Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жардам изде

Жардам изде

Жардам изде

«Эгерде кимдир бирөө жалгыз адамды жеңе ала турган болсо, анда экөө ага каршы тура алат» (Насаатчы 4:12).

ЖАКЫНДАРЫБЫЗ колдоп турса, биз кандай гана душман болбосун, мизин кайтара алабыз. Ошондуктан тамеки чегүү адатын жеңүү үчүн үй-бүлөңдөн, досторуңдан же чын ниеттен, чыдамдуулук менен колдоо көрсөтө тургандардан жардам сураганың акылдуулукка жатат.

Тамеки чегүү адатын жеңгендерден кеңеш сурап көр. Анткени алар сезимдериңди түшүнүп эле койбой, иш жүзүндө жардам бере алышат. «Башкалардын жардамы канчалык баалуу болгонун сөз менен айтып жеткире албайм»,— дейт Исанын Даниядагы жолдоочусу Торбен. Индиялык Эйбрахам: «Үй-бүлөмдүн жана ишенимдештеримдин чын жүрөктөн көрсөткөн сүйүүсү мага чоң жардам берди»,— деген. Бирок кээде үй-бүлөнүн, достордун колдоосу жетишсиз болушу мүмкүн.

«Мен 27 жыл чылым чектим,— дейт Бхагвандас,— бирок кийин Ыйык Китепте ыпылас адаттар жөнүндө эмне айтыларын билгенде аны таштоону чечтим. Ошондуктан тамекини азыраак тартууга аракет кылдым, чөйрөмдү өзгөрттүм, кеңеш сурап башкаларга кайрылдым. Бирок эч майнап чыккан жок. Бир жолу түн жарымда Жахаба Кудайга жүрөгүмдөгүнү төгүп, ал адатымды жеңүүгө жардам беришин сурап жалбардым. Ошондо акыры жеңишке жеттим!»

Дагы бир маанилүү нерсе — алдыда боло турган кыйынчылыктарга даярдануу. Алар жөнүндө кийинки макалада сөз жүрөт.

ДАРЫ-ДАРМЕК КОЛДОНУУ КЕРЕКПИ?

Тамекини таштоого жардам берген никотин пластыры сыяктуу медикаменттик каражаттар кеңири таралып, миллиарддаган киреше алып келген индустрияга айланды. Бирок аларды колдонордон мурун төмөнкү суроолорду карап чыгуу дурус.

Кандай пайдасы бар? Дары-дармектер тамеки тартпай калгандан кийинки кыйын абалды жеңил көтөрүп кетүүгө көмөк кылат деп эсептелет. Анткен менен алардын пайдасынын көпкө созуларына байланыштуу кайчы пикирлер да аз эмес.

Кандай зыяны бар? Айрым медикаменттик каражаттар жүрөк айланууга, депрессияга, өзүнө кол салуу жөнүндөгү ойлордун пайда болушуна себеп болот. Эске алчу дагы бир нерсе, никотиндин ордун толтуруу терапиясында ошол эле зат башка жол менен берилет; ал да ден соолукка залакасын тийгизет. Ошондуктан аларды колдонгон киши никотинге көз каранды бойдон кала берет.

Башка ыкмалар барбы? Бир сурамжылоого ылайык, тамекини таштагандардын 88 пайызы чылым чегүү адатын эч кандай дарысы жок эле дароо таштай алышкан.