Дүйнөнү ким тойгузат?
Дүйнөнү ким тойгузат?
АДАМЗАТ биотүрдүүлүктү сактап калууга кам көрөр маал келеби же ушу бойдон аны азайта береби? Биотүрдүүлүктү сактап калыш үчүн, биолог Жон Таксиллдин ою боюнча, биотүрдүүлүккө байланыштуу «саясаттын глобалдуу түрдө өзгөрүшү» талап кылынат. Ал «эгерде адамдар биотүрдүүлүктүн өсүмдүктөр дүйнөсү үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнүп, азыркы көз карашын жаңы көз карашка алмаштырууну каалабаса, өзгөрүүлөрдүн болору күмөндүү» деп эсептейт.
Мындай орчундуу өзгөрүүлөрдүн болуп кетерине көптөр арсар. Ошол эле учурда, Таксиллдин тыянагына да көптөр кошулбайт. Айлана-чөйрө маселелери боюнча иш жүргүзгөн окумуштуулардын айрымдары биотүрдүүлүктүн мааниси али жетиштүү түрдө иликтене элек, андыктан кесиптештерин негизсиз эле тынчсызданып жатышат деген ойдо. Окумуштуулардын ич ара талаш-тартыштарына карабастан, ал тармактын адистеринин тынчсыздануусуна, эскертүүсүнө көңүл бурган туурадыр. Аларды биотүрдүүлүктүн жоголуп баратышы гана эмес, ошол натыйжага алып келүүчү адамдардын ач көздүгү, келечекти ойлошпогондугу кооптонтот. Төмөндө бул боюнча бир нече автордун ой-пикирлери келтирилди.
«Мындан жүз жыл мурун эле төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган жүз миллондогон дыйкандар өзүлөрүн үрөн менен өзүлөрү эле камсыз кылып ала турган... Азыркы күндө болсо үрөндүн басымдуу бөлүгүн дүйнөлүк компаниялар тарабынан сунуш кылынып, аргындаштырылып, патенттелет да, өзүлөрүнүн менчиги катары коргоого алынат... Биотехнологиялык индустрия, негизинен, тез аранын ичинде киреше алууга көңүл буруу менен генетикалык мураска залака келтириши ыктымал. Ал мурас, бир күнү кандайдыр бир жаңы күчтүү илдет же зыянкеч чыкканда, баа жеткис кызмат аткарып бериши ыктымал»,— дейт окумуштуу Жерими Рифкин.
«Маалымат каражаттарында башкы орунда базар, эркин соода, дүйнөлүк экономика туруш керектиги, келме келтирген сыңары, кайра-кайра айтылат. Маалымат каражаттары оболу
бай жана чоң компаниялардын кызыкчылыктарынын таасири астында болгондуктан, алиги «келме» сейрек гана сындоого алынган диний ишеним катары кабыл алына баштайт» (генетик Дейвид Сузуки).Кенни Осабел өзүнүн китебинде өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн «адамзаттын генофондунун „жалпы мурасы“ жок болуп кетүү алдында турганына кайгырып атышкан мамлекет бийликтери менен корпорациялардын» эки жүздүүлүгүн ашкерелейт. Осабел алардын айыл чарбачылыктын жаңы ыкмаларын колдоого алып, бир түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүнү жакташы менен биотүрдүүлүккө зыян келтирерин белгилеген («Seeds of Change—The Living Treasure»).
Экологдордун чочулоосу негиздүү болобу же негизсизби, планетабыздын келечегин ойлоп тынчсызданбай коюш кыйын. Ач көз адамдардын кылган мамилесине Жер
качанга чейин чыдай алат болду экен? Бул суроого жооп алууга үмүттөнүп, көптөр илимге кайрылышат.Илим менен техника бизди сактап кала алабы?
Эдинбургдагы Королдук коом жакында эле илимий ачылыштардын ылдамдыгы боюнча тынчсыздануусун билдирди. Буга окумуштуулардын өз ачылыштарынын колдонулушу кандай натыйжа алып келерин толук түшүнүүгө үлгүрбөй жатышкандыгы себеп болду. «Илим табияттагы кубулуштардын тырмактай гана бөлүгүн түшүндүрүп бере алат,— деп жазат Дейвид Сузуки.— Биз жер үстүндөгү биологиялык түрлөрдүн байланышын, бири-бирине канчалык көз каранды экенин билмек тургай, алардын курамынын дээрлик эч нерсесин билбейбиз».
«Сайенс» журналында түшүндүрүлгөндөй, генетика жолу менен чыгарылган организмдердин баары пайдалуу же зыяндуу деп айтууга болбогондой эле, алардын алып келген зыянын же пайдасын да так аныктап билүү кыйын... Биздин жаңы чыгарылган түрлөрдүн жана генетика жолу менен чыгарылган организмдердин экологияга кандай таасир этерин күн мурун айтуу жөндөмдүүлүгүбүз чектелүү».
«Жетишкендиктердин» кереметтүү да, кесепеттүү да жактары болот: алардын аздыр-көптүр пайдасы болгону менен, адамдын акылмандыгынын жетишсиздигин, көп учурда ач көздүгүн таасындайт (Иеремия 10:23). Мисалы, түшүм төңкөрүшү көп адамдын курсагын тойгузууга жардам бергени менен, биотүрдүүлүктүн жоголушуна жол ачты. Д-р Мей-Ван Хонун айтымында, түшүм төңкөрүшү маалында пестициддерди жана башка кымбат баалуу айыл чарба технологияларын колдонууга үгүттөө акыры барып эле «ири айыл чарба компанияларына жана үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрүнүн элитасына карапайым элдин эсебинен» баюуга мүмкүнчүлүк берген. Биотехнология колдонулган тармактар көбөйгөн сайын, мындай көрүнүш ого бетер кулач жайып баратат. Бул болсо адамдарды азык-түлүк менен камсыз кылуунун бара-бара бүт бойдон илимге көз каранды болуп калышына алып келиши мүмкүн.
Бирок бул көйгөйлөрдү ойлоп катуу капаланыштын кереги жок. Чынында, алар мындан да олуттуу көйгөйдүн бар экенин айгинелейт. Ыйык Китеп азыркы маалда Жерди жана анын ресурстарын өз эркинче колдонуп жаткан жеткилеңсиз адамдарга чоң үмүт коюуга болбосун көрсөтүп турат. Бүгүнкү мүчүлүштүктөр менен жаңылыштыктар, болгону, адамдардын кандай абалда экенин көрүүгө жардам берет. Ошондуктан Забур 145:3тө: «Төрөлөргө, адамдын баласына үмүттөнбөгүлө,— деген кеңеш берилет,— андан айла жок, куткара албайт». Биз Кудайга гана толук үмүт коё алабыз (Аңгемелер 3:5, 6). Ал бизге жардам берүүнү каалайт жана зор күч-кубатка ээ болгондуктан, өзүнүн каалоосун сөзсүз ишке ашырат (Исаия 40:25, 26).
Жакында Жерде молчулук болот
Эскирген үйдү оңдоордон мурда, адатта, аны акыр-чикирден тазалаш керек. Ошол сыяктуу эле Иегова да жакында Жерди кара мүртөз адамдардан жана анын ресурстарын, атүгүл адамдарды да өз кызыкчылыгын кандырып, киреше табыш үчүн колдонуп жаткандардан тазалайт (Забур 36:10, 11; Аян 11:18). Бирок Иегова аны жакшы көргөндөрдүн, эркин аткарууга аракеттенгендердин баарын аман сактап калат (1 Иоанн 2:15—17).
Ошондо Жердин, андагы тирүү жандардын баарынын — алардын ичинде Кудайга тил алчаак адамдардын — үстүнөн мессиялык Падышалык бийлик жүргүзөт (Даниил 7:13, 14; Матфей 6:10). Акылмандык менен жүргүзүлүүчү ал башкаруу маалында Жер бетинде кандай гана молчулук болот! «Нан деген жерде да, тоодо да мол болот»,— деп айтылат Забур 71:16да. Тамак-ашты ойлоп, санааркоонун зарылдыгы болбойт. Азык-түлүк ары сапаттуу, ары жетиштүү болот.
Азыр дүйнө айласыздык менен үмүтсүздүккө чөгүп бараткан кезде, Иеговага таянгандар Жер үстүндө эң сонун шарттар өкүм сүрөр маалды күтүп жатышат. Ал үмүттү мыкты, адилет дүйнөдө жашагысы келгендердин баарына Иегованын Күбөлөрү тарабынан кубаныч менен жарыяланып жаткан «Падышалык жөнүндөгү... Жакшы Кабар» берет (Матфей 24:14). Биз, ошол үмүткө ээ болгондуктан жана Кудай өз элине мээримдүү ата сымал кам көргөндүктөн, азыркы маалда да «жамандыктан коркпой, тынч» жашай алабыз (Аңгемелер 1:33).
[10-беттеги толук беттүү сүрөт]
Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу астында азык-түлүк ары сапаттуу, ары жетиштүү болот.
[8-беттеги сүрөттүн булагы]
FAO Photo/K. Dunn
[9-беттеги сүрөттүн булагы]
Tourism Authority of Thailand