«Тамекини таштай аласыңар. Биз таштай алдык!»
«Тамекини таштай аласыңар. Биз таштай алдык!»
ЯПОНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН
Он бешинчи кылымдын аяк ченинде Япониянын жээктерине тамеки чеккен жүргүнчүлөрү бар Европа кемелери келип токтогондо, жергиликтүү тургундарга «ал адамдардын курсактарында бирдеме күйүп жаткандай» сезилгени айтылып жүрөт. Адегенде таңыркаган тургундар бара-бара өзүлөрү да тартыла баштайт. Ал эми 1880-жылдары тамеки чегүү Японияда адатка айланып калган. Ошо кездеги таң калган япониялыктардын тукумдары дүйнөдөгү эң эле көп тамеки чеккендердин катарына кирип калат деп эч кимдин оюна келген эмес!
«БИЗ өзүбүздү улуураак сезүүнү жана чоңдордукундай сезимдерди туюуну каалоочубуз» (Акио, Осаму, Йоко).
«Менин арыктагым келген» (Цуя).
«Кызыкканымдан эле чегип жүрчүмүн» (Тосихиро).
«Тамеки чегүү бизге эч кандай зыян алып келбейт деп ойлочубуз» (Риохей, Дзунити, Ясухико).
«Экинчи жолу боюмда бар кезимде эртең менен дайыма жүрөгүм айланчу, аны бирдеме кылып басыш керек болчу» (Тиеко).
«Ишкер жолугушуулар учурунда сөз таппай калганымда чекчимүн» (Тацухико).
Бул адамдардан тамекини эмне себептен чеге башташканын сураганда, мына ушундайча жооп беришкен. Алардын айткан сөздөрүндө таң калгыдай деле эчтеке жок, анткени Японияны «тамеки чеккендер үчүн бейиш» деп аташат эмеспи. Бирок, эң кызыгы, жогоруда аталып кеткен адамдардын баары тамекини ташташкан. Ал адамдар жашаган жерде тамекини таштоо оңойго турбагандыктан, мындай ийгиликтерге жетишүү үчүн алар көптөгөн күч-аракеттерди жумшашкан. Буга алар кандайча жетише алышты? деп сурайт чыгарсыңар. Келгиле, адегенде Японияда азыркы күндө тамеки чегүү канчалык кеңири тараганын карап көрөлү.
Японияда көп чегишеби?
Америкада тамеки чеккен 15 жаштан өйдөкү эркектердин саны 28 пайызды эле түзсө, Японияда эркектердин дээрлик 56 пайызы тамеки чегет. Тамеки чеккен аялдардын саны болсо 22 пайызды түзөт; алардын көбү жаштар. Ал эми өлкөдөгү тамеки чеккендердин жалпы саны 34 000 000го жетет. Чоңдордун үлгүсү жана чебердик менен көрсөтүлгөн жарнама (реклама) жаштарга чоң таасир тийгизип жатат, ошондуктан тамеки чеккен жаштардын саны тез өсүүдө. АКШда үналгы жана сыналгыдан тамекини жарнама кылууга жыйырма жылдан ашуун убакыт мурун эле тыюу салынган болчу, азыркы күндө Японияда да андай жарнамага тыюу салынган.
Бирок Японияда тамеки сатып алуу эч кыйынчылыкка турбайт, себеби аны көчөлөрдүн бурчтарында турган жайнаган автоматтардан эле сатып алууга болот. Ал эми тамеки колго тийгенде, анын сыртындагы анча байкалбаган «Өтө көп тартпагыла. Тамеки чегүү ден соолугуңарга зыян» деген жазууга көптөр көңүл бурбайт. Япониялыктардын тамеки чегүү өтө коркунучтуу экенине көп учурларда көз жуумп койгондугу аз келгенсип, айрым белгилүү адамдардын терс үлгүлөрү да аларды коопсуздуктун жалган сезимине чулгап, кыраакылыктарын мокотууда.
Тамеки тартууга каршы адамдардын бул кеңири таралып бараткан адат менен Японияда күрөш жүргүзүлбөй жатканын туура эмес деп эсептеши, албетте, бизди таң калтырбайт. Бирок
азыркы кезде билим чөйрөсүндө кызмат кылгандар тамеки чегүүнүн ден соолукка зыяндуулугун адамдарга айтуу канчалык зарыл экенин түшүнө баштады. Япониядагы тамеки чеккендерде дүйнө жүзүндөгү тамеки чеккендердикиндей эле симптомдор байкалат: жүрөк айлануу, энтигүү, тынбай жөтөлүү, ашказан оорулары, тамакка табити тартпоо, суукка тез урунуу. Көп учурларда ал адамдарда акырындык менен өпкө рагы, ошондой эле жүрөк жана башка органдарынын оорулары пайда болуп, акыр-аягы алар эрте өлүмгө багынып беришет.Ондогон жылдар бою Япония мамлекети тамеки өндүрүү жагынан монополдуу болуп келген, бирок 1985-жылдын 1-апрелинен баштап тамеки өнөр жайы менчиктештирилген. Ошого карабастан мамлекет мурункусундай эле күчтүү таасир тийгизип келүүдө, а бул тамекиге каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүүнү баштаганга тоскоол кылып жатат. Тамеки тартууга каршы адамдардын эмне үчүн Японияны «тамеки чеккендер үчүн бейиш» деп аташы түшүнүктүү. Ошондой эле «Дейли иомиури» басылмасы билдиргендей, Япониянын тамеки чегүүгө үндөгөн коом экени дабагерлерди (врачтарды) тынчсыздандырып жатышы да түшүнүктүү болду.
Бул зыяндуу
адаттан айрым адамдардын кантип арылгандыгы тууралуу «Тамекини мындай жол менен таштадык» деген кутучадан окуй аласыңар.Тамекини кантип таштаса болот?
Мурун тамеки чегип жүргөндөрдүн кутучада берген кеңештеринин негизинде төмөнкүдөй тыянак чыгарууга болот: тамекини эмне үчүн таштагыңар келип жатканын ачык-айкын түшүнө билүү керек. Кудайга болгон сүйүү жана ага жагууну абдан каалоо эң мыкты түрткү болуп саналат. Андан тышкары, жакыныңды да сүйүү зарыл. Алдыңарга максат койгула да, ага жетүүгө умтулгула. Тамекини таштаганга аракет кылып жатканыңарды баары билгендей болсун. Ал тууралуу жоро-жолдошторуңарга билдиргиле, үй-бүлөңөрдүн мүчөлөрүнөн жардам сурагыла. Мүмкүн болушунча, создуктурбай дароо таштагыла жана тамеки чеккендерден оолак болгула.
Эгерде Ыйык Китепти изилдеп жүрсөңөр, Иегованын Күбөлөрү менен көбүрөөк пикир алышкыла, ошондо убакыттын өтүшү менен тамеки чегүүгө болгон каалооңор сууйт. А эгерде Иегованын Күбөсү болсоңор жана тамеки чеккен бирөөнү ыйык китептик чындыкка окутуп жатсаңар, анын бул адаттан арыла аларынан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Ал адамдын бул зыяндуу адатка караганда Иегованы көбүрөөк жакшы көрүшүнө жардам бергиле.
[30–беттеги кутуча]
«Тамекини мындай жол менен таштадык»
Миеко: «Иегованын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп баштаганымда тамекини таштай аларыма ишенчү эмесмин. Ыйык Китепти болсо, жок дегенде, балдарым өмүргө алпаруучу жолду билип калышсын деп окуй баштагам. Бирок арадан көп өтпөй, балдарга ата-энелери үлгү көрсөтүшү керек экенин түшүндүм жана Иегова Кудайдан жардам сурап, жалындуу тилене баштадым. Тиленгениме жараша иш кылуу үчүн көп аракеттерди жасоого туура келди, ооба, кээде абдан кыйналган күндөрүм болду. Бирок, акыры ушул зыяндуу адаттан арылып, таза абийирге ээ болуу мени кандай гана кубанычка бөлөгөнүн эч качан унутпайм».
Масаюки: «Мен күнүнө үч пачкеден чекчимүн. Узакка созулган күрөшүүдөн жана көп жолку ийгиликсиздиктерден кийин, эң акыркы тамекини өчүрдүм да, акыры бул адатым менен биротоло кош айтыштым. Антүүгө үй-бүлөм, жыйналыштагы досторум жана Иегова Кудай жардам берди. Тамекини таштаганыма банктагылардын (иштеген жеримдегилердин) эч кимиси ишенген жок. Келген адамдарга сый көрсөтүү үчүн, кызматчылардын жумуш убагында банктын жалпы залында тамеки чекпөөсүн сунуш кылдым. Банкта кызмат кылгандардын 80 пайызы тамеки чексе да, менин сунушум кабыл алынды. Азыр бул эреже банктын 260 бөлүмүндө сакталып келүүдө».
Осаму: «Ыйык китептик чындыкты тааный баштаганымда тамекини ташташ керек экенин түшүндүм. Ал адаттан арылууга бир жылдай убакыт кетти. Андан кийин да тамеки чегүүгө болгон күчтүү каалоо менен дагы жарым жыл күрөшүүгө туура келди. Тамекини таштоодо баарынан мурда андан арылууну каалоо зарыл экенин жакшы түшүнчүмүн».
Тасихиро: «Ыйсанын өз өмүрүн курмандык катары бергени мага чоң таасир тийгизди, ошондуктан менин курмандыгым, жок дегенде, тамеки болоттур деп ойлодум».
Ясухико: «Иеговага баш ийип, тамекини таштоо менин өмүрүмдү сактап калды. Бир жолу мен иштеген бөлмөдө пропан газы аккан болот. Албетте, мен адаттагыдай эле тамеки чекмекмин да, ал жерде жарылуу болмок. Бирок ал окуя болордон бир нече күн мурун эле тамекини таштаган элем, ошонун аркасында тирүү калып, азыр силерге ушуну айтып берип отурам».
Акио: «Айрым учурларда жүрөгүм айланчу, ошондон улам тамеки ден соолугумду бузуп атканын байкадым. Бирок чеккенимди уланта бердим. Бул адаттын зыяндуу экенин биринчи жолу аялыман уктум, ал жаңыдан эле Иегованын Күбөсү болгон. Көп өтпөй, Ыйык Китепти окуй баштадым жана Күзөт Мунарасы Коому чыгарган адабияттардан тамеки тарткан адам өзүнүн эле ден соолугун курутпастан, үй-бүлөсүнүн да ден соолугуна чоң зыян келтирерин билдим. Ошо замат таштадым!»
Риохей: «Башында тамекини мага аялым сатып келип берчү. Ал бир алганда 20 пачкеден алып келер эле. Бирок Иегованын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдей баштагандан кийин мага зыян келтирген нерсени сатып берүүдөн баш тартты. Мен болсо тамеки сатчу менчик дүкөн ачып алдым. Күнүнө үч жарым пачкеден чекчимүн. Арадан бир нече убакыт өтүп, мен Иегованын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Андан кийин ыйык китептик темада ийгиликтүү сүйлөгөндү үйрөнгүм келди. Ошондуктан Теократиялык кызмат мектебине жазылуу үчүн, тамекини токтоттум».
Дзунити: «Кичинекей кызым, Иегованын Күбөсү, менин өмүрүм үчүн абдан тынчсызданчу. Ал менден тамекини таштоого убадамды алган, берген убадама туруу үчүн тамекини таштадым».
Цуя: «Падышалык Залына биринчи жолу барганымда, кирерим менен эле күл түшүргүч жана ширенке сурадым. Ал жердегилердин эч кимисинин тамеки чекпесин угуп, таң калганымды айтпа. Ошентип, тамеки таштоо керек экени дароо эле айкын болду. Ооруканада азаптуу сегиз күн өткөргөндөн кийин эгер кайра чегип алсам, дагы бир жолу тамеки таштоо аракетинде булардын баарын кайрадан башыман өткөргүм келбегени тууралуу ойлодум».
Йоко: «Мен бул темага байланыштуу маалыматтарды журналдардан жана Иегованын Күбөлөрүнүн башка адабияттарынан издеп чыкчумун. Ыйсанын кыйноо мамысында өлөрүнүн алдында наркотикалык заттарды кабыл алуудан баш тарткандыгы жөнүндө ой жүгүртчүмүн. Иеговага арам нерселерден арылып, анын ысымын даңктагым келерин айтып тилендим. Ошондон кийин тамекиге жологон жокмун. Айланамдагы адамдар тамеки тартканда, түтүндүн жыты мурдума келгиче жана кайрадан тамеки тартууга каалоо пайда болгуча эле кетип калчумун».
Мурун тамеки чегип жүргөн ушу адамдардын баары бул адатка экинчи кайрылбаганга чечим чыгарышкан. Эгерде силер тамеки тартып жүргөн болсоңор, ушул адаттан арылууну каалайт белеңер?
Миеко.
Осаму.
Ясухико.
Акио аялы Сатико менен.
Дзунити кызы Мэри менен.
Йоко.