Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китептеги кеңештерге ишенүүгө болобу?

Ыйык Китептеги кеңештерге ишенүүгө болобу?

Ыйык Китептеги кеңештерге ишенүүгө болобу?

«Анын айткандарына ишенсем болобу?» Мындай суроону сен өзүңө саясатчы шайлоо алдында ар кандай убадаларды бергенде же сатуучу сага колдонулган машинени сатууга аракеттенгенде беришиң мүмкүн. Албетте, акчаңды, убактыңды куру бекер коротууну каалабайсың.

АНЫН сыңарындай, сен: «Ыйык Китептен пайдалуу нерсеге үйрөнө аламбы? Аны окуп-изилдесем, жумшаган убактым менен күч-аракетимдин акыбети кайтабы?» — деп ойлошуң мүмкүн. Бул суроолорго байланыштуу Ыйык Китепте: «Акылмандуулук өз иштери менен акталат»,— делген (Матай 11:19). Ооба, адам кандайдыр бир кеңешке же «акылмандуулукка» ылайык иш кылып, натыйжасын көргөндө гана ал кеңештин канчалык деңгээлде пайдалуу экенин көрө алат. Төмөндө Ыйык Китепти изилдөөдөн пайда алган айрым адамдардын ой-пикири келтирилди. Алардын айткандары сага бул өзгөчө китепти окуп-изилдөө керекпи, жокпу, чечүүгө жардам берет.

Өлүмгө жана өлгөндөн кийинки жашоого байланыштуу суроолор

Кошмо Штаттарда жашаган Керэндин апасы каза болгонуна бир нече убак болуп калган. Ал бала чагынан эле өлгөн жакшы адамдардын баары асманга барат деп ишенчү. Бул ага аз да болсо жубатуу берген. Бирок Керэнди: «Азыр апам кандай болуп калды экен? Эгер мен асманга барсам, аны кантип табар экем? Же өлгөндөн кийин таптакыр башка жакка барамбы?» — деген суроолор тынчсыздандырчу.

Керэн Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти кылдат изилдей баштайт. Натыйжада ал өлгөн адамдардын асманда эмес, тек гана катуу уктап жаткандай абалда экенин түшүнөт. Анткени Насаатчы 9:5те: «Өлгөндөр эч нерсе билишпейт»,— деп жазылган. Анда Керэн апасына кайра жолуга алабы?

Аны Ыйык Китептеги: «Буга таң калбагыла, анткени мүрзөдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат»,— деген аят жубатып, үмүт берген (Жакан 5:28, 29). Керэн Ыйык Китепти жаздырган Кудай өз Уулу аркылуу өлгөндөрдү жерде жашоого тирилтерин түшүнгөн. Ал: «Өлүмгө жана тирилүүгө байланыштуу Ыйык Китепте айтылгандар акылга сыярлык, аларды түшүнүү да оңой»,— дейт.

Кудайга кандай сыйынуу жагат?

Румыниялык Анжела аттуу кыздын 14 жашында элүүнчү күнчүлөрдүн кызматчысы ал кызга ыйык рух түшүп, башка тилде сүйлөсүн деп тиленет. Бирок Анжеланын ата-энеси ал диндин окуулары Ыйык Китепке ылайык келбээрин түшүнөт. Бул үйбүлө алардын диний жолугушууларына барууну токтотот да, Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштайт.

Алгач капа болсо да, Анжела мурунку дини менен Ыйык Китептин окууларынын айырмасын көрөт. Маселен, Жакан 17:3төгү: «Ал түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу»,— деген сөздөрдү окуйт. Анжела Кудайдын жактыруусуна ээ болуу үчүн алгач ал жөнүндө билим алуу керектигин түшүнөт. Анан ал: «Кудай жөнүндө дээрлик эч нерсе билбей туруп, кантип анын рухуна ээ болмок элем?» — деп ойлонот. Азыр Анжела: «Жахабага өзүнүн Сөзү аркылуу мага чындыкты табууга жардам бергени үчүн абдан ыраазымын»,— дейт.

Өзгөрүүгө түрткү берген кеңештер

«Ачуум чукул болчу,— дейт Индияда жашаган Гейбриэл аттуу киши.— Кыжырланганда кыйкырып, колума тийгенди ыргытып, атүгүл башкаларды жемелеп, аларга кол көтөргөндөн кайра тартчу эмесмин. Бирок мага Ыйык Китепти изилдөө сезимдеримди башкара билүүгө жардам берди. Эми атүгүл жагдай курчуп баратканда да өзүмдү кармай билүүгө үйрөндүм».

Гейбриэлге Накыл сөздөр 16:32 сыяктуу ыйык китептик аяттарды окуу өзгөчө таасир эткен. Ал аятта: «Көпкө чыдаган адам эр жүрөк адамдан артык, өзүн кармай билген адам шаарды басып алган адамдан артык»,— деп жазылган. Ачуулуу кыялын ооздуктай алган Дхирадж аттуу дагы бир киши мындай деп бөлүшөт: «Ыйык китептик ушул аят мага ачуулануу — алсыздыктын, ал эми өзүн кармай билүү эрктүүлүктүн белгиси экенин түшүнүүгө жардам берди».

Ал эми түштүк африкалык Филип кылмышкер эле. Мушташуу, талап-тоноо, орой сүйлөө ал үчүн кадимки нерсеге айланган. Кылган кылмыштары үчүн ал түрмөгө да отуруп чыккан. Бирок ушундай жашоо өткөргөнүнө карабай ал Кудай жөнүндө билүүнү абдан каалачу. Кийинчерээк ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштагандыктан, Кудайга кызмат кылууга болгон каалоосу өрчүп, жашоосун өзгөртүүнү чечет. Ал мыйзамсыз иштерди кылууну токтотуп, жаман достору менен болгон байланышын үзөт. Ага мындай өзгөрүүлөрдү жасоого ыйык китептик кайсы чындыктар түрткү берген?

Жахабанын Күбөлөрү ага Ыйсанын Жакан 6:44тө жазылган: «Мени жиберген Атам чакырбаса, Мага эч ким келе албайт»,— деген сөздөрүн окуп беришет. Филип: «Жахаба менден да кандайдыр бир жакшы нерсени көрүп, өз элине кошту»,— дейт. Ошондой эле ага Жахабанын өкүнгөн күнөөкөрлөргө ырайым кылары жөнүндөгү ыйык китептик билдирүүлөр терең таасир эткен. «Окуп-билгендерим,— дейт Филип,— Жахабанын өкүнгөн, жеткилеңсиз адамдарга кылган мамилесинен анын акылмандыгын көрүүгө жардам берди» (2 Шемуел 12:1—14; Забур 50).

Австралиялык Уэйд деген жигит спирт ичимдиктери менен баңги заттарын кыянат колдонгон жана кумар оюндарына берилип, адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөн. Бирок бул аны бактылуу кылган эмес. Бир күнү ал Жахабанын Күбөлөрү менен сүйлөшүп калып, Ыйык Китепти үйдөн изилдөөгө макул болот. Уэйд изилдөөнүн аркасында эмнелерди билген?

«Ыйсанын башкаларга кылган мамилеси мага терең таасир этти,— дейт Уэйд.— Ал баарына, анын ичинде балдарга да, боорукердик, сүйүү менен мамиле кылган. Ыйса жөнүндө канчалык көп билген сайын, ошончолук аны туурагым келди. Ыйык Китептен эркек деген кандай болушу керектигин жана кайсы жагынан өзгөрүшүм зарыл экенин түшүндүм». Бирок анын мурун кылып келген жаман иштери тууралуу эмне десе болот? Уэйд сөзүн улап: «Ыйык Китептен кылган күнөөлөрүм үчүн өкүнүп, жүрүм-турумумду оңдосом, Кудай мени кечирерин билдим. Ошондой эле келечекте жер үстүндөгү бейиште түбөлүк жашоо үмүтүнө ээ болдум. Эми мени эң сонун келечек күтүп турат!» — дейт (Матай 5:5). Уэйд жашоосун өзгөртүп, азыр Жахабага таза абийир менен кызмат кылып жатат.

Жогоруда биз жашоосун өзгөртүүнү каалаган адамдардын ой-пикирлерин карап чыктык. Алар көйгөйлөрүн чечүү жана суроолоруна жооп алуу үчүн, Ыйык Китепти терең изилдешкен. Анын кеңештерин колдонуу пайда алып келерин көрүп, Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуу экенине ынанышкан. Буга сен да ынана аласың.

Көптөгөн жылдар мурун Кудайдын жетеги менен мындай деп жазылган: «Акылмандыкты издеп тапкан, акылга ээ болгон адам бактылуу! Анткени акылга ээ болуу күмүшкө ээ болуудан артык, анын жемиши алтындан артык. Ал асыл таштардан кымбат. Сен каалагандардын ичинен ага эч нерсе тең келбейт. Анын оң колунда — узун өмүр, сол колунда — байлык менен атак-даңк. Анын жолу — жагымдуу жол, анын бардык жолу — бейпилдик. Ага ээ болгондор үчүн ал — өмүр дарагы, аны сактагандар — бактылуу адамдар!» (Накыл сөздөр 3:13—18).

[25-беттеги сүрөт/кутуча]

ЫЙЫК КИТЕП КАМАКТАГЫ КИШИГЕ КАНДАЙЧА ЖАРДАМ БЕРГЕН?

Билл үйлөнүп, жубайы менен бактылуу жашап жаткан. Бирок баш кошконуна бир жыл боло электе, мурун кылган кылмышы үчүн түрмөгө түшүп калат.

Эркиндигинен ажыраганы үчүн көңүлү чөккөн Билл түрмөдө убактысын өзүнө пайда алып келгидей кылып өткөрүүнү чечет. «Керебетиме отуруп, Ыйык Китепти окуп-изилдөөгө кириштим»,— дейт Билл. Ал үйрөнүп-билгендерин жашоодо колдоно баштайт. «Өзүм менен чогуу түрмөдө жаткандарга жакшылык кылууга, алар менен достук мамиледе болууга аракет кылчумун. Алар менин өздөрү жасаган жаман иштерге барбаарымды билишчү. Андыктан мен жөнүндө: “Билл убактысын Кудай жөнүндө билүүгө, Ыйык Китебин окууга жумшайт. Анын эч кимге зыяны жок“,— дешчү».

«Өзүмдү жакшы алып жүргөндүктөн ал жактагылар мени талаш-тартыштарга жана башка жаман иштерге аралаштырчу эмес. Түрмө кайтаруучулар да кыйынчылык туудурбаарыма ынанышкан. Ошондуктан мага түрмөдөгүлөрдөн обочороок болууга мүмкүнчүлүк берген жумуш беришкен. Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу мени көп нерседен коргоду».

Билл Жахабанын Күбөлөрүнүн түрмөдө өткөрүлгөн жыйналышына катышып, уккан-билгендери жөнүндө түрмөдөгүлөргө айтып берчү. Ал түрмөдөн Жахабанын Күбөсү катары чөмүлтүлгөн. Өткөндү эстеп: «Өмүрүмдүн 50 жылдайы текке кеткенине өкүнөм, бирок оңолгум келет. Оңолууга Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу гана жардам берерине бекем ишенем. Ал эми Ыйык Китеп эмнеге окутарын так билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү менен изилдөө керек. Алар гана чындыкка окутат. Бул андай деле кыйын эмес».

Билл түрмөдөн чыккан. Азыр ал Кошмо Штаттардагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарынын биринде ынталуу кызмат кылууда. Жубайы экөө Ыйык Жазманы изилдөөнү улантып, алган билимине ылайык жашап жатышат. Алар Ышайа 48:17, 18деги сөздөрдүн калетсиздигине кошулат. Ал жерде мындай делет: «Сени пайдалуу нерсеге үйрөткөн, сени жүрүшүң керек болгон жол менен алып жүргөн Кудай-Теңириң Менмин. Оо, сен Менин осуяттарымды уксаң кана! Анда сенин тынчтыгың дарыядай болмок, сенин чындыгың деңиз толкунундай болмок!»

[23-беттеги сүрөт]

Керэн (АКШ)

Анжела (Румыния)

[24-беттеги сүрөт]

Гейбриэл (Индия)

Дхирадж (Индия)

Филип үйбүлөсү менен (Түштүк Африка)

Уэйд (Австралия)