Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Подагра Бул илдетке кимдер чалдыгат?

Подагра Бул илдетке кимдер чалдыгат?

Подагра Бул илдетке кимдер чалдыгат?

ПОДАГРА — бул артриттин (муундардын сезгенүү оорусу) эң эле көп кездешкен, сай-сөөктү сыздатып ооруткан түрү. Артрит оорулары жөнүндөгү бир китепке ылайык, «подагра илдети заара кислотасынын организмден тийиштүү түрдө чыкпаганынан пайда болот. Бул ооруда заара кислотасынын кристаллдары синивияга (муундун суюктугуна),.. негизинен, буттун баш бармагынын муунуна чогулат» («Arthritis»).

Заара кислотасы — организмдеги пурин деп аталган заттардын ажырашынан улам канда пайда болуучу кислота. Зааранын жетиштүү түрдө сыртка чыкпаганынан улам топтолуп калган заара кислотасы буттун баш бармагына, кээде башка муундарда да ийне сымал кристаллдарды пайда кылат. Жабыркаган муун сезгенип, шишип чыгат. Ал жер ысып турат жана кол тийгизбей оорутат *. Ушундай оорунун азабын тартып келаткан Алфред деген бир киши: «Ал жерге колуң акырын тийсе эле тим эле сайгылашып, чыдатпай кетет»,— дейт.

Подагра оорусу тууралуу бир маалымат баракчасында мындай делет: «Подагра оорусу кармаганда, эгер аны дарылабаса, адатта, бир жумага созулат. Кийинки жолу бир нече айдан кийин, атүгүл бир нече жылдан кийин кайра кармашы мүмкүн. Бирок тийиштүү түрдө дарылабаса, оору мурункудан да күч алып, бат-бат кармай баштайт. Натыйжада муундар катуу жабыркайт. Кээ бир учурда подагра өнөкөт ооруга айланат» («Arthritis Australia»).

Подагра илдети артрит ооруларынын ичинен оңой дарылана турган түрү болуп эсептелет. Аны дарылоодо стероид тобуна кирбеген, сезгенүүгө каршы колдонулган дары-дармектер колдонулат. Ал эми кайра кайталанган учурларда же катуу кармаганда, заара кислотасын топтолушуна бөгөт койгон аллопуринол колдонулат. Подагра кайра кармабашы үчүн кандайдыр бир чара көрсө болобу? Ан үчүн айрым нерселерди эске алыш керек.

Кайра кармабашы үчүн эмне кылса болот?

Подагра оорусуна кимдер чалдыгышат? Бул көбүнесе адамдын курагынан, жынысынан жана тукум куучулук факторлордон көз каранды болот. Айрым изилдөөлөргө ылайык, подагра илдетине чалдыккандардын 50дөн ашуун пайызынын жакын туугандары ошондой оору менен оорушкан. «Менин атам да, чоң атам да подагра менен ооручу»,— дейт жогоруда айтылып өткөн Алфред. Айта кетчү нерсе, бул ооруга, өзгөчө, 40тан 50гө чейинки жаштагы эркек кишилер көбүрөөк чалдыгышат. Эркектер арасында бул оору менен ооругандар ошондой курактагы аялдарга караганда үч-төрт эсе көп кездешет. Менопаузага (айызы токтой турган куракка) чейинки курактагы аялдар мындай оору менен чанда эле ооруйт.

Ашыкча салмак жана мүнөз тамак. Бир энциклопедияда мындай делет: «Жакынкы убактан бери подагра оорусун мүнөздөп тамактануунун аркасында дарылоодо курамында пурини көп азык-заттарды азайтууга эмес, подагра оорусуна мүнөздүү зат алмашуунун бузулушун дарылоого, башкача айтканда, ашыкча салмак кошууну азайтууга, инсулин резистенттүүлүк синдрому жана дислипидемия (канда липиддердин, тагыраак айтканда, майлардын, мисалы, холестериндин нормадан ашып кетиши) менен күрөшүүгө басым жасалууда» («Encyclopedia of Human Nutrition»).

Анткен менен айрым адистер пуринге бай азык-заттарды, мисалы, ачыткы кошулган азыктарды, балыктын айрым түрлөрүн жана малдын этин азыраак колдонууну кеңеш кылышат *.

Ичимдик. Спирт ичимдиктерин өтө көп ичүү заара кислотасынын организмден чыкпай, топтолуп калышына алып келет.

Ден соолук. Кошмо Штаттардагы Мейо клиникасынын билдирүүсү боюнча, подагра оорусуна «артериялык кан басымынын жогору болушу (гипертония), ошондой эле кант диабети, канда майлардын жана холестериндин топтолушу (гиперлипидемия), артерия кан тамырларынын тарышы (атеросклероз) сыяктуу өнөкөт оорулар себеп болушу мүмкүн». Андан тышкары, «катуу ооруудан, оор жаракаттан же бөйрөк оорусунан улам төшөктө жатып калгандар» да подагра оорусуна чалдыгышат. Аны менен ооругандардын көп учурда бутунун баш бармагынын мууну жабыркайт. Себеби заара кислотасы кан жакшы айланбаган жана дененин температурасы төмөн болгон жерине чогулат.

Дары-дармектер. Тиазид тобуна кирген заара айдама каражаттар (гипертония оорусунда колдонулган, организмден ашыкча сууну чыгарган дарылар), аз дозадагы аспирин, органдарды көчүргөндө керексиз иммунитет реакциясын баскан дарылар жана химиотерапияда колдонулган дары-дармектер подагра оорусун пайда кылышы мүмкүн.

Беш кеңеш

Адамдын подагра менен оорушу анын жашоо мүнөзүнөн көз каранды болгондуктан, төмөндөгү беш кеңешти колдонуу оорунун кайталануу ыктымалдыгын азайтат *.

1. Подагра оорусуна негизинен организмдеги зат алмашуу процессинин бузулушу себеп болгондуктан, бул оору менен ооругандар ашыкча салмак кошпогонго аракет кылышы керек. Анын үстүнө, ашыкча салмак муундарга да күч келтирет.

2. Бат арыктата турган мүнөз тамактан сак болуш керек. Себеби адам бат арыктап кеткенде, канда заара кислотасынын деңгээли убактылуу жогорулайт.

3. Белокторго бай келген малдын этин көп жегенге болбойт. Малдын майсыз этин, канаттуунун этин жана балыкты күнүнө 170 граммдан ашык жебеш керек.

4. Спирт ичимдиктерин ичсеңер, ченеми менен ичкиле. Ал эми подагра оорусу катуу кармаганда спирт ичимдиктеринен таптакыр эле баш тарткан жакшы.

5. Спирт ичимдиктерине кирбеген суусундуктарды көбүрөөк ичкиле. Суюктукту көп ичүү заара кислотасынын эрип, организмден чыгышына өбөлгө түзөт *.

Жогоруда айтылгандар Ыйык Китептеги «ар бир нерсенин чегин билүүгө» жана «шарапка жакын» болбоого үндөгөн кеңештерди эске салат (1 Тиметей 3:2, 8, 11). Ал эми ал кеңештерди канткенде бизге жакшы болорун эң жакшы билген Жаратканыбыз жаздырган.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Муундарга, өзгөчө, муундарды бириктирип турган жылмакай кемирчектерге кальций пирофосфатынын кристаллдары топтолуп калганда да ушул сыяктуу оорутат. Бирок бул псевдоподагра (жалган подагра) деген башка оору жана башкача дарылоону талап кылат.

^ 9-абз. Бир макалада белгиленгендей, пуринге бай козу карындар, маш буурчак, жасмык, буурчак, шпинат, түстүү капуста жана башка жашылчалар «подагра оорусунун козголуп, кайра кармашына себеп болбойт» («Australian Doctor»).

^ 14-абз. Бул макаланын максаты кандайдыр бир дарылоо ыкмасын сунуштоо эмес. Ар кимге ар кандай дарылоо ыкмасы колдонулушу мүмкүн. Андыктан доктур менен кеңешпей туруп, кайсы бир дарыны ичүүнү токтотууга же тамактануу мүнөзүн кескин түрдө өзгөртүүгө болбойт.

^ 19-абз. Бул маалымат Мейо клиникасынын илимий жана окуу эмгектерин өнүктүрүү боюнча фондунун кеңештерине негизделген.

[24-беттеги сүрөт]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

Сезгенген муун

Синовиалдык кабык

Заара кислотасынын кристаллдарынын чогулушу