ДИЛ МАЕК | ФАН Ю
Програмдык жабдык долбоорчусу менен курулган маек
ДОКТОР ФАН Ю, математик-изилдөөчү, илим тармагына алгачкы кадамын Бээжинге жакын жердеги Кытай атомдук энергия институтунан таштаган. Ал кезде доктор Ю атеист болчу жана эволюцияга ишенчү. Азыр тиричиликти Кудай жаратканына ишенет. «Ойгонгула!» журналы ага бир нече суроо менен кайрылды.
Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
Мен 1959-жылы Кытайдын Цзянси провинциясындагы Фучжоу шаарында туулуп-өскөм. Сегиз жаштарымда азыр «Маданий революция» деп аталган өзгөрүүлөрдөн улам бүтүндөй өлкөбүз жапа чегип жаткан кез болчу. Инженер-куруучу болуп иштеген атама алыскы ээн жерде темир жол куруу долбоору тапшырылгандыктан, бир топ жыл бою үйгө жылына бир эле жолу келип жүрдү. Ошол убак аралыгында башталгыч класстарга сабак берген апам бизди жалгыз багып жүрдү. Биз апам иштеген мектепте жашачубуз. 1970-жылы Линьчуань аймагындагы Люфан деген кедейлер жашаган алыскы кыштакка көчүп кетүүгө туура келди. Ал жакта тамак-аш тартыш болчу.
Үй-бүлөңүз кайсы динди тутчу эле?
Атамдын дин, саясат менен иши жок болчу. Апам болсо буддист болчу. Мектептен мугалимдер тиричилик табигый процесстердин натыйжасында пайда болгон деп окутушчу. Мен аларга ишенчүмүн.
Математикага кантип кызыгып калдыңыз?
Математикада чындыкты изилдеп-табыш үчүн логикалык ой жүгүртүүнү колдонуу керек. Математикага ошон үчүн кызыгып калгам. 1976-жылы революцияны жетектеген Мао Цзедун көз жумгандан көп өтпөй университетке тапшырып, математика багытын тандагам. Магистрдик даражага жеткен соң эң алгачкы иштеген жумушум атомдук реакторлорду долбоорлорго байланыштуу математикалык изилдөөлөрдү камтычу.
Ыйык Китеп жөнүндө алгач кандай ойдо элеңиз?
1987-жылы докторлук даража алыш үчүн АКШдагы Техас айыл чарба жана инженердик университетине бардым. Негизи, Америкада көптөрдүн Кудайга ишенерин, Ыйык Китепти окуй турганын билчүмүн. Ошондой эле Ыйык Китепте көптөгөн жакшы кеңештер камтыларын да уккан болчумун. Ошондуктан аны окуп көрөйүн дедим.
Ыйык Китепти окуп жатып андагы кеңештердин пайдалуу экенин байкадым. Бирок айрым жерлерин түшүнө албай, таштап койдум.
Ыйык Китепке кайрадан кандайча кызыгып калдыңыз?
1990-жылы бир Жахабанын Күбөсү үйүмө келип, Ыйык Китепте келечегибиздин жакшы болору айтылганын көрсөтүп берди. Ал эже Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берсин деп мага бир жубайларды жибериптир. Кийинчерээк жубайым Липиң да Ыйык Китепти изилдей баштады. Ал Кытайдагы орто мектепте физикадан сабак берчү жана атеист болчу. Экөөбүз тең Ыйык Китептен тиричиликтин кантип пайда болгонун билдик. Жараткан бар деген түшүнүк мен үчүн жаңы болгондуктан өз алдынча изилдеп көрөйүн дедим.
Анан эмне болду?
Математик катары окуянын ыктымалдуулугун изилдечүмүн. Ошондой эле тиричилик өзүнөн өзү пайда болушу үчүн, белоктор ага чейин эле бар болушу керектигин билчүмүн. Ошол себептен белоктордун өзүнөн өзү пайда болуу ыктымалдуулугун изилдөөгө аракет кылдым. Белоктор эң эле татаал молекулаларга кирет. Ар бир тирүү клеткада бири-бири менен укмуштуудай так тартип боюнча кызматташкан белоктордун миңдеген түрлөрү бар. Белоктордун өзүнөн өзү пайда болуу ыктымалдуулугу ушунчалык аз болгондуктан, башкалардай эле, мен да бул таптакыр мүмкүн эмес экенин түшүндүм. Эволюция теориясын окуп жатканда, ушундай татаал молекулалардан турган тирүү организмдерди айтпай эле коёлу, ал молекулалардын өздөрүнүн эле кантип пайда болгонун түшүндүргөн купулума толгон бир да далил тапкан жокмун. Мына ушул нерселер Жараткандын бар экенине ынандырды.
Ыйык Китепти Кудай жаздырганына сизди эмне ынандырды?
Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жатканда андагы алдын ала айтылган сөздөрдүн майда-баратына чейин аткарылганын билдим. Ошондой эле ал жактагы принциптерди иш жүзүндө колдонуунун пайдасын көрө баштадым. «Миңдеген жылдар мурун жашаган кишилер Ыйык Китепке бүгүнкү күнгө чейин баалуулугун жоготпогон акылман сөздөрдү кантип жазышкан?» — деп таң калдым. Бара-бара Ыйык Китептин Кудайдын Сөзү экенине көзүм жетти.
Жараткандын бар экенине эмнеден улам ишендиңиз?
Табияттагы көп нерселер жөнүндө терең ойлоно келгенде Жараткандын бар экенине ишенбей коё албайсың. Учурда компьютерлер үчүн програмдык жабдыкты долбоорлоо иши менен алекмин. Андыктан мээбиздин компьютерлерден алда канча татаал экенине таң калган учурларым көп болот. Мисалга мээнин сүйлөө речин аныктоо жөндөмүн алалы. Көбүбүз башкалардын сөзүн, сөзүнүн аягына чыга элек болсо да, күлкү, жөтөл менен коштолсо да, кекечтиги, акценти болсо да, жаңырып жатса да, ары жакта күрүгүү болуп жатса да, телефондон сүйлөсө да, оңой эле түшүнө алабыз. Силерге мунун таң калыштуу деле эч нерсеси жоктой сезилиши мүмкүн. Бирок програмдык жабдыкты долбоорлогондор үчүн бул абдан таң калыштуу. Сүйлөө речин аныктай алган атүгүл мыкты програмдык жабдыктарды да адамдын мээсине салыштырып болбойт.
Эң бир татаал компьютерлерден айырмаланып, мээбиз ар кандай сезимдерди, акценттерди жана үнүнүн өзгөчөлүктөрүнөн улам ким сүйлөп жатканын аныктай алат. Азыркы тапта програмдык жабдыкты долбоорлогондор адамдын мээсиндей болуп сүйлөө речин аныктай ала турган компьютерлерди кантип иштеп чыкса болорун изилдеп жатышат. Бирок алар, чынында, Кудай жараткан нерсени изилдөөдө.
Жараткан бар деген түшүнүк мен үчүн жаңы болгондуктан өз алдынча изилдеп көрөйүн дедим