ЖАШТАРГА
9 Инсандык өзгөчөлүк
БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?
Инсандык өзгөчөлүгүң ысмыңдын ким экенин, сырткы көрүнүшүңдүн кандай экенин эле билдирбейт. Бул өз ичине баалуулуктарыңды, ишенген нерселериңди, кулк-мүнөзүңдү да камтыйт. Башкача айтканда, сага таандык ички да, сырткы да нерселердин баары кирет.
ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?
Өзүңдүн бекем карманган көз карашың бар болсо, курбу-курдаштарыңдын сени башкарып алышына жол бербей, ишенген нерселериңе бек турасың.
«Көптөр дүкөндөгү манекендерге окшош. Манекендердин үстүндөгү кийимди өздөрү эмес, башкалар тандашат» (Адриан).
«Мен атүгүл оор учурларда да туура нерсени жактоого үйрөндүм. Жанымда жүргөндөрдүн кандай иш кылганынан, алар менен жүргөндө өзүмдү кандай сезгенимен чыныгы досторум ким экенин биле алам» (Кортни).
ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Мындан ары өзүңөрдү бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле. Тескерисинче,.. акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө» (Римдиктер 12:2).
ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?
Күчтүү жактарың, алсыздыктарың, ишенген нерселериң жөнүндө ой жүгүртүп, азыр кандай адам экениңди жана кандай адам болгуң келерин аныкта. Ан үчүн төмөнкү суроолорго жооп берип көр.
Күчтүү жактарың. Кандай талантым, шык-жөндөмүм бар? Кандай күчтүү жактарым бар? (Мисалы, так жүрөмбү? Өзүмдү башкара аламбы? Эмгекчилминби? Берешенминби?) Кандай жакшы иштерди кылам?
КЕҢЕШ. Эгер жакшы жактарыңды аныктоо кыйын болуп жатса, ата-энеңен же ишенген досуңдан кайсы жактарыңды күчтүү деп эсептээрин жана анын себебин сура.
ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин, ошондо ал өзүн башкаларга салыштырбай, өз иштерине кубанат» (Галатиялыктар 6:4).
Алсыздыктарың. Өзгөчө кайсы жагымды жакшыртышым керек? Туура эмес иш кылууга көбүнчө качан азгырылам? Кайсы жактардан өзүмдү кармай билүүгө үйрөнүшүм керек?
ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Эгер: „Күнөөбүз жок“,— деп айтсак, анда өзүбүздү өзүбүз алдап жатабыз» (1 Жакан 1:8).
Ишенген нерселериң. Кайсы адеп-ахлак нормаларына карманам жана эмне үчүн? Кудайга ишенемби? Анын бар экенине эмнеден улам ишенем? Кандай иштерди адилетсиз деп эсептейм жана эмне үчүн? Келечекке байланыштуу эмнеге ишенем?
ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Сени ой жүгүртүү жөндөмү сактайт, кыраакылык коргойт» (Накыл сөздөр 2:11).