ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУНДА
Көңүл чордонунда Африка
Африкалыктардын жашоосун жакшыртууга көптөгөн уюмдар, анын ичинде жеке адамдар да аракет кылып келишкени менен, дүйнөнүн бул бөлүгү эч качан чечилбечүдөй сезилген көйгөйлөрдүн чеңгелинен дагы эле чыга албай келет.
Кериктерге мыйзамсыз аңчылык кылуу
2007-жылы Түштүк Африкада 13 керик өлтүрүлгөн болсо, 2013-жылы алардын саны 1 004кө жеткен. Кериктин мүйүзү ушунчалык көп өлчөмдө сатылып жатса да, ага болгон суроо-талап дагы деле жогору болууда. Анын бир килограммынын баасы алтындын баасынан ашып түшүшү мүмкүн. Ал эми бир мүйүз жарым миллион долларга бааланышы ыктымал.
ОЙЛОНУП КӨРСӨҢӨР: Бийликтегилер качандыр бир убакта мыйзамсыздыкты жоюшу мүмкүнбү? (Жеремия 10:23).
Паракорлук
Паракорлукту иликтеген бир уюмдун билдирүүсүнө ылайык, дүйнө жүзү боюнча паракорлуктун эң жогорку деңгээли Чыгыш Африка өлкөлөрүндө байкалган. Бирок андан жапа чеккендердин 90 пайыздайы арызданышпайт. Уюмдун Кениядагы өкүлү: «Жарандар, сыягы, бийликтегилерге билдирген күндө деле алардын кандайдыр бир чара көрөрүнө ишенишпейт»,— деген.
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Пара акылдуулук менен өкүм чыгаргандардын да ниетин бузат» (Чыгуу 23:8).
Африкадагы интернет
Эл аралык электр байланыш союзунун билдирүүсүнө ылайык, 2014-жылдын аягында африкалыктардын дээрлик 20 пайызы Интернетти колдонот деп күтүлүүдө. Африкада мобилдик Интернетке туташкандардын саны барган сайын өсүп, дүйнө жүзү боюнча Интернетке туташып жаткандардын орточо санынан эки эсеге көп болууда.