Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Ыйык Китеп жөн эле жакшы китеппи?

Ыйык Китеп жөн эле жакшы китеппи?

Ыйык Китеп 2 000дей жыл мурун жазылган. Андан бери нечен китептер жазылып, эскирип жок болду. Ал эми Ыйык Китеп дагы деле күчүн жоготкон жок.

  • Ыйык Китепти жок кылууга көптөгөн таасирдүү кишилер аракет кылган. Бирок андан эч майнап чыккан эмес. Мисалы, бир китепке ылайык, орто кылымдарда христиан өлкөлөрүндө «жергиликтүү тилдеги [көпчүлүк түшүнгөн тилдеги] Ыйык Китепке ээ болуу жана аны окуу чиркөөнүн окууларына каршы чыгуу деп эсептелчү» («An Introduction to the Medieval Bible»). Ыйык Китепти которгон же аны изилдөөгө үндөгөн окумуштуулардын өмүрүнө коркунуч туулган. Айрымдары атүгүл өмүрүнөн айрылган.

  • Ыйык Китепти жок кылууга канча аракет кылынса да, ал эң кеңири тараган китеп болуп саналат. Ал толугу менен же анын айрым бөлүктөрү беш миллиарддай нускада басылып чыккан жана 2 800дөн ашуун тилге которулган. Ал аз эле нускада басылган жана бара-бара пайдалуулугун жоготуп койгон философия, илим жана башка тармактар боюнча жазылган китептерден кескин айырмаланат.

  • Ыйык Китеп ал которулган айрым тилдердин сакталып калышына жана өнүгүшүнө шарт түзгөн. Алсак, Мартин Лютердин немис тилиндеги котормосу ал тилге күчтүү таасир тийгизген. Ал эми «Король Яковдун Ыйык Китебинин» биринчи басылышы азыркыга чейин англис тилиндеги «кыязы, жападан жалгыз эң таасирдүү китеп» катары саналат.

  • Ыйык Китеп «Батыштын маданиятына, диний окууларына, каада-салттарына эле эмес, искусствосуна, адабиятына, мыйзамына, саясатына жана башка көп нерсесине чоң таасир эткен» («The Oxford Encyclopedia of the Books of the Bible»).

Булар Ыйык Китепти өзгөчөлөп турган далилдердин айрымдары гана. Ал эмне үчүн кеңири тараган? Эмне үчүн аны сактап калыш үчүн адамдар өмүрүнөн айрылууга да даяр болушкан? Мунун көптөгөн себептеринин бири Ыйык Китепте кантип жашашыбыз керектигине жана Кудай менен кантип мамилени өрчүтүш керектигине байланыштуу эң мыкты кеңештер камтылган. Ошондой эле анда азап-кайгынын, жаңжалдардын негизги себеби жазылган. Андан да маанилүүсү, Ыйык Китепте жакында кыйынчылыктардан арыларыбыз жана ал кандайча ишке ашары айтылган.

Адеп-ахлактык, рухий түшүнүккө ээ кылат

Негизи, светтик билим алуу маанилүү. Бирок Канададагы бир гезитте: «Аты-жөнүңөргө наам улаган билим... адеп-ахлактуу адам болоруңарга кепилдик бербейт»,— деп жазылган («Ottawa Citizen»). Коом менен байланышуу боюнча «Эделман» деп аталган агенттиктин дүйнө жүзү боюнча жүргүзгөн изилдөөсү жогорку билим алгандар, анын ичинде кайсы бир бизнестин ээлери жана бийлик башындагылар элди алдоого, уурулукка барарын жана «ишеничтен кетип калганын» көрсөткөн.

Ыйык Китепте адамды адеп-ахлактык жана рухий түшүнүккө ээ кылган билим камтылган. Ал бизге «акыйкаттыкты, чынчылдыкты — жакшылыктын бүт жолун түшүнгөнгө» жардам берет (Накыл сөздөр 2:9). Мисалга бир кезде Польшадагы түрмөдө отурган 23 жаштагы жигитти алалы. Аны Стивен деп коёлу. Ал абакта отурганда Ыйык Китепти изилдей баштаган жана андагы кеңештердин баалуулугун түшүнгөн. «Мен азыр „ата-энеңди сыйла“ деген эмнени билдирерин чындап түшүндүм. Ошондой эле өзүмдүн сезимдеримди башкара билгенди, өзгөчө ачуумду тыя билгенди үйрөндүм»,— дейт ал (Эфестиктер 4:31; 6:2).

Стивенге Накыл сөздөр 19:11деги: «Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат, анын көркү айыпка маани бербегенинде»,— деген принцип жаккан. Азыр ал кандайдыр бир көйгөй пайда болгондо сабырдуу болуп, жагдайды түшүнгөнгө аракет кылып, Ыйык Китептеги принциптерди колдонот. «Ыйык Китепте эң мыкты кеңештер камтылганына көзүм жетти»,— дейт Стивен.

Бир жолу Мария деген Жахабанын Күбөсүнө анын динине карата бейкалыс пикирде болгон бир аял көчөдөн жаман сөздөрдү айтып, элди ага каршы тукурууга аракет кылган. Мария ага эч нерсе дебей, өз жолу менен кете берген. Кийин ал аял өзүнүн кылганынан уялып, Жахабанын Күбөлөрүн издей баштаган. Бир айдай өткөндөн кийин ал акыры Марияга жолугуп аны кучактап, кечирим сураган. Ал ага жумшак болгонго, өзүн кармай билүүгө туткан дини жардам берерин түшүнгөн. Натыйжада ал жана анын үй-бүлөсүндөгү беш киши Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган.

Иса пайгамбар акылмандык иштин натыйжасынан көрүнөрүн айткан (Лука 7:35). Ыйык Китептеги принциптерде акылмандык чагылдырылганына далил көп. Алар бизге жакшы сапаттарды өрчүткөнгө жардам берет. Ошондой эле «тажрыйбасызды даанышман кылат», «жүрөктү кубантат», адеп-ахлактык жана рухий түшүнүккө ээ кылып, көзүбүздү ачат (Забур 19:7, 8).

Азап-кайгынын, жаңжалдардын себебин түшүндүрөт

Кандайдыр бир эпидемия башталганда, изилдөөчүлөр анын себебин аныктаганга аракет кылышат. Азап-кайгынын жана дүйнөдөгү жаңжалдардын «эпидемиясын» изилдөөнү да ушуга салыштырса болот. Ыйык Китеп бизге бул жагынан да жардам берет. Анда эң байыркы тарых, адамзаттын кыйынчылыктары башталган учур, баяндалган.

Башталыш китебинде адамзаттын кыйынчылыктары эң биринчи адамдар Кудайга каршы чыкканда башталганы жазылган. Алар Кудайга гана таандык болгон укукту — эмне жакшы, эмне жаман экенин чечүү укугун — өздөрүнө ыйгарып алышкан (Башталыш 3:1—7). Ошондон тартып адамзат жалпысынан көз карандысыздык рухун чагылдырып келет. Бирок эркин, бактылуу болбой эле, тескерисинче, бири-бирине үстөмдүк кылып, адеп-ахлактык жактан аябай бузулду (Насаатчы 8:9). Ыйык Китепте бекеринен: «Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт»,— деп жазылган эмес (Жеремия 10:23). Бактыга жараша, адамзаттын Кудайдан көз карандысыз жашоосунун бүтөрүнө аз калды.

Үмүт берет

Ыйык Китепте Кудай анын эгедерлигин жана адеп-ахлак нормаларын кабыл алгандарга болгон сүйүүсүнөн улам жамандыкка жана азап-кайгыга түбөлүккө жол бере бербей турганы жазылган. Ыйык Китепте мыйзамсыздар «өздөрүнүн жолунун жемишинен жешери», ал эми «мүнөзү жумшактар жерди мураска алып», мол тынчтыкка ырахаттанары жазылган (Накыл сөздөр 1:30, 31; Забур 37:11).

«[Кудай] ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалайт» (1 Тиметей 2:3, 4)

Кудай жерге тынчтык алып келем деген ниетин Падышалыгы аркылуу ишке ашырат (Лука 4:43). Ал Падышалык бүт дүйнөнү башкарат жана аны орнотуу менен Кудай адамзаттын үстүнөн бийлик кылууга укуктуу экенин далилдейт. Иса пайгамбар Кудайдан тиленгенде: «Падышалыгың келсин. ...Жерде да сенин эркиң аткарылсын»— деп айтып, ал Падышалыктын жер менен байланыштуу экенин көрсөткөн (Матай 6:10).

Ооба, Кудайдын Падышалыгы башкарганда кайсы бир адамдын эмес, Жараткан Кудайдын — бийлик кылууга укуктуу Башкаруучунун — эрки аткарылат. Жемкорлук, ач көздүк, экономикалык теңсиздик, улуттар арасындагы бөлүнүүчүлүк жана согуш биротоло жок болот. Ошондо сөздүн түз маанисинде бир дүйнө, бир өкмөт жана адеп-ахлактуулукка, рухийликке карата бирдей нормалар болот (Аян 11:15).

Ал заманды көрүш үчүн билим алыш керек. Ыйык Китепте: «[Кудай] ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалайт»,— делет (1 Тиметей 2:3, 4). Ал чындыкка Ыйык Китептеги окуулар кирет. Ал окууларды Падышалыктын конституциясы деп койсо болот. Кудайдын Падышалыгы колдоно турган мыйзам-принциптердин айрымдарын Иса пайгамбардын насаат сөзүнөн окууга болот (Матай 5—7-бөлүмдөр). Аларды ар бир адам жашоосунда колдонгондо, жердеги жашоонун канчалык сонун болорун элестетип көрсөңөр.

Ыйык Китептин дүйнөдөгү эң кеңири тараган китеп экенине таң калуунун кереги жок. Анткени андагы окуулар Кудайдын жетеги менен жазылган. Анын көп нускада басылганы Кудайдын бардык тилдеги, улуттагы адамдардын ал жөнүндө билишин жана анын Падышалыгы аркылуу келе турган баталарга ээ болушун каалаарын тастыктап турат (Элчилер 10:34, 35).