китептеги принцип: Галатиялыктар 6:7.)

Мактагыла. Балаңар чыдамкайлык көрсөткөндө мактап тургула. Ага каалоону ооздуктоо кээде оңой эместигин жана эрки күчтүүлөр гана ошенте аларын түшүндүргүлө. Ыйык Китепте: «Талкаланган, дубалы жок шаар кандай болсо, өзүн башкара албаган адам да ошондой»,— делет (Накыл сөздөр 25:28). Ал эми ачууланууга шашпагандар «эр жүрөктөн артык» экени жазылган (Накыл сөздөр 16:32).

Оюндар. Ролдорго бөлүшүп алып, «Сен эмне кылат элең?» же «Туура жана туура эмес чечим», же дагы башка ушу сыяктуу оюндарды ойногула. Ар кандай жагдайларды талкуулагыла, анан «туура» жана «туура эмес» иш кылынганы көрсөтүлгөн жагдайларды сахналаштыргыла. Чыгармачыл болгула: ар кандай оюнчуктарды колдонгула, сүрөт тарткыла же дагы башка нерселерди ойлоп таап, оюнду кызыктуу, ошол эле учурда насааттуу кылсаңар болот. Силердин максатыңар — балаңарга чыдамы жок болууга караганда, чыдамдуу болуу алда канча жакшы экенин түшүндүрүү. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 29:11.)

Чыдамдуу болгула. Ыйык Китепте: «Баланын жүрөгүнөн акылсыздык орун алган»,— делет (Накыл сөздөр 22:15). Ошол себептен балаңар бир заматта чыдамкай болуп калат деп күтпөгүлө. Тарбия жөнүндөгү бир китепте чыдамкайлыкка үйрөнүү бирде ийгиликтүү, бирде ийгиликсиз болуп, бирок бара-бара акыбети кайта турган узакка созулуучу, акыры өз жемишин бере турган процесс экени жазылган. Ошол эле китепте: «Өзүн тыя билген бала 12 жаштарында баңгизат колдонуу азгырыгына, ал эми 14 жаштарында жыныстык мамиледе болуу азгырыгына туруштук бере алат»,— делген («Teach Your Children Well»).