Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Сулуулук

Сулуулук

Сулуулукка карата көз карашыбыз бактылуу же бактысыз болушубузга таасир этет.

Сулуулукту эмне үчүн баалайбыз?

Адамдын мээси сулуулукту кандайча кабыл алары азыркыга дейре табышмак бойдон калууда. Ыйык Китепте бул жөнүндө эч нерсе айтылбайт, бирок андан эмне үчүн сулуулукту баалаарыбызды биле алабыз. Баалаарыбыздын себеби Кудай бизди өзүнө окшош кылып жараткан (Башталыш 1:27; Насаатчы 3:11). Ошондой эле Кудай денебизди татаал функцияларды аткара алгыдай кылып жараткан. Буга байланыштуу Дөөтү пайгамбар: «Сени [Кудайды] даңктайм, анткени мен ары таң каларлык, ары кереметтүү жаратылгам»,— деп ыр жазган (Забур 139:14).

Азыркы тапта мода индустриясы жана жалпыга маалымдоо каражаттары көпчүлүктүн сулуулукка карата болгон көз карашын бурмалоодо. «Сырткы көрүнүш» деген китепке ылайык, Батыш өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн «адамдар өзүнө сырткы көрүнүшүнө гана карап баа берери» аныкталган («Body Image»). Мындай көз караш эң маанилүү нерсеге — адамдын ички дүйнөсүнө — такыр маани берилбей калганын көрсөтүп турат (1 Шемуел 16:7).

Көптөр сырткы келбетке, сексуалдуулукка басым жасашат

Ошону менен бирге сексуалдуулукка, өзгөчө, аялдардын сексуалдуулугуна басым коюу тенденциясы күч алууда. Америка психологиялык ассоциациясынын 2007-жылкы отчётунда «изилденген жалпыга маалымдоо каражаттарынын дээрлик бүт баарында» «аялдын сексуалдуулугуна ашкере басым жасалары» билдирилген. Бирок Ыйык Китепте андай тенденциянын таасирине алдырбашыбыз керектиги айтылат жана ошондой кылганыбыз акылдуулукка жатат (Колосалыктар 3:5, 6).

«Жасалгаңар көзгө көрүнгөн нерселер... эмес, жүрөктүн түпкүрүндө катылган чирибес жасалга — Кудайдын көз алдында абдан баалуу эсептелген токтоолук жана жумшактык — болсун» (1 Петир 3:3, 4)

Эмне үчүн туура көз карашта болуу керек?

Сулуулукка байланыштуу айрымдар: «Келбетиң келишимдүү болсо, аны жашырба»,— деп айтышат. Америка психологиялык ассоциациясынын отчётуна ылайык, ушундай пикир кеңири жайылган өлкөлөрдөгү өспүрүм кыздар, атүгүл андан кичирээк кыздар да «башкалардын сезимин козгой алгыдай жана башкалар келбетиме карап баа бергидей болушум керек» деген көз карашты өрчүтүүдө. Мындай көз караш зыяндуу. Ушул эле ассоциация билдиргендей, бул жалпы коомго жана анын саламаттыгына коркунуч туудурган, «психикага залакасын тийгизген» көйгөйгө айланууда. Андай залакага тынчсыздануу, «өзүн-өзү жек көрүү,.. тамактануунун бузулушу, өзүн татыксыз сезүү, депрессия же көңүл чөгүү» сыяктуу нерселер кирет.

«Жүрөгүңдү кайгыдан арылт, денеңден мүшкүлдү алыс кыл, анткени жаштык да, күлгүн курак да убаракерчилик» (Насаатчы 11:10).

Кандай көз карашта болуу акылмандыкка жатат?

Ыйык Китепте акылмандык жөнөкөйлүк менен байланышта экени айтылат (Накыл сөздөр 11:2). Мисалы, жөнөкөй киши жеңил ойлуу болбойт жана сырткы көрүнүшүн эле ойлой бербейт, андай адам өзүнө карата тең салмактуу, туура көз карашта болот. Ошондой эле башкалардын сезимин эске алат жана ошонусу менен башкаларга, өзгөчө, Кудайга жагат (Микей 6:8). Андан тышкары, чыныгы досторду таба алат. Андай адамга жыныстык мамиледе болууну эле эмес, өмүрлүк жары менен түбөлүк бактылуу болгусу келген адам көңүл бурат.

Мына ушундай көптөгөн себептерден улам Ыйык Китеп ички дүйнөнүн сулуулугуна көңүл топтоого үндөйт (1 Петир 3:3, 4). Жан дүйнө сулуулугу эч качан көөнөрбөйт, тескерисинче, убакыттын өтүшү менен арта берет. Ыйык Китепте: «Адилдик жолунда жүргөн ак чач — сулуулук таажысы»,— делет (Накыл сөздөр 16:31). Адам, жаш болобу, кары болобу, Ыйык Китептеги кеңештерди колдонсо, түбөлүккө өчпөй турган сулуулукка эле эмес, өзүн-өзү сыйлоо сезимине ээ болуп, канааттануу алат.

«Сүйкүмдүүлүк алдап кетет, сулуулук өтүп кетет, ал эми Жахабадан корккон аял мактоого татыктуу» (Накыл сөздөр 31:30).