Билесиңерби?
Иса Машаяктын «күчүктөр» жөнүндө айтканы кемсинтерлик болгонбу?
Бир жолу Иса пайгамбар Ысрайылдан башка жерде, Рим провинциясы болгон Сирияда, жүргөндө, ага бир грек аял келип, жардам сураган. Иса ага жооп берип жатканда жүйүт эместер «күчүктөргө» салыштырылган мисал айткан. Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамда иттер арам деп эсептелчү (Лебилер 11:27). Анда Иса грек аялды жана жүйүт эмес башка адамдарды кемсинткенби?
Албетте, жок. Шакирттерине түшүндүргөндөй, Иса ошол учурда биринчи кезекте жүйүттөргө жардам бериши керек болчу. Ошол себептен бул ойду мисал менен түшүндүрүп: «Балдардан нанды алып, күчүктөргө берген жакшы эмес»,— деген (Матай 15:21—26; Марк 7:26). Гректер менен римдиктер итти аябай жакшы көрүшчү. Ит кожоюнунун үйүндө жашап, анын балдары менен ойночу. Демек, «күчүктөр» деген сөздү укканда алар жагымдуу, жылуу сезимдерди туюшмак. Ошондуктан аял Исанын сөздөрүн дароо эле түшүнүп, ага: «Ооба, Мырзам. Бирок күчүктөр деле кожоюндарынын үстөлүнөн түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи»,— деген. Ошондо Иса аны ишеними үчүн мактап, кызын айыктырган (Матай 15:27, 28).
Элчи Пабылдын жолго чыкпай турууну кеңеш кылганы жөндүү болгонбу?
Элчи Пабылды Италияга алып бараткан кеме каршы соккон шамалдан улам араң сүзүп бараткан. Анан бир кеме жайга келип токтошкондо, Пабыл андан ары жолго чыкпай турууну кеңеш кылган (Элчилер 27:9—12). Буга орчундуу негиз бар беле?
Байыркы убактагы кемечилер кыш айларында Жер Ортолук деңизде саякаттоо аябай кооптуу экенин жакшы билишчү. Ноябрдын ортосунан марттын ортосуна чейин деңизде кемелер каттачу эмес. Бирок Пабыл кеме менен жолго чыкпай турууну кеңеш кылган убак сентябрь же октябрь айлары болгон. Б.з. 4-кылымында жашаган Вегеций деген Рим жазуучусу өзүнүн бир эмгегинде Жер Ортолук деңизде саякаттоо жөнүндө: «Айрым айлар ылайыктуу болсо, айрымдары кооптуу болгон. Башкалары такыр эле мүмкүн эмес болчу»,— деп жазган («Epitome of Military Science»). Вегеций майдын 27синен сентябрдын 14үнө чейин деңизде жол жүрүү коопсуз болгонун, ал эми 15-сентябрдан 11-ноябрга чейин жана 11-марттан 26-майга чейин аябай кооптуу мезгил болгонун айткан. Элчи Пабыл көп саякаттагандыктан буларды жакшы билгени шексиз. Муну кеме айдоочу менен кеменин ээси да билген, бирок алар Пабылды укпай коюшкан. Кесепетинде кеме кыйроого учураган (Элчилер 27:13—44).