Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенимим жөнүндө айткандан эмне үчүн корком?

Ишенимим жөнүндө айткандан эмне үчүн корком?

Жаштардын суроолору:

Ишенимим жөнүндө айткандан эмне үчүн корком?

«Мектепте ишенимим тууралуу айтууга сонун мүмкүнчүлүктөр болуп калат. Бирок аларды дайыма эле колдонбой калам» (Калеп) *.

«Бир жолу мугалимибиз эволюция тууралуу кандай ойдо экенибизди сурап калды. Ишенимим тууралуу айтууга сонун мүмкүнчүлүк болгон. Бирок эч нерсе айта албай койдум. Ошон үчүн өзүмдү аябай жаман сездим» (Жасмин).

ЭГЕР сен Исаны жолдогон жаштардан болсоң, Калеп менен Жасминдикиндей учурларың болгон чыгар. Сен да, алардай болуп, ыйык китептик чындыктарды баалаарың жана алар тууралуу башкаларга айтып бергиң келери шексиз. Бирок айтканга келгенде эле, коркконуңан тилиң буулуп калгандай болоттур. Ошентсе да ишенимиң тууралуу тайманбай айтууга үйрөнө аласың. Кантип? Төмөндөгү кеңештер эмки окуу жылы башталганга чейин ишенимиңди коргоого үйрөнүүгө жардам берет.

1. Себебин аныкта. Балким, сага ишенимиң тууралуу башкаларга айтсаң, алар сени туура эмес түшүнүп калчудай сезилеттир. Мындайда тынчсызданган нерселериң тууралуу кагазга жазып алуу коркунучуңду жеңүүгө көмөк кылат.

Төмөнкү жерге оюңду жаз.

▪ Эгер мен мектептегилерге ишенимим тууралуу айтсам, анда...

․․․․․

Коркуу сезими сенде эле эмес, сен курактуу ишенимдештериңде да болот. «Ишенимим тууралуу айтсам, балдар мени шылдыңдап, элден башкача деп мектептегилерге жаят деп корком»,— дейт 14 жаштагы Кристофер. Жогоруда айтылган Калеп болсо мындай дейт: «Кимдир бирөө суроо берип калса, жооп бере албай, уят болуп калам деп тынчсызданчумун».

2. Туура маанай сакта. Коркуу сезимиңди негизсиз деп айтууга болобу? Андай деле эмес. Эшли мындай дейт: «Кээ бирөөлөр чындыкка кызыккандай эле болушат, бирок кийинчерээк айткандарымды өзүмө каршы колдонуп, башкалардын көзүнчө шылдыңдашат». 17 жаштагы Никол мындай деп бөлүшөт: «Бир бала өзүнүн Ыйык Китебиндеги аят менен менин Ыйык Китебимдеги аятты салыштырып көрүп, Ыйык Китебимди бурмаланган деп айтты. Буга эмне деп айтарымды билбей, аябай кыжалат болдум» *.

Ушул сыяктуу жагдайларга кабылуу абдан жагымсыз. Бирок алардан жаа бою качкандан көрө, мындай кыйынчылыктарды Исанын жолдоочусунун жашоосунда сөзсүз кездеше турган нерсе катары кабыл ал (2 Тиметей 3:12). «Иса өзүнүн жолдоочуларынын куугунтукталарын айткан,— дейт 13 жаштагы Мэтью.— Демек, бизди баары эле жакшы көрө бербеси таң калыштуу эмес» (Жакан 15:20).

3. Пайдалуу жактарын ойлон. Ушундай жагдайлардын жакшы жагы барбы? 21 жаштагы Эмбер аттуу бир кыз: «Ыйык Китепти баалабагандарга өзүңдүн ишенимиң тууралуу айтуу аябай эле кыйын. Бирок айтып жатып, өзүңдүн ишенимиң бекемделет экен»,— дейт (Римдиктер 12:2).

Жогоруда жазган сөздөрүңө кайрылып көрсөң. Эми ал жагдайдын, бери дегенде, эки жакшы жагын таап, төмөнкү жерге жаз.

1 ․․․․․

2 ․․․․․

Жардам. Ишенимиңди ачык билдирүү курдаштарыңдын кысымын кандайча азайтышы мүмкүн? Бул өзүңдү ишенимдүүрөк сезүүгө кандайча өбөлгө түзөт? Жахабага болгон сүйүүңө кандай таасир этет? Жахабанын сага болгон сүйүүсүнөчү? (Накыл сөздөр 23:15).

4. Даяр бол. «Адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет»,— делет Накыл сөздөр 15:28де. Эмнелерди айтарыңды эле эмес, башкалардын кандай суроолорду бериши мүмкүн экенин да ойлон. Ал суроолор боюнча изилдөө жүргүзүп, жоопторуңду даярдап алсаң, өзүңдү ишенимдүүрөөк сезесиң. (25-беттеги « Жоопторду даярдап ал» деген таблицаны кара.)

5. Башта. Алдын ала даярданып алдың дейли, эми сөздү кантип баштасаң болот? Сөз баштоону сууга кирүүгө салыштырса болот: кээ бирөөлөр сууга денесин акырындык менен көндүрүп киришет, башкалар болсо дароо эле секиришет. Мисалы, бутуңду сууга салып көргөн сыяктуу, сөздү динге байланышы жок темалардан баштасаң болот. Бирок ар кайсыны ойлоп тынчсызданып жатсаң, балким, дароо эле «сууга секиргениң» оң болоттур (Лука 12:11, 12). «Ишенимиң тууралуу башкаларга айтуудан да, ал жөнүндө ойлонуу көбүрөөк кыйнайт,— дейт 17 жаштагы Эндрю.— Бирок бир жолу бирөө менен ишенимим тууралуу сүйлөшүп калып, сөз баштоо мен ойлогондой деле кыйын эмес экенин байкадым» *.

6. Кыраакы бол. Суунун тайыз жерине секирип кирбегениңдей эле, талаш-тартышка аралашып кетүүдөн сак бол. Сүйлөй турган да, унчукпай турган да убак бар экенин унутпа (Насаатчы 3:1, 7). Айрым учурларда Иса да кайсы бир суроолорго жооп берген эмес (Матай 26:62, 63). Ошондой эле: «Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз барып кырсыкка учурашат»,— деген принципти эсиңден чыгарба (Накыл сөздөр 22:3).

Андыктан талаш-тартыш башталчудай болуп жатса, «секирип кирбей» эле койгонуң оң. Андайда кыска, бирок нуска жооп бер. Мисалы, классташың тийишип: «Сен эмнеге тамеки чекпейсиң?» — деп сураса, ага акырын эле: «Анткени мен өпкөмдү булгагым келбейт»,— деп жооп берип кой. Анан сенин айтканыңды кандай кабыл алганын байкап, андан ары сөздү улаш керекпи, жокпу, чечсең болот.

Жогоруда айтылган кеңештер сага ишенимиңди коргоого «дайым даяр болууга» жардам берет (1 Петир 3:15). Бирок, даяр болгон күндө деле, ишенимиңди башкаларга айтуудан коркушуң мүмкүн. 18 жаштагы Алана мындай дейт: «Коркконуңа карабай, башкаларга ишенимиң тууралуу айтканыңда, бир чоң иш кылгандай эле болосуң. Анткени коркуу сезимиңди жеңип, жыйынтыгы сөзсүз эле жакшы болбосун билсең да, ишенимиң тууралуу айтуудан тартынган жоксуң. Жыйынтыгы жакшы болуп кетсе, андан бетер сүйүнөсүң! Эң негизгиси, тайманбай сөз баштай алганыңа кубанасың».

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 11-абз. Ыйык Китептин котормолору бири биринен айырмаланат. Бирок алардын айрымдары Ыйык Китептин түп нускасы жазылган тилдерден көп деле айырмаланбайт.

^ 19-абз. 26-беттеги « Сөздү кантип баштаса болот?» деген кутучаны кара.

ОЙЛОНУП КӨР

Мектебиңде кимдир бирөө, балким, минтип ойлонуп жүргөндүр:

«Сенин Жахабанын Күбөсү экениңди билем. Балким, мени шылдыңдайт деп ойлоп жаткандырсың, бирок чынында сени аябай сыйлайм. Дүйнөдөгү көйгөйлөр сага түк да таасир этпегендей сезилет. Мен болсо корком... Дагы бир согуш чыгып кетпейби? Ата-энем ажырашып кетпейби? Бүгүн мени мектептен эч ким сайып же атып кетпейби? Менин жооп таба албай жүргөн суроолорум аябай көп; бирок сенин жашооңдо максатың бардай, эмнеге умтулуп жатканыңды жакшы билгениңдей сезилет. Бул сенин туткан диниңден улам болуш керек. Сени менен ушулар тууралуу сүйлөшкүм келет, бирок сөз баштаганга батына албайм. Сөздү өзүң баштасаң жакшы болот эле».

[26-беттеги кутуча]

СЕН КУРАКТУУ ЖАШТАРДЫН ОЮ

«Кээ бир балдар ишенимим үчүн шылдыңдай беришчү. Бирок алардын шылдыңына көңүл бурбай койсом, кетип калышчу» (Франческа, Люксембург).

«Эгер башкаларга Исанын жолдоочусу экениңди айтпасаң, өзүңдүн ким экениңди унута баштайсың да, кылган иштериң башкалардыкынан айырмаланбай калат. Анда Исанын жолдоочусу болбой каласың. Ошондуктан башкаларга сени калыпташына жол бербешиң керек» (Саманта, АКШ).

«Мурун башкалардан айырмалангым келчү эмес. Бирок кийинчерээк ишенимимдин аркасында жашоом маңызга толуп жатканын түшүнө баштадым. Ошондон улам өзүмдү ишенимдүүрөөк сезип, ишенимим менен сыймыктанып калдым» (Жейсон, Жаңы Зеландия).

[26-беттеги кутуча]

 СӨЗДҮ КАНТИП БАШТАСА БОЛОТ?

▪ «Жайкы каникулда эмне кыласың?» [Жообун угуп, өзүңдүн рухий максаттарыңды, мисалы, жыйынга барарыңды же кызматыңды кеңейтериңди айт.]

▪ Кайсы бир жаңылыкты айтып, мындай суроо бер: «Ушул тууралуу уктуңбу? Бул жөнүндө кандай ойдосуң?»

▪ «Дүйнөдөгү финансылык абал [же дагы башка көйгөй] жакшырат деп ойлойсуңбу? [Жообун ук.] Эмнеден улам ушундай ойдосуң?»

▪ «Сен кайсы динди тутасың?»

▪ «Беш жылдан кийин жашооңду кандай элестетесиң?» [Жообун уккандан кийин өзүңдүн рухий максаттарың тууралуу айтып бер.]

[25-беттеги таблица]

 (Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

ЖООПТОРДУ ДАЯРДАП АЛ

Кесип алып, колдон

Сунуш: Таблицаны ата-энең же досторуң менен талкуула. Бош жерлерди толтур. Классташтарың дагы кандай суроолорду берери жөнүндө ойлонуп көр.

Адеп-ахлактык

Суроо

Гомосексуализмге карата көз карашың кандай?

Жооп

Мен гомосексуалисттерди жек көрбөйм, бирок алардын жүрүм-турумун туура деп эсептебейм.

Кийинки суроо

Көпчүлүктүн ою ушундай болгону үчүн эле ушундай ойдо эмессиңби?

Изилдөө

1 Корунттуктар 6:9, 10; «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонорлук кеңештер», 2-том, 28-бөлүм*.

Жооп

Жок, анткени мен адеп-ахлаксыздыкка жаткан бардык иштерге, анын ичинде гомосексуализмге да каршымын.

Сүйлөшүү

Суроо

Сенин сүйлөшкөн кызың (же жигитиң) барбы?

Азырынча мага эрте деп ойлойм.

Жооп

Бул туткан диниңден улам да, ээ?

Изилдөө

Ырдын ыры 8:4; «Жаштардын суроолору», 2-том, 1-бөлүм.

Жооп

Ооба. Биз үйлөнүү максатында гана сүйлөшөбүз. Мен азырынча ага даяр эмесмин.

Бейтараптуулук

Суроо

Сен эмне үчүн гимн ырдабайсың?

Жооп

Мен мекенимди жакшы көрөм, бирок ага сыйынбайм.

Кийинки суроо

Анда ата мекениңди коргоп согушпайсыңбы?

Ышайа 2:4; Жакан 13:35; «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?», 148—151-беттер*.

Жооп

Жок. Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын миллиондогон башка Күбөлөрү да биздин өлкөгө каршы согушушпайт.

Кан куйдуруу

Суроо

Силер эмне үчүн кан куйдурбайсыңар?

Жооп

Анткени Кудай канды колдонууга тыюу салган. Биз дарылануунун коопсуз ыкмаларын колдонобуз. Андай ыкмалар ЖИКС сыяктуу жугуштуу оорулардан сактайт.

Бирок өмүрүңө коркунуч туулуп жатсачы, анда да Кудай кечирбей коёбу?

Жооп

Элчилер 5:28, 29; Эврейлер 11:6; «Ыйык Китеп эмнеге окутат?», 129—131-беттер.

Тандоо эркиндиги

Суроо

Силердин диниңердеги «баланча» деле «тигиндей» кылып жүрбөйбү? Сен деле ошенте бербейсиңби...

Жооп

Биз Кудайдын талаптарын окуп-үйрөнөбүз, бирок аларды аткарууга бизди эч ким мажбурлабайт. Ар ким өз алдынча чечим чыгарат.

Кийинки суроо

Анда силерде ар ким өз билгенин кылып жүрө берсе болобу?

Жаратуу

Суроо

Сен эмне үчүн эволюцияга ишенбейсиң?

Жооп

Эмне үчүн ишенишим керек? Атүгүл окумуштуулар өздөрү ага толук ишене албай, бир пикирге келе албай жатышпайбы.

[26-беттеги сүрөт]

Сөз баштоо сууга кирүүгө окшош: сууга денеңди акырындык менен көндүрүп кирсең болот же дароо эле секирсең болот