Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Айыл чарба көйгөйлөрүнүн себеби эмнеде?

Айыл чарба көйгөйлөрүнүн себеби эмнеде?

Айыл чарба көйгөйлөрүнүн себеби эмнеде?

«„Айыл чарба жумушчулары үчүн түз байланыш“ кызматы сиздерге айыл чарбадагы оор жагдайлар менен күрөшүүгө жардам берүүгө даяр. Биз сиздердей эле чарбачылык ишин аркалайбыз же ушул тармакта мурун эмгектенчүбүз, андыктан элет тургундары кабылуучу кыйынчылыктардын жөн-жайын түшүнөбүз. Биз сиздерди жардам бере ала турган адамдар менен байланыштырабыз... Толук жашыруундук кепилденет» (Канада өкмөттүк Web-сайты).

БҮГҮНКҮ күндө саламаттык сактоо тармагындагы адистердин басымдуу бөлүгү стресстин чарбачылык кылгандардын кесиптик ооруларынын бирине айланганын белгилешет. Айыл чарба жумушчулары дуушарланган стрессти изилдөө тармагында эмгектенген адистер малчылар менен талаа жумушчуларына стресс менен күрөшүүгө жардам берүү топторун жана «Түз байланыш» телефон кызматтарын түзүшкөн.

Жейн бейшемби күндөрү кечкисин психолог менен жолугушууга келип турат. Анын күйөөсү дыйкан болчу. «Менин бул жакка келген себебим, жолдошум өзүн өзү өлтүрүп жашоо менен кош айтышты,— деп түшүндүрөт Жейн.— Ал үй-бүлөлүк фермабызда гана иштеп жүрө берсем дечү. Аны кармай албайт экенмин, башка жумуштун мага кереги жок деген көрүнөт».

Стресс менен күрөшүүнүн жолдорун издеген дыйкандар менен малчылардын көбөйүп баратканын байкагандар да аз эмес. Айыл чарба жумушчулары кабылган кыйынчылыктардын себеби эмнеде?

Ылаңдар менен табият кубулуштары

Жогоруда айтылган өкмөттүк Web-сайтта мындай деп белгиленет: «Аба ырайына, базар баасына, пайыздык ченге, жабдуулардын бузулушуна байланыштуу күнүмдүк шарт-жагдайлар көбүнесе каалагандай башкарыла бербейт. Андан сырткары, дыйкан эмне эгүүнү, жерин сатууну же ижарага берүүнү чечерде да абдан кыйналат, себеби ал чечиминен сөзсүз же оң, же терс натыйжа чыгарын түшүнөт». Бул кыйынчылыктарга үстөккө-босток кургакчылык, ылаң жайылуу коркунучу же жеринен ажыроо ыктымалдыгы кошула берсе, стресстин адам чыдагыс чекке жетери турган иш.

Мисалы, кургакчылыктан улам эки чоң кыйынчылык туулушу мүмкүн. Жер иштетип жүргөн Хауард Полсен Канаданын тарыхындагы эң кургакчыл жылдардын бири болгон 2001-жылы түшүмсүз да, малга деген тоютсуз да калганын айтып берген. Ал жем-чөптү сатып алууга аргасыз болгон. «Тоютка эле 10 000 доллар кетти, азыр кышкыга деген чөп-чардан берип жатам,— дейт ал.— Мындайда малдан да киреше болбойт». Ал эми башка нечендеген талаалардагы эгин сел каптоодон зыянга учураган.

2001-жылы Улуу Британияда алгач уй кутурмасы менен чочко чумасынын, андан соң шарп ылаңынын жайылышы малчыларды абдан жапа чектирген. Ушул өңдүү ылаңдардын жана алардан улам эл арасында пайда болгон коркунучтун кесепетинен экономикадан башка жактар да зыянга учурайт. Франс Пресс агенттиги: «Айыл жашоосуна жедеп бышып бүткөн, оңой менен көзүнө жаш албаган сабырдуу кишилер асырап-багууга өмүрүнүн күрдөлдүү бөлүгүн сарптаган короо-короо малын ветеринария кызматынын өкүлдөрү өрттөп жатканын көрүп, буркурап ыйлап жатышты»,— деп маалымдаган. Шарп ылаңы аралап өткөндөн кийин, полиция кызматы өзүн өзү өлтүрүшү мүмкүн деп эсептеген айрым малчылардын мылтыктарын конфискациялоону чечкен. Ал эми Психологиялык жардам берүү кызматтарына тынчсызданган көптөгөн малчылар чалып жатышты.

Экономикалык туруксуздук

Экономикада да орчундуу өзгөрүүлөр жүрдү. «1940-жылдардан 1980-жылдын ортолоруна чейин,— деп окуйбуз „Өлкөнүн жараланган жүрөгү“ аттуу китептин мукабасынан,— Американын как „жүрөгүндө“ айыл чарба продукциясынын өздүк наркы — үч эсеге, пайыздык төлөм он эсеге көтөрүлүп, киреше 10 пайызга төмөндөдү; чарбачылык ишиндегилердин саны үчтөн экиге кыскарды, дээрлик бардык айыл жергесиндеги тургундар менен тейлөө кызматтары азайып, экономикалык туруктуулук төмөндөдү» («Broken Heartland»).

Чыгашага жараша киреше түшпөй жатышына эмне себеп болууда? Азыркы бүткүл дүйнөлүк коомчулукта малчы-дыйкандар эларалык базарлардын таасирин сезип жатышат. Себеби алардын миңдеген километр алыстыкта азык-түлүк продукцияларын чыгарган атаандаштары пайда болгон. Эларалык соода-сатык жаңы базардык алакаларга шарт түзгөнү чын, бирок дүйнөлүк базардын ар дайым туруктуу болору шектүү. Мисалы, 1998-жылы Канадада дан эгиндерин жана чочко этин сатуучу бир нече өндүрүштүк бирикмелер продукциясын жөнөтүп турган Азиянын экономикасынын төмөндөшүнөн улам банкротко учураган.

Жашоо тартибинин өзгөрүшү

Айова штатындагы (АКШ) университетте эмгектенип, элет жашоосун изилдеген профессор Майк Жейкобсэн айыл чарба көйгөйлөрү элет коомчулугунун көйгөйлөрү экенин баса көрсөткөн. «Андай аруулугу менен айырмаланган коомчулукта „балалуу үй — базар, баласыз үй — мазар“ деп эсептелгендиктен, элдин каалаганы — үйлөнүп-жайланып, бала-чакалуу болуу. Мектептери, жалпы жонунан, тартиптүү, коопсуз... Элетти биз ушундай элестетет эмеспизби, чынбы? — дейт ал.— Бирок алардын экономикасы түздөн-түз жан-жакаларындагы чарбагер же дыйкан үй-бүлөлөрүнүн санынан көзкаранды». Айыл чарба көйгөйлөрү ооруканалардын, мектептердин, ашканалардын, дүкөндөрдүн жана диний имараттардын жабылышына алып келүүдө. Айыл жашоосунун айрыкча кызыктырган жагы — элинин эриш-аркак жашашы — утур жоюлуп барат.

Ошондуктан «Ньюсуик» журналында маалымдалгандай, Американын элет тургундарынын 16 пайызы жакырчылыктын жеткен чегинде жашап жатышы таңыркатпайт. Жеффри Лоренс «Австралиянын айыл чарбалык кризиси» деп атаган макаласында «жумушсуздук менен жарым-жартылай жумушсуздуктун жана жакырчылыктын деңгээли элет жергелеринде шаарга салыштырмалуу кыйла жогору» экенин белгилеген. Экономикалык туруксуздук көптөгөн үй-бүлөлөрдү, өзгөчө жаштарды, шаарга көчүп кетүүгө мажбур кылат. «Жүрүп отуруп эч кимдин жер иштеткиси келбей калганчалык абалга жетебизби?» — деген суроо берет үй-бүлөсү менен дыйканчылык кылган Шила.

Шаарга кеткен жаштар көп болгондуктан, айыл-кыштактарда көбүнесе улгайган адамдар калууда. Мындай «жер которуунун» натыйжасында айыл-апада жаштарга таандык күч-кубат азайып, карылар, өзгөчө муктаж болуп турганында, жөлөк-таяксыз калат. Ошон үчүн айылда жашаган карылардын көптөрү мынчалык бат өзгөрүүлөрдөн улам тынчсызданып, сестенери түшүнүктүү.

Айыл чарба көйгөйлөрүнүн залакасы, чынында эле, зор жана таасири ар бирибизге тийип келет. Ошентсе да, эмки макаладан көрө турганыбыздай, алардын жоюларына үмүттөнүүгө негиз бар.

[6-беттеги кыстырма]

Азыркы дүйнөлүк коомчулукта малчы-дыйкандар эларалык базарлардын таасирин сезип жатышат.

[6-беттеги кыстырма]

«Жүрүп олтуруп эч кимдин жер иштеткиси келбей калганчалык абалга жетебизби?»

[7-беттеги кутуча]

ОРГАНИКАЛЫК ЖЕР СЕМИРТКИЧ КОЛДОНУУ

Акыркы маалдарда органикалык жер семирткичтер менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштер бааланууда. Канадада андай өсүмдүктөрдүн чекене сатылышы жыл сайын орто эсеп менен 15 пайызга өсүп баратат.

Органикалык азык деген эмне? Канаданын Альберта провинциясындагы Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин аныктоосу боюнча, андай өсүмдүктөр — «химиялык каражаттарсыз, топурак күрдүүлүгүн жогорулатууга, табияттын биотүрдүүлүгүн сактоого шарт түзгөн, жаныбарлар менен айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген ыкмалардын жардамы менен өстүрүлгөн» өсүмдүктөр.

Дыйкандар өсүмдүктөрдү органикалык ыкма менен өстүрүү аларды чоң коммерциялык талааларда өстүрүүдөн кескин айырмаланат дешет. «Адатта, чоң талааларда бир түр өсүмдүк өстүрүлүп, мол түшүм алуу үчүн көп өлчөмдөгү уу химикаттар — пестициддер, жасалма жер семирткичтер жана механикалашкан ыкмалар колдонулат. Жемишке химиялык заттардын өтүшүнөн сырткары, аны алыскы жерлерге жеткирүү максатында жакшы быша элегинде жыйнап алышса, аш болумдуу заттарынын саны төмөндөйт. Жолдон бузулуп кетпеши үчүн, ал газ, мом же радиоактивдүү заттар менен иштетилиши мүмкүн»,— деп жазат Катарина Ванситтарт бир журналда («Canadian Geographic»).

Органикалык азык-түлүктөрдү кимдер сатып алат? Альберта провинциясынан алынган маалымат боюнча, аларды «денсоолугуна кам көргөн өспүрүмдөр, камкор энелер жана улуу адамдар» алышат. «Мурун, 60-жылдары, болсо хиппилер деп аталган жаштар тобу гана сатып алышчу».

Бирок органикалык жер семирткичке өстүрүлгөн жашылча-жемиштер пайдалуураак деген ойго кошулбагандар да бар. Жогоруда айтылган журналда минтип белгиленген: «Органикалык азык-түлүктөрдүн баасын көрүп жактырбагандарда, адатта: „Олуттуу илимий изилдөө жүргүзө электе, мындай азыктарды артыкчылыкка ээ дешке болобу?“ — деген өңдүү суроолор пайда болот. Кай бирлер андай азыктарга сокур тыйыны жок жакырлар кантип жетмек эле деп тынчсызданат». Бирок ошол сыяктуу тынсызданууларга органикалык азык-түлүктөрдүн жактоочулары эгер тамактанууга болгон көзкараш жана маркетинг менен азык жеткирүү саясаты өзгөртүлсө, андай жашылча-жемиштерди баары сатып ала алышат деген ойдо. Органикалык азыкка байланыштуу ой-пикирлер менен илимий маалыматтардын көптүгү бул боюнча талаш-тартыштардын дагы узакка созуларынын белгиси көрүнөт.

[8-беттеги кутуча]

ДЫЙКАНДАРДЫ ЭКИ АНЖЫ КЫЛГАН ПЕСТИЦИДДЕР

Өсүмдүк ылаңдары менен зыянкечтери айрым жерлерде түшүмдүн дээрлик 75 пайызын зыянга учуратат. Андай көйгөйдү чечүүнүн жолдорунун бири — өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу. «Глоб энд мейл» гезитинде мындай деп маалымдалган: «Канадалык дыйкандар алдыга чыгуунун аракетинде мол түшүм алуу ыкмаларын жайылтышкан. Бул сатык көлөмүн жогорулатууга өбөлгө түзмөк». Бирок Канаданын Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын кызматкери Теренс Макрей: «Айыл чарбага жаңы киргизилип жаткан алиги ыкмалардын далайы айлана-чөйрөгө зыян келтирүү коркунучун жогорулатууда»,— дейт.

Пестициддердин колдонулушу тууралуу эмне дешке болот? Бул суроо дыйкандарды эки анжы ойго салат, себеби пестициддерди колдонуунун натыйжалуулугу жана алардын денсоолукка тийгизген зыяны жөнүндө талаш-тартыштар али басыла элек. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүндө пестициддердин көпчүлүгүнүн канчалык уулуу жана кооптуу экени толук билине электиги айтылган. Андай химикаттар азыктануу «айлампасы» аркылуу өткөндүктөн да — мисалы, пестицид чачылган чөптү мал жейт, малдын этин адамдар жейт — ого бетер кооптонуу туудурат.

[Булак]

USDA Photo by Doug Wilson