Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Никедеги берилгендик чынында эмнени билдирет?

Никедеги берилгендик чынында эмнени билдирет?

Ыйык Китептин көз карашы

Никедеги берилгендик чынында эмнени билдирет?

Никеде турган ар бир адам өмүрлүк жарынан берилгендигин сакташын күтөт. Ыйык Китепте да жарына берилгендикти сактоо тууралуу мындай делет: «Баары никени жогору баалашсын жана нике төшөгү булганбасын» (Эврейлер 13:4).

НИКЕДЕ берилгендикти сактоо башка бирөө менен жыныстык мамиледе болбоону эле билдиреби? Өмүрлүк жарыңдан башка бирөө жөнүндө ойлонуп, кумарга батуу зыянсызбы? Башка жыныстагы кимдир бирөө менен ынак мамиледе болгон адам өмүрлүк жарына берилгендигин сактаган болобу?

Адепсиз кыялдануулар зыянсызбы?

Кудайдын Сөзүндө жубайлардын жыныстык мамиледе болушу табигый нерсе экени жана андай мамилелер аларга кубаныч, канааттануу тартуулаары айтылат (Накыл сөздөр 5:18, 19). Бирок азыркы адистердин көбү жарыңдан башка бирөө жөнүндө кыялдануунун эч зыяны жок, атүгүл пайдалуу деп эсептешет. Чынында эле ошондойбу? Андай кыялдануулар ойноштукка алып барбайт деп кепилдик берүүгө болобу?

Адеп-ахлаксыз кыялдануулар, адатта, адамдын өзүнүн гана кумарын кандырууга багытталып, өзүмчүлдүккө түртөт. Бул Ыйык Китептеги жубайларга берилген кеңешке таптакыр карама-каршы келет. Ыйык Жазмада жыныстык мамилелерге байланыштуу: «Аялдын денесине өзү эмес, күйөөсү ээлик кылат. Ошо сыяктуу эле, эркектин денесине өзү эмес, аялы ээлик кылат»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 7:4). Ыйык китептик бул кеңешти колдонуу адепсиз кыялдануулар алып келген өзүмчүлдүктөн, өзүнүн гана канааттануусун көздөөдөн сактайт. Натыйжада, күйөөсү да, аялы да өздөрүн никеде бактысыз сезишпейт (Элчилер 20:35; Филипиликтер 2:4).

Башка бирөө жөнүндө ойлонуп, кыялдарга батуу, акыр-аягы, өмүрлүк жардын жан дүйнөсүн жаралай турган ишке түртүшү мүмкүн. Кыялданып коюунун өзү эле ойноштукка алып келиши мүмкүнбү? Ооба. Ыйык Китептеги: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналат. Кумар түйүлүп, күнөө туулат»,— деген сөздөрдөн ой жүгүртүүбүз иштерибиз менен тыгыз байланышта экенин көрүүгө болот (Жакып 1:14, 15).

Иса Машаяк: «Аялга кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот»,— деп айткан (Матай 5:28). Ойноштукка алып бара турган адепсиз кыялданууларды четке кагуу менен «жүрөгүңдү сактап», никеңдин бекем болушуна шарт түзөсүң (Накыл сөздөр 4:23).

Берилгендикке дагы эмне кирет?

Жубайлар никеде бактылуу болушу үчүн бири бирине бардык жагынан берилгендигин сакташы керек (Ырдын ыры 8:6; Накыл сөздөр 5:15—18). Бул эмнени билдирет? Башка жыныстагы адамдар менен достук мамиледе болгон күндө да, убактыңды, көңүлүңдү, эмоциялык күчүңдү биринчи кезекте өмүрлүк жарыңа арнашың керек. Ал эми жарыңа гана таандык болгон ушу сыяктуу нерселерди башка бирөөгө арнасаң, аны менен жыныстык мамиледе болбосоң деле, кандайдыр бир мааниде жубайыңа ишенимсиздик кылган болосуң *.

Кандайча жубайыңдан башка бирөө менен ынак мамиле өрчүтүп алышың мүмкүн? Мисалы, кимдир бирөө жубайыңа караганда сезимталыраак сезилип, көзүңө сүйкүмдүү көрүнө башташы мүмкүн. Аны менен жумушта же дагы башка жерде убакыт өткөрүп, сырдашып, никеңдеги көйгөй-нааразычылыктар жөнүндө да кеп козгой башташың ыктымал. Ошентип, экөөңөр бири бириңерге тартылып, ортоңордо орунсуз ынак мамиле өрчүп кетиши мүмкүн. Телефон же Интернет аркылуу пикирлешүү да ошондой ынактыкка алып келип, никедеги сырларды ачууга шарт түзүп коюшу ыктымал. Кандай болбосун, жубайлар айрым нерселерди бири-бири менен гана талкуулоого тийиш жана никедеги «жашыруун сырлар» ортодо эле калышы кажет (Накыл сөздөр 25:10).

Жарыңдан бөлөк бирөөгө орунсуз сезимдердин өрчүп жатканын байкасаң, актануудан кач! Жеремия 17:9да жүрөктүн анткор экени айтылат. Эгер башка жыныстагы кимдир бирөө менен ынак мамиледе болсоң, минтип ойлонуп көр: «Ошол мамилемди башкалардан жашырып, ал тууралуу сөз жүргөндө актанып кирбейминби? Жубайым ошол адам менен сүйлөшкөндөрүмдү угуп калса, өзүмдү кандай сезет элем? Эгер жубайым башка бирөө менен ынак мамиледе болсо, бул мага жагат беле?» (Матай 7:12).

Андай орунсуз мамилелер никени бүлгүнгө учуратышы мүмкүн, себеби ынак мамилелер, акыры, ойноштукка алып барат. Иса да «жүрөктөн... ойноштук... чыгарын» эскерткен (Матай 15:19). Андай мамилелер ойноштук менен бүтпөсө да, шек саноолорго же ишеничтен такыр чыгып калууга алып келет. Ишенимден бир жолу чыккан соң, ага кайра ээ болуу оңой эмес. Карен * аттуу бир аял мындай деген: «Марктын бир аял менен күнүгө бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшүп жүргөнүн билип калганымда, жүрөгүмө канжар сайылгандай эле болду. Алардын ортосунда эчтеке болгон жок деп айтуу кыйын. Мен эми ага таптакыр ишенбей калдым».

Жубайың болбогон бирөөгө өтө эле жакын болуудан сак бол. Орунсуз сезимдерге же туура эмес каалоолорго көз жумба. Ошондой мамилелер никеңе коркунуч туудуруп жатса, аларга дароо чек кой же таптакыр токтот. Ыйык Китепте: «Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 22:3).

Нике түйүнүн бекем сакта

Жаратканыбыз никеде турган эки адамдын бири-бири менен абдан ынак мамиледе болушун ниет кылган. Ошондуктан ал күйөөсү менен аялынын «бир дене болорун» айткан (Башталыш 2:24). «Бир дене болуу» деген жубайлардын ортосундагы жыныстык мамилелерден да көптү билдирет. Ал өзүнө жубайлардын бири бирине жан тартуунун, ишеним артуунун, бири бирин урматтап-сыйлоонун аркасында пайда болгон ынактыкты камтыйт (Накыл сөздөр 31:11; Малахия 2:14, 15; Эфестиктер 5:28, 33). Ушул принциптер жубайларга оюнда да, жүрөгүндө да бири бирине берилген бойдон калууга жана нике түйүнүн бекем сактоого жардам берет.

[Шилтемелер]

^ 11-абз. Айта кетчү нерсе, ажырашууга жубайлардын бири никеден тышкары жыныстык мамиледе болгондо гана жол берилет (Матай 19:9).

^ 14-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

▪ Адепсиз кыялдарга батуу зыянсызбы? (Жакып 1:14, 15).

▪ Жубайыңдан башка бирөө менен ынак мамиледе болуу эмнеси менен коркунучтуу? (Жеремия 17:9; Матай 15:19).

▪ Нике түйүнүн кантип бекемдесең болот? (1 Корунттуктар 7:4; 13:8; Эфестиктер 5:28, 33).

[29-беттеги кыстырма]

«Аялга кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот» (Матай 5:28)