Жаштар жардамга муктаж
Жаштар жардамга муктаж
▪ Кошмо Штаттар. Он беш жаштагы окуучунун классташтарын атуусунун кесепетинде эки бала өлүп, он үч бала жаракат алган.
▪ Орусия. Мас өспүрүмдөр тогуз жашар кызды мыкаачылык менен өлтүрүп, атасы менен анын биртууганынын баласын сабап кетишкен.
▪ Улуу Британия. Он жети жаштагы бала өзүнөн кичүү өспүрүмдү бычактап салган. «Башында өлтүрөйүн деген деле эмесмин,— деген ал полиция кызматкерине,— канды көргөндө өзүмдү токтото албай калдым».
МЫНДАЙ аза бойду дүркүрөткөн окуялар учурда азаймак түгүл, көбөйдү. «Өспүрүмдөрдүн зордук-зомбулук жасашы — коомубуздун башкы көйгөйү»,— деп белгиленет бир басылмада («Professional School Counseling»). Бул сөздөрдүн калетсиздигин статистикалык маалыматтар көрсөтүп турат.
АКШнын Билим берүү тармагындагы статистикалык изилдөөлөр боюнча улуттук борбору белгилегендей, Американын мектептериндеги зордук-зомбулукка байланыштуу билдирүүлөр азайганы менен, «2001-жылы жасалган 2 миллионго жакын кылмыштан — уурулук менен зордук-зомбулуктан — 12—18 жаштагы өспүрүм окуучулар жапа тарткан». Ошондой эле мектептеги кордоо-коркутуу жөнүндөгү билдирүүлөр көбөйдү.
АКШда өспүрүмдөр тарабынан зордук-зомбулук көргөндөрдүн арасында балдар гана эмес, ар кыл курактагы адамдар да бар. «Беш жылдын ичинде, 1997—2001-жылдардын аралыгында, мугалимдер 1,3 миллион кылмыштан (алардын болжол менен 817 000и — уурулук жана 473 000и — зордук-зомбулук) жапа тартышкан»,— деп маалымдайт жогоруда айтылган борбор. Андан сырткары, «мугалимдердин 9 пайызын баштапкы жана орто класстардын окуучулары опузалап, 4 пайызына зомбулук көрсөтүшкөн».
Ал эми башка өлкөлөрдө жагдай кандай? «Кытайда 2003-жылы полиция тарабынан жашы жете элек 69 780 кылмышкер камалган,— деп билдирет бир кабар агенттиги,— бул 2002-жылдагыга салыштырмалуу 12,7 пайызга көп». Аны менен катар, «жашы жете элек балдар тарабынан жасалган кылмыштардын 70 пайызына уюшулган топтор кириптер болгону» белгиленген. Ал эми 2003-жылы Жапониядагы акыркы 10 жыл аралыгында жасалган жалпы кылмыштардын жарымы өспүрүмдөр тарабынан жасалганы маалымдалган.
Жаш денени ууландыруучу баңгизат
Жеткинчек муундун көйгөйлөрүнүн бири — алардын көбүнүн өз денесине зыян келтириши. Америка Наркология улуттук институтунун билдирүүсү боюнча, АКШдагы өспүрүмдөрдүн жарымдайы мектепти бүткөнгө чейин эле баңгизат колдонуп көрүшкөн болот. Ал эми «азыркы өспүрүмдөрдүн арасында ичкилик ичүү кадимки көрүнүшкө айланды. Беш окуучунун төртөө (77%) — мектепти аяктай элегинде, ал эми жарымы (46%) сегизинчи класска чейин эле, ичкилик (бир-эки ууртап койгондон да көп) ичкен».
Башаламан жыныстык байланыштар
ЖИКС болуп көрбөгөндөй таралган азыркы заманда башаламан жыныстык байланыштарда болуу өтө кооптуу экени шексиз. Бирок өспүрүмдөрдүн көбү үчүн жыныстык катнаш оюн көрүнөт шекилдүү. Мисалы, америкалык жаштардын айрымдарынын «кыздарга барып жыргап келгени» тууралуу жеңил ойлуулук менен сүйлөшүп жатканын угууга болот. Бирок бул «жөнөкөй» сөздөр алардын башаламан жыныстык байланыштарга барарын көрсөтүүдө. Алар жыныстык байланышта болууга дайым даяр турган, ынактык сезимин өрчүтүүнү талап кылбаган өнөгүн «пайдалуу дос» деп атап коюшат.
Шаардын чет-жакаларында жашаган өспүрүмдөр жөнүндөгү макаласында Скотт Уолтер ата-энеси жумушта жүргөндө балдар адепсиз кечелерди уюштурарын баяндаган. Ошондой кечелердин биринде бир өспүрүм кыз «келген балдардын баары менен жыныстык катнашта болууну каалаарын» айткан. «Кээде ал кечелерге жашы 12ге араң жеткен балдар-кыздар барат» экен.
Мындай көрүнүштөр кантип үрөй учурбасын? Бирок булар өспүрүмдөрдүн жыныстык жүрүм-турумун изилдеген адистерди эчак таңыркатпай калган. «Акыркы 20 жыл аралыгында өспүрүмдөр жыныстык жашоону барган сайын эрте баштап баратканы байкалууда,— деп жазат доктор Андреа Пеннингтон.— Азыр жашы араң 12ге барган балдар-кыздардын жыныстык байланышка барышы эрөөн көрүлбөй калган».
Өзгөчө, «Ю-эс-эй тудей» гезитине чыккан төмөнкүдөй маалымат тынчсыздандырат: «Эне сүтү оозунан кете элек өспүрүмдөр арасында ооз аркылуу жыныстык катнашка баргандардын... саны өсүүдө... Балдар өзүлөрүн „бул чыныгы байланыш эмес“ деп ишендирип алышкан». Сурамжылоого катышкан 10 000 кыздын «80 пайызы али кыз экенин айтышканы менен, 25 пайызы ооз аркылуу байланышта болгонун билдирген. Алардын 27 пайызы ошентип „балдар менен көңүл ачууга“ болот деген ойдо».
Мындай көзкараштар башка өлкөлөрдө да терең тамыр алып барат. «Азияда жаштар арасында гетеросексуалдык байланыштар аркылуу ЖИКСти чакыруучу вирус жугузуп алуу коркунучу жогорулоодо. Себеби алардын көбү жыныстык жашоону өтө эрте баштайт,— деп билдирет ЮНЕСКО.— Ата-энесинин „азиялык ыймандуулугун“ тепсеген өспүрүмдөр күндөн-күнгө көбөйүүдө. Алар үй-бүлө кура элегинде эле жыныстык байланышка барышат, ал турсун, көбүнчө бир өнөк менен гана чектелишпейт».
Бул айтылгандар көйгөйдүн чети гана. Канадада жума сайын чыккан «Аялдар денсоолугу» басылмасында «кыздардын 25 пайызы 16—19 жашында оор депрессияга чалдыгары» белгиленген. Депрессияга эркек балдар да кабылат. «Ю.С. ньюс энд уорлд рипорт» басылмасы боюнча, жылына беш миңдей улан-кыз өмүрүн кыят. Бирок кандайдыр бир себептерден улам «кыздарга караганда өзүн өзү өлтүргөн өспүрүм балдар алты эсе көп».
Ооба, азыркы жаш муун туш-тараптан келген кыйынчылыктарга кабылууда. Ал кыйынчылык-көйгөйлөрдүн артында эмнелер турат?
[3-беттеги булак]
STR/AFP/Getty Images