Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тоок — көптөр жакшы көргөн үй кушу

Тоок — көптөр жакшы көргөн үй кушу

Тоок — көптөр жакшы көргөн үй кушу

КЕНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

ТООКТОРДУ жер жүзүндөгү эң эле кеңири таралган үй кушу десек жаңылышпайбыз. Азыркы кезде алардын саны, айрым эсептөөлөр боюнча, 13 миллиарддан ашуун! Тооктун этине сурам көп болгондуктан, алардан жылына 33 миллиард килограммдан көп эт алынат. Андан тышкары, жыл сайын алар 600 миллиардга жакын жумуртка берет.

Батыш өлкөлөрүндө тоок көп, арзан да турат. Бир нече он жылдыктар мурун АКШда шайлоочуларга белгилүү бир талапкерге добуш беришсе гана ар бир казанда тооктун эти асылат деп убадаланган. Бирок азыркы кезде тооктун эти айрымдар гана жеткен асем тамак эмес. Тоок кантип жердин булуң-бурчуна таралган кушка айланган? Үй кушунун жакыр өлкөлөрдө да жетиштүү болоруна үмүт барбы?

Тооктун келип чыгышы

Тоок азиялык банкив жапайы тоогунан таралган. Адамдар тооктордун бакмалыкка оңой көнүп кетерин бат эле байкашкан. 2 000 жыл мурун Ыйса Машайык мисалдарынын биринде жөжөлөрүн канатынын алдына калкалаган тоок тууралуу айткан (Матфей 23:37; 26:34). Ыйсанын бул үй кушун мисал кылып алышы ошол маалдагы адамдардын тоокту жакшы билишкенин көрсөтүп турат. Бирок тоок киреше табуу максатында XIX кылымда гана багыла баштаган.

Учурда тоок эти — куш эттеринин эң көп колдонулган түрү. Жөжөлөрдү миллиондогон үй чарбачылыктарында да, шаар шарттарында да сатууга жана өздүк керектөөлөр үчүн бордошот. Тооктой болуп ар түрдүү географиялык аймактарда багылып, көбөйө берген айбанаттар аз. Көптөгөн өлкөлөрдө чарбага келтирүүчү пайдасы жана климаттык шартка жараша тооктун жаңы породалары аргындаштыруу жолу менен чыгарылган. Андай породалардын ичинде австралия австралорпу, жер ортолук деңиз породаларын аргындаштыруудан алынган жана Кошмо Штаттарда кеңири таралган леггорн, америка нью-гемпшири, плимутрок, кызыл род-айланд, виандот, англис корнуэлли, орпингтон жана суссекс бар.

Алдыңкы илимий ыкмалардын аркасы менен тоок багуучулук айыл чарбанын ийгиликтүү тармактарынын бирине айланды. Кошмо Штаттардагы фермерлер үй куштарын тоюттандыруунун жана тордо багуунун кылдат текшерилген ыкмаларын, ошондой эле ылаңга каршы күрөшүүнүн илимий-медициналык жолдорун колдонушат. Көптөргө тоокторду массалап асыроо натуура иш көрүнөт. Бирок мындай ой-пикирлерди фермерлер өз тармагындагы өндүрүмдүүлүктү өстүрүүчү дагы да жаңы ыкмаларды иштеп чыгарууга бөгөт көрүшпөйт. Азыркы технологиялар бир адамга 25 000—50 000 тоок багууга мүмкүнчүлүк берет. Жөжө үч айдын ичинде эле сатыкка чыгарылуучу салмагына жетет *.

Эт берет

Дээрлик ар бир мейманкана, ресторан же айыл ашканасында тооктун этинен жасалган тамак-аш сөзсүз болот. Көптөгөн тез татым кафелеринде тоок этинен жасалган тамактар гана сунуш кылынат. Айрым жерлерде өзгөчө шаан-шөкөттөр үчүн тамакты тоок этинен жасоо жакшы табиттин белгиси катары эсептелет. Кээ бир өлкөлөрдө бул кушту бышыруунун өзүнчө кызык жолдорун ойлоп чыгарышкан. Мисалы, индиялыктардын кызыл калемпирленген жөжө лал мургиси, тооктун тууралган этинен жасалган курги мургиси, тоок этинин имбирь менен демделип бышырылган ардак мургиси кайсы адамдын болсун табитин козгойт!

Эмне үчүн тоок мынчалык көп колдонулат? Мунун бир себеби анын этинин даамы көптөгөн татымалдар менен төп келеринде. Силерге кандай даярдалган тоок жагат? Куурулганыбы, духовкага бышырылганыбы, отко какталганыбы, кууруп туруп, демделгениби же жөн эле демделгениби? Ашпозчулук боюнча китептердин кайсынысын колуңарга албагыла, тооктун этинен тамак жасоонун ар түрлүү ыкмаларын табасыңар.

Бир катар өлкөлөрдө тоок көп болгондуктан, салыштырмалуу арзан да турат. Анын эти мүнөздөп тамактанууда да сунуш кылынат, себеби анда адамдын организмине керектүү протеиндер, витаминдер жана минералдар бар. Ал — калориясы төмөн, каныккан жана башка майлары аз азык.

Өнүгүп келаткан өлкөлөргө берилген жардам

Албетте, бардык өлкөлөрдө эле тооктон жасалган азык-түлүктөр арбын эмес. Айыл чарба илими жана технологиясы боюнча кеңешме тарабынан адистештирилген изилдөө тобунун билдирүүсүнөн бул маселенин олуттуулугун баамдоого болот. Анда: «2020-жылы жер үстүндөгү адамдардын саны 7,7 миллиардга жетет... Бирок калктын көбөйүшү көбүнчө (95%) өнүгүп келаткан өлкөлөргө туура келет»,— деп айтылган. Бул маалымат азыркы кезде эле чала тоюттуктан запкы тарткандардын саны 800 миллионго жетерин эске алсак, кубандырбайт.

Көптөгөн адистер тоок асыроо азык-түлүк тармагындагы кыйынчылыктарды чечүүгө кыйла жардам, фермерлерге киреше берет деп эсептешет. А бирок каражаты аз фермерлер үчүн үй кушун көп санда асыроо — татаал иш. Жакыр өлкөлөрдө жөжөлөрдү кичине айыл фермаларында же үй короолорунда багышкандыктан, үй кушун багууга ылайыкталган атайы шарт түзүлбөйт деле. Күндүзү алар жем издеп, туш келди кезип кетип, кечинде жатагына кайтып келишет да, же бактарда, же зым сарайларда түнөшөт.

Албетте, андай шартта багылган куштардын көбү өлүп калышат: кай бирлери ньюкасл оорусунан улам өлүшсө, башкалары ит-кушка, жырткычтарга же адамдарга жем болот. Жөжөлөрдү тийиштүү түрдө багуу үчүн өзүнчө шарт түзүүгө жана ооруларга каршы чара көрүүгө фермерлердин көбүнүн билими да, каражаты да жок. Ошол себептүү өнүгүп келаткан өлкөлөрдө фермерлерди окутуу өнөктүктөрү жүргүзүлө баштады. Мисалы, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан жакында «Африканын жакырчылыкта жашаган айыл тургундарына жардам берүү жана үй куштарынын продукттуулугун көбөйтүү» максатында беш жылдык долбоор ишке ашырыла баштады.

Бул изги максаттын кандай натыйжага алып келери али белгисиз. Андыктан кадимки эле тоок эти планетабыздын айрым тургундары үчүн чанда гана жей алган асем тамак экени жана «ар бир казанда тооктун этинин асылышы» кыялдануу гана болушу салыштырмалуу өнүккөн өлкөлөрдүн тургундарын таңыркатышы мүмкүн.

[Шилтеме]

^ 8-абз. Тооктор жумуртка алуу үчүн багылганы менен, Кошмо Штаттарда алардын 90 пайызы эт үчүн бордолот.

[21-беттеги кутуча/сүрөт]

Канаттуунун этин бузуунун коопсуздук чаралары

«Куштун чийки этинде сальмонелла өңдүү зыяндуу бактериялар болушу мүмкүн. Ошондуктан тооктун этин даярдап жатканда коопсуздук чараларын сактоо зарыл. Тоок этин бузуунун алдында да, бузуп бүткөндө да колуңарды, эт кесилген тактайды, бычакты, кайчыны ар дайым самындуу ысык сууга жууп жүргүлө. Колдонулуучу тактай кайнак суу менен жаба куюп чайкаганга жарактуу материалдан жасалганы жакшы... жана үйдө, мүмкүн болсо, тооктун чийки этин тууроо үчүн өзүнчө тактай болгону дурус. Муздаткычтан алып чыккан канаттуунун этин тамакка колдонордун алдында гана эриткиле» («The Cook’s Kitchen Bible»).

[29-беттеги сүрөт]

Ак леггорн, жунгли боз тоогу, орпингтон, поляк суссекси жана чаар суссекс — булар тооктун айрым породалары гана.

[Булак]

Ак леггорндон башкасы: © Barry Koffler/www.feathersite.com

[29-беттеги сүрөт]

Өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү фермерлерге үй куш продукттуулугун жогорулатууга жардам берүүгө чаралар көрүлүүдө.

[29-беттеги сүрөт]

Кошмо Штаттарда тооктордун 90 пайызы эт үчүн бордолот.