Байкал планетабыздын көкмөлтүр көзү
Байкал планетабыздын көкмөлтүр көзү
ОРУСИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН
ЧЫГЫШ Сибирдин түштүгүн мекендеген монгол уруулары бул көлдү байыртан ыйык санап келген. Дүйнөдө жазылыгы боюнча мындан чоң тузсуз көлдөр бар болгону менен, алардын бири да тереңдиги, суусунун көлөмү боюнча Байкалга тең келе албайт. Анын байыртадан сакталып келаткан аты «бай көл» дегенди билдирет. Байкалдын көлөмү жана кубулма касиети үчүн жээгинде жашагандар ушул күнгө чейин аны «деңиз» деп келишет.
Байкал Орусиянын ар бир тургуну үчүн кымбат. Аны москвалык изилдөөчүлөрдүн бири «ноталарын» жомоктогудай кооз жээк, кашкадай тунук суу, түрдүүлүгү түмөн өсүмдүк менен жан-жаныбарлар түзгөн «бала кезден тааныш кереметтүү күүгө» салыштырган.
Узундугу — 636, жазысы 80 километрге созулган Байкалга космостон карай турган болсоң, жаңыдан ачылып келаткан көкмөлтүр көзгө окшошо түшөт. Бул көл дүйнө жүзүндөгү тузсуз суулардын бештен бир бөлүгүн түзгөндүктөн, ага суусунун көлөмү боюнча Түндүк Американын Улуу беш көлүнүн баары биригип тең келе албайт! Байкалдын тереңдиги 1 600 метрден ашат. Андагы суу соолуп кетсе, ага дүйнөдөгү дарыялардын баарын кайрып келип куйдурган күндө да, бир жылда барып араң толмок!
Материктер кагылышы
Геологдордун божомолдоосу боюнча, кылымдар мурун океан менен түндүк тарапка жылып келаткан бир субконтинент Азияга урунган. Алардын кагылышынан тоо тек катмарлары бүктөлүп, жер кыртышынын эбегейсиз чоң бөлүктөрү көтөрүлгөндө, Гималай тоолору жаралган. Ошол кагылышуу Сибирдин аймагындагы Байкал рифт системасы деп аталган бир канча жараканын пайда болушун шарттаган дешет. Ошондо жаралган ойдуңдардын бири жанындагы тоолордон жылмышып түшүп отуруп, калыңдыгы 7 километрге жеткен тоо тектерине толгон. Ал чуңкурдун калган бөлүгү сууга толуп, Байкал көлү пайда болгон. Учурда ага 300дөн ашуун дарыя-суу куят да, андан бир эле — Ангара — дарыясы агып чыгат.
Дүйнөнүн байыркы көлдөрүнөн өзгөчөлөнүп, Байкал балыр басып же сазга айланып кеткен эмес. Окумуштуулардын ою боюнча, анын себеби ойдуңдун тектоникалык кыймылы али басыла элегинде: рифт дагы деле жылышып, кеңейип жатат. Ошондуктан, жаралганынан канча убакыт өтпөсүн, көлдүн түбү тоо тектерге толуп кеткен эмес, кайра жылдан жылга тереңдегенден тереңдеп барат! Тектоникалык катмарлардын жылышуусунан улам көлдүн түбүнөн ысык суулар кайнап чыгып турат.
Көл тереңинде
Байкалдын суусу аба сымал тунук болгондуктан, түбү 50 метр тереңдикке чейин көрүнөт. Ошон үчүн кайыкка түшүп, көлдүн терең жагына сүзүп барсаң, кадимкидей сестенесиң. Эпишура деп аталган калакбуттуу рактардын тобу сууну киргилт көрсөткөн ар кандай балыр, бактериялардан чыпкалап, тазалап турат. Аларга Байкалды байырлаган рак сымалдуулардын башка да түрлөрү көмөктөшөт. Алар органикалык калдыктарды чиритпей, жеп турат. Ошондуктан көлдүн суусу абдан таза. Мындан 20 жыл мурун анын суусун анализге алганда, суу куюлуп келинген айнек идиштен улам кирдеп калганы аныкталган!
Байкал суусу таза, тунук болгондон тышкары, кычкылтекке да абдан бай. Дүйнөнүн айрым терең көлдөрүнүн түбүндө, кайсы бир тереңдиктен ары кычкылтек жокко эсе болгондуктан, сууда жашоочу жаныбарлар салыштырмалуу тайыз жерлеринде гана жашайт. Ал эми Байкалдын түбүнөн өйдө көздөй жана бир четинен экинчи четине аккан суулары кычкылтекти эң терең жерлерине чейин жеткирип, аралаштырып тургандыктан, көлдүн ичинде тирүү организмдер эсепсиз көп.
Ары муздак, ары таза сууда жашыл былпылдактардын «токою» өсөт. Бутактуу кораллдарга окшош ал былпылдактар түркүн майда-барат жандыктар үчүн калканч болот. Ал эми жылуулукту сүйгөн майда жандыктар болсо гидротермалдык — ысык — суу чыккан жерлерди уялашат. Байкал көлүндө жашаган 2 000ден ашуун жан-жаныбардын 1 500ү — эндем, башкача айтканда, башка бир да көлдөн же дарыядан кездешпейт.
Байкал омуль деген балыгы менен атагы чыккан. Омуль — балыкчылар арасында абдан бааланган, чүйгүн ак балык. Көлдө адамды таңыркаткан, бир укмуш жандыктар да бар. Алардын бири — узундугу 30 сантиметрге жеткен жалпаккурт. Ал балык менен азыктанат. Ал эми көл түбүндөгү кумдун арасында бир клеткалуу организмдер кездешет. Мелтиркөлдүк деген абдан кызыктуу балыкты да ушул Байкалдан гана жолуктурууга болот.
Денеси жарым-жартылай тунук, түсү ар түркүн болуп кубулуп турган мелтиркөлдүк балыгы көлдүн эң тереңинде жашайт. Ал тукумун урук түрүндө чачпай, тирүүлөй тууйт. Денесинин үчтөн бир бөлүгү А витаминине бай майдан турат. Мелтиркөлдүк 200—450 метр тереңдиктеги басымды көтөрөт. Бирок күнгө кактап койсо, денеси эрип кетип, сөөгү менен майлуу так гана калат. Мелтиркөлдүк — Байкалдын атагы чыккан нерпасынын, байкал тюленинин, жакшы көргөн азыгы. Айтмакчы, тюлендердин ушул гана түрү тузсуз сууда жашай алат.
Жыл мезгилдери
Байкалды жылына беш айча муз каптап турат. Январь айынын аяк ченинде муздун калыңдыгы бир метрге жетет же андан да ашат. Тоңгон көлдүн бети күн тийгенде оймо салган айнек өңдүү чагылышып, көздү уялтат. Муз ушунча тунук болгондуктан, сынып кетчүдөй жука сезилет: үстүнөн бассаң, түбүндөгү таштар көрүнүп турат. Бирок, чынында, ал аябагандай бышык. Мындан 100 жыл мурун орус-жапон согушунун маалында орус аскерлери муз үстүнө убактылуу темир жол салып, андан 65 паровозду өткөрүп кеткен!
Апрелдин аяк ченинен тартып июнга чейин муз чатырап жарылып, чоң кесектери бири-бири менен кагышканда, айланага «карс-курс» эткен айбаттуу үн жаңырат. Бул дабыштар жергиликтүү калктын кулагына жатык болуп калган. Сибирде болуп кеткен натуралист Жералд Даррелл да: «Муздан топ жылаажын бирдей шыңгырагандай, себетте жаткан мышыктын балдары мыёлоп жаткандай үн угулуп турат»,— деген. Ал эми күн жылыганда, кесек-кесек болуп бөлүнгөн музду толкун менен шамал жээкке сүрүп чыгарат.
Суу бети ачылды дегиче, көптөгөн канаттуу-куштар кайтып келет. Байкалдын өзүндө болсо,
Ангара дарыясынын башында, таранчы сымалдар түркүмүнө кирген оляпка кыштайт; кышкысын көлдүн ошол жери гана тоңбойт. Кайтып келген канаттуулар арасында өрдөк, каз, куркулдак аккуу жана кытан сыяктуу суучул куштар бар.Июнда көлдүн жээгиндеги таш арасында быжырап сойлогон малак же эжеке бээ саалар менен азыктануу үчүн топ-тобу менен аюулар чыгат. Ызылдаган чымын-чиркейди этибар албаган аюулар таштын улам бир кычыгын ыракаттана жалайт. Жээктеги чымын-чиркейге кызыккан башка жаныбарлар менен канаттуулар да аз эмес.
Эрте жаз менен жайда көл ичиндеги балырлар гүлдөп, суунун өңү жашыл тарта түшөт. Алар майда-барат рак сымалдууларга азык болот. Дегинкиси, көлдүн жээк жагы — жашыл-көк, ары тереңи, океандан кем калышпай, кочкул-көк болуп турат.
Байкал көлүн бойлой ажайып зоокалар, урчук-тумшуктар жана кумдуу дөңчөлөр жатат. Жээгине келип, айланага көз чаптырсаң, бир жазуучу сүрөттөгөндөй, «эң бир назик бермет түспөл кулпурган» жаратылышты көрүп, жан дүйнөң эргий түшөт.
Жыл аягына чукул көлдү толкун басат. Күздү ээрчип катуу шамал, ал түгүл, долуланган бороон-чапкын келет. Ошондо тынч жаткан көлдүн бети алай-дүлөй түшүп, бийиктиги 4—6 метрге жете ашынган толкун көтөрүлөт. Мындай шамалдан улам жылдын башка мезгилдеринде да жүргүнчү кемелери жана балык кармоочу кайыктар чөккөн учурлар болгон.
Табият түрдүүлүгү
Сибирдин катаал мүнөзүн билгендер Байкалды кандайдыр бир түнт, сурданган алп катары элестетишет. Чын-чынына келгенде, анын жан-жакасынан көп сандаган жаныбарлар менен өсүмдүктөр жай табат. Көк тиреген төрт кырка тоо менен курчалган Байкалдын жаратылышы абдан бай. Ал тоолордо түндүк бугусу жана тукум курут болуп бараткан жаныбарлар тизмесине киргизилген сибирь тоо текеси бар.
Ал эми ойдуңдарында жашыл шалбаа жайкалат. Ошол шалбаалардын кээси санга сыйбас, көз жоосун алган түрлүү талаа гүлдөрү өскөн гүлзар сымал. Түздүгүндө сейрек кездешүүчү канаттуулардан каркыра, Азиянын ири куштарынын бири тоодак жолугат.
Байкал үчүн айланасындагы ийне жалбырактуу бак-карагайлуу тайганын, чычкан мурду жоргологус чытырман токойдун, мааниси абдан зор. Аянты боюнча бул тайга Бразилиядагы Амазонка тропик токойлорунан эки эсе чоң. Тропик токойлору менен катар, бул тайга жер шарынын климатынын жана экологиясынын теңсалмактуулугунун сакталышына эбегейсиз салым кошот. Токой ичинде көп сандаган канаттуу-куштар, мисалы, жупташуу маалындагы какылдагы менен белгилүү болгон кереңкурлар жашайт. Көлдүн өзүндө байкал чүрөгү кездешет (Сүрөтү 17-бетте).
Тайгада жашаган Баргузин булгуну да өзгөчө кызыгуу туудурат. Териси баалуу болгондуктан, бир кездерде ал жаныбарды аңчылар аёосуз кырган. Ал эми бүгүнкү күндө жаратылыш коргоочуларынын аракети менен алардын саны кайрадан өсүүдө. Аны сактап калуу максатында 1916-жылы Байкалдын жээгинде Баргузин коругу ачылган. Азыр бул чөлкөмдө үч корук жана саякатчылар үчүн ачылган үч улуттук бак бар.
«Акылы кандай терең... билими кандай жеткилең!»
Байкал көлү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине алынган. Бул жакка кызыккандар аз эмес: жылына дүйнөнүн чар тарабынан 300 000ден ашуун киши келип кетет. «Байкал бул — жаратылышты изилгендер үчүн да, эс алам дегендер үчүн да өзүнчө бейиш,— деп белгиленет бир жолкөрсөткүчтө.— Анын кумдуу жээгинде басуу, токоюн аралоо, канаттуу-куштарына байкоо жүргүзүү жана көлүндө кайык менен сүзүү... Мына, ушулардын баары Байкалды Азиянын атагын алыска чыгарган жерине айланткан».
Байкал — Кудайдын теңдешсиз акылмандыгынын жана улуктугунун айкын далили. Бул мөлтүр көлдү, анын жаратылышын, аны жандаган тирүү жандыктарды Кудай эмей ким жарата алмак? Байкалдын жээгинде туруп Ыйык Китептеги: «Оо, Кудайдын акылы кандай терең, Анын билими кандай жеткилең!» — деген сөздөрдү эстебей койбойсуң (Римдиктерге 11:33).
[16-беттеги кутуча/сүрөт]
ТУЗСУЗ СУУДА ЖАШАГАН ТЮЛЕНЬ
Көкмөлтүр Байкал — он миңдеп саналган нерпанын, байкал тюленинин, мекени. Алардын негизги азыгы — суу түбүндө жашоочу балыктар. Бул нерпанын Сибирь тарапты кандайча байыр алып калганын так айтуу мүмкүн эмес. Баарынан кызыгы, тюлендердин бул түрүн дүйнөнүн башка эч бир жеринен кездештирүүгө болбойт. Ал эми алардын эң жакын «тууганы» 3 000 километрден ашуун алыстыкта жашайт.
Нерпанын тумшугу жалпак, көздөрү чоң жана бири-бирине жакын жайгашкан. Ал — тюлендердин эң кидиги: денесинин узундугу, болгону, 1,4 метр. Жээктен мемиреп күнгө кактанып жаткан тюлендерди көп көрүүгө болот. Алар, тюлендердин башка түрлөрүнөн айырмаланып, чуру-чуу түшүп, бири-бири менен араздашпайт. Андыктан аларды дүйнө жүзүндөгү эң жоош тюлендер дешке болот.
Тюлендерди изилдеген бир адис байкал нерпасынын «окумуштуулар тордон алып чыкканда тиштенбеген, терисинде шакек сымал тактары бар нерпалардан да жоош келерин» байкаган. Ошондой эле бир эмгекте аквалангисттер сууда уктап жаткан нерпалардын жанына барып, сыламак турсун, ары-бери оодарганда да, алардын ойгонбогону айтылган.
[Булак]
Dr. Konstantin Mikhailov/Naturfoto-Online
[18-беттеги сүрөт/кутуча]
СҮРГҮН ЖЕРИ
Көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү 1951—1965-жылдары диний көзкарашы үчүн Байкалга сүргүнгө айдалган. 1951-жылы Прасковья Волосянко Байкалдагы эң чоң аралга — Ольхонго — айдалып келген. Ага, башка Күбөлөрдөй эле, балык уулоо менен күн көрүүгө туура келген. Анткен менен ал маанилүү башка ишке да, Ольхондун тургундарына Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого, убакыт бөлгөн.
1953-жылы Прасковья менен анын алты ишенимдеши Кудай жөнүндө кабар айткандыгы үчүн камакка алынган. Прасковьяга 25 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган. Мөөнөтүнөн мурда бошотулган соң ал Жахаба Кудайга Усолье-Сибирскоедеги (Иркутск облусу) жыйналыштарынын биринде ишенимдүү кызмат кылып, 2005-жылы көз жумган. Байкалдын чет-жакасында жана ага жакын жайгашкан Иркутскта азыр Жахабанын Күбөлөрүнүн 30дан ашуун жыйналышы рухий жактан гүлдөп-өсүүдө.
[15-беттеги кутуча]
ОРУСИЯ
Байкал көлү
[16, 17-беттеги сүрөттөр]
Байкал көлү жана Саян тоолору
[Булак]
© Eric Baccega/age fotostock
[17-беттеги сүрөт]
Байкал чүрөгү
[Булак]
Dr. Erhard Nerger/Naturfoto-Online
[15-беттеги булак]
Dr. Konstantin Mikhailov/Naturfoto-Online
[18-беттеги булак]
© Eric Baccega/age fotostock; Boyd Norton/Evergreen Photo Alliance