Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Тынчсызданганыңарды токтоткула»

«Тынчсызданганыңарды токтоткула»

«Тынчсызданганыңарды токтоткула»

«Банкка салган акчабыз да, балдарга деп чогултуп жүргөн каражатыбыз да түгөндү. Көптөгөн айлар бою такыр кирешесиз отуруп калдык».

● Мен Индиянын бир айылында мектеп ачып иштетчүмүн. Ишим башында жакшы жүрүп жаткан. Мектепте бир кездерде 500дөй окуучу билим алчу. Анан шаардагы бир беделдүү мектеп биз жакка автобустарды жөнөтө баштады; ал мектепке кирүү да окуучуларга оңоюраак болуп калды. Ошондуктан мектебимде окуган көптөгөн окуучулар ал мектепке которулуп кетишти. Ошентип, беш жүздөй окуучунун алтымыштайы эле калды. Мага карыз болуп жүргөн киши карызын бере албай калып, жагдайым ого бетер оорлоду. Мектепте иштегендерге айлыгын бериш керек болгондуктан акча жагынан аябай кыйнала баштадым.

Жагдайыбыз тууралуу үй-бүлөбүз менен чогуу отуруп талкууладык. Баарыбыз Исанын «көздү бир нерсеге багыттоого», башкача айтканда, керектүүдөн ашык нерсеге кызыкпоого байланыштуу кеңешине ылайык иш кылууну каалагандыктан көптөгөн курмандыктарга бардык (Матай 6:22, 25). Машинени оңдоого жана май куюуга акча коротпош үчүн бир канча убакытка чейин аны айдабай турууну чечтик. Азык-түлүктү да кечинде сатып алып калдык, анткени ошол маалда алардын баасы арзандатылчу. Ошондой эле мурун алып жүргөн азык-түлүктөрдүн айрымдарынан баш тарттык.

Биз Жахабанын Күбөлөрүбүз жана жыйналыш жолугушууларына барып, ишенимдештерибиз менен чогулуп туруу маанилүү экенин түшүнөбүз (Эврейлер 10:25). Андыктан акча жагынан кыйналсак да жана жыйналыштар менен жыйындарга баруу үчүн узак жол жүрүш керек болсо да, аларды калтырбаганга чечкиндүү болдук. Башкаларды Кудай жөнүндө окутуу үчүн бизге алыс жактарга да барууга туура келет. Ошондой алыс жактарга машиненин ордуна, мотороллер менен бара баштадык. Бирок, бир жери, мотороллерге эки кишиден ашык отура албайсың.

Анткен менен кызматка азыраак катышып калган жокпуз. Тескерисинче, жубайым менен кызым башкаларга Ыйык Китеп тууралуу айтууга көбүрөөк убакыт бөлө башташты. Алар кызыгуучулар менен Ыйык Китепти изилдөө үчүн кээде 6—8 километр жол жүрүшчү. Уулум экөөбүз да башкаларды Ыйык Китептеги чындыктарга окутуу үчүн көбүрөөк убакыт жумшоого аракет кыла баштадык.

Азыр акча жагынан мурункудай кыйналбай калдык. Башыбыздан өткөн ошол кыйынчылыктан материалдык нерселерге өтө чоң маани бербегенге үйрөндүк. Ошондой эле өзүбүз өзгөртө албай турган нерселерге ашыкча тынчсыздануунун кереги жок экенин түшүндүк. Бизге 54-забурдун 23-аяты өзгөчө жардам берди. Ал жерде: «Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт. Ал адилеттүү адамдын олку-солку болуусуна эч качан жол бербейт»,— деп жазылган. Акча жагынан кыйналган учурда бул сөздөрдүн калетсиз экенине толугу менен ынандык! (Окурманыбыздан.)