Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Электрондук каражаттар жана балдарыңар

Электрондук каражаттар жана балдарыңар

Электрондук каражаттарды семичкедей чаккан жаштарды «санарип дүйнөсүнүн жарандары», ал эми аны анча колдоно албаган чоңдорду «санарип дүйнөсүндөгү келгиндер» деп коюшат.

Ошол эле учурда айрымдар байкагандай, Интернетте көп отурган жаштар

  • электрондук каражаттарына байланып калышат

  • киберзомбулукка кабылышат

  • порнографиянын тузагына түшүп калышат

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢ КЕРЕК?

КӨЗ КАРАНДЫЛЫК

Интернеттеги бардык нерселер, мисалы, оюндар аябай кызыктуу, көңүлүбүздү байлап алгандай кылып чыгарылат. Бир китепте: «Телефондорубуздагы тиркемелер баш көтөрбөй телефонубузду тиктеп калгыдай кылып долбоорлонот»,— деп айтылган («Reclaiming Conversation»). Акча табыш үчүн чыгарылган тиркемелерди колдонуп, андагы жарнамаларды канчалык көп көрсөк, ишкерлердин чөнтөгүнө ошончолук көп акча түшөт.

ОЙЛОНУП КӨР: Балдарым электрондук каражаттарына өтө эле байланып калган жокпу? Аларга убактысын туура колдонгонго кантип жардам бере алам? (ЭФЕСТИКТЕР 5:15, 16).

КИБЕРЗОМБУЛУК

Айрымдар Интернетте отурганда ачуулуу, башкалардын сезимдерин ойлобогон, орой болуп калышат. Алар башкаларга киберзомбулук көрсөткөнгө жакын болуп калышат.

Кээ бирлер онлайн жылдызы болуш үчүн социалдык тармактарда өздөрүн атайлап эле орой алып жүрүшөт. Ал эми айрымдар киберзомбулуктун башка түрүнө кабылышат. Мисалы, отурушка чакырылбай калганын билгенде аларга катаал мамиле жасалгандай сезишет.

ОЙЛОНУП КӨР: Балдарым киберзомбулук көрсөтпөйбү? (Эфестиктер 4:31). Ал эми башкалар аларды бөлүп салганда, жаман болушпайбы?

ПОРНОГРАФИЯ

Интернет ыпыластыкка жык толгон. Аларды оңой эле таап алса болот. Ата-энелер жаман нерселерди чыпкалаган программаларды колдонсо да, ал программалар балдарын толугу менен коргобошу мүмкүн.

Секстинг — бул жыныстык мамилеге байланыштуу сөздөрдү, сүрөттөрдү жөнөтүү. Бул мыйзамга каршы келиши мүмкүн. Айрым жагдайларда башка балдардын уят сүрөттөрүн көргөн же жөнөткөн балдардын иши кылмыш катары эсептелиши ыктымал. Анткени бул балдардын порнографиясына жатып калат.

ОЙЛОНУП КӨР: Балдарым жаман сүрөттөрдү көргөнгө, жөнөткөнгө азгырылбашы үчүн, кантип жардам бере алам? (ЭФЕСТИКТЕР 5:3, 4).

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

БАЛДАРЫҢАРДЫ НАСААТТАГЫЛА

«Санарип дүйнөсүнүн жарандары» электрондук каражаттарды аябай жакшы колдонсо да, аларды туура колдонуш үчүн жетекчиликке муктаж. Бир китепке ылайык, балаңарга смартфонду же башка электрондук каражатты колдонгонду үйрөтпөй эле колуна карматып коюу «сүзгөндү үйрөтпөй эле сууга түртүп жибергенге» барабар («Indistractable»).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Баланы туура жолго сал. Ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 22:6).

Колдонгуң келген сунушту танда же өзүңдүкүн жаз.

  • Балама Интернетти колдонууда сылык болгонду үйрөтүү

  • Балам өзүн теңтуштарынан бөлүнүп калгандай сезгенде, ага жардам берүү

  • Аны ыпылас нерселерден коргош үчүн колуман келгендин баарын кылуу

  • Анын телефонун маал-маалы менен текшерип туруу

  • Бир күндө канча колдонушу керектигине чек коюу

  • Түнкүсүн телефонду колдонууга тыюу салуу

  • Тамак ичип жатканда телефонду колдонууга тыюу салуу