Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Денсоолукту коргоонун 6 жолу

Денсоолукту коргоонун 6 жолу

Денсоолукту коргоонун 6 жолу

Өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн көйгөйү

ТАЗАЛЫКТЫ сактоо көптөр үчүн, өзгөчө, ичүүгө жарактуу таза суу тартыш, кудук жана суу түтүктөрү начар жабдылган өлкөлөрдөгүлөр үчүн оңой иштерден эмес. Анткен менен тазалык үчүн күрөшүүнүн акыбети кайтпай койбойт. Айрым эсептер боюнча, жаш балдардын ооруган же өлүмгө дуушарланган учурларынын жарымынан көбүнө оозго кир кол, суу же таза эмес азык-түлүктөр аркылуу кирген микробдор себеп болот. Ич өткөктөн жана башка бир топ оорулардан сактанууга Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду тарабынан чыгарылган «Жашоо үчүн зарыл шарттар» деп аталган китептеги кеңештер жардам бериши ыктымал («Facts for Life»).

Заң-заараны тазалап тургула

Заң-заарада көптөгөн микробдор болот. Эгер оору козгоочу микроорганизмдер колго жукса же сууга, азык-түлүккө, идиш-аякка, тамак коюлуучу жерлердин үстүнө түшсө, ооз аркылуу кирип, адамды ооруга чалдыктырышы мүмкүн. Микробдордун көбөйүүсүн токтотуунун жакшы жолу — бардык заң-заараны тазалап туруу. Адамдын даарат ушатышына ажатканалар же дагы башка атайы жайлар караштырылган. Үйдүн айланасы, адамдар баскан, балдар ойногон жерлер жаныбарлардын заңынан таза болсун.

Ажаткана жок болсо, заң-заараны дароо көмүп туруу зарыл. Эсиңерден чыгарбагыла, бардык заң-заарада — кичине баланыкында да — микробдор болот, алар адамды ооруга чалдыктырышы мүмкүн. Ошон үчүн аларды ажаткананын чуңкуруна, унитазга төгүү же жерге көмүү туура.

Сырттагы да, үй ичиндеги да ажаткананы дайым тазалап туруу талапка ылайык. Сырттагынын эшигин жабыш керек. Ал эми үйдөгүсүнүн капкагын жаап, суусун агызып жүргүлө.

Колуңарды жуугула

Колуңарды ар качан жууп жүргүлө. Самындап же күл менен жууганда, колдогу микробдор кетет. Жөн гана суу менен чайкап коюу жетишсиз: эки колду тең самын же күл менен жышып жууш керек.

Ажатканага кирип чыккандан, баланы тосуп, жуунткандан, жаныбарларды кармагандан кийин жана тамактанарда же балага тамак берерде колду жууш керек.

Колду жууган оору чакыруучу гельмиттерден — мите курттардан — да сактайт. Алардын личинкалары менен жумурткалары микроскоп аркылуу гана көрүнөт. Алар заң-заарада, суу менен топурактын үстүндө, чийки же чала бышкан этте болот. Гельмиттерден сактануунун негизги жолу — колдуу жууп жүрүү. Андай мителердин личинкасы организмиңерге таманыңар аркылуу кирип кетпеши үчүн, ажатканалардын жанында жылаңайлак жүрбөгүлө.

Балдар колун оозуна салганды жакшы көрөт, ошондуктан бала заңдаган сайын же тамак берерде колдорун дайым жууп тургула. Аларды колду жууп жүргөнгө жана ажаткананын же заң-заара менен булганган жерлердин жанында ойнобоого үйрөткүлө.

Бетиңерди күнүгө жуугула

Көздү инфекциядан коргоо үчүн, бетти күн сайын самындап жууш керек. Бул балдарга да тиешелүү: бети ботала-шатала болсо, чымын көп конот, ал эми чымын-чиркейдин микроб ташыры баарыбызга маалым. Микробдор көзгө түшсө, көз ооруларын чакырышы, атүгүл сокурлукка алып келиши ыктымал.

Баланын көзүн дайыма текшерип тургула. Ылаңсыз көздөр нымдалышып, жылтырап турат. Эгер көз кургап, кызарып, сезгенип, ачышып, чылпактап же жаш агып жатса, врачка көрсөтүү керек.

Таза гана суу колдонгула

Таза, микробдор түшпөгөн сууну колдонгон үй-бүлөдөгүлөр салыштырмалуу аз оорушат. Адатта, туура курулуп, тийиштүү абалда сакталган суу түтүктөрү аркылуу келген, таза кудуктан же булактардан алынган суу таза болот. Көлмө менен арыктагы жана бети жабылбаган идиш менен ачык кудуктардагы суу анчейин таза эмес. Бирок аны кайнаткандан кийин колдоно берсе болот.

Казылган кудуктардын оозун жаап койгон туура. Чака, аркан жана суу сузуп алуучу, суу куя турган идиштерди бат-баттан жууп, жерге таштабай, таза жерге коюп жүрүү абзел. Малды же айбанаттарды иче турган сууга жана үй-жайга жолотпоо маанилүү. Өсүмдүктөргө чачылуучу дарыларды — пестициддерди — же башка химиялык каражаттарды сууга жакын жерлерде колдонууга болбойт.

Үйдө суу таза, оозу жабык идиште сакталууга тийиш. Эгер ал идиш чорголуу болсо да жакшы. Чоргосуз болсо, сууну андан чөмүч же башка саптуу идиш менен сузуп алуу керек. Ичиле турган сууга колду салууга болбойт.

Тамак-ашты микробдордон коргогула

Микробдор жогору температурадан өлөт. Азык-түлүктөрдү, өзгөчө, мал менен канаттуунун этин тийиштүү түрдө бышыруу талап. Жылуу тамакта микробдор тез көбөйөт. Ошондуктан бышырылган тамакты көпкө сактабай, дароо жеген абзел. Эгер ал тамакты экиден ашуун саатка сактай турган болсоңор, ысык же муздак температурада сактагыла. Даярдалган тамакты дагы бир жолкуга калтыргыңар келсе, чымын же дагы башка курт-кумурскалардан коргоп, үстүн жаап койгула. Дасторконго коёр алдында, аны кайрадан ысытып алгыла.

Эне сүтү — эмчектеги бала үчүн эң пайдалуу, коопсуз тамак. Чийки сүттөн көрө саалгандан кийин кайнатылып коюлган же пастерленген сүт ичүү коопсузураак. Эгер баланы упчулуу бөтөлкө менен тамактандырсаңар, аны колдонор алдында дайым кайнаган ысык суу менен жууш керек. Упчу менен бөтөлкөдө көп учурда ич өткөк оорусун чакыруучу микробдор болот. Кичине балдарды упчу менен эмес, эмчек эмизип же чыны-аяк колдонуп тамактандырган жакшы.

Айрыкча, балдарга чийки жашылча-жемиштерди бере турган болсоңор, аларды таза суу менен жакшылап жууп бергиле.

Акыр-чикирлерди дайым чыгарып тургула

Чымын, таракан, келемиш-чычкандар инфекция таратат. Алар көбүнесе акыр-чикирлүү жерлерди байырлайт. Эгерде жашаган жериңерде таштандылар атайы кызматтар тарабынан чыгарылып турбаса, аларды күнүгө көмүп же өрттөп турууга мүмкүнчүлүк бере турган чуңкурга ыргыткыла. Үйүңөрдү таза кармап, акыр-чикирлерди чыгарып, жугундуларды төгүп жүргүлө.

Жогорудагы жөнөкөй, кымбат шаймандарды талап кылбаган көрсөтмөлөргө ар дайым кармансаңар, бара-бара ага көнүп кетесиңер. Алар өзүңөрдүн да, жакындарыңардын да денсоолугун коргоого жардам берет.

[11-беттеги сүрөт]

Ажаткана жок болсо, заң-заараны дароо көмүп туруу зарыл.

Колуңарды дайым жууп жүргүлө.

[12-беттеги сүрөт]

Таза, микробдор түшпөгөн сууну колдонгон үй-бүлө салыштырмалуу аз ооруйт.

Бетиңерди күнүгө самындап жуугула.

[13-беттеги сүрөт]

Даярдалган тамакты дагы бир жолкуга калтырсаңар, үстүн жаап койгула.

Таштандыларды күнүгө көмүп же өрттөп тургула.