Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ПЛАНЕТАБЫЗДЫ САКТАП КАЛУУ МҮМКҮНБҮ?

Аба

Аба

АБА бизге дем алыш үчүн эле керек эмес. Ал планетабызды күндүн зыяндуу нурларынан да коргоп турат. Аба жок болсо, планетабызда температура төмөндөп, баары тоңуп калмак.

Абанын булганышы

Абанын булганышы тиричиликтин жок болуп кетишине алып келиши мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөткүчтөрүнө ылайык, жер калкынын 1 эле пайызы таза аба менен дем алат.

Абанын булганышы дем алуу органдарынын илдетине, өпкө рагына жана жүрөк кан тамыр ооруларына алып келет. Булганган абанын айынан жыл сайын 7 миллионго жакын киши дүйнөдөн мезгилсиз кайтыш болот.

Жер өзүн-өзү калыбына келтире алат

Жер планетасында табигый процесстер жүрүп турат. Алар бардык тирүү жандыктар дем алган абанын дайыма болуп турушун шарттайт. Бирок ал процесстер натыйжалуу иштеши үчүн, адам баласы айлана-чөйрөнү булгабаганга аракет кылышы керек. Буга бир нече мисал карап көрөлү.

  • Токойлордун көмүр кычкыл газын сиңирип алары баарына маалым. Бирок балчык жээктерде өскөн мангр дарактары абаны токойлордон да мыкты тазалашат. Бул дарактардын ролу абдан чоң. Алар абадагы көмүр кычкыл газын, тропикалык токойлорго салыштырмалуу, 5 эсе көбүрөөк сиңирип алат.

  • Акыркы изилдөөлөрдөн айкын болгондой, күрөң балыр сыяктуу чоң балырлар атмосферадагы көмүр кычкыл газын сиңирип эле албастан, биротоло «көөмп коюшат». Жалбырак сымал күрөң балырлардын аба баштыкчалары болот. Ошон үчүн алар суунун үстүндө каалгып, бир топ жерге чейин сүзүп жүрө бере алышат. Жээктен өтө алыс баргандан кийин, аба баштыкчалары жарылат. Көмүр кычкыл газына тойгон күрөң балырлар океандын түбүнө чөгүп кетет. Ошентип, көмүр кычкыл газы кылымдарга суу астында калат.

  • COVID-19 пандемиясынын учурундагы карантинде атмосферабыз өтө бузулган абаны да тазалап, аны кайра калыбына келтиргенге жөндөмдүү экени айкын болду. 2020-жылы дүйнө жүзүндөгү фабрикалар жана унаалар токтоп, уулуу заттар дээрлик бөлүнүп чыкпай калганда, аба дароо тазара түшкөн. «Жер планетасындагы абанын сапаты боюнча 2020-жылкы отчётто» айтылгандай, абанын сапатын изилдегенге катышкан өлкөлөрдүн 80ден ашуун пайызы карантин киргизилгенден көп өтпөй эле аба кадимкидей тазара түшкөнүн билдиришкен.

Адам баласынын аракети

Велосипед менен жүрсөк, абанын булганбашына салым кошобуз

Өкмөттөр өнөр жай жаатындагыларды абаны булгаган заттарды азайтканга үндөп жатышат. Ошондой эле окумуштуулар абаны булгаган заттарды зыянсыздандыруунун жаңы жолдорун иштеп чыгууда. Алсак, алар ойлоп тапкан бир процессте микробдор абаны булгаган уулуу заттарды зыяны жок заттарга айландырышат. Мындан тышкары, адистер элди машине айдагандын ордуна, велосипед тепкенге, жөө басканга, үйүндө энергияны аз колдонуунун жолдорун издегенге чакырышат.

Айрым өкмөттөр жарандарын тамак бышырганда абаны булгабаган мештер менен камсыз кылып жатышат. Көптөрдө дагы деле андай мүмкүнчүлүк жок

Бирок бул жетишсиз. Муну Эл аралык уюмдардын, анын ичинде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен Дүйнөлүк банктын 2022-жылдагы отчёту далилдеп турат.

Ал отчётто билдирилгендей, 2020-жылы дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү тамак бышырыш үчүн абаны булгаган күйүүчү майларды жана техниканы колдонгон. Абаны булгабаган күйүүчү майларды колдонгонго же ошондой меш алганга баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок.

Ыйык Китепте кандай үмүт бар?

«Асманды жаратып,.. анда жашаган адамзатка дем бергендин... өзү — чыныгы Кудай Жахаба» (Ышая 42:5).

Биз дем алган абаны жана аны тазалаган табигый процесстерди жараткан Кудайдын кудурети чексиз. Ал адам баласын жакшы көрөт. Анда анын булганган абаны тазалаарына ишенгенибиз акылга сыярлык эмеспи? «Кудай Жер планетасы жок болбойт деп убада кылган» деген макаланы окуп көргүлө.