Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тарыхтын берген сабактары дагы деле капарга алынбайт

Тарыхтын берген сабактары дагы деле капарга алынбайт

Тарыхтын берген сабактары дагы деле капарга алынбайт

«Эгер адамдар тарыхтан тажрыйба алууга даяр турушса, эмнелерди гана түшүнүп-үйрөнүшмөк! Бирок Ээлигүү менен Партиялар көзүбүзгө чел тартып келет. Ал эми кеменин арт тарабында жайгашкан шамчырак өңдүү Тажрыйбанын жарыгы жаңы эле оргуштап артта калганиримди гана көрсөтүп калууга жетет!» (Сэмюэл Тейлор Колриж).

АНГЛИС жазуучусу Сэмюэл Колриждин жогорудагы айткандарына силер да кошулат белеңер? Биз да кайсы бир ой-пикирди ээлиге жактап алып, өткөн муундардын каталарын кайталап калышыбыз мүмкүнбү?

Крест жортуулдары

Мисалы, крест жортуулдарынын учурунда болгон окуяларды эстеп көрөлү. 1095-жылы папа Урбан II «христиандарды» мусулмандардан «ыйык жерди» тартып алууга чакырат. Папанын чакырыгы менен анын кол алдындагы элдердин королдору, феодалдары, рыцарлары кара таман эли менен кошо көтөрүлүп чыккан. Орто кылымдардагы бир тарыхчынын айтымында, ал ишти «Христостун мыйзамы боюнча жашайм деген адам колдобой коймок эмес».

Ал эми тарыхчы Зоэ Ольденбургдун билдиргениндей, ал жортуулдарга катышкандардын басымдуу көбү «ошонусу менен Кудайдын өзүнө кызмат кылып атышканына шектенишкен да эмес». Алар «ибилистин балдарына каршы күрөшкөн периштелербиз» деген ойдо болушкан. Жазуучу Брайен Мойнахан болсо алардын «набыт болгондорго асмандан азапкеч таажысы берилерине» да ишенишкенин айткан.

Жортуулчулар алардын душмандары да ошол сыяктуу ойдо болушканын билишпегендир. Д.М. Робертс өз эмгегинде белгилегендей, мусулман жоокерлер да Кудай үчүн газаватка катышып жатышканына, андыктан «каапырлар менен күрөшүүдө шейит болгондор [асмандагы] бейишке чыгарына» эч күмөн санашкан эмес («Shorter History of the World»).

Эки тараптагыларды тең «ыйык» максатты көздөп күрөшүп жатышканы үчүн Кудай колдойт, батасын берет деп ишендирип турушкан. Диний жана саясый жетекчилер кол алдындагыларынын ал ишенимин ого бетер бекемдеп, аларды тукуруп турушкан. Ошол себептүү эки тарап тең мыкаачылык менен салгылашкан.

Ырайымсыздыкка кимдер барган?

Үрөй учурган андай согуштарга кимдер катышкан? Негизинен, азыркы биздин замандаштарыбыздан айырмасы деле жок жөнөкөй эле адамдар. Албетте, алардын ичинде «оң» ой-максаттарды көздөп, ошол кездеги адилетсиздикти жоюуну каалап майданга аттангандар көп болсо керек. Алардын эс-акылын ээ-жаа бербеген сезимдер башкарып алгандыктан, «адилеттик үчүн» жүргүзгөн күрөшү адилетсиздикти көбөйтүп, согуш жүрүп жаткан жерлерде жашаган миңдеген бейкүнөө эркек менен аялдарды, балдарды азапка салып атышканын түшүнүшкөн эмес көрүнөт.

Ушул өңдүү окуялар мурун деле болгон эмес беле? Харизмалык лидерлер өзүлөрүнүн диний же саясый душмандарына каршы согуш баштоого элди үгүттөшпөсө, аёосуз, айыгышкан салгылашты миллиондогон адамдар өзүлөрү башташат беле? Жаңжалдашкан эки тараптын тең эли колдоруна курал көтөрүп күрөшкө чыгууга чакырылып, Кудай колдойт деген ынандырууларды угуп турган. Бул кылымдар бою көптөгөн залимдер өз кызыкчылыктары үчүн колдонуп келген ыкмалардын бири болгон. Ал, Мойнахандын айтымында, «Холокосттун жана заманбап этникалык тазалоолордун тутанышына жол ачкан: анын биринчи крест жортуулун баштоого жардам берген натыйжалуулугу ошол бойдон калган».

Балким: «Азыркы элдин маданияты, тарбиясы башка, ошон үчүн бүгүнкү кишилер мурункулардай эмес: туура ойлонушат, бирөөгө оңой жетелене беришпейт!» — дейттирсиңер. Ооба, ошондой болууга тийиш эле. А бирок адамдар, чын-чынында, тарыхтын сабагын өздөштүрө алыштыбы? Өткөн жүз жылдык аралыгында болуп өткөндөрдү ойлоп көрүп, жогорудагы ырастоону кимибиз негиздүү дей алабыз?

Биринчи дүйнөлүк согуш

Биринчи дүйнөлүк согуш крест жортуулдары кандай жол менен тутанса, дал ошондой тутанган. Робертстин ою боюнча, «1914-жылдын акылга сыйбас бир жагдайы — жактаган саясаты, дини, тукум-журааты башка калың элдин өз ыктыяры, өз каалоосу боюнча согушка жөнөгөндүгү».

Эмне үчүн кадимки эле адамдар топ-тобу менен «өз ыктыяры, өз каалоосу боюнча согушка жөнөшкөн»? Себеби алар, өзүлөрүнө чейинки эле колуна курал алып согушка аттанышкандардай болуп, ошол маалда кеңири кабыл алынып, алардын көз караштарын, умтулууларын калыптаган философиялык окуулардын курманы болушкан. Алардын айрымдары бийик максаттарга — эркиндик менен адилеттикке — умтулушса умтулушкандыр. Бирок көптөргө, негизинен, өз улутун башка улуттардан жогору, өзгөчө, башкаларга үстөмдүк кылууга укуктуу деп эсептеши түрткү болгон.

Аларды согуш же күрөш кадимки эле боло жүргөн нерсе, өзүнчө «биологиялык муктаждык» деп ишендиришкен. Жазуучу Фил Уильямс белгилегендей, мисалы, «социалдык дарвинизм» согуштарды «тиричилик кылууга татыксыз түрлөрдү жок кылуу» ыкмасы, «табигый», «жоюлбай турган» көрүнүш деп түшүндүргөн.

Албетте, каршылаш тараптагылардын ар бири керектүү иш үчүн күрөшүп жатам деп эсептеген. Бул кандай натыйжаларды алып келген? Тарыхчы Мартин Гилберт айткандай, «Биринчи дүйнөлүк согуш маалында бийликте тургандар элди расизмге, патриотизмге, аскер күчүнө таянууга үгүттөшкөн», эл болсо аларды сокур ишеним менен ээрчий берген. Экономист Жон Кеннет Гэлбрейт ошол согуш жүрүп жаткан маалда кичине бала экен; Канаданын кыштактуу аймактарынын биринде жашаптыр. Ошондогу адамдардын баары эле «Европадагы согуштун барып турган акылсыздык экендигин» кеп кылышып, «аң-сезимдүү адамдар... мындай акылга сыйбас ишке барат беле» дешкени анын эсинде калыптыр. Ага карабастан, тарыхта нечен ирет кайталангандай эле, өздөрү да согушка тартылып кетишкен. Кандай натыйжа менен? Биринчи дүйнөлүк согуш аталып калган ошол кыргында апат болгон 9 миллион аскердин 60 000ин канадалык аскерлер түзгөн.

Өткөндүн сабагы унутта калды

Ал согуштан кийинки жыйырма жыл аралыгында, фашизм менен нацизм пайда болгон мезгилде, баягы көрүнүш кайра баштан кайталанат. Хью Парселл белгилегендей, фашисттер «жалпы элди ээликтирген үгүттүн салттуу ыкмаларын — бурмаланган көз караш менен символиканы — колдонушкан». Өзгөчө, дин менен саясаттын кошундусу, мисалы, аскерлерге Кудайдан бата сурап тиленүү күчтүү идеологиялык курал болгон.

Адольф Гитлер «элдин аң-сезимин амалкөйлүк менен колдоно билген, мыкты оратор» болгон. Дик Гири өзүнүн китебинде белгилеп кеткендей, Гитлер, өткөндүн демагогдору сыяктуу эле, «калың топ элдин акыл-эсин эмес, сезимдерин колдонуп башкарып алууга болот» деп эсептеген («Hitler and Nazism»). Адамдардын мындай «таалуу жерлерин» билген Гитлер кылымдар бою текшерилип, сыноодон өткөн ыкманы колдонгон: ал элдин жалпы «душмандарына» карата жек көрүүсүн ойгото алган. Ошентип, Гитлер, Парселлдин айтымында, «немистердин сестенүүсү менен нааразычылыктарын эврейлерге бурган». Ал эврейлерге «немис улутун бузуп жатат» деген жалаа жапкан.

Ошол жылдарда болгондорду талдап олтуруп биз бир ачуу чындыкты түшүнөбүз: түзүк эле көрүнгөн, болгондо да, миллиондогон адамдардын кандуу кыргынга тартылып кетиши тарыхта канча ирет кайталанды! «Эмне болуп маданияттуу эсептелген эл нацисттик бийлик тарабынан жасалган аза бойду титиреткен мыкаачылыктарга жол берип гана коймок турсун, кошо катышып кеткен?» — деп сурайт Гири. Белгилей кетчү нерсе, ал өлкө «маданияттуу» гана эмес, христиан динин туткан өлкө катары эсептелген. Ошого карабастан андагы адамдар Ыйса Машайактын окутууларына караганда адамдын ой-пикирлерин, философиялык теорияларын артык көрүшкөн. Өкүнүчтүүсү, андан бери да жакшы мүдөөлөргө эле умтулган канчалаган ак ниет эркек, аялдар ырайымсыз иш-аракеттерге аралашып келишкен!

«Элдер менен мамлекеттер тарыхтан эч нерсеге үйрөнбөгөнүн, андан эч кандай сабак албаганын бар тажрыйба менен тарых өзү көрсөтүп олтурат»,— деген немис философу Георг Гегель. Анын пикирине кошулгусу келбегендер бардыр, бирок аны жүйөсүз дешкендер чанда гана. Аттиң, адамдарга өткөндөн сабак алуу өтө татаал көрүнөт. Бирок андай катаны биз да сөзсүз кайталашыбыз керекпи?

Эгерде биз мурунку муундардын башынан өткөн кайгы-кырсыктарды басып өткүбүз келбесе, адамдын шектүү философияларынан жогору турган ишенимдүү жетекчиликке карманууга тийишпиз. Бул — тарых үйрөткөн сабактардын бири. Ал кандай жетекчилик? Крест жортуулдарынын башталышынан миң жылча мурун Ыйса Машайактын шакирттери Ыйсаны жолдогондор, деги эле аң-сезимдүү адамдар өзүлөрүн кантип алып жүрүшү керектигин көрсөтүшкөн. Келгиле, аларга ошол мезгилдеги кандуу согуштарга кийлигишпөөгө эмне жардам бергенин талдап көрөлү. Алардан азыркы элдер өрнөк алып, ар кыл жаңжалдардан оолак боло алышарына үмүт барбы? Адамдар тарыхтын берген сабактарына кандай мамиле кылышпасын, Кудай азап-кайгыларды жок кылууга кандай чара көрөт?

[6-беттеги сүрөт]

Адамдардын ортосундагы согуштар ары ырайымсыз, ары кесепеттүү.

Жогоруда: Согуш качкындары.

Маданияттуу эсептелген эл эмне үчүн мынчалык зулум иштерге барган?

[Булак]

Руандалык качкындар: UN PHOTO 186788/J. Isaac; Эл аралык соода борборунун урашы: AP Photo/Amy Sancetta