Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чогуу тамактануу үй-бүлө түйүнүн бекемдейт

Чогуу тамактануу үй-бүлө түйүнүн бекемдейт

Чогуу тамактануу үй-бүлө түйүнүн бекемдейт

«Жашоодо телегейибиз тегиз болуп кубанган, сүйүнгөн, ошону менен бирге эле кайгы-муңга батып капа болгон күндөрүбүз болот. Бирок кайгырабызбы, сүйүнөбүзбү, тамак жешибиз керек. Бактылуу киши да, кайгырган киши да даамдуу тамактан ырахат алат» (Америка жазуучусу Лоре Колвин).

БАТЫШ өлкөлөрүндө мындан бир нече жыл мурун үй-бүлөлөр эң сонун салтка карманышчу. Ар бир үй-бүлө күнүнө, жок эле дегенде, бир жолу чогуу отуруп тамак ичишчү жана буга бир нерсенин тоскоол болушуна жол беришчү эмес. Ал учурда телевизор көрүү, кулакчын (наушник) тагынып алып музыка угуу, досторуна SMS билдирүүлөрдү жөнөтүү дегеле болчу эмес. Жакшы маанайда отуруп тамактануу үй-бүлө түйүнүн бекемдөөгө, балдарга ата-энесинен жакшы нерселерге үйрөнүүгө жана ошол күнү болгон окуяларды айтып, чогуу күлүп отурууга өбөлгө түзчү.

Бүгүнкү күндө көптөр үй-бүлөнүн чогуу отуруп тамак ичкенин эскирип калган салт катары карашат. Көптөгөн үй-бүлөлөр анда-санда эле чогуу тамактанышпаса, дээрлик чогуу отуруп тамак ичишпейт. Эмне үчүн үй-бүлөлөргө чогуу тамактануу барган сайын кыйынга турууда? Бул салтты эскиртпей сактап калууга болобу? Чогуу тамактануудан үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү кандай пайда алат?

Чогуу тамактануу — эскирип бараткан салт

«Чогуу отуруп тамактануунун бир эле муундун ичинде эскирген салтка айланганы азыркы адамдардын бири-бири менен баарлашууга болгон жакындыгынын кескин өзгөргөнүнөн кабар берет»,— дейт Роберт Путнам бир эмгекте («Bowling Alone»). Мындай өзгөрүүгө эмнелер себеп болууда? Биринчиден, кымбатчылык жубайларды эртеден кечке иштөөгө мажбур кылууда. Ошондой эле турмуштун каатчылыгы менен күрөшүп келген жалгыз бой ата-энелерде кенен-кесир убакыт боло бербейт. Экинчиден, азыркы заманда убакыт тар болгондуктан, көптөр мурдагыдай жайбаракат отуруп тамак ичпей калышты. Балдар сабактан кийин ар кандай ийримдерге, спорттун түрлөрүнө катышкандыктан, убакыт азыркы учурда ата-энелерге эле эмес, жадагалса кичинекей балдарга да жетишпейт.

Андан тышкары, айрым аталар балдардын ыйлаганын укпай, тынчыраак тамактануу үчүн жумуштан балдары уктап калгандан кийин келүүнү туура көрүшөт. Башкалары үйгө өз убагында келсе да, жубайы менен кулак-мурду тынчыраак тамактануу үчүн балдарын биринчи тамактандырып, жаткырып коюшат.

Мындай жагдай үй-бүлөлөрдүн чогуу эмес, өз-өзүнчө тамактанышына алып келүүдө. Бири-бири менен сүйлөшкөндүн ордуна, айтчу ойлорун кагазга жазып, муздаткычтын бетине чаптап коюшат. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үйгө келип, бышырып койгон тамакты жылытат да телевизор көрүп, компьютерде иштеп же видео-оюндарын ойноп жатып тамактанат. Мындай көрүнүш коомго терең сиңип кеткендей. Буга каршы туруунун жолдору тууралуу ойлонууга убакыт келип жеткен жокпу?

Чогуу тамактануунун пайдасы

Чогуу тамактанганда ата-энелер балдарынын эмоциялык муктаждыктарын канааттандыра алышат. «Үй-бүлө менен чогуу тамактануунун кереметтүү күчү» деген китебинде Мириям Вейнштейн: «Балдар ата-энеси менен дайыма жана жагымдуу маанайда дасторкон үстүндө сүйлөшкөндө алардын мээримин сезе алышат»,— дейт. Ал андан ары: «Үй-бүлө менен чогуу тамактануу бардык дартка даба дешке болбойт. Бирок айрым кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берет»,— деп сөзүн улайт.

Испаниялык Эдуардо деген орто жашап калган киши жогоруда айтылгандарга кошулат. Ал мындай деп эскерет: «Мен бала кезимде үй-бүлөбүздө баарыбыз болуп 11 киши чогуу тамактанчубуз. Атам түштө биз менен чогуу тамактануу үчүн үйгө келүүгө бүт күчүн жумшачу. Биз үчүн бул өзгөчө мезгил болчу. Ар бирибиздин жашообузда кандай нерселер болуп жатканын жакшы билчүбүз. Дасторкон үстү дайыма шаңга бөлөнүп, каткырып-күлүп отурар элек. Ошол жагымдуу күндөрдү эстегенде мен да атамдан үлгү алышым керек экенине ынанам».

Үй-бүлө менен чогуу тамактануу балдарга сергек жашоо мүнөзүн өткөрүүгө өбөлгө түзөт. Баңги заттарды кыянат колдонууга каршы күрөш жүргүзүү боюнча Колумбия университетиндеги улуттук борбордун окумуштуулары ата-энеси менен жумасына беш жолу чогуу тамактанган жаштардын азыраак тынчсызданарын, кусалык сезимине азыраак алдырарын, жашоого кызыгуу менен карашарын жана мектепте жакшы окушарын аныкташкан.

Эдуардо мындай дейт: «Үй-бүлө менен чогуу тамактануу балдарга эмоциялык жактан туруктуу болууга жардам берерине ишенем. Кыздарым айтайын деген оюн качан айтабыз деп тынчсызданышпайт. Биз күнүгө чогуу тамактанган учурда ээн-эркин сүйлөшө алабыз. Андан тышкары, кыздарымдын көйгөйлөрү тууралуу жакшыраак билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт».

Үй-бүлөнүн чогуу тамактанганы тамактануу маданиятын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Испаниядагы Наваре университети билдиргендей, жалгыз отуруп тамак ичүү тамакка болгон табиттин бузулушуна алып келет жана бул бир нече убакытка созулушу мүмкүн. Жалгыз тамактануунун кесепети андан да олуттуу болушу ыктымал. «Үй-бүлө ар дайым чогуу тамактанганда балдар ата-энесинин камкордугун жана сүйүүсүн сезе алышат»,— дейт эки кыздын энеси Эсмеральда.

Ошондой эле үй-бүлө менен чогуу тамактануу балдарга рухий жактан кам көрүүгө жакшы шарт түзөт. 3 500 жылдай мурун ысрайылдыктарга берилген мыйзамга ылайык, ар бир ата-эне балдарына Кудайдын мыйзам-принциптерин үйрөтүү үчүн алар менен чогуу убакыт өткөрүшү керек болгон (Мыйзам 6:6, 7). «Тамактануу учурунда чогуу тиленүүнүн жана күндөлүк аятты чогуу талкуулоонун аркасында балдарыма Кудайдын мыйзамдарын үйрөтө алам», — дейт эки уулдун атасы Ангел. Чогуу тамактануу көптөгөн пайда алып келгендиктен, айрым үй-бүлөлөр чогуу тамактануу үчүн кандай кадамдарды жасашууда?

Чара көр

«Уюшкандык жана даярдуулук чоң роль ойнойт»,— дейт Эсмеральда. Ал эми эки баланын энеси Марибел: «Үйгө ким кечирээк келе турган болсо, аны күтүү керек. Биз, кандай болбосун, күнүгө тамакты чогуу ичебиз»,— дейт. Айрым үй-бүлөлөр жекшемби күндөрү бош убакыттан пайдаланып, кийинки жумада жасала турган тамакка кошулчу нерселердин баарын даярдап коюшат же тамакты алдын ала бышырып коюшат.

Ошондой эле үй-бүлө менен чогуу тамактануу маанилүү экенин аңдай билүү да жакшы жардам берет. Эдуардо: «Мен үй-бүлөм менен чогуу тамактануу үчүн жумуштан эрте келүүгө аракет кылчумун жана мунун акыбети кайтты. Азыр мага үй-бүлөмдүн иштери жакшы маалым. Көп убактымды жумушка арнап, үй-бүлөмө убакыт бөлбөй койсом, адилетсиздик болуп калмак»,— деп эскерет.

Алаксыткан нерселер тууралуу эмне дешке болот? 16 жаштагы Дэвид аттуу өспүрүм: «Биз тамакты телевизор жок бөлмөдө ичебиз. Тамактануу учурунда, ата-энебизге күн кандай өткөнүн айтып беребиз, алар бизге жакшы кеңештерди беришет»,— дейт. «Бүгүнкү күндө өспүрүмдөр ата-энеси менен көп сүйлөшпөйт,— деп сөзүн улайт Дэвид.— Атүгүл баары үйдө болушканда да тамакты чогуу ичпей, телевизор көрүп ичишет. Алар эмнеден кур калып жатканын билишпейт». 17 жаштагы Сандра деген кыз жогоруда айтылгандарга кошулуп: «Менин классташтарым: „Бүгүн апам мага муздаткычка кандай тамак калтырып койду болду экен“,— дешкенде, жаман болуп кетем. Мен үчүн үй-бүлөм менен тамактануу жөн эле курсакты тойгузуу эмес. Тамак ичип жатканда биз каткырып-күлүп, сүйлөшөбүз жана бири-бирибизди жакшы көрөрүбүздү билдиребиз»,— дейт.

«Үй-бүлө менен чогуу тамактануунун кереметтүү күчү» деген китепте айтылгандай, азыркы кымгуут заманда үй-бүлө менен чогуу тамактануу «турмуштун бороон-чапкынына каршы турууга жардам берет». Сен үй-бүлөң менен чогуу тамактанып, үй-бүлөңдүн ар бир мүчөсү менен жакын мамиле өрчүтө аласыңбы? Эгер сен эртеден кечке чейин иштесең, үй-бүлөң менен чогуу тамактануу сүйүктүү адамдарың менен жайбаракат отуруп баарлашууга шарт түзөт. Мунун акыбети кайтпай койбойт.

[Кутуча/15-беттеги сүрөт]

ҮЙ-БҮЛӨҢ МЕНЕН ЧОГУУ ТАМАКТАНУУДАН ЭМНЕЛЕРГЕ ҮЙРӨНӨ АЛАСЫҢ?

Пикирлешүүгө. Балдар пикирлешүүгө жана кунт коюп угууга үйрөнүшөт. Ал эми пикирлешүүнүн аркасында алардын сөз байлыгы көбөйүп, өз оюн айтууга үйрөнүшөт.

Ден соолукка пайдалуу тамакты өз маалында ичүүгө.

Жакшы адаттарга. Балдар тамактын жакшысын өзүнө алып албай, бөлүшкөнгө, ошондой эле үстөлдө отурганда башкаларга кам көрүүгө үйрөнүшөт.

Бир нерсени чогуу кылууга. Балдар үстөлдүн үстүн даярдоого жана тамак ичип бүткөндөн кийин жыйноого, ошондой эле башкаларга жардам берүүгө үйрөнүшөт. Ал эми чоңоё түшкөндө тамак жасоого жардам бере алышат.