Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-ачкыч: Өзүңөргө жана үй-бүлөңөргө түрткү бергиле

5-ачкыч: Өзүңөргө жана үй-бүлөңөргө түрткү бергиле

5-ачкыч: Өзүңөргө жана үй-бүлөңөргө түрткү бергиле

«Ар бир баамчыл киши билимдин негизинде иш кылат» (Накыл сөздөр 13:16, «ЖД»). Ден соолукка байланыштуу негизги маалыматтарды билгениңер өзүңөрдүн жана үй-бүлөңөрдүн ден соолугун чыңдоо үчүн зарыл өзгөрүүлөрдү жасоого түрткү берет.

◯ Маалымат ала бергиле. Көптөгөн өлкөлөрдө коомдук жана жеке мекемелер ден соолукка байланышкан ар түрдүү билим берүү программалары жана адабияттар менен камсыз кылышат. Аларды колдонуп, ден соолугуңарды жакшыртуунун жана ага зыян келтирүүдөн кантип качса болорунун негизги жолдорун билип алгыла. Үйрөнүп-билүүгө жана жөнөкөй өзгөрүүлөрдү жасоого ынтызар болгула.

Жакшы адаттарды өрчүтүп, аларды иш жүзүндө колдонгонуңар балдарыңарга, атүгүл балдарыңардын балдарына да чоң пайда алып келет. Ырас, ата-энелер туура тамактанууга, тазалыкты сактоого, уктоого, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоого жана оорулардын алдын алууга байланыштуу жакшы үлгү калтырышса, мындан алардын урпактары да пайда алышат (Накыл сөздөр 22:6).

◯ Дагы эмне кылуу зарыл? Адам ден соолугуна тийиштүү түрдө кам көрүп жашашы үчүн өз камын ойлогону жетишсиз. Чынында, эски жаман адаттардан арылуу кыйынга турушу ыктымал. Атүгүл жөнөкөй өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн көп учурда түрткү берүүчү чоң күч талап кылынат. Жадагалса олуттуу ооруга чалдыгуу жана өлүмгө дуушар болуу коркунучу да айрымдарга аларга пайда алып келе турган нерселерди кылууга түрткү бербеши мүмкүн. Анда эмне түрткү берет? Алар жашоонун бийик максаты эмне экенин билиши керек.

Жубайлар бири-бирине жөлөк-таяк болушу үчүн дени сак, күүлүү-күчтүү болушу керек. Ата-энелер болсо балдарына колдоо көрсөтүп, таалим-тарбия бериши кажет. Ал эми бой жеткен балдар карылыкка моюн сунуп бараткан жакындарына кам көрүшү зарыл. Булардан тышкары, жашоодогу арзырлык максаттарга коомго жүк болбой, тескерисинче, пайда алып келүүгө чын ниеттен умтулуу да кирет. Мунун баары башкаларга болгон сүйүү жана камкордук менен тыгыз байланышта.

Жаратканыбызга болгон ыраазычылык сезими жана берилгендик ден соолукка кам көрүүгө эң эле зор түрткү болуп эсептелет. Кудайга ишенгендер ал тартуулаган өмүр белегин көздүн карегиндей сактоону каалашат (Забур 35:10). Эгер ден соолугубуз чың болсо, Кудайга жигердүү кызмат кыла алабыз. Ден соолугубузга тийиштүү кам көрүү үчүн мындан чоң түрткү барбы?

[8-беттеги кыстырма]

Ден соолукка кам көрүп, жашоонун үзүрүн көргүлө

[8, 9-беттеги сүрөттөр]