Төгөрөктүн төрт бурчунда
Төгөрөктүн төрт бурчунда
▪ «Бардык жубайлардын 50 пайызы „акча жагынан берилгендигин“ сактабаарын — канча акча коротушканы тууралуу — жубайларына калп айтышарын моюнга алышкан» («УОЛЛ-СТРИТ ЖОРНЭЛ», АКШ).
▪ Грециянын 84 пайызы чөлгө айлануу коркунучу алдында турат, ал эми 8 пайызы какыраган чөл болуп калган («КАТИМЕРИНИ», АНГЛИСЧЕ БАСЫЛЫШЫ, ГРЕЦИЯ).
▪ Вануатудагы (Океания) Тегуа аралындагы Латеу кыштагы абарайынын кескин өзгөрүлүшүнүн айынан ээн калган же калкы көчүп кеткен кыштактардын биринчиси болуп калышы ыктымал. Ал кыштактагы үйлөр «бороон-чапкындардан, чоң толкундардан дайыма кыйроого учуроодо» («ВАНУАТУ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ», ВАНУАТУ).
Узак жашоочулардын саны өсүүдө
«Бүгүнкү күндө адамдардын 100 жашка чыгышы анча деле таң калтырбай калды»,— делет «Нью сайентист» журналында. Дүйнө жүзү боюнча бир кылым жашагандардын саны эки жүз миңге жетет. Мындан тышкары, ошол журналдын билдирүүсүнө ылайык, алардын алтымыш алтысы 110го чыгып, эң узак жашоочулардын катарына кирген. Ошол эле учурда «Нью сайентист» каттоонун анча так болбогонунан улам эң узак жашагандардын санын аныктоо кээде кыйынга турарын билдирген. Анда: «Азыркы учурда алардын саны 450гө жетиши мүмкүн»,— деп айтылат.
Табышмактуу киши өлтүргүч табылды
«Маклинз» аттуу Канада журналында: «Байыркы киши өлтүрүүчүнү аныктоого Афиныдагы байыркы мүрзөдөн табылган тиштин ДНКсы жардам берди»,— деп айтылган. Грек жазуучусу Фукидиддин «Пелопоннес согушунун тарыхы» деген эмгегинде б.з.чейин 430-жылы афинылыктар кайсы бир жугуштуу оорудан жапа чеккенден улам эки шаардын, Афины менен Спартанын, ортосунда болгон согушта спарталыктардын жеңишке жеткени жазылган. Фукидиддин эмгегинен ал дарт тууралуу толук маалымат алуу мүмкүн болгон эмес. Бирок азыркы учурда, оору жуктургуч микробдор кылымдар бою сакталып калган тиштин ич көңдөйүн изилдөөнүн негизинде табышмактуу киши өлтүрүүчү — ич келте экени аныкталган.
Төө минген роботтор
Персия булуңунда жайгашкан өлкөлөрдө төөлөрдүн жарышы белгилүү спорт оюндарына кирет. Бирок адам укугун коргоочулар балдардын чабандес болушуна каршы чыгышкан. Адистердин айтуусу боюнча, төө жакшы чуркай алыш үчүн, чабандестин салмагы 27 килограммдан ашпашы керек. Андай чабандестерге өспүрүмдөр жарабайт, себеби алардын салмагы оор болушу мүмкүн. Бул көйгөй кантип чечилген? Шведдик адистер 26 килограммдык, алыстан башкарылуучу жана төөнүн эрине байлануучу робот-чабандестерди ойлоп чыгарышкан. Төөлөрдү үркүтпөш үчүн, алардын тулку-бою, үнү адамдыкына окшоштурулуп жасалган. Ошондой эле алар эңкейүүгө, тең салмактуулукту сактоого жөндөмдүү, атүгүл, камчы колдонуп төөнү башкара алат. Бул сунуш төө ээлерине майдай жаккан.
2000 жыл мурунку уруктун өнүшү
Байыркы Иудеяда курма пальма кооздугу, көлөкөсү жана дарылыгы менен абдан бааланчу. Кийин орто кылымдарда алар крест жортуулунун айынан кыйратылып жок болгон. «Нью-Йорк таймста» «Израилдин профессорлору менен окумуштуулары бүгүнкү күндө 2 000 жыл мурунку урукту өндүрүүдө ийгиликке жетишкени» айтылган. Б.з. 73-жылы римдиктер басып алган жардын боорундагы Масада чебинен «Мафусал деген атка конгон урук табылган». Ал урукту өстүрүп жаткан айыл чарба боюнча адис Элайн Солева урук өскүчө жана мөмө бергиче көптөгөн жылдар талап кылынарын айтып, анын энелик гүлү бар болсо гана мөмө бере аларын баса белгилеген. Ал эми аталык гүл өсүп чыга турган болсо, анда ал жөн гана кооз дарактардын бири болуп каларын айткан.