Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Күнкарама баалуу да, кооз да өсүмдүк

Күнкарама баалуу да, кооз да өсүмдүк

Күнкарама баалуу да, кооз да өсүмдүк

Швейцариядагы кабарчыбыздан

АСМАНДА күндүн жаркырап тийип турушу кандай гана жагымдуу! Анын сыңары, аталышында «күн» деген сөз катышкан күнкараманы көргөндө адамдар кубанбай коюшпайт. Кээде бакчабызда бажырая өсүп турган бирин-экин күнкарамага эле кандай сүйүнөбүз, ал эми саргарган баштарын ыргалта кылкылдаган күнкарама талаасына туш болсок, андан бетер суктанабыз.

Бул кооз өсүмдүктүн дүйнө жүзүнө кантип тараганын билесиңерби? Анын күндү карай бурула берери чынбы? Ал канчалык баалуу өсүмдүк?

Дүйнө жүзү боюнча «саякаттоо»

Күнкараманын мекени — Америка континенти. Аны Борбордук Америкадан азыркы Канаданын түштүгүнө чейин индейлер өстүргөн. 1510-жылы испан баскынчылары аны Атлантика аркылуу алып өтүп, тез эле бүтүндөй Батыш Европага таралып кетишине шарт түзгөн. Алгач аны кооздук үчүн гана өстүрүшсө, XVIII кылымдын ортосунда уругунун да абдан даамдуу экенин байкашкан. Ошол убактарда эле анын жалбырагы менен гүлүн демдеп, температураны төмөндөтүү үчүн колдонушчу.

1716-жылы бир англис киши кездеме токууда жана тери ашатууда колдонуу үчүн күнкараманын данынан май чыгарууга патент алган. Ал эми Европага караштуу башка өлкөлөр күнкарамадан май алууга болорун XIX кылымдын башына чейин дээрлик билишкен эмес. 1698-жылы Нидерланддан Орусияга бул өсүмдүктү Пётр I алып келген. Бирок аны бул өлкөдө айыл чарбалык максатта XIX кылымдын 30-жылдарында өстүрө башташкан. Бир нече жылдан кийин Воронеж губерниясында миңдеген тонна күнкарама майы чыгарылып калган. Көп өтпөй күнкарама коңшулаш өлкөлөрдө: Болгарияда, Венгрияда, Румынияда, Украинада жана мурунку Югославиянын аймагында өстүрүлө баштаган.

Кызыктуусу, XIX кылымдын аяк ченинде аны Түндүк Америкага Орусиядан жер которуп кеткендер алып барышкан. Себеби ал жакка алгачкылардан болуп отурукташкандар индейлер эгип жүргөн «күн гүлүн» этибар алышкан эмес. Азыркы кезде сары баш күнкарама өскөн кең талааларды дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан кезиктирүүгө болот.

Күн тарапты карайт

Күнкараманын себетчеси чын эле күн тийген тарапты көздөй бурула береби? Ооба. Күнкарама дайыма жалбырагын жана башын күн тийген жакка каратат. Өсүмдүктөрдүн бул гелиотропизм деп аталган кыймылы ауксиндин — өсүмдүктүн өсүү гормондорунун тобунун — көбөйүшү менен шартталат. Сабагынын күн тийбеген жагы ауксиндин таасири менен батыраак өсө баштагандыктан, күнкарама күнгө бурулат. Ал эми гүлдөп бүткөн себетче күндү «ээрчигенин» токтотуп, адатта, чыгыш тарапка бурулуп калат.

Күнкараманын илимий аталышы — Helianthus annuus — «күн» жана «гүл» деген грек сөздөрүнөн, «бир жылдык» деген маанини туюнткан латын сөзүнөн турат. Адатта, бул өсүмдүктүн бийиктиги 2 метрге жетет, бирок айрым түрлөрү андан эки эсе бийик болот. Өсүмдүктүн гүлү чымкый сары тилче-таажылар менен курчалган чоң себетче сымал. Гүл төшөгүнүн бети көптөгөн кара түтүкчө-топ гүл менен капталган. Курт-кумурска чаңдаштыргандан кийин түтүкчө-гүлдөрү даамдуу уруктарга айланат. Себетчелердин чоңдугу 5—50 сантиметрге жетип, көлөмүнө жараша, 100—8 000 урук өсүп чыгат.

Күнкараманын түрлөрү ондоп саналат. Андан тышкары, улам дагы башка кооз сорттору чыгарылууда. Айыл чарба тармагында, негизинен, эки гана түрү эгилет. Май алынуучу бир жылдык күнкарама, негизинен, суу май алуу максатында өстүрүлөт. Ал эми түймөк тамырлуу күнкарама — көбүнчө топинамбур же жер алмуруту деген аталыш менен белгилүү — картошкага окшоп топурак астынан түшүм берет. Ал — жакшы тоют, ал эми тамырынан тамак-аш канты жана спирт алынат.

Баалуулугу

Бүгүнкү күндө күнкарама, биринчи кезекте, даамдуу май алыш үчүн эгилет. Майы ар кандай тамак-ашка, салаттарга кошулат жана маргарин даярдоодо колдонулат. Данынын азыктык баалуулугу жогору, анын курамы бир катар аш болумдуу заттардан жана 18—22 пайызы протеинден турат.

Көптөр анын куурулуп, бир аз туздалып коюлган данын жакшы көрүшөт. Уну нан бышырууда жана кондитер өндүрүшүндө колдонулат. Майы суусамынга, эрин, кол, дене майларына жана балдарга арналган косметикалык каражаттарга кошулат. Андан мотор майлары да жасалат. Даны канаттууларга жана башка майда жандыктарга берилет.

Күнкарама — балдуу да өсүмдүк. Бир гектардан 25—50 килограмм бал алууга болот. Анын сабактарында 43—48 пайыз целлюлоза бар. Даны жыйналгандан кийин, сабактарынан кагаз жана башка нерселер жасалат, калдыктары болсо силос жана жерсемирткич катары колдонулат.

Бул укмуштуу гүл адамдардын кубанычы, пайдасы үчүн жаратылган деп ырастоо, чынында, толук негиздүү. Анын кооздугу сүрөтчүлөрдү шыктандырып келген. Мунун көрүнүктүү мисалы — Винсент Ван Гогдун «Күнкарамалар» деген сүрөтү. Бул гүлдү үйүбүздөн көрөбүзбү же бакчабызданбы, ар качан кичинекей күн тийип тургандай сезилет. Анын гүлүнүн сүйкүмдүүлүгү, ар тараптуу пайдасы забурчунун мындай сөздөрүн эсибизге салат: «Теңир, Кудайым, Сен көп иштерди жасадың! Сенин бизге көрсөткөн кереметтериңди, биз жөнүндөгү ниеттериңди ким айтып бүтө алат... Аларга сан жетпейт» (Забур 39:6).