Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чаалыкпаган чабакчылар

Чаалыкпаган чабакчылар

КӨП жыл бою Арктика чабакчылары Арктикадан чыгып, Антарктикага барып келиш үчүн 35 000 км аралыкты учуп өтүшөт деп эсептелип келген. Бирок акыркы изилдөөлөрдө алардын андан да көп аралыкты учуп өтөрү аныкталган.

Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, чабакчылар түз учпайт

Алардын айрымдарына геолокатор деп аталган кымындай шайман бекитилген. Салмагы 1 граммга да жетпеген ал шайман чабакчылардын кээ бирлеринин орто эсеп менен 90 000 км аралыкка учарын көрсөткөн. Алар эң узак аралыкты багындырган жандыктар болуп саналат. Бир чабакчы ал тургай болжол менен 96 000 км учуп өткөн! Анда эмне үчүн мурун башкача эсептелип келген?

Көрсө, Арктика чабакчылары, сапарын кайсы жерден баштабасын, түз эмес, айланып учушат экен. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, алардын Атлантика океанынын үстүнөн өткөн аба каттамы англисче S тамгасына окшоп кетет. Анын себеби эмнеде? Ал чабакчылар шамалдын багыты боюнча учушат.

30 жылдай убакытка созулган жашоосунда Арктика чабакчылары 2,4 миллиондон ашуун км учушат. Бул Айга үч-төрт жолу барып-келгенге барабар! Бир окумуштуу: «Салмагы 100 эле граммдан бир аз ашкан чымчык үчүн бул чоң эрдик»,— деген. Андан тышкары, бир китепте Арктика чабакчылары жердин эки уюлундагы тең жай мезгилин көргөндүктөн «башка жаныбарларга караганда күндү көп көрөрү» айтылган («Life on Earth: A Natural History»).