Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Италия өзүнүн биринчи ажырашуу жармаңкесин өткөрдү. Жарманкеге баргандар нике агенттиктеринен жаңы жубай табууга, саякат агенттиктеринен бойдоктор үчүн эс алуу уюштурууга жана ажырашуу агенттиктеринен юристтерди, бухгалтерлерди, психологдорду, үй-бүлө ортомчуларын табууга байланыштуу консультация алышты («КОРРЬЕРЕ ДЕЛЛА СЕРА», ИТАЛИЯ).

Католик чиркөөсүнүн башчылары «дин кызматчыларынын жыныстык адеп-ахлаксыздыгын тыйбагандыктан», чиркөөгө болгон «ишенич солгундап», «ал кылымдар аралыгында, балким, чиркөөнүн тарыхында болуп көрбөгөн оор абалга такалды» («НЭШНЛ КАТОЛИК РИПОТЭ», АКШ).

4 000 жылдай мурун жашаган гренландиялык кишинин тоңуп калган чачынан алынган ДНКны изилдеген окумуштуулар анын «теги, кыязы, сибирдик болгонун» айтышат («РЕЙТЕР МААЛЫМАТ АГЕНТТИГИ», АКШ).

Чиркөө ишеничтен чыгууда

«Айриш таймс» гезитине: «Адамдардын көбү [католик] чиркөөсүнө ишенбей калды»,— деген макала чыккан. Анда католик чиркөөсүнүн, өкмөт жана банктар сыяктуу эле, ирландыктардын басымдуу бөлүгүнүн ишеничинен чыгып калганы маалымдалган. Жарандары чиркөөнү туу тутуп келген бир өлкөдө сурамжылангандардын жарымынан көбү чиркөөгө «таптакыр» (32%) ишенбей турганын же «көп деле» (21%) ишенбесин билдиришкен. Католик чиркөөсүнүн «ишеничтен чыгышына» анда жакында эле чыккан чыр-чатактар себеп болгон.

ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү жумушсуз калууда

Жогорку окуу жайын бүтүрүү жумуш табыларына кепилдик береби? «Манила буллетин» гезитинде көп учурда кепилдик бербей турганы жазылган. Гезитте Кесон-Ситинин мэри Хэрберт Баутистанын төмөнкү сөздөрү келтирилген: «Биздин колледждер жана университеттер жыл сайын миллиондогон бүтүрүүчүлөрдү чыгарат, бирок алардын саны жумуш ордуларынын санынан көп болгондуктан, бүтүрүүчүлөр жумушсуз калууда». Ошол себептен көптөр соода-сатык тармагында же тез татым жайларында иштөөгө аргасыз. Өкмөт орто мектепти бүтүргөндөрдү иш жүзүндө колдонорлук өнөр-жөндөмдүүлүктөрдү өздөштүрүү үчүн же техникалык тейлөө жаатында иштөө үчүн кыска мөөнөттүү курстарда окууну кеңеш кылат. Бул батыраак жумуш табууга шарт түзүшү мүмкүн.

Түкүрүктөн дат баскан көпүрө

Калькуттадагы (Индия) узундугу 457 метр болгон Хаура көпүрөсүнө ары-бери өткөндөрдүн түкүрүгү коркунуч туудурууда. Эмне үчүн? Гутха — көптөгөн тургундар чайнап түкүргөн бетел жалбырагынын, арека жаңгагынын жана өчүрүлгөн акиташтын аралашмасынан турган зат — жегичтик касиетке ээ. Калькуттанын «Телеграф» гезитине ылайык, «шаарга барып-келип иштегендердин түкүрүгү [көпүрөнүн] тиректеринин тышын каптап турган 6 миллиметрлик болотту 2007-жылдан бери 3 миллиметрге чейин жукартып жиберген». Күнүгө ал көпүрөдөн 500 000дей киши жана 100 000дей унаа өтөт.