ДИЛ МАЕК | РАЖЕШ КАЛАРИЯ
Мээни изилдеген адис менен курулган маек
НЬЮКАСЛ университетинде (Англия) эмгектенген профессор Ражеш Калария 40 жылдан ашык убакыттан бери адамдын мээсин изилдеп келет. Ал эволюцияга ишенчү. Бирок көз карашын өзгөрткөн. «Ойгонгула!» журналы ага жумушуна, диний көз карашына байланышкан бир нече суроо менен кайрылды.
Мурда кайсы динди тутчу элеңиз?
Атам Индияда туулуп-өскөн, ал эми апамдын ата-теги Индиядан болгону менен, Угандада төрөлгөн. Индуизмдин каада-салттары алардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болчу. Мен үч баланын экинчисимин. Биз Кениянын борбору Найробиде жашачубуз. Тегерегибизде башка көптөгөн индустар жашаар эле.
Илимге кантип кызыгып калдыңыз?
Жаныбарларды аябай жакшы көрчүмүн. Ошондуктан досторум менен жапайы жаныбарлардын дүйнөсүнө саякаттап келиш үчүн чатыр тигип жаратылышка көп чыкчубуз. Башында мал доктур болгум келчү. Бирок Найробидеги техникалык окуу жайын аяктагандан кийин Лондон университетинде паталогия илимин изилдеш үчүн Англияга жөнөгөм. Кийинчерээк адамдын мээсин изилдөө тармагына кадам таштагам.
Бул диний көз карашыңызга таасир эттиби?
Ооба. Илимге тереңирээк сүңгүп кирген сайын индуизмдин мифологиясына жана жаныбарларга, айкелдерге сыйынуу сыяктуу каада-салттарына ишенүү кыйын боло баштады.
Эволюция теориясын эмне үчүн кабыл алдыңыз эле?
Бала кезимде тегерегибиздеги көптөгөн адамдар эволюция Африкадан башат алган деп айтышчу. Бул теманы мектептен да көп талкуулачубуз. Ошондой эле мугалимдер жана университеттеги профессорлор беделдүү окумуштуулардын баары эволюцияга ишенет деген ойду билгизбей таңуулай турган.
Тиричиликтин келип чыгышына байланыштуу көз карашыңызды эмне үчүн өзгөрттүңүз?
Биология жана анатомия илимдерин бир канча жыл бою изилдеп келаткам. Бир жолу группалашым Жахабанын Күбөлөрүнөн Ыйык Китеп жөнүндө билгендерин айтып калды. Мен аябай кызыгып калдым. Ошондуктан алар Найробидеги коллежибиздин залына жыйын өткөрүшкөндө, катышып көрөйүн дедим. Кийинчерээк Жахабанын Күбөсү болгон эки миссионер Ыйык Китептеги айрым окууларды түшүндүрүп беришти. Алардын жашоодогу маанилүү суроолорго жооп берген Улуу Долбоорчуга болгон ишеними мифологиядан кескин айырмаланарын байкадым. Бул мага жүйөлүүдөй көрүндү.
Медицина боюнча билимиңиз бардык нерсе Жараткандын колунан бүткөн дегенге ишенүүгө тоскоолдук кылдыбы?
Түк да! Тескерисинче, анатомияны улам терең изилдеген сайын тирүү нерселердин канчалык мыкты долбоорлонгонун, укмуштуудай татаал экенин байкадым. Жогорку деңгээлдеги ушунчалык татаал нерселер башкарылгыс процесстердин негизинде пайда болгон деген ой акылыма сыйбай баштады.
Мисал келтире аласызбы?
Адамдын мээсин 1970-жылдардан тартып изилдеп келатам. Бул кереметтүү орган мени ушул убакка чейин таңыркатып келет. Анда ой жүгүртүүнүн, эс тутумдун чордону, ошондой эле организмдин көптөгөн функцияларын жөнгө салган башкаруу борбору орун алган. Мээ көптөгөн сезүү жөндөмдүүлүктөрдүн да борбору болуп эсептелип, организмдеги сырттан жана ичтен келген маалыматтарды иштетип турат.
Мээбиздин тийиштүү түрдө иштешинде, негизинен, андагы татаал химиялык процесстер менен мээнин негизги клеткалары болгон нейрондордун жыш тармактары чоң роль ойнойт. Адамдын мээсинде миллиарддаган нейрондор бар. Алар бири-биринен маалыматты дендриттер деп аталган бутактаган талчалар аркылуу кабыл алып, аксон деп аталган узун талчалар аркылуу өткөрөт. Бутактаган дендриттердин аркасында бир эле нейрон башка миңдеген нейрондор менен байланыш түзө алат. Натыйжада мээбизде санай келсе эсеп жетпеген байланыштар түзүлөт. Мындан тышкары, нейрондор менен дендриттердин чытырман токоюнда баш аламандык эмес, тартип өкүм сүрөт. Мындай байланыш «желеси» суктандырбай койбойт.
Муну кененирээк түшүндүрүп бересизби?
Андай байланыш түзүү процесси бала курсакта жатканда да, төрөлгөндөн кийин да абдан тактык менен жүрө берет. Нейрондор башка нейрондор менен байланышыш үчүн талчаларын жиберет. Анын көздөгөн нейрону бир нече сантиметр аралыкта жайгашышы мүмкүн. Бул аралык биз үчүн кыскадай сезилгени менен, клеткалык деңгээлде абдан узун аралык болуп эсептелет. Нейрондун талчасы белгилүү бир клетканы эле эмес, клетканын белгилүү бир бөлүгүн мээлеши мүмкүн.
Нейрондон өсүп чыга баштаган жаңы талча «токто», «жөнө», «бурул» деген сыяктуу жолду карай турган химиялык «жол белгилеринин» жардамы менен көздөгөн жерине жетет. Так көрсөтмө болбосо, ал өсүп жаткан талчалар орто жолдон жоголуп кетмек. ДНКда жазылган көрсөтмөлөрдүн негизинде бүтүндөй процесс укмуштуудай тактык менен уюшулган.
Мээнин кантип өрчүп, кантип иштей турганына, анын ичинде, эс тутумдун, сезимдердин, ойлордун кантип жаралганына байланыштуу көп нерселер дагы деле табышмак бойдон калууда. Мээнин канчалык мыкты иштей турганын, канчалык кереметтүү өрчүгөнүн мындай кой, анын иштеп жатканынын өзү эле мени акылмандыгы чексиз Жараткандын бар экенине ынандырат.
Эмне үчүн Жахабанын Күбөсү болууну чечтиңиз?
Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти Кудай жаздырганын тастыктаган далилдерди келтиришти. Мисалы, Ыйык Китеп илимий китеп болбосо да, илимге байланыштуу нерселер, анын кайсы жеринде жазылбасын, бири-бирине шайкеш келип, так жазылган. Ошондой эле пайгамбарлык сөздөр да так жазылган. Андагы кеңештер аларды иш жүзүндө колдонгондордун жашоосун жакшы жакка өзгөртөт. Буга менин жашоом далил. 1973-жылы Жахабанын Күбөсү болгондон тартып Ыйык Китеп менин кадамдарыма багыт берип келет. Ошонун аркасында жашоом маңызга толуп, чыныгы бакыт эмне экенин татып келем.