1-ТААЛИМ
Сабырдуулук
САБЫРДУУЛУК ДЕГЕН ЭМНЕ?
Сабырдуулук өз ичине буларды камтыйт:
-
чыдап күтө билүү
-
каалоосун заматта орундатуудан качуу
-
жакпаган иштерди да аягына чыгаруу
-
башкалардын жыргалчылыгын көздөө
БУЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?
Сабырдуулукка үйрөнгөн балдар азгырыкка, атүгүл рахат тартуулачудай сезилген азгырыкка да туруштук бере алат. Ал эми сабырсыз балдар
-
ачууланганга,
-
депрессия болгонго,
-
тамекиге, ичкиликке же баңгизатка,
-
туура эмес тамактанганга жакын келишет
Бир изилдөөдөн каалоосун ооздуктай билген балдардын эр жеткенде ден соолукка, акчага байланыштуу көйгөйлөргө азыраак кабылары, мыйзамга баш ийген жарандардан болору аныкталган. Ошол изилдөөнү жетектеген Пенсильвания университетинин профессору Анжела Дакворт: «Сабырдуулуктун эч качан зыяны тийбейт»,— деген.
КАНТИП ҮЙРӨТСӨ БОЛОТ?
Жок деген сөзүңөргө тургула.
ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин» (Матай 5:37).
Кичине балдар ата-энесинин сөзүнө турарын сынаш үчүн көбүнчө элдин көзүнчө чыр салат. Ата-энеси алардын оюндагыдай кылса, чыр салып каалаганына жеткенге көнүп калат.
Ал эми ата-эне жок дегенине ылайык иш кылса, баласы жашоодогу эң маанилүү чындыкты — каалаганыбызга дайыма эле жете албай турганыбызды — түшүнөт. Дейвид Уолш деген психолог: «Кызыктуусу, ушуну баамдаган адамдар көбүрөөк бактылуу болушат. Балдарыбызды каалаганын алганга көндүрүп койгонубуз сүйүүгө жатпайт»,— деп жазган *.
Балаңардын ар бир эле каалоосун орундата бербесеңер, чоңойгондо пайдасы тиет. Мисалы, баңгизат колдонууга, никеге чейин жыныстык мамиледе болууга же дагы башка зыяндуу иштерди кылууга азгырык болгондо, аларды четке кага алат.
Жакшы иш кылса, пайдасын көрөрүн, жаман иш кылса, кесепетин тартарын түшүндүргүлө.
ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Адам эмнени сепсе, ошону орот» (Галатиялыктар 6:7).
Балаңар ар бир иштин натыйжасы болорун, маселен, сабырсыздыктын кесепеттүү болорун түшүнүшү керек. Эгер балаңар бирөө таарынтканда, ачууга алдырса, башкалар андан качып калат. Ал эми бирөө ачуусуна тийгиси келгенде, өзүн кармай билсе же бирөө сүйлөп жатканда, сөзүн бөлбөй укса, башкалар ага тартылып турат. Андыктан балаңарга сабыр сактоонун пайдалуу экенин түшүнгөнгө көмөк кылгыла.
Эң маанилүүсүн баамдаганга үйрөткүлө.
ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10).
Сабырдуулук туура эмес ишти кылуудан качууга эле эмес, зарыл болгон, атүгүл таптакыр жакпаган иштерди да кылууга жардам берет. Балаңар эмне маанилүү экенин аныктап, ошону биринчи кылганга үйрөнүшү абзел. Мисалы, адегенде үй тапшырмасын аткарып, анан ойногону туура.
Үлгү көрсөткүлө.
ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылышыңар үчүн, силерге үлгү калтырдым» (Жакан 13:15).
Балаңар жагымсыз жагдайларда же кимдир бирөө капа кылганда кандай кыларыңарды байкап турат. Ошон үчүн сабырдуу болуунун натыйжасы жакшы болорун үлгүңөр менен көрсөткүлө. Балаңар туура эмес иш кылганда, ачууланып киресиңерби же сабыр сактайсыңарбы?
^ 20-абз. «No: Why Kids—of All Ages—Need to Hear It and Ways Parents Can Say It» деген китептен алынды.